Салижан Жигитов: Сынчылык – бул кесип

  • 03.06.2021
  • 6196

Көп эле киши өз кесибин өнөрлөрдүн эң сонуну да, эң мыктысы да деп санайт. “Врачтарда бир ишеним бар, - дейт даңазалуу хирург Николай Амосов, - алар, эгер биз болбосок, элдин тең жарымы кырылып калат болчу деп ойлошот”.

Өз кадырын билген сынчылар да өз кесибин ошо врачтардан кем санабайт; сынчылардын ашкере дымактуулары көркөм адабияттын бүт тиричилиги куду өздөрү кыймылдатып жатышкандай, өздөрү болбосо адабияттын очогу кысыр калчудай сезишет. А чынында сын — адабияттын туундусу. Ай өз жарыгын күндөн алгандай, сын да өз жашоо кудуретин эң оболу көркөм адабияттан алат. Бирок көркөм адабият сынсыз да күн көрө албайт. Демек, сын – адабий өнүгүштү дайыма коштоп жүрө турган эң керектүү атрибут.

Бул айтылгандар, албетте, өз кесибин өзгөчө өйдө койгон сынчылардын арына тийиши мүмкүн. Анткен менен сын көркөм адабияттын жандоочусу экенин моюнга алгандын чычалай турган деле эчтемеси жок. Сынчылык – кесип. Ал эми кесиптин дегеле жаманы да, уялчусу да жок. Баса десең, өтүкчү өзүнүн өтүкчүлүгүнө эмне үчүн арданышы керек?

Орусча “призвание” деген сөз бар. Ага маанилеш сөз кыргыз тилинде азырынча жок. Болжолдоп туюндургандагы мааниси мындай: адамдын ыкыбалына туш келген бир парыз, адам өз өмүрүндө өтөбөй коё албаган, өтөбөй койсо керт башына кыянат жасай турган парыз, адамды бармактайынан өзүнө тартып азгырган парыз. Мына ушундан улам орус жазуучулары жазуучулук өнөрдү кесип эмес, “призвание” деп көп айтышат. Балким, жазуучулук өнөр чынында да ошондойдур?

Ал эми сынчылык өнөрүчү? Менимче, сынчылык “призвание” эмес, кесип. Себеп дегенде сынчы болом деп ниет кылгандарды орто мектепте окуган адабият ышкыбоздорунун арасынан да, филология факультеттеринин биринчи-экинчи курстарынын чыгармачыл студенттеринен да табуу өтө кыйын. Алардын дээрлик баары адегенде жазуучу (акын, прозаик, драматург) болобуз деп ниет да, аракет да кылат. Анан бу жагынан жакын арада бирдеме чыгарарына көзү жетпегенде гана алардын эрудициясы барлары сынга жабышат. Сынчылардын көбү чыгармачылык майданга ушинтип келет. Муну Лев Толстой илгери эле ташка тамга баскандай айтып койгон: “Жазуучу болом деп боло албай калгандардан сынчы чыгат”.

Албетте, сынчылар бала чагында дегеле адабиятка кызыкпаган, кокустан филфакка жана аспирантурага кирип кеткендерден да чыгат. Булар – айласыз сынчылар, алардын адабиятка анча тиешеси жок болушу да ыктымал. Ал эми жазуучу болобуз деп боло албай калгандардан чыккан сынчылардын жөнү бир башка. Канткен менен алар — адабияттын кишиси. Адабиятты жакшы көрүшөт, көркөм сөздү ызат кылышат, чыгармалардын жакшы-жаманын айра тааный билишет. Адабиятсыз өмүр сүрсө боло тургандыгын эч элестете алышпайт. Бирок алардын көңүлүндө дайыма оор арман уюп жүрөт, ал арман — көркөм чыгарма жазбай калдык деген арман, өзүнүн сынчылык тагдырына ыраазы болбогондон туулган арман.

Ырас, жазуучу болобуз деп сынчы болуп калгандардын бир даары демейде өз тагдырына кулдук кылып, илимий даража менен наамдын артынан кууп, айтор, өзүн өзү сооротуп өмүр сүрө берет. Бир өмүр куруп калсын, эптеп-септеп өтөт эмне кылсаң да. Тек арманын аттын башындай көргөн зарделүү сынчылар гана өз тагдырына моюн сунгусу келбей кыйналат, канча кастарлап бакса да токой көзүнөн учкан бөрүдөй көркөм чыгармачылыкты самай берет. Бир даары тымызын самап гана тим болбой, активдүү практикалык аракетке да өтө качып жүрүшпөйбү. Азыр кыргыз адабиятында гана эмес, жалпы союздук адабиятта да сынчылыктан кайтып көркөм чыгармачылыкка (демейде кара сөзгө, кээде поэзияга) кайра кайрылгандар көбөйүп кетпедиби.

Чын-чынына келгенде, адабий талант деген адамга бүкүлү бойдон эле берилген нерсе окшобойбу. Сын үчүн өзүнчө, ыр үчүн өзүнчө, кара сөз үчүн өзүнчө талант жок сыяктанат. Ошол себептен го, сыягы, биздин сынчылар сынды кандай деңгээлде жазса, ырды деле, кара сөздү деле ошондой деңгээлде жазса, ырды деле, кара сөздү деле ошондой деңгээлде жазып жүрүшөт. Мындан башкача болууга мүмкүн эмес да. Себеп дегенде бир эле кишинин сыны да, ыры да, кара сөзү да бир эле баштан чыгат эмеспи. Кишинин көркөм таланты, билими, сындан деле бирдей эле көрүнөт.

Бирок ырдын да, сындын да, кара сөздүн да өтөөсүнө чыгам деп жулунгандан алгылыктуу майнап чыкчудай эмес. Өмүр кыска болот экен, эки-үч коёнду бирдей кубалап, баарын текши кармап алышка бир кишинин шаасы да, убактысы да дегеле жетпейт экен. Бул бештен белгилүү, акыйкаттын ачуу даамын айрымдарыбыз аябай кечигип аңдап айпайбызбы. “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” деген ушул эмеспи.

Ушундан улам сынга талапкер жаштарга айтчу бир кеңеш: силер сынчы болобуз десеңер, эч ким каршы чыкпайт, сын майданына кирерде алды-артыңарды байкап карагыла, силерден жашы улуу айрым сынчылардын чыгармачылык жагдайларынан сабак алгыла. Белчеңерден сынга бир кирип алсаңар, анын ысык-суугуна, опурталдуулугуна, көп опаа бербесине түтүп, кийин “аттиң” деп бармак тиштебегендей болгула. Эгер көркөм чыгармачылыкка чын эле ыкыласыңар бар болсо, сын өнөрүн кесип кылбай эле койгула. Андан көрө кара жаныңарды карч уруп ыр, поэма, аңгеме, повесть, роман, драма жазгыла. Биз бул жанрлар жагынан жакшы чыгармаларга дагы эле чукакпыз.

Бирок сынчылыкты кесип кылбаган менен сын жазбагандын айырмасы бар. Дүйнөдөгү чоң жазуучулардын арасында макалалар жазбагандары өтө сейрек. Башкаларды тим коюп, мына өзүбүздүн Чыңгызды алсак, азыр кыргыз адабиятында андан терең жазган да, көп жазган да сынчы жок. Адабияттын коомдук табияты жана эстетикалык маани-маңызы, жазуучулук чеберчиликтин чоң-кичине сырлары, айрым чыгармалардын же жазуучулардын жакшы-жаман жактары тууралуу, менимче, чоң жазуучулардан жакшы айтыш кыйын. Канткен менен адабиятты жаратып жаткан кишилер анын кандайлыгын профессионал сынчылардан жакшы билет ко. Демек, чындап келгенде ар бир жазуучу сын макала жазуу керек, сын майданына активдүү аралашып турушу керек, сын макала жаза билиши керек.

Эгер көркөм чыгармачылыктан алгылыктуу бирдеме чыгара албасыңарды иштебей туруп эле эмес, жан талашкан практикалык аракеттен кийин сезип-билесиңер, бирок адабияттын тартылуу күчүнөн чыгып кетишке кудуретиңер келбесе, анда сын өнөрүн кесип кылгандан башка кандай айла кылышы мүмкүн? Бул кесиптин дүйнөдөгү көп эле кесиптен төмөнчүлүгү да, өйдөчүлүгү да жок. Журтчулукка керектүү иш, көр оокатка дурус эле аралжы боло алат. Адамдын духовный жөндөмүн тышка чыгарууга мүмкүнчүлүк берет. Коомдук кадыр-барк алууга да көмөк көрсөтөт. Анын аркасы менен илимий наам деген чыгармачылык менен шугулданганга абдан мыкты шарт түзөт.

Айтор, сынчылык кесипти бекем кармаган киши андан кадыресе береке табышы мүмкүн. Ан үчүн сынга талапкер жаштар өз кесибинин тарыхына жана предметине байланыштуу нерселердин баарын билиши керек. Сынчы үчүн эң зарыл нерсе: жандуу эстетикалык туюм. Сынчы эң оболу кайрымдуу, ырайымдуу, жапакеч болушу керек. Ал эми кайрымдуулук болсо сынчынын жанын катырбай сактайт, сынчынын келемин союлга айландырбайт. А чынында сынчынын калеми союлга айлангандан эмне жаман нерсе бар? Жазуучунун эң жаманы да (эгер халтурщик болбосо) жакшы жазсам деп тырышат, кадыр- барк алсам деп көксөп жазат, окурмандар менен сынчыларга жаксам деп жан талашып иштейт. Жазыш - кыйын процесс. Жакшы чыгарыш андан бетер кыйын. Демек, сынчы биринчи иретте ошо кыйын иш менен алпурушкан, жакшы жазам деп жаза албай жаткан жазуучуга жардам бериши керек, кордобойжана жанын кашайтпай жардам бериши керек.

Сынчынын дагы бир парызы (балким, бул негизги парыздыр?): адабиятта жаралган ар кандай жакшы нерселерди айныбай байкап, байкаар замат калайыкка жар салып турушу зарыл. Ал эми бизде көп эле жакшы нерселер өз убагында эч сөз болбой кала берип жатпайбы. Мен бая элүүнчү жылдардын башында чыккан “Василий Теркиндин” кыргызча котормосу жаман бир рецензияга арзыбай калганына аябай таң калам.

Акырында айтарым: жаш сынчылар көп иштеп, көп жазышы керек.

1979-жыл

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз