Орозали Сайдилкановдун акыл казынасынан – II

  • 11.02.2022
  • 2669

*   *   *

Тарых – баалоонун тунук күзгүсү. Ушул күзгүдөн 30 жылдан берки саясатчылардын инсандык жана ишкердик сапатын көрүп бааласаңыздар, адашпайсыздар.

*   *   *

Элдин улуулугу – мамлекет дөөлөтү.

*   *   *

Эң өкүнүчтүүсү – 30 жыл ичинде Кыргызстандан сыңар өтүгү майрык сынчылар чыкканы менен, Дэн Сяопиндей реформаторлордун чыкпагандыгында.

*   *   *

Тандоо бул – баалоонун натыйжасы. Баалоону ар бир адам өз деңгээлине жараша, тутутунган баалуулуктарына ылайык жүргүзөт.

*   *   *

Өзүнө ишенбегендер бардык чындыкты спектакль эсептейт. Акыл калчап тыянак чыгарышпайт.

*   *   *

Дили таза адам баканын келбетинен сулуулукту, жыландын уусунан таттуулукту, арстандын каардуу айбатынан мээримдүүлүктү көрө алат.

*   *   *

Жалган апыртмаларга, ушактарга таянган, өз чындыгын башкаларга чындык катары жеткирген адам, жугуштуу ооруларды тараткан чымын-чиркейлерден жаман.

*   *   *

Бизге күтүүсүз басып кирип, 30дан ашык атуулдарыбызды мыкаачылык менен өлтүргөн, айылдарыбызды тып-тыйпыл өрттөп жиберүүгө жол берген мамлекет башчысына "Аймакта туруктуулукту камсыз кылгандыгы үчүн" деген сыйлыктын тапшырылышы биздин эл аралык аренада, анын ичинен Борбор Азияда ордубузду таба албаганыбыздын, кадыр-баркыбыздын жоктугунун белгиси.

Келгиле! Намыска келели! Ынтымак, биримдикте Кыргызстаныбыздын гүлдөп өсүшүнө, эл аралык аренада орун табуусуна жетишели! Коңшу өлкөлөр арасында кебибиз кемтик, сөзүбүз сөлтүк болуп, алардын оозун карап жашагандан уялалы! Ыркырашып-чыркырашканга эмес, убактыбызды жаратмандыкка, түзүүчүлүккө сарптайлы!

*   *   *

"Карга баласын аппагым дейт" принциби менен жашообузду улантсак, коррупцияга каршы күрөш кыял гана болуп калат; мамлекет коопсуздугуна коркунуч күчөй берет.

*   *   *

Өлкөбүз өнүксүн десек, мыйзамга таазим этип жашоону үйрөнүшүбүз абзел. Аскар Акаев кечирим сурасын дегендин ордуна мыйзам алдында жооп берсин деп талап кылууга тийишпиз.

*   *   *

Бардык нерсе чеги жана ченеми менен мыйзамдуу болгону жакшы. Кечиримдүүлүк жеке адамдардын ортосундагы мамиле категориясы. Ал эми мамлекеттик маселелер (А.Акаев, К.Бакиев маселелери) мыйзам алкагында чечилүүгө тийиш. Мыйзам – мамлекетте туруктуулуктун, адилеттүүлүктүн кепили.

*   *   *

Өлкөбүздө коррупцияга каршы улуттук жалпы ойгонуу, жек көрүү болбосо, коррупция жеңилбейт.

*   *   *

Ар бир адамдын жасаган ишин өз атынан айтуу эр жүрөктүүлүк, адилеттик жана калыстык.

*   *   *

Дүйнө эли күндөн күнгө демократия баалуулуктарын: эл бийлигин, эркиндикти (сөз, тандоо, өз алдынчалуулук, чыгармачылык, айкындуулук, эгемендикти) жоопкерчиликти, толеранттуулукту, мыйзамдуулукту, бийликке ишенимди, кызматташтыкты, өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көңүл бурууда. Ал эми биздин жаңы мыйзамдардын долбоорлору жогорудагы баалуулуктарга каршы келүүдө.

1. Бийлик элден алыстап, бир кишинин колуна топтолууда. Бул тарыхта жеке адамга сыйынуучулукту жараткан. Эл мажбурлоо жолу менен башкарылган. Акимдердин жана айыл өкмөттүн эл тарабынан түз шайланбастыгы бийлик жүргүзүүнүн мажбурлоо жолуна түшкөндүгүн кабарлайт. Эл алдында эмес, аким алдында жоопкерчилик күчөйт. Буйрукчул, өкүм-зордук күчөйт. Ырас, ал жол тарыхта убактылуу ийгиликке жетүүгө шарт түзгөн, бирок түбөлүгү түз болгон эмес. Бул жол бүгүнкү адамзаттын жан дүйнөсүнө каршы турат. Аким, депутаттардын ыйык кол тийбестиги – эл ишеними. Эл ишеними – элдик бийлик ишке ашканда гана жаралат. Ал турмак дүйнөдө көп өлкөлөрдүн Президенттери жан сакчыларын жана коргоочуларын жоюуда. Ооба, темирдей тартип керек! Ал мажбурлоо менен эмес, мыйзам үстөмдүгү менен орноого тийиш.

2. Шайлоо босогосу 5 пайызга көтөрүлүшү – элден бийликтин алыстоосу.

Бардык мыйзамдар Конституцияга ылайык эл бийликтин бирден бир ээси болгондой жазылууга тийиш.

*   *   *

Жакшылыгын көрөм деп жакшылык кылуу да, жакшылыкка жамандык менен жооп берүү да намарттык.

*   *   *

Балдарды балакатка жеткен күндөн баштап сезимге эмес акылга баш ийип жашоого, сезимди башкара билүүгө көнүктүрүү зарыл.

*   *   *

Кимге үй-бүлөсү, ата мекени ыйык жана кымбат болсо, ал өзүн алардын кадыр-баркын бийик сактоо үчүн бардык жерде, ар кандай учурда ар тараптан маданияттуу жана татыктуу көрсөтөт.

*   *   *

Демократия дөөлөттөрүнө, баалуулуктарына гумандуу мамиле жасоонун көндүмдөрүнө мектеп жашында калыптанбагандын кесепетин элибиз 30 жылдан бери тартууда.

*   *   *

Эгемендиктин баркын билип, биримдик, ынтытымакты сактап, өлкөбүздүн экономикасын көтөрбөсөк, мамлекетибиздин, атуулдарыбыздын коопсуздугу коркунучта кала берет.

*   *   *

Адамдын акылмандыгы жана даанышмандыгы акыйкаттык, чындыкты так аныктай билүү жөндөмүндө.

*   *   *

Чындык, адилеттик, акыйкаттык, тазалык – баары сабырдуулук менен өлчөнөт. Ал өз көзүңө, акылыңа гана ишенүүгө түрткү. Абийириңдин тазалыгын шарттайт.

*   *   *

Өзүн башкалардын көзү менен көрө билүү көндүмдөрүнө ээ болбогондуктан, айрым инсандар өзүн жана башка адамдарды көп адаштырат.

*   *   *

Сабактын 45 минутасын жаратмандыкка, чыгармачылыкка, өнүгүүгө, изденүүгө, ачылышка арнаган мугалим менин эң сүйүктүү адамым! Аларга дайыма таазим кылам!

*   *   *

Мугалимдин мээримдүүлүгү педагогикада баланын жакшы болууга, өнүгүүгө умтулуусунун эң негизги кыймылдаткыч күчү.

*   *   *

Эненин жүрөгүндөй мээримге толгон жүрөк жок. Апам мен жетимишке чыксам да, келининен: "Батма, Орозго жароокер, мээримдүү, сылык-сыпаа, жайдары мамиле жаса, тамакты таптап бер, дарысын өз убагында бергенди унутпа, мейманын кадырлап, беделин бийик сакта, куштарлап алып жүр", - деп жолуккан сайын өтүнөт.

Апам биздин төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту, акыл кенчибиз, бактылуулугубуздун, ынтымагыбыздын данакери.

*   *   *

Ар бир адамдын маңдай тери, ак эмгеги менен тапкан менчиги кол тийгис болуп, мамлекет анын корголушун камсыз кылууга тийиш.

*   *   *

Демократия жоопкерчиликсиз болбойт. Жоопкерчилик – демократиянын тизгини.

*   *   *

Ар кандай мыйзамды кабыл алууда анын экономикалык пайдасына гана кызыкпастан, түбөлүгүндө руханий, маданий, социалдык чөйрөгө таасирин да кароо зарыл.

*   *   *

Башкаруу жана баш ийүү маданиятынын төмөндүгү өлкөнүн өнүгүүсүн токтотуп, сенек кылат.

*   *   *

Сын – адамды өстүрөт; дос болуп, каталарды четтете билсе. Сын – адамды чөктүрөт; кас болуп, каарына алса.

*   *   *

Гумандуу педагогика - залимдик, басмырлоо, мажбурлоо менен тарбиялоого каршы педагогика. Ал ишенимге, шыктандырууга, ынандырууга, өрнөк болууга, көнүктүрүүгө таянат. Анын күчү – мээримдүүлүктө. Ал мээримдүүлүктүн күчү менен жакшы болууга, өнүгүүгө умтулууну жаратат.

*   *   *

Качан гана атуулдарыбызда мекенди сүйүү, анын келечегине күйүү сезими ойгонмоюнча, добушту сатуу жана сатып алуу токтобойт.

*   *   *

Автордук мектеп – жаңы моделдеги Улуттук, гумандуу жана демократиялык мектеп. Ал үч модулдан турат:

1. Улуттук мектеп – бул кыргыз элинин улуттук салттуу тарбия маданиятын мектепте окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү ишинде колдонгон мектеп;

2. Гумандуу мектеп – бул кызматташтыктын, өнүгүүнүн, гумандаштыруунун жана балага инсан катары мамиле жасоонун мектеби;

3. Демократиялык мектеп – өзүн-өзү башкаруунун, өз алдынчалуулуктун, эркиндиктин жана ишенимдин мектеби.

*   *   *

Коллективизмге тарбиялоого маани бербегендиктен, эгоизм күч алды. Пейил бузулду. Өз кызыкчылыгын гана ойлогондор көбөйдү. Кылмыштуулук күн сайын өсүүдө. Коомдун, ата-эненин, жолдошторунун, башка адамдардын алдындагы жоопкерчиликти сезүү азайып бара жатат. Ошондуктан коллективизмге, биримдикке, ынтымакка жана жоопкерчиликке тарбиялоону колго алалы.

*   *   *

Эл башындагылардын ар бир сөзү, жасаган иши элге жүзүн, ички жан дүйнөсүн ачып көрсөтүүчү күзгү. Алар эл күзгүсүнөн өздөрүн көрө билип, жан дүйнөсүн жакшылык менен нурлантып туруусу зарыл.

*   *   *

Кыргызстандын эч нерсе теңдешсиз, эң ыйык, Кудай сүйүп белекке берген байлыгы – бул суу. Сууну сактоо – бул эгемен Кыргызстанды сактоо. Суу – биздин мамлекеттин кадыр-баркы, бедели, кенчи. Ошондуктан мөңгүлөрдү, суу сактагычтарды көздүн карегиндей сактоого тийишпиз. Суу балдарыбызга мураска калуучу эң кымбат баа жеткис байлыгыбыз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз