Орозали Сайдилканов: Жигитовдун, Садырбаевдин арманы...

  • 12.10.2021
  • 3963

Адатта элге кебин айтар карыларыбыз жок деп күңк-мыңк болгондорду көп угабыз. А алар арабызда жүргөн кезде кадырына жетпейбиз. Акыл-насаатына кулак салбайбыз. Болбосо керээттүү кеменгер Салижан Жигитов, Ишенбай Абдуразаков, Дооронбек Садырбаев, Талип Ибраимов, Эмил Шүкүров өңдүү аксакалдарыбыздын кимисинин кебине кулак салдык?! Алардын акыл-парасаты кулагыбыздын сыртында калып келди го!

“Өз элинин пайгамбары болбойт” накылын кудум биздин элге айтсак жарашар. Кеменгери ким, Кемчонтою ким – көп ажырата бербейбиз. Анткени Кемчонтойдой кем акылдар бүгүн эл жакшылары! Төрдө сый көргөн ошолор. Ошолордун оозун карайбыз. Ал эми буга дейре “РухЭш” сайтында жарыяланып келаткан Орозали авадай акылман аксакалыбыздын ой өрүшүн акыл аңыбызда канчалык кабыл алып аттык экен? Кимибиздин кулагыбызга күмүш сыргадай экмет болуп кабыл алынды экен?..

Бүтүндөй өмүрүн мектепке арнап, эл агартуу жаатында өрнөктүү иши менен таанылып келген Орозали аванын ой куржунунда жаткан кол жазмаларын сыдыра окуп отуруп, тереңге термелет жаның. Эпаада биз акылман асыл ойлорду дүйнө элдеринин казынасынан издейбиз, а арабызда жүргөн Орозали аванын кагазга түшүргөн ойлору кыргыз тукумуна насыйкат эмес бекен, караң...  

Олжобай ШАКИР

Улуттук идеология – улуттук ар-намысты,  абийирди козгойт,  жоопкерчиликти жана мекенчилдикти күчөтөт. Аны жан дүйнөсүнө,  рухуна сиңирген улуттук лидерди,  акылман карыяларды,  коомдун өнүгүшүн сын көз менен талдай билген,  сынчыл ойго эгедер активдүү интеллегенттерди  жана  билимдүү,   адептүү жаштарды жаратат. Бүткүл элди бир муштум кылып бириктирет. Олуяларыбыз С.Жигитовдун,  Д.Садырбаевдин арманы ушул улуу ойду бизге жеткире албай,  "Кайран алысты көрө билбеген эл", - деп кете бергенинде!

♦ ♦ ♦

Жеңилүүдөн ашкан эффективдүү сабак жок. Ал – ийгиликтин булагы. Демек,  биз жеңүү жолундабыз!  

♦ ♦ ♦

Элдин биримдиги – өлкөнүн өнүгүүсүнүн кепили. Жети өлчөп бир кесип,  көсөмдүк менен башкаруу эл башынын белгиси!

♦ ♦ ♦

Канчалык ийгиликке умтулба, ийгиликсиздикке кабылган учуруң болот экен. Көпчүлүктөн: "Сизге эмне болду?" деген суроону көп  угуп,   элдин мага болгон үмүтү башкача экенин түшүнөт экенсиң! Айрымдардын табалагандай кытмыр көз карашынан,  куйкумдуу,   чымчылама сөзүнөн,  кекерлүү карашынан кубат алып,  намысыңа келесиң. Элдин ишеними баарынан ыйык жана кымбат экени акыл-оюңу,  жүрөгүңдү бийлеп,  алга умтулууга шык,  дем жана күч-кубат экен. Алга умтулууга жагдай жаралат экен. Мен сиздер менен күчтүүмүн! Бар болуңуздар!

♦ ♦ ♦

Акыркы жылдарда сөз кадырын билбеген,  ой өрүшү чабал "кыргыз элита" сөрөйлөрү эң жөнөкөй кеп маданиятын сактабай, улутубузду уятка калтырууда. Мамлекеттик жетекчилердин этикалык кодексин иштеп чыгуу,  улуттук лидерлерди интеллектуалдык деңгээлине карап тандоо зарыл болууда.

♦ ♦ ♦

Бүгүнкү күндөгү эң негизги түйүндүү көйгөйлөрдүн себеби, рухий жакырлануунун натыйжасы.

♦ ♦ ♦

Жамандыктын түбүнө эч ким жеткен эмес. Бири-бирибиздеги жакшылыктын учкунун таап,  алоолонтуп күйгүзүп,  өлкөбүздү өнүктүрбөйбүзбү!

♦ ♦ ♦

Балдарыбыз бизден  улуу жаратман иштерди күтүп жатат. Алар бактылуу өлкөдө жашагылары келет!

♦ ♦ ♦

Тил алчаак,  мыкты аткаруучулар – булар жандуу роботтор. Биздин көп жылдык тарбиябыздын натыйжасы. Тарбиялоонун багытын өзгөртүү зарыл.

♦ ♦ ♦

Өз ойлому жана өз чечими жок,  жасакер, кошоматчы адамдарды тарбиялоо кандай коркунучтуу!

♦ ♦ ♦

Уулуна аска тоо,  тирек,  жөлөк жана бел болгон эл – улуу эл. Кайдыгер эл – шорлуу.

♦ ♦ ♦

Демократиянын маданияты – элдин дилин,  пикирин,  оюн сыйлап,   угуп,  ага маани берүүдөн,  адилет жыйынтык чыгаруудан көрүнөт.

♦ ♦ ♦

 Сөзү менен ишинин биримдигин сактаган инсан – улуу инсан.

♦ ♦ ♦

Ишенимдин жана үмүттүн талкаланганынан жаман эч нерсе жок.

♦ ♦ ♦

 Мамлекетте адамдардын эрки,   бактылуу  жашоо коопсуздугу камсыздалбаса,   өнүгүү болбостугун тарых тастыктаган.

♦ ♦ ♦

 Баланын эркиндигин,  айрыкча,  сөз  эркиндигин тыюудан ашкан маңгурттук жок экендигин Ч.Айтматов  эң сонун далилдеген.

♦ ♦ ♦

Демократия – элдин улуулугун,  касиеттүүлүгүн билип,  ага таазим этүү,  анын оюн,  пикирин,  тандоосун ыйык тутуу.

♦ ♦ ♦

 Балдарга алардын жашоосунун ар бир кадамында адамгерчиликти,  акылмандыкты жана эмгекчилдикти туу тутуп жашоого үйрөтүү зарыл.

♦ ♦ ♦

Улуттун рухий,  маданий дөөлөттөрүн жана баалуулуктарын,  ар-намыс, абийирин сактоого тарбиялоо – ыйык милдетибиз.

♦ ♦ ♦

Телибай тентектиктен,  кемчонтойчулуктан,  кутумчулдуктан,  маңгуртчулуктан,  коррупционерчиликтен,  саткынчылыктан,  чыккынчылыктан жана түркөйлүктөн  арылтуучу күч – гумандуулук,  билим жана технология.

♦ ♦ ♦

Баланын чөйрөсүн гумандаштыруу мамлекеттин,  элдин,  ата-эненин жана мектептин ыйык милдети!

♦ ♦ ♦

 Балдардын эмгегине адилетсиз баа бергенден уялбаган маңкуртчулуктун азабы өттү!

♦ ♦ ♦

Бизде эркиндикке,  өз алдынчалуулукка жана жоопкерчиликке негизделген мамлекеттик система түзүлбөсө,   коом да,  жеке адам да өнүкпөйт!

♦ ♦ ♦

Билим берүүнүн маңызы да,  жүрөгү да мугалим менен окуучунун кызматташтыгы.

♦ ♦ ♦

Мекенчилдик – өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизи,  билим – кыймылдаткыч күчү.

♦ ♦ ♦

Бала сабакта өзүн эркин сезгенде гана өз алдынчалуулугу жана чыгармачылык жөндөмдүүлүгү өсөт.

♦ ♦ ♦

Жаман адаттардан арылтуунун дарысы бирөө гана – ал гумандуулук.

♦ ♦ ♦

Мугалимге эң сонун белек – окуучусунун бактылуу жылмаюусу.

♦ ♦ ♦

Ынтымак – өлкөнүн келечеги. Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк анын түркүгү.

♦ ♦ ♦

Жазалоо – оң жолго салуунун куралы боло албайт.

♦ ♦ ♦

Кыргызстандын кендирин кескен эң чоң көйгөйлөрдүн бири – өзүмчүлдүк. Бул мектеп партасында "мен" дегенден башталат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз