Орозали Сайдилканов: Мээримдүү жүрөк – табылгыс байлык

  • 10.10.2021
  • 3043

♦ ♦ ♦

Баланын шоктугу жана таарынчактыгы эң жакшы сапаттар деп эсептейм.  Анткени,  биринчиси,  турмуштун өйдө-ылдыйын башынан эрте өткөргөн, тажрыйбасы мол,  токтоо,  экинчиси,  өзүнүн көз карашы,  ойлому бар,  аны коргой билген мыкты инсандар болушат.

♦ ♦ ♦

Билимге баланын чаңкоосун,  керектөөсүн,  каалоосун,  муктаждыгын жаратмайын ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес. Бул мугалимден кесиптик чеберчиликти,  ата-энеден камкордукту талап кылат.

♦ ♦ ♦

Баланы сүйө, түшүнө билген,  анын мыкты адам болоруна ишенген адам гана мугалим боло алат.

♦ ♦ ♦

Бала жөндөмсүз төрөлбөйт.  Анын жөндөмүн,  таланттын ачуу,  шыгын ойготуу – биздин милдет.

♦ ♦ ♦

Дүйнөлүк педагогиканын алкагында ой жүгүртсөк, биздеги балдар арасындагы терс көрүнүштөр аларды инсан катары тааныбагандыктан,   алардын дили,   ою,   пикири менен эсептешпегендиктен болоруна ынанасың. Буга Финландияда болгонумда ого бетер ишендим. Баланы билүү  менен анын жүрөгүнөн түнөк табасың,   ишеничине ээ болосуң.  Тарбиялык таасириң жемиштүү болот.

♦ ♦ ♦

Ар бир таңды жок дегенде бир баланын жүрөгүнөн түнөк таба аламбы деп аттырам. Баланын жүрөгүнөн чыккан мээрими мага күч жана кубат.

♦ ♦ ♦

Ар бир адам жакшы менен жаманга,  ак менен карага өзүнүн инсандык сапатына,  асыл нарктарды, баалуулуктарды өздөштүрүү деңгээлине жараша баа берет.

♦ ♦ ♦

Баланын бактысы,  ийгилиги – апасынын кубанычынан,  шаттыгынан жана жайдары жүзүнөн кубат алуудан түзүлөт. Бала апасын дайыма жайдары көргүсү келет. Ата дайыма өмүрлүк жубайына мээримдүү мамиле жасоосу менен баласынын жүрөгүнөн орун алат. Мээримдүү жүрөк – табылгыс байлык.

♦ ♦ ♦

Бардык жаман нерселер көп жылдан бери мектептерибиздин улуттук руханий,  маданий дөөлөттөрдөн ажырап,  балдарыбызга  боорукерлик,  мээримдүүлүк,  айоо,  уялуу,  тыюу ж. б. ЖАКШЫ СЕЗИМДЕРДИ жаны-канына сиңдире албаганыбыздын кесепети. Кыргыз элинин улуу дөөлөттөрү болгон үй-бүлөлүк жана улуттук абийирди,  ар намыс, ариетти сактоо сыяктуу баалуулуктарды калыптандыра албаганыбыздан жапайы сезимдердин (таш боор,  мыкаачы) кулу  болгон маңгурттар жана жапайы,  эки аяктуу зөөкүрлөр өсүп чыгууда.

♦ ♦ ♦

Адамды тааный билген адам эч качан жалгыз калбайт.

♦ ♦ ♦

Бүгүнкү күндөгү тарбиялык багыттардын бири – сөз менен иштин биримдигине тарбиялоо болуп калууда.

♦ ♦ ♦

Мектепте чыр-чатактын көбү педагогикалык мээримдүүлүктүн, гумандуулуктун өксүктүгүнөн келип чыгууда.

♦ ♦ ♦

Бул күн менин эң ыйык күнүм. Мындан 50 жыл мурун,  1969-жылы 17-декабрда,  байбичем мага таза,  тунук сүйүүсүн,  бал жытын тартуулап,  үйүмө кут,  бакыт алып келген күн. Бул күн мага оорукчан,  таарынчаак,  кежир,  мажирөө жигитке,  өзгөчө рухий күч-кубат,  шык,  дем берген күн. Бул күн – ийгиликтүү жашоого жол ачкан күн. Эң алгачкы максат-тилегим,  оюм ийгиликтүү ишке ашкан күнүм. Бизди колдогон ата-энеме жана жаратканга чексиз ыраазымын!

♦ ♦ ♦

Өркүндөп өскөн улут бололук десек,   биринчи кезекте өзүбүздүн рухий,  маданий дөөлөттөрүбүздү,  нарктарыбызды жана баалуулуктарыбызды заманга шайкеш сактайлы. Башка улуттардын да маданиятын сыйлайлы. Аларды туурабастан,   бизге керектүүсүн элибиздин каада-салтына,  менталитетине,  эң негизгиси,   мамлекеттик идеологиясына төп келгидей кабыл алуубуз абзел. Тилекке каршы,  элибиз туу тутар мамлекеттик идеологиябыздын жоктугу кечээки музейдегидей көрүнүштөргө жол ачууда.

♦ ♦ ♦

Улуттук ар-намыстын,  абийирдин,  гумандуулуктун,  акылмандыктын жана билимдин өксүктүгүнүн азабын күн сайын тартуудабыз.

♦ ♦ ♦

Бардык мектептердин окуучулары мамлекеттик камкордукка бирдей алынса,  мамлекеттеги адилеттүүлүккө жаштайынан ишеними күчтүү, мекенчил атуул болуп өсөт. Акыйкаттыкты көзү менен көрүп өскөн адамга гана мамлекет  дайыма ыйык жана кымбат болот.

♦ ♦ ♦

Биз, мугалимдер жүздөгөн тагдырлардын жаратуучусубуз. Биз буга баланын сүйүүсүнө жана ишеничине ээ болуу менен гана жете алабыз.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз