Түгөлбай СЫДЫКБЕКОВ: Манаке эсепчи

  • 09.04.2021
  • 4473

АҢГЕМЕ

Өткөн кылымдын экинчи жарчысында Көл башында Чолпон айылында Манаке деген жыл эсепчисин мен бала чагымда чоң кишилер урмат менен айтышар эле.

– Манаке аке, жыл эсебинен жаңылып көрбөгөн киши экен го? – деп бири таң калса:

– Көзү ачык киши болгон тура, жарыктык, –деп экинчиси ал кишинин ысымына сыйынып сакал сылачу.

Манаке аке жөнүндө билгиси келгендер кепке кулак төшөйт. Ажылдап-бажылдап талашканы жок. Кишилер момурап жоош олтуруп кеп кезегин күтөт. Сүйлөп жаткан киши кебин аяктаганда бири этиет сурайт:

– Манаке акени көрүп калгандырсыз?

– Э көрдүм ал кишини. Ноочо алыбеттүү, суйдаң жээрде сакалы чап жаагына, нурдуу ырайына жарашкан киши эле, жарыктык. Сыртынан сабырдуу өңдөнүп туруп эле, ичинен: "тыякта бир кишиге жакшылык этмек элем" дегенсип алданемеге оюн бөлүп, бир жакка жөнөчүдөй болуп көрүнчү.

Айя, Манаке акенин ал сырын билген кишилер: өз үйүнөн эрте аттанышчу. Ал кишиге эрте келишчү. "Кеп кези кетсе - кеп атасы өлөт. Өз жайытын оттобогон мал арык. Өз маалында себилбеген үрөн өнбөйт. Кеч аттанган жолоочунун сапары чукул. Э, калайык!" - деп бир кишиге айтканы – көпчүлүккө айтканы. Көрсө, ошо бир кишиге айтканы калкка жетет тура. Бир киши деп оюңду айтсаң дагы, катсаң дагы эртедир-кечтир ал оюң көптүн кулагында. Шыбырды жел учурат. Күбүрдү сел айдайт. Кишинин кишиден жашырган кеби – ордун таппай арам өлөт... Азырейил учунда турса, андан жасканбай айт. Чын кеп эч карыбайт. Анын тамыры тереңде. Бүгүн куурап көрүнсө, эртең көк-жашыл!

Чындын тамырына балта соккон – баатыр эмес, ою тайыз, кеби мокок. Ошондон улам ал өзүнөн өзү коркот. Балтасы колунан ыргып түшөрү менен, ал балтасынан мурда өзүн басат. Ал калган жерде мал оттобос арам чөп чыгат...

Э, калайык! Сен өзүңдү ошондон сакта! Жан-жаныбар энчилеш. Тагдырлаш. Малыңды жуттан сакта! Эгиниңди маалында эк!

Ушул накыл кептерди маселдете айтып, өз эсебинде кыш жылуу болсо Манаке аке кишилерге тике эскертет:

– Алдыңкы кыш коңур. Бороон чапкын өлчөлүү. Күнгөй кара, сеңир ала. Төрттүлүк малга жайыт берет. Өз-өз конушуңардан быйыл козголбогула. Ай, чын куранды онртолоп барып, бир-эки күндөй сары кар чапкындаар. Андан чочубагыла. Күндүн көзү ачылары менен жер тоборсуйт кадимкидей!

Бул кыш эсепчи Манаке айткандай коңур өтөт. Малы кыштан эттүү чыккан журт көңүлү жай. Чыгымсыз төлү эрте торолот. Жер чийгени эгинин эртелеп эгет.

Быйыл кыштын ак буурасы чамынат. Көл башында кар калың жатат. Кыш мойну узун. Эртелеп Узун күңгөйдү сеңирдеп барып, Чолпон-Ата, Кара-Ой, Сары-Ойлоп коюңарды кыштаткыла! Көл башын кыштаганың өлүгүн шатылап – колдон кол жууйсуң.

Манаке эсепчинин бул айтканын койлуулар кың дебей кабыл алып, каат жылы Узун күнгөйдү сеңирдеп көчөт. Көчпөй калгандары айткандай эле ойду-тоону кар басып, майда жандыкка от бербей калганда, жаныбар кой-эчки жайытка жетпей биринин жүнүн бири жейт...

Бул алаамат иш жүзүндө алда нече жолу аныкталган. Манакенин эсеби жалган болчу эмес.

Ошондуктан көл башындагы журт атайылап киши атказып, Манаке акеден алдыда жыл мүнөзү кандай болорун угуп кайтышчу. Малчыга, эгинчиге Манаке кеңеши оң өбөлгө.

Анткени соконун чыгышына, үрөндүн өз маалында себилишине кыш катуусу, жаздын эрте не кеч келишинин таасири чоң.

Бир жылы – Көл башына жаз эрте келди. Бат эле ой-тоо көккө оронду. Көктө торгой безенип, токойдо күкүк чакырды. Көк майсаңда кулун оюн салып, бет-беттерде козу-улак так түйүлүп – кыштын ак буурасы небак эле жоошулуп, Улуу Тоону ашып кеткендей болду.

Ошо эрте жаз күнү жан-жаныбарларды бейкам этип койгон кезде, тиги дагы бир уруу элдин акылманы Кыдыр аке баштаган кадырман кишилери маек куруп олтурушуп:

– Кудай жакшылыгын бери – жаз эрте келди. Дыйкан эгинин эрте эгип, төл эрте ирденди. Быйыл ак төөнүн карды жарылган жыл болор, – деп кишилер жадырашканда Манаке алды жакка тике карап, үнүн көтөрө салып жалпыга угуза айтты:

– О, журт, ар үйдүн кызыл от жалаган казаны быйыл ырыска толот. Ал үмүтүңөр ордунда. Бирок азыр кыш өз мойнун үзө элек. Ак канатын сермеп, кыш чапкыны тоо ашканы менен артында аз эпкини турат...

Ай, жаңылбасам, аптанын аягында мынабул көгү тушарга келип калган ой-тоо бир жолу кар жамынат. Ошондо жаш төлүңөр кантер экен? Эмитен алдын ала сактанарсыңар...

Манаке ушуну айтканда кишилер эндирей калышты.

Кыдыр аке тек мыйыгынан күлдү:

– Э Манаке ай... Эсепчи, эсепчи десе ушул жолу артык эсептеп койдуңузбу деймин. Күкүк чакырып калгандан кийин да кыш кайтычу беле, жарыктык...

Баамчыл Кыдыр ушуну айтканда Манаке кейип кетип:

– Мага ишенбегениң, тебетейиңидн кырбуусуна кар толуп, ошо малыңды кайралбай жүргөндө бир ишенерсиң. Ошондо жаш төлдөгөн малың ийсөөгө жалгыз тал чөп жок ыргала түшкөнүн көрүп, Кыдыр, сен өзүң баш болуп төөңдү комдотуп, аксуулук орус туугандын үймөгүнөн чөп жүктөтүп аткан жеринде кездешейинчи... – деп Манаке аке ордунан туруп, атына минип кылчайбастан бастырып кетет.

Кадырман Кыдырдан жасканган кишилер үндөбөдү. Кыдыр өзү да байкабай муз жутуп ийген кишиче этиет болду: "Ай, кантээр экен? Эртең айтканы келсе, айыптуу болуп калдым го, бу Манаке эсепчиге" - деп.

Аптанын аягында Манаке эсепчинин айтканы келди.

Таң эртеңден мемиреп ачык турган асманды коңур булут каптады. Жыпжылуу аба салкындай калды бат эле. Адегенде сейрек-сейрек кар жалбырактап каалгый түшө баштады. Ал улам калыңдады. Улам тездеди. Анан жер бетин биротоло каптап алчудай лап-лап жайнады дейсиң, он-он беш кадам жердеги караан не мал, не киши, не дүмүр экени таанылбай калды.

Ой-тоо апапак болуп, айлана чаңыттады. Жайыттагы мал буюкту. Жаш төл безеленип, козу-улак энесинен адашты.

Жайыттан ал малды көздөөгө үйбүлө бүт жөнөдү. Атчандар бири-бирине үн берди обочодон:

– О, Султа-ан! Мал четине жеттиңби?

– Турду аке-е! Койлор зоо түбүндө ыктаптыр!

Ошо үн беришкен кишилер ат үстүндө шөлбүрөштү. Манаке айткандай: тебетейлеринин кырбуусуна кар толду. Өздөрү кайыкты. Күн кечтеген сайын аяз бети-колду чымыратты.

Тизеге жакын жаап салган кар кандай күтүүсүз жааса, ошондой күтүүсүздөн тып басылды. Жарыктык жылкы баласы кар тээп оттойт дечи. Уй, кой, эчки кол карап, жалооруй маараганы сөөктү сыздатты. Малсаак кишилердин көздөрүнө жаш келди. Бирок айлалары канча?

Күнгөй беттердин карын күрөп, кой оттоор жайыт ачкандар жандарын сабашты.

Ошондо Манаке эсепчи атына минди да, Кыдыр акеге кездешкени жөнөдү. Алкымдагы Кыдыр айлын көздөй барбастан, ойдогу үймөктөргө карай тизгин алган болучу. Жүрүштүү чоң торунун бөрү желиши менен шыдыр келаткан Манакеге Аксуунун боюндагы үймөктү айлана турган караан алыстан ак шейшептин бетинде үймөлөктөшкөн кумурскадай болуп көрүнгөн эле. Эми жакын келгенде орус тууганынан чөп алып, комдуу төөлөрүнө жүктөтүп аткан Кыдыр акени тааныды.

Манаке шыдыр келип салам айтты Кыдырга:

– Ассалома алейкум, Кыдыр аке! Жүктөөр мол болсун! Кудай сактаар. Күн ачылды. Жаздын жылуусуна көнө калган мал бир түндүн аязына чыдап коёр. Жаздын илеби бар эмеспи, эртең кар ала-шала эрийт. Күнгөйлөр, кашаттар карарат. Бир сактанчу жагдай: суук тиштей калган көккө ачыккан мал жабыша калар. Ич өткөнү болор... Андан да кудай сактаар... Бирин-экин чыгым болот дечи...

Ошондо акылман Кыдыр Манакеден кечирим сурады:

– О, көзү ачык эсепчим! Мен күкүккө ишенип пенделик этипмин. Айыбым мойнумда! Күн жылыганда бир кайрылыңыз. Чакырганым ушул.

– Э аңдабаган адам иште жаңылбагыдай ал – олуя бекен. Жарыктык бул жолку сары кар тушардан жаар деп болжогон элем. Терең жаап салып, мен да эсебимден аз жазып калдым...

Журт малына сак болушсун!

Манаке эсепчи кайра тартты.

... Ушуну айткан кишилердин бири мындай деп калды:

– Бир жолу талаада аштык айдап жүргөндөрдү кыдырып келаткан Манаке буурсун менен жер чийдирген бир бакырдын жанына токтой калып, саламдан мурда эскертиптир: "Олда айланайын балам-ай. Айдоо мезгили өтө түшпөдүбү. Мындан ары жырткан жериң какшып, эмгегиң сая кетет ко... Айдооңду ада эт. Түшкө жеткирбей тигил айдалган жериңе үрөөн сээп жетиш! Түштөн кийин калсаң ал жериңе үрөн сеппей эле кой. Сепкениң менен өнбөй калаар... Бол, тезде, балам. Түшкө чейин үрөн сээп кал!"

Жер чийдирген жигитке ушуну айтып Манаке аке жөнөй берет.

Айтканындай эле: түшкө чейин үрөн түшкөн аянтка өнүм өндү. Кийин себилген үрөн өнбөдү. Жер далайга кара жатты да, чөп-чар чыкты.

– О, эсил Манаке акенин көзү ачык киши тура!

Бала чагымда кишилердин оозунан ушуларды эшиттим: Манаке акенин ал эсепчи-баамчылыгына не ишенерди, не ишенбести билбей, мен да делдейген элем. Кийин өзүм эр жетип, айыл чарба техникумунда окуп, агроном боломун деп жүргөн кезимде ошо Манаке акени эстеп кеп салганымда:

– Аттигиниң-ай. Ошол киши окуган болсо, таланттуу чоң окумуштуу болмок экен э, – дешип студент-курбулар өкүнүштү.

... Согуш кызуу жүрүп жаткан жылдары ооруктагылардын көтөргөн жүгү он эсе оорлоду. Эңкейген кары, аягы баскан бала бир үйдүн түйшүгүн мойнуна алды. Чоң-кичинеде тыным жок. Майданга жардам берүү, жан багуу – бул эки оор милдет эки кара таштай кишилердин жонунан түшпөс жүк болду.

Айылдын ач кишилери айдын жарыгында терме терди.

Шаардын кишилери колхоз, совхоздордон жер алып, алы жетишинче жүгөрү, картөшкө айдады. Журналисттер менен жазуучулар Көк-Жардан жер алдык. Жекшемби сайын түндөн туруп, жөө-жалаңдап күн чыкпай барабыз. Кечке күрөктөп жер сайып, бирден жүгөрү таштап, он-он беш сотый аянтты айдап жетишкендер бар. Албетте, бир күндө эмес, үч-төрт жекшембиде. Жер өңгүл-дөңгүл, таштак кагыр. Аны айдаш үчүн адегенде тегиздеп албаса, кийин сугат маалында суу тегиз жайылбас.

Саткын экөөбүздүн аянтыбыз катар болуп калды. Ал да, мен да жанды сабап иштедик. Мен он беш сотыйдай жерге үрөн таштадым.

1943-жылдын 30-апрели. Жер катып баратат. Эртеден калсак эмдиги жекшембиге чейин кеч болот деп, ал күнү талаага түнөдүк. Эртеси жерге жарык киргенден иштеп, чоң шашкеге чейин айдалган аянтыбызга үрөн сээп, үйгө кайтып келатканыбызда кыштактын четиндеги үй ээси бизге ийкем этти.

– Олда айланайын балдар ай. Талаага түнөгөн экенсиңер... Эмгек акыңар кайтаар күздө. Үрөндүк жүгөрүңөр калса, мобу тилкеге да сээп алгыла. Өзүм айдоого каруум жетпеди. Жер бекерге бош калбасын, - деди.

Колхозчунун бизге берген тилкесин күрөктөп кирдик. Тилке огороддун кычыгы мөөндөй узун экен. Алыбыз жетишинче күрөктөп; ушуга үрөнүбуз жетет дедик да, жерди тегиздеп, түшкө жакындаганда айдаган жерибизге жүгөрү таштай баштадык.

Мен баягы бала чагымда эшиткенимди Саткынга айттым.

– Жарыктык Манаке айдоо кеч калганда түштөн кийин себилген үрөн өнбөсүн кантип билди? - деп чоң Саткын далдайып тура калды.

– Жыл эсебин алган киши тура.

– Кокуй, тездейли. Түш болоюн деп калды...

Биз канчалык ашыксак да, айдаган жерибиздин так тең жарымына үрөндү түштөн кийин сээп жетиштик. Күрөктөрүбүздү ийиндеп, тоо томкоруп салгандай шаарга карай келе бердик. Алданемелерди кобурап-жобурап көңүл жай.

Арадан бир жекшембини өткөрүп, экинчи жекшембиде ал огородго бардым көргөну. Түшкө чейин үрөн ташталган аянтта жүгөрү көгү жалжал болуп өнүп калыптыр. Түштөн кийинки үрөн ташталган аянттын топурагы чаңдап – бозоруп отоо чөп кылтыят.

Мен аң-таң калып, өкүнө карап турганымда касиеттүү сыйкырдай болуп Манаке акенин элеси көз алдыма келди. "Бир күндүн түшкө чейинки илеби менен түштөн кийинки илебинде кандай сыр бар?" - деп делдейдим далайга.

Көрсө "сыр" чоң экен!

Айдоо мезгили өтүп, күн аптабы күч алып, топуракты кургатып салган кезде түшкө чейинки топурактагы нымдуулук менен түштөн кийинки нымдуулукта айырма чоң экен. Түшкө чейинки себилген үрөндү аздыр-көптүр нымдуу топурак жашырып, түштөн кийинки себилген үрөн какшыган топуракта калат тура.

Жаратылыштын бул сыры: баамчыл кишинин көзүнө даана көрүнгөнү менен баамсыздарга өзү дыйкан болсо да, байкалбайт экен да.

Кишиге, жан-жаныбарга чоң кам көргөн акылман, жыл эсепчиси - Манаке акенин өз өмүрүндө иштеген жакшылыгынан мен жогоруда эки-үч ишин араң эскердим. Ал кишинин замандашы болбосом да, ал кишиге замандаш карыяларды мен бала чагымда көрүп калгам. Ошол карыялардан Манаке акенин чоң илиминен кенен маалымат албаган айыбымды мойнума аламын... Аны балалыгыма шылтоого эч акым жок. Калк мурасына ошо бала чагымдан жеткилең баа бербеген чалалыгым. Көчмөн турмушта кенен жер-сууда күн өткөргөн сабатсыз кишилердин бардык күчү, өнөрү тил учунда - сөздө болуп, ал сөздү тек өз дүйнөсүндө сактагандыктын эпкини менде да болду.

Эшиткенге баа берип, анын учугун улап, эшите электи иликтөө мага адат болгучакты байыркыдан берки асыл мурастарды өз мээсинде сактап келаткан кишилердин катарлары суюлду. Ооз карманып, мен да өкүттө калдым.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз