Орозали Сайдилкановдун акыл казынасынан – I

  • 07.02.2022
  • 3099

*   *   *

Тандоо - ишеним жана үмүт менен бекемделген бүтүм. Өз бүтүмүңө өзгөлөрдү кошулууга үгүттөө - бул жан дүйнөңө тынчтык бербеген өтө чоң жоопкерчилик. Чөйрөң таза болбосо, ишиң ийгиликтүү жүрбөйт!

*   *   *

Биз жаратмандыкка, чыгармачылыкка, ишкерликке заарлык, көрө албастык, ичи тардык кылбай, мүмкүнчүлүк-шарт түзүп, колдоп, шык-дем берип турганда гана өнүгөбүз.

*   *   *

Кадр тандоодо жети өлчөп, бир кесүү зарыл. Жети өлчөмү: тазалыгы, жаратмандыгы, көсөмдүгү, нысаптуулугу, адилеттүүлүгү, гумандуулугу, кесипкөйлүгү.

*   *   *

Гумандуу педагогиканын үч негизги эрежеси бар. Алар баланы сүйө билүү, түшүнө билүү жана балага ишене билүү. Азыр педагогдор көбүнесе түшүнө билүүдөн ката кетиребиз.

*   *   *

Өкмөт башчысына альтернативдүү негизде, ушул мезгилге чейинки жаратмандыгына, тазалыгына, Кыргызстандын келечегин көрө алгандыгына, программасына, дүйнөлүк өнүгүүнүн тенденциясын баамдай алгандыгына карап тандап, дайындоо зарыл.

*   *   *

Мектеп сапатын мугалимдер аныктайт. Мугалимдерди даярдоого өзгөчө көңүл буруп, чыгармачылык менен иштөөгө, жаратмандыкка жагымдуу жагдай түзүү зарыл.

*   *   *

Баланы сүйүү – бетинен сылап өбүү эле эмес, анын келечегине күйүп, турмушта бакубат, ийгиликтүү, шатыра-шатман, башкалар менен тил табышып, жашоо көндүмүнө ээ кылуу.

*   *   *

Бир кылымга жакын орус идеологиясынын басындысында калып, өз тилибизди, дилибизди жерип, эне тилибизде сүйлөөдөн айбыгып, уялган маңгуртчулугубуздан арылалы! Башка тилде эмес, өз тилибизде сабаттуу жазууга, сүйлөөгө үйрөнбөгөндөн уялалы. Ошолорду сындап, атуулдук ариетин, ар намысын, арын ойготолу.

*   *   *

Бала менен иштөөдөн ыракат алган мугалим - чыныгы мугалим.

*   *   *

Гумандуу педагогика – баланын күн сайын өсүүсүнө жана жакшы болууга умтулуусуна дем берген педагогика.

*   *   *

Бүгүнкү күндөгү адамдардын бири-бирине агрессивдүү, заар, мерез, таш боор мамиленин күчтүүлүгү – мектепте адамгерчиликтин, мээримдин жана сүйүүнүн керемет күчү менен тарбияланбай калгандыгыбызда.

*   *   *

Мугалим окутуу, тарбиялоо илимин гана эмес, бала жана балдар жамааты менен мамиле түзүү өнөрүн да үйрөнүүсү зарыл.

*   *   *

Авторитардык – буйрукчул, тоталитардык – мажбурлоочу, зомбулукка негизделген педагогиканын күнү бүткөнүнө баарыбыз ынаналы.

*   *   *

Жүрөгү мээримге, сүйүүгө толгон, психология илимин педагогикалык ишмердүүлүгүндө пайдалана билген мугалим бала менен эч качан чыр-чатакка барбайт.

*   *   *

Гумандуу педагогикада мугалим – келечектин адамдарын жаратуучу касиеттүү күчкө, статуска эгедер тарбиялоочу адис, ал эми ата-эне ошол адистикти мугалимден үйрөнүүгө тийиш.

*   *   *

Көпчүлүк достор дипломду мыйзамсыз алган ээлерин (натыйжаны) күнөөлөп жатасыздар, ал эми ошол мыйзамсыздыкка атайлап жол ачкан, тарткан, себеп болгон системада ач көз, абийирсиз, айлакер шылуундарда эң негизги күнөө барын эске алсаңыздар. 30 жылдык тарыхыбызда кара тамга менен жазылган, коррупциялашкан система орногон жылдар болуп калды. Туңгуч Президентибиз билимин пайдаланып эл чарбасынын бардык тармагында тутумдашкан коррупциялык системаны орнотуп, тамырын жайылтып кетти. Бул көрүнүш билим берүү системасында да кеңири тамырлады. Ар бир райондо эки-үчтөн университеттердин жана институттардын филиалдары ачылды. Билимдин баркы, кадыры кетти. “Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат” дегенден “диплом алат” дегенге өттү. Ошентип, мыйзамсыз, татыксыз диплом алганга шарт түзүлдү. Оо байыртадан эле өзгөчө зээндүү, шыктуу балдар үчүн экстернат жолу менен, акыркы жылдарда дистанттык жол менен окуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн, бирок бул мүмкүнчүлүктөр элге кеңири тарабай кагаз жүзүндө калууда. Дипломго муктаж болгондорду мыйзам жолуна тартпай, жогорку окуу жайлар билим алуунун экстернат жана дистанттык жолдорун өркүндөтсө жакшы болмок, бирок аны жасашпады.

Дооронбек Садырбаев айткандай: "Шордуу эл, көргөнүбүздөн көрө элегибиз көп". Ошондуктан тез арада натыйжаны чукулап отура бербей, мыйзамсыздыкка себепкер болгон, тутумдашкан, тамырлап оожалып кеткен коррупциялык системаны жок кылалы. Ошону ойлонолу. Улуу иштер менен алектенели!

*   *   *

Педагогикада өзүн-өзү таанууга, баамдап билүүгө, тейлөөгө, жөнгө салууга, көзөмөлдөөгө, баалоого, чектей жана тыя билүүгө тарбиялоо өтө маанилүү.

*   *   *

Сөздүн кудуретинин күчү чындык менен өлчөнөт. Ал сөз ээсинин абийиринин, ар намысынын көрсөткүчү болот. Сөз ээси боло албаган, журт башы боло албайт.

*   *   *

Улуу максаттарды ишке ашыруу, улуу күрөштөрдө ишке ашат. Биз таза, адилеттүүлүк жана мыйзам үстөмдүгү орногон гүлдөгөн Кыргызстанды куруу максатыбыз ишке ашсын десек, ички жана тышкы саясатта (чөйрөбүздө) жагымдуу жагдай түзүүбүз абзел. Ал үчүн бардык элдин, өлкөнүн келечегине күйгөн прогрессивдүү күчтөр биригип, жакынкы жана узак мөөнөттүү максатты ишке ашыруунун так кадамдарын, көрсөткүчтөрүн, түпкү натыйжасын белгилеп, бүткүл элдин талкуусуна коюп, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн программасын иштеп чыгуу зарыл.

*   *   *

Мамлекет тарабынан кабыл алынган ар бир стратегиялык мааниси бар чечимди кабыл алганга чейин эл менен макулдашып, элге эмне жакшылык жана пайда алып келерин түшүндүрүп, кеңешип кесүү өтө маанилүү. Бул мамлекеттик ар кандай чечимдердин кынтыксыз аткарылышына шарт түзөт. Бийлик төбөлдөрүнүн кадыр-баркы өсөт.

*   *   *

Стратегиялык максатка негизделбеген капилеттен, стихиялуу, күтүүсүз, натыйжасы, келечеги түшүнүксүз, эл кызыкчылыгына каршы чечимдерди кабыл алуу улуу максаттарды ишке ашырууга тоскоол болот, мамлекеттик бийликтин баркын кетирет, эл ишенимин жоготот. Азыр эң башкысы ишенимди актоо үчүн ички, тышкы проблемаларды чечүүдө жаңылыштыктарга жол бербөө, кетирилген каталарды оңдоо маанилүү. Ал үчүн кабыл алынган чечимдердин эл тарабынан кабыл алынышына жана аткарылышына дайыма мониторинг жүргүзүү зарыл.

*   *   *

Кадр тандоодо жашына, тилине эмес, кесипкөйлүк чеберчилигине, ошол багытта көйгөйлөрдү көрө билүүсүнө, тажрыйбасына, жаратмандыгына жана келечекте өнүктүрүүнүн так жолун көрө билүүсүнө, дилинин актыгына, эмгек жолундагы тазалыгына кароо зарыл. Албетте, эң негизгиси башкаруунун демократиялык ыкмасын өздөштүрүүсү жана жаңы маалыматтык-коммуникативдик сабаттуулукка ээ болуусу да маанилүү.

*   *   *

Гумандуу эл башчылар элин адамгерчиликтин, сүйүүнүн, мээримдин, боорукерликтин, акылдын жана кызматташтыктын күчү менен башкарат. Анын ар бир чечими элге шык-дем берет.

*   *   *

Демократия деген - өз билгенин кылып, өтүгүн чечип, төрүнө илип алуу, оозуна келгенин оттой берүү эмес, бул эркиндикти жоопкерчилик менен чектей жана тыя билүү. Улуттун атуулу статусун сактоо. Латыш кино режиссёру Подниекс: "Мен адам болгондугум үчүн латышмын" - деген.

*   *   *

Майдалануу (майдачылдык) кара тумандын каптаганы, алысты көрө билүүнүн жоголгону. Ал улуулуктун, чыгармачылыктын жана жаратмандыктын душманы.

*   *   *

Сөздү куну кетпегидей орду менен сүйлөө – кеменгерлик.

*   *   *

Шок баланын жоругу мугалимди күлүүгө (күлкү – өмүрдүн мүлкү), тарбиясы оор бала мугалимди изденүүгө аргасыз кылат. Демек, экөө тең пайдалуу сапат.

*   *   *

Мектеп жетишкендиктеринин бири – өз көз карашы, пикири, ойлому бар, акыл калчап иш кылган, бардык ишке көзү жеткен, өзүнө ишенген ийгиликтүү инсанды тарбиялоо

*   *   *

Балдарыбыздын руханий дүйнөсүнүн улуттук баалуулуктардан, дөөлөт, нарк, моралдык-этикалык, ыйман эрежелеринен өксүп калышы акыркы күндөрү соцтармактарда маалым болуп жаткан кыздардын зордукталышынан белгилүү болуп жатат. Кыргыз эли байыртадан аял затын эң жогорку деңгээлде аздектеп, аяр мамиле жасап келишкен. Аларды жыпар жыттуу назик гүлгө, мөлтүр тунук булакка, деги койчу, дүйнөдөгү бардык асылдыктарга салыштырып, алардын мээриминен, назик жан дүйнөсүнөн, сүйүктүү мамилесинен күч-кубат алышкан, үйдүн куту, тукум улоочу дөөлөт деп билишкен, акылкөй кеңешчиси катары да ызаатташкан.

*   *   *

Биз көбүнчө эл башындагылардын жаңылыш чечимдерин кошоматчылардан жана жанындагылардан көрөбүз. Кеп анда эмес. Кеп мектептен баштап улуттун акыл азыгы болгон "Жети өлчөп, бир кесүү", "Сөзүңү сөлтүк, кебиңи кемтик кылба", "Кеңешиңи көпкө сал, өз билгениңен калба", "Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө", "Буттан тайгылган турат, ооздон тайгылган турбайт" сыяктуу улуу баалуулуктар аркылуу акылмандыкка, көсөмдүккө, жетиктикке, акыл калчап ой жүгүртүүгө, өз ойломуна, көз карашына ээ болууга тарбиялабагандыгыбызда жатат.

*   *   *

Т.Сыдыкбековдун "Көк асаба" романында Эр киши Эр тегинди тарбиялаган сыяктуу, биз дагы ар бир мектепте "Жаш эл башчыларынын" (Лидерлердин) мектебин ачууга тийишпиз.

*   *   *

Сөз баркын билбеген – эл наркын билбейт. Сөздүн наркы – аткарылышында. Сөз – акыл-эсибиздин жана руханий деңээлибиздин күзгүсү.

*   *   *

Элдин сый-урматы бул - дөөлөт. Дөөлөттү бийиктик сактайт, пастык талкалайт.

*   *   *

Ата журттун тынчтыгы – улуу дөөлөт. Аны кармап калуунун туткасы-ынтымак, биримдик жана сабырдуулук.

*   *   *

Элдин дөөлөтү жана нарктуулугу – эл мыктыларын көрө билүүдө жана тарбиялоодо.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз