Орозали Сайдилканов: Атаандаштык – өнүгүүнүн ядросу

  • 19.10.2021
  • 3610

♦ ♦ ♦

Кыргызстандын ар бир атуулунун улуттук ар-намысы жана абийири ойгонуп,  жандүйнөсү тазаланмайынча – мыйзам үстөмдүгү орнобойт.

♦ ♦ ♦

Өмүрдүн ар бир күнүн барктай албай калып, эми элиме эңсеген жакшылыктарымдын чекесин жасай албай жатканыма өкүнөм.

♦ ♦ ♦

Баланын өзүнө анын ийгиликтүү жана жаратман инсан экенин ишендире алган педагог – чыныгы педагог.

♦ ♦ ♦

Акылмандык,  адептүүлүк,   адамгерчилик жана билим гана адамга эркин жана бактылуу жашоого мүмкүнчүлүк берет.

♦ ♦ ♦

Мугалимдер окуучуларды окуу көндүмдөрүнө ээ кылуу менен гана чектелбестен,  аларга жалпы адамзат баалуулуктарын да таанытуусу абзел.

♦ ♦ ♦

Реформаны  мугалимге өз алдынчалуулук жана чыгармачылык эркиндик берүүдөн баштоо зарыл.  Чыгармачылык эргүү мугалимге ар кандай тынчсыздануудан оолак бош мезгилде гана пайда болот. Андыктан мугалимдин иш жүктөмүн 20 саат – 1 ставканы 16 саат - 1 ставкага түшүрүп, сабакка даярдыкка 4 саат берилүүсү зарыл. Сабакка мугалим канчалык чыгармачылыкта даярданса,  натыйжа ошончолук жакшы болот.

♦ ♦ ♦

Атаандаштык – өнүгүүнүн ядросу. Атаандаштыкта эгер сен алсыз жагыңы көрсөтсөң,  атаандашың сени кемсинткенге, кордогонго өтөт. Жок,  сен артыкчылыгыңды көрсөтсөң ал сени сыйлайт,  кадырлайт. Дүйнөдө бизден кичине кадыр-баркка ээ болгон өлкөлөр толуп жатат. Намыска келели! Биригели! Өлкөбүздү өнүктүрөлү! Бүтүндүгүн сактайлы!

♦ ♦ ♦

Мекенибиздин ар бир атуулунун,  алардын балдарынын бактылуу жашоосун камсыз кылууну ыйык милдетим деген мамлекеттер гүлдөп,  өсүүдө.

♦ ♦ ♦

Бүгүнкү күндө балдарды инсан катары калыптандырууда эң артыкчылыктуу багыттардын бири – башка адамдар жөнүндө жакшы ойломго тарбиялоо.

♦ ♦ ♦

Авторитардык,  тоталитардык,  бюрократиялык жана буйрукчул системадагы тарбиялоонун кесепетин элибиз 30 жылдан бери тартууда.

♦ ♦ ♦

Ата-эне – балдарынын акылдуу,  билимдүү,   адамгерчиликтүүлүгү,  ар-намыстуулугу жана абийирдүүлүгү менен бактылуу. Бактысыз падыша болсо да,  намысын талашкан,  атасын,  анын ата конушун-ата журтун ыйык туткан,  тарбиясы жетик,  ар тараптан өнүккөн уул-кызы бар бактылуу ата болот экен.

♦ ♦ ♦

Маалекетте бардык чечимдер гумандуулуктун алкагында ар бир атуулга  жакшылык жана бакыт алып келгендей  кабыл алынууга тийиш!

♦ ♦ ♦

Ата-бабалар "уят" деген сөздү ыйык көрүшкөн. Алар өзүнүн,  үй-бүлөсүнүн,  бала-чакасынын,  досторунун  терс кылык-жоруктарынан уялышкан. Уят өлүмдөн катуу деп,  элдин жүзүн тиктешкен эмес. Ал эми эки төңкөрүштү бирге жасап,  эл тагдыры менен ойноп,  элдин үмүт-тилегин актабай; өлкөнү кыйроо абалына алып келген  убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жана алардын шериктештери  такыр уялбады.

Жаңы төрөлгөн баладай болуп,  дагы деле өлкөнүн тагдыры менен ойноп,  "акылдуу" көрүнүп,  кооз сүйлөп,  элдин бейпил жашоосун бузуп жатышат. Жол башчысы,  туусу А.Атамбаевди уялбай өздөрү сындашат. Ошондой адамга сыйынып жүргөнүнө уялышпайт.

♦ ♦ ♦

Бала үй-бүлөнүн бүтүндүгү менен гана бактылуу!

♦ ♦ ♦

Ар бир баланын бактысы баарынан ыйык жана кымбат экенин ар бирибиз түшүнүүбүз абзел.

♦ ♦ ♦

Ар бир адамдын акыл-эсинде,  жүрөгүндө атуулдук ариет,  абийир,   ар-намыс болбосо,   эгемендүүлүктүн,  эркиндиктин кадырына жетпейт.

♦ ♦ ♦

 Өз ойлому,  пикири,  принциби жок тил алчаак чагымчыларга жазаны күчөтпөсө коом тазаланбайт жана өнүкпөйт.

♦ ♦ ♦

 Менимче,  депутат   кабыл алган чечими үчүн өзүн моралдык жоопкерчилик тартам деп жооткотпошу керек.  Ал укуктук чечим кабыл алат.

♦ ♦ ♦

Адамды өзүн-өзү таанууга тарбиялоонун зарылдыгы – алдыңкы маселе.

♦ ♦ ♦

Өлкөбүздөгү бардык прогрессивдүү инсандардын ыйык милдети – тынчтыкты сактап калуу! Эл биримдигине жетишүү! Караңгыда жол табуу!

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз