Мырзабек Чокотегин: Кыргыз жылкысы

  • 02.03.2022
  • 2773

Борбордук Азия аймагында өмүр кечирген байыркы бабаларыбыз б.з.ч. III миң жылдыктын ортосунда ааламда эң алгач жылкыны колго үйрөтүп, жашоо-тиричилигинде урунган калк болгон.

Бул жөнүндө бүт өмүрүн кыргыз тарыхына арнаган атактуу окумуштуу Анвар Байтур өз эмгегинде (Кыргыз тарыхынын лекциялары, I китеп. – Б., 1992, 16-бет) Ван Жылайдын ханзуча жазылган (Орто Азия тарыхы, 1980, 9–10-беттер) эмгегине таянып: «Энесай дарыясынын баш агымында жана Алтай тоолорунун этектеринде жашаган ата-бабаларыбыз дүйнө тарыхында жылкыны эң тунгуч ирет пайдаланган адамдардын бир бөлүгү болуп эсептелет, жылкыны колго үйрөтүү жана аны пайдалануу дүйнөнүн башка жерлеринде так ушул райондон тараган да, ал бүгүнкү күндөгү бардык окумуштуулар тарабынан бекитилген маселе» – деп белгилеген.

Ошентип, жылкынын колго үйрөтүлө башталышы Борбор Азиядан башталып, акырындап дүйнөнүн калган бөлүктөрүнө жайылган. Илимий эмгектерде Индияга б.з.ч. II миң жылдыктын ортолорунда «арийлер» деген ат менен белгилүү уруулар, Америкага б. з. XVI кылымында, Австралияга XVII кылымда жеткирилген деп белгиленет. Ошентип көп жылдар бою дүйнөнүн ар бөлүгүнө таралган жылкылардын азыркы учурда өз чөйрөлөрүнүн табигый шарттарына, жергиликтүү селекциялык иштерине карата 200дөн ашык тукумдары бар.

Кыргыз жылкысы өзгөчө өтө узакка басууда, чуркоодо бышыктыгы боюнча абалтадан бери эле дүйнөгө белгилүү. Биз өз чөйрөбүздөн эле аттарыбыздын күнүнө 200-250 чакырымдан басууларын четтен учуратабыз. Ал эми айрым кырдаалдардан, зарылчылыктардан мындан да көп аралыкты басуулары болгону бизди таң деле калтырбаса керек. Ошентсе да айрым бир окуяларды эсибизге салсак, анда: 1885-жылы Эсенгул элинен Шадыкан Токтомамат уулу күзүндө мыяр кызыл жоргосун минип, эртең менен Токмоктон чыгып, Боом менен жүрүп, Кубакылап Кочкорду басып, Жоон-Арыктан Долонду ашып, Нарынды басып, Шаркыратманы ашып, күн батаарда Ат-Башынын калаасына барган, б.а., 350–400 чакырым жерди күнүн баскан (Б.Солтоноев, Кызыл кыргыз тарыхы. 2-китеп,1993-ж.,185-бет).

XVII кылымдын аягына жакын калмак баскынчыларынан убактылуу Фергана өрөөнүнө жапырылган мезгилде жергиликтүү бир билермандын аркалык кыргыздардын бири менен байланышылган 1730–40-жылдардагы бир тарыхый окуяны төмөндөгүчө чагылдырат (Б.Солтоноевдин жогорудагы эле китебинин 142-бети боюнча): «…Наманган улугу Темир Маматкул уулун (сарыбагыш Үчүкенин небереси) чакырып алып, Илидеги Контажынын тулпарын ала качып келип берсең, сураганыңды беремин деген. Темир жалгыз келип, Желаргынын күн жагы Карача деген жылгага бекинип жатканда, улуу шашке ченде калың жылкы жапырылып оюн салып, алды Боролдойдун күн чыгыш жагынан чоң сууга кирип суу ичкенде, арты Коңурдун жонунда болгон. Ошол чакта Контажынын 12 миң жылкысы бар экен. Жылтырдан суу ичип, 300–400 чамалуу жылкыны баштап, жүнү жок жарканат сыяктуу териси бар бир кара сур ат ары-бери ойноп, ар чөптүн башын бир чалып, кулагын тикчийтип эки жакты карап элеңдеп турганын көрүп, айтылуу ат ошол экендигин баамдап, тулпар жат кишиден качпайт дечү эле деп, жүгөнүн курчанып жылга ылдый түшүп келип, тулпарга колун созгондо качпастан туруп берген. Мойнунан кучактай калып, жүгөнүн катып, ыргып минип, өз атын коштоп «чу» деп жүрүп кеткенинде, жылкычылар көрүп калып, артынан түшүп (12 калмак) кубалаган. Темир Кетмен-Төбөнүн суусунан сүздүрүп чыгып кеткенде, калмактар суудан кече албай калып калышкан. Экинчи күнү намаз багымдатка азан айтылып жатканда Наманган шаарына кирген. Намангандын улугу Темирге ыраазы болуп, эмне сурайсың, сураганыңды берейин дегенде, Темир: "Сарыбагыш деген элди жыйып бериңиз, жерибизге кетелик, - дегенде макул болуп, өз аймагындагы сарыбагыштарды жыйып берген» – деп баяндайт.

Мында кыргыз аты бир суткадай убакытта Кеминден Наманганга жете барганы көрүнүп турат. 1995-жылдын август айында «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата уюштурулган «Манас–1000» супер марафонунда дүйнөлүк коомчулукка кыргыз атынын бышыктыгы, күлүктүгү дагы бир ирет далилденди. Марафонго чектелген аттар жупталып, ар бир күнгө мерчемдеген 90 чакырымды жуп аттын бири 45 чакырымына, экинчиси калган 45 чакырымына чабылган. Ар бир эки күндүк чабылуудан кийин, бир күндүк тыныгуу болуп турган. Марафонго Казак Республикасынан үч, Кыргыз Республикасынын Нарын, Ысык-Көл областтарынан экиден, Чүй областынын Панфилов районунан, Жапон өлкөсүнөн бирден жуп аргымактар катышкан. Жердештерибиз тизгиндерин 31-июль күнү Түркмөн Республикасынын Аннау шаарынан эртең мененки саат 5те ракета атылып, старт берилгенде «Манас», «Манас» дешип ураан чакырышып коё беришкен. Бул марафонго Түркмөнстандын дүйнөгө атагы белгилүү ахалтеке, Өзбекстандан кадыр-барктуу карабайыр тукумундагы аргымактары жолдун алыстыгынан, чөлдөгү 50 градустун тегерегиндеги ысыктан кооптонулуп кошулган эмес. Болжолдонулгандай 31-августта кыргыз аттары Талас өрөөнүндөгү Кароол-Дөбөдөгү марага (маараке өтүп жаткан жерге) жеткен.

Кыргыз баатырлары кырк чоро күтүп, алардын ар бири акылдуу, бышык, күлүк аттардан күткөнү ар кимге эле маалым. Андай аттан Манас бабабызда Аккула, башкы чоросу Алмамбетте Сарала, Төштүктүн Чалкуйругу, Табылдынын Арчаторусу болуп улана берет. Чындыгында эле аттын жогорудагыдай сапаттары ар дайым жеңишти камсыздап келген. Тилекке каршы, Курманбек баатырдын өмүрү кайгылуу болуп калганын да билебиз. Аттардын дагы бир барк-баасы аш-тойлордо, салтанаттарда ойнолчу «ат оюндары» деп жалпыланып айтылган жөрөлгөлөрдө (ат чабыш, найза сайыш, көк бөрү, оодарыш, кыз куумай, тыйын эңмей, жебе атуу ж.б.) көрүнөт.

Андагы ийгиликтер атка, ат ээсине гана эмес, анын элинин, жеринин сыймыгы болуп эсептелген.

АТТЫ СЫНОО ЖАНА ТАПТОО

Кыргыздар жылкыны асыроо жана пайдалануу боюнча бир жагынан алганда эң байыркы элдигинен, дагы бир жагынан алганда көчмөндүүлүк жашоонун нукура үлгүсүн тартып, аны узакка кармангандыктанбы, айтор, мурун да, азыр да дүйнө элдеринин ичинен олуттуу айырмаланган эл. Ага анын тиричилиги, негизинен, тоолуу жерлер боюнча алыскы аралыктарга улам-улам көчүп-конуу менен коштолушу чоң өбөлгөлөрдү түзгөн. Албетте, мындайда өнүгүүнүн мыйзамченемдүүлүгүнө таянылганда жана ага басым коюлганда бай тажрыйбадан бай жетишкендиктердин жаралуусу турулуу иштен дечи. Демек, кыргыз ат сыноо, таптоо боюнча бирден бир айырмаланган эл. Буга көптөгөн окуяларды тартууга мүмкүнчүлүк болсо да, мезгилдери ар башка үч тарыхый окуяны келтирүүдөн соң, сөзүбүздү уласак.

Биринчи окуяда (Б.Солтоноев, Кызыл кыргыз тарыхы, II китеп. Б., 1993, 203–206-беттер) төмөндөгүчө чагылат: «...Байсал 1886-жылдын сентябрь айынын башында, ошол жылдын 5-мартында каза болгон атасы Байтик баатырга аш берүүгө кеңеш аякка үч жылкы, кырктай кой союп, бүткүл солто кыргызынын бай-манаптарын чакырат. Аш берүү бир ай мөөнөткө белгиленет. Ошол күндүн кечинде түн катырып бир топ жигиттерине Суусамыр жайлоосуна коё берилген айтылуу күлүк Керкашканы, экинчи топ жигиттерине бөлөкбай уругундагы Шергазы деген саяпкерди алып келүүнү буюрат. Жигиттер түнү бою жол жүрүшүп, эртесинде атты да, саяпкерди да алып келишет. Байсал атты көрүп, Шергазыга: «Баатырга (Байтикке) аш бермек болдум, бир айда ат чабылат, айбан да болсо атам менен атагы бирге чыккан мал эле, байлап, таптап чаап, баш байгени алып бересиң, эгерде бир айда кадимкидей чабар этине келтирбесең башың кул, малың талоон болот» – деп айтып, атты колуна тапшырат.

Шергазы үйүнө келип, бир күндө экиден тер алып таптоого киришет. Байсал ат чабууга эки күн калганда Шергазыга киши жиберип, аларды алдырат. Байсал аттын чөйчөгү бир аз гана жанганын көрүп: «Бул ат жарабай калыптыр, аш таралган соң сени менен кебим болсун», – деп басып кеткен. Көрсө, Шергазы саяпкер аттан бир күндө эки жолу тер алып, соңку кезинде камыштын шабырлуу кара суусуна жана көк бедеге агыта берип, ич майын калтырбастан сыртына тарттырып койгон экен. Шергазы оюнда атта бир кемчилдик бар экендигин сезген менен аны так биле албаган.

Байсал атты көргөндө Таластан келген Буурул аттуу саяпкер дагы көрүп, аттын бир гана жерде табы калыптыр, аны Шергазы билген эмес, эми менин атым чыгып, баш байгеге ээ болом деп ичинен кымыйган экен. Керкашка аттан үмүтүн үзгөн Байсал Таластан келген саяпкер Буурулду баштагыдан артык ардактап калат. Имиш-имиштерден бул саяпкердин таптаган атынын бир жериндеги айыбы болбогондо чыкмак экен дегенин Шергазы уга сала өзүнүн дагы жалгыз кообу ушул болгон үчүн билмекке конокторду тейлешүүгө деп бир боз бала жигитти жаман кийиндирип, калптан эле сөз укпас каңырыш кулак болгонсутуп, Керкашка тууралуу эмне айтса дароо айтып кел деп жумшаган. Бала жигит келип сөздөрүн укпамыш болуп, ылдый карап үйдөн чыкпай от жагып отура берген.

Буурулдун жанындагы жолдоштору Керкашка аттын айыбы кайсы жеринде экендигин өтүнүп сураганда, саяпкер: «Эми болбодуңар, эртең ат чабылат, жат киши болбосун, үйдүн айланасын карап келгиле… от жагуучунун го кулагы каңырыш, дүлөй экен, сөз укпайт» делген сактануусунан кийин мындай деген: «Кысталак Шергазы анык саяпкер экен, эч бир саяпкер бир айдын ичинде ыраңга семирген ат түгүл, бедеге байланган атты да тапка келтире албайт. Өңгөсүндө сиркедей да айып жок, аттын умасында азыноолак май калыптыр. Күлүктүгү менен келип, экинчи байгени алат» дегенде жолдоштору олтуруп, эми муну сиздин билүүңүздө кандайча кылса болот деп сураганда: «Күн чукул калды, эртең ат чабылат, ал майды кетирүүгө 3–4 күн керек», – деп сөзүн токтоткондо, от жаккан бала отун алып келүүгө эшикке чыгып кеткен болуп, ал кепти Шергазыга жеткирет. Муну уккан Шергазы: «Ээ, кудай, мени урганда ошону байкабай калган экенмин», – деп өз башын өзү муштап, чуркаган бойдон барып, Керкашканын умасын кармап бычак сыртына жакын май бар экенин билип отура калып, тура калып өкүрүп, өз сакалын өзү жулмалап бушаймаланып, бир аздан соң Керкашка атты коштоп, кара сууну көздөп жөнөгөн. Бара сала атты жылаңач кылып намаз бешимден намаз куптанга чийин кара сууга капталына чейин байлап коюп, титиреп жыгыларда чыгарып келип, көк бедеден орточо жедирип, катуу тердетип, анан таң ашырып койгон.

Эртең менен аттарды чубатарда: «Шергазы Керкашка атты берсин, сүрөөгө минет», – деп Байсал киши жиберсе: «Аш тараганча ат меники, андан кийин башым кул, малым талоон болорун билемин» – деп бербеген.

Чабылган аттар 350гө жетип, 25 атка байге чектелип, баш байгеге 100 төө, 1000 кой коюлат. Сүрөө Ак-Чий болгон. Аттар орто жолго келгенде Керкашка алтымыш аттын артында болгон. Илгери өтүп, камыштуу кара сууну башка аттар кечип өткөндө Керкашка аттап өткөн. Күзөкөнүн кысыгына келгенде, сүрөөгө 7–8 чакырым калганда 21 аттын артында болгон. Сүрөөгө төрт чакырым калганда башка аттардан жарым чакырым чыгып, тилин бир кез салып жиберип, оозунан кан аралаш ак көбүк аккан. Байгеге бир чакырымдан алыс чыгып барып, баш байгени алган».

Экинчи баянда (Төрөкан уулу Эсенкул, Сол канат кыргыз. 1995-ж., 38-бет): Жоого минишке ылайыктуу ат издештирип жүргөн кезинде, (кеп Эр Эшим жөнүндө –автор) саяк Шакир молдонун уулу Түгөл туугандарына нааразы болуп, Таластагы кайын журтуна көчүп келет. Анткени Түгөлдүн Жараш деген аялы Таластык саруунун кызы болот. Эшимге эже болуп катташып жүрүшкөн. Түгөл жылкысы тетири жайылган бай экен. Мунун жылкылары Калбанын сайына жапырт кирип суу ичкенде, суу соолуп жылкыдан ылдый акпай калчу экен.

Эр Эшим жанына бир саяпкер-сынчыны алып, Түгөлдүн жылкысынан минишке ат тандап келишке барат. Жылкынын четине барганда жылкы айдаган бир бала колу-буту узун салбырыңкы, кашаң кула быштыны минип жүргөнүн көрүшөт. Анда саяпкер-сынчы кула быштыны карап туруп: «Куугандан кутула турган, качканды кармай турган кайыптан бүткөн тулпар экен, ушул кула быштынын башын ажырат», – деп Эшимге карап айткан. Сынчынын бул сөзүн уккандан кийин Эр Эшим түз бастырып Түгөл байдын үйүнө келип түшөт. Меймандап жөнөтөрдө Түгөл бай Эшимдин алдына бир жакшы ат тартса: «Жезде бул ат өзүңүз минген ат экен, мага тээтиги шалпайган кула быштыны бериңиз», – дейт Эшим. «Тээтиги Шарпкуланыбы?» – деп Түгөл макул болот.

Саяпкер Шарпкуланы эки асый болгуча үстүнө киши кондурбай таптап, сөөгүн катырып, жилигин толтуруп, өз мүдөөсүнө толгондо Эр Эшимдин колуна тапшырат да, эми казатка жүгүрүүчү мезгилине жеткендигин айтат. Баяндалган бул окуя тарых дарегинде 1626-жылга туура келип, ал ат менен Эр Эшим баскынчы калмактарды көл башындагы Каркырадан ашыра кууган ишинде зор салымы болгондугу белгиленет. Ошондой эле зарылчылыкка карата бир дем менен күндөп-түндөп Каркырадан Таласка дейре жол жүрүлгөндүгү маалымдалат.

Үчүнчү баян. Толубай сынчы XIV кылымда жашаган экен. Ал жөнүндө айтылуу акын Алыкул Осмоновдун «Толубай сынчы» аттуу поэмасынын негизинде авторлор тобу (М.Саралаев, С.Мамбеткалиев, М.Букуев. Манастан калган оюндар. – Б.,1995-ж., 89–91-беттер) төмөндөгүлөрдү жазышкан: Анда илгерки өткөн заманда жашаган Азиз хан өзүнүн байлыгына, хандык дөөлөтүнө татыктуу, жоого чыкканда мингендей тулпар тандатат. Өзүнүн өлкөсүндө, хандыгында жашаган саяпкерлерге: «Кимде-ким мага ылайыктуу тулпар тандап бере алса, баалуу белек берем. Эгерде, ал тандаган тулпардын бир эле жеринен кемтик табылса, анда анын көзүн ойдуруп салам», – деп айткан экен. Поэмада ал окуя ирети менен төмөндөгүдөй сүрөттөлөт.

«Көл кечип, ашуу, жол жүрүүгө,
Кабыландай кайра тартпай жоо сүрүүгө.

Сынчылар сындан тайбай тулпар тапсын,
Намыска, кан сапарга мен минүүгө».

 

Бирок шарт боюнча «сынчынын тандаган тулпарынын бир жеринен кемчилдик табылса, анын көзүн оюп салам» дегендиктен жана Азиз хандын амиринен сүрдөшкөн саяпкерлер макул болушпайт.

Күндөрдүн биринде ит агытып, куш салып уудан келаткан Азиз хан Толубай сынчыны окчундан кезиктирет. Ал бир дөбөдө аттын куу башын кармап отурган болот. Хандын жиберген желдети: «Бул эмне баш, эмне сөөк?» – дегенде, «Бул куу баш Алпамыштын Чаар тулпарынын башы. Мындай күлүк жүз жылда бир эле жолу туулат», - деген экен.

Эртеси Азиз хан Толубай чалды,
Вазирден тез чакыртып жанына алды.
Астынан эсеп жеткис жылкы айдатып,
Ичинен тулпар тап деп кыйноо салды.

 

Жети күн бою эртеден-кечке Толубайдын алдынан аттарды тынымсыз айдап өткөрүп турушат. Бирок бир да тулпар ага жакпайт. Эң акырында бир кырчаңгы, өтө арык, жүдөгөн атты жетелеп келишет.

Кырчаңгы арык, ачка эшек кейпи,
Кыбырап Толубай ыргып тура калып:
«Падышам, анык тулпар ушул» – деди.
Азиз хан муну укканда калтырады,
«Арсыз чал шылдыңыңа жазаң бул»
– деп, сынчынын эки көзүн оюп салды.

Оюп салган көздөрүнүн жараты айыккан соң, сокур болгон Толубай Азиз хандан кырчаңгы болгон боз атты сурап алат.

Ошентип көп күн батты, көп таң атты...
Шылдырап бир калыпта суулар акты.
Көрсөтпөй эч адамга, жер түбүндө,
Толубай жаман бозду багып жатты.

 

Атты минип алып, кемпирин учкаштырып хандын сарайына бара жатышып, ууга чыккан Азиз ханга жолугушат. Ошондо Толубай Азиз ханга кайрылып муну айтат:

«Сынчы айтты: Амансыңбы Азиз «ханым»,
Биз минген өзүң көргөн боз жаманың.
Кош эми, жигитчилик арың болсо,
Бул тулпар сага ылайык, жетип алгын!»
Аз-аздан барган сайын ызы-чуулар,
Алыстап калып жатты куугунчулар.

Аркырап учкан боздун арышына,
Жер да тар, асман да тар, аалам да тар.

 

Акырында аты жинигип өлгөн Азиз хан кайтып келе жаткан Толубай сынчыга жалынып, чөлгө таштабай ала кет дегенде, кайтарган жообу мындай болгон:

Сынчы ата айтты сөзүн Азиз ханга:
«Жаман боз мен минген ат, таанып кара.

Падышам, сен баркына жете албадың,
Акыры ээн талаада сен «маскара».

(А.Осмонов, "Толубай сынчы" (поэма). – Ф., Мектеп, 1979, 15-бет.)

Эми негизги сөзүбүзгө өтүп, анда ат таптоонун көптөгөн машакаттуу эрежелеринин эң негизгилеринен Б.Солтоноевдин тарыхый маалыматына басым жасап, кеп козгосок.

Ат таптоо эки түрдүү болуп, ыраңга семирген атты таптоо жана колго семирген атты кайта таптоо делип бөлүнгөн. Ыраңга семирген атты таптоо, колго семирген атка караганда кыйыныраак болот. Илгери заманда чапкан атка жем бербестен боз от, бетегеге оттотуп, кээ чакта бээнин сүтүн берип мамыга көбүрөөк байлап коюп тапташкан.

Муну «куу мамы» деген. Атты чабар этине келди деген белгилери бир нече түрлүү болуп, биринчиси тери калбайт, экинчиси май калбайт, үчүнчүсү каны толук, арык болсо да эти, сыны, сөөгү семиз аттыкындай болгон, төртүнчүсү сууту абдан кандырылат. Этине абдан келген аттын белгиси өз мүнөзүнө жараша болуп, кээ бири чакчаңдап, кээ бири магдырап турат. Булардын баарына тийиштүү бир белги кандай сууса да, канчалык чөпкө тойсо да таң ашырылган. Чабар күнү суу ичпейт, чапкан аттын жинигип өлмөгү ачкалык, жаки семиздик, жаки тер калгандыктан болот. Бузулган күлүк атка үч түрлүү даба кылган. Биринчиси: кышында арык кезинде карга агыта берүү, экинчиси, арык кезинен эрте көктөмгө агытып семиртүү, үчүнчүсү, күкүрт, көбүнчө карандыз берүү. Жанын таштап чуркай турган аттардын соорусу былкылдап калбастан, жабышып калат. Чоң тер алганда барыш-келиши 25 чакырым болуп, кулактын учунан тер акса, ошончолук калың жабууда турса да, чу дегенде аягы буйдалбастан анда-мында бир тийип, жулунуп ала качат. Тер алганда ат кандай күүлүү болсо, эртеси байгеге салынганда да ошондой жүгүрөт.

Чыгаар аттын белгиси жүнү типтик, бузугу жок болсо сийдиги тунук болот. Колго семиртилип чабылган атты күзүндө көккө бир байлап, кайта кайтарат. Жеми көбүнчө арпа, таруу болуп, этинен ооп бара жатса буудай берет. Ат таптоодо ар бир атка ар түрдүү бир бирине төп да келген, төп да келбеген не бир ыкмаларды колдонуу болуп, ал ишин жакшы билген саяпкерчисине көп таандык болот. Ошентип, сынчылар жылкыны жаш кезинде, баралына келгенде жана сындан өтпөгөн, өнөрү белгисиз катардагы чобур аттардан да алардын багуусун, таптоосун жараштырса күлүк чыгарлыгын алдынала билишкен. Булар жылкыны көрүп туруп билген болсо, айрым айтылуу сынчылар күлүктүгүн үй ичинде отурганында сырттан угулган анын дабышынан да, алтургай талаада жаткан тезегинен да, бир кездеги куу сөөгүнөн да баамдашкан. Сыноочулар адам менен атты гана сынаган.

АТ ЧАБЫШ

Ат чабыш – кыргыз элинде, дегеле түрк элдеринде оюндардын эң барктуусу. Ат чабылуучу күн качан, каерден каерге чейин, байгеге коюлчу каражат, мүлктөр күн мурунтан кабарланат. Аламан байге эки түрдө болгон.

1. Күнүн чабылуучу ат чабыш (белгиленген аралыкка ошо эле күнү чабылат).

2. Коно чабылуучу ат чабыш (алыс аралыкка чабылуусунан коё берилүүчү жерине мурунку күнү жеткирилип, кийинки күнү коё берилет.)

Илгери аттар алыс аралыктарга чабылган. Тарыхый булактарда 40, 50, 60, ал тургай 100 чакырым жерге чабылгандар көп эле болгон. Аралыктын алыстыгы аз келгенсип суу өйдө чабылуучу. Чабылчу аттар күр бир эле коё берилип, алардын жалпы саны бир нече жүздөп да кеткен. Ат чабылууга жеңил болсун үчүн өспүрүмдөр тартылып, көпчүлүк учурларда ээр-токумсуз чабылган. Чабылуучу аттардын жашы үч жаштан кем болбогон. Аттар марага жакындаганда аларды сүрөө колдонулган. Айрым эпизоддордон келтирсек: мисалы, XIX кылымдын экинчи жарымында бугу элинин ичиндеги белек уруусунун билерманы Мураталынын ашына аттар Түп суусунун көлгө куйган чатынан Каркыра тоосуна чейин чабылып, саяк уруусунун чиркей уругунан Кенжебай дегендин Арчатору деген аты чыгат. Ат ээси байгеге коюлган 1000 жылкынын 100үн алып, калганын ошоердеги саяк, бугуларга бөлүп берген.

1910-жылы Жумгал саягынын манабы Түркмөн атасы Зарыпбекке аш берип, жүздөн ашык ат 50 чакырым аралыкка чабылып, 4 ат жинигип өлгөн. Нарында турган манап Калпа Келдибек уулунун Каракашка аты биринчи баш байгеге чыгып, ага төө баштаган тогуз жана 100 кой алган.

Айтылуу Шабдан 1912-жылдын 6-апрелинде Чоң-Кеминде каза болгон. Ага ошол жылдын 10-15-октябрлеринде ашы өткөрүлгөн. Аш Кичи-Кеминдин оозу, азыркы Үч-Урук кыштагында берилип, боз үйлөр Боролдойдун шилисине чейин конокторго 1500, тейлөөгө 1000 боз үй тигилип, 40 миң киши чакырылган. Аларга он миң кой, 200 жылкы союлган.

Кыргыз окумуштуусу С.Закировдун Ленинград шаарындагы географиялык коомдук архивинен алып жазган эмгегинен мисал келтирсек ("Кыргыз санжырасы". – Б.,1996,184–186-беттер): «...Албетте, аш оюндарынын ичинен, ат чабышка чоң көңүл бурулган. Биринчи күнү 10 верст (1 верст – 1200 м) жерге тай чабыш, эртеси да ошол эле аралыкка кунан чабыш, андан соңку күнү негиздүүдөн болгон ат чабыш уюшулат. Чабышта аттардын коё берилген жери Токмоктун үстүндөгү Толубайдын коргону, тосчу жери Боролдой болгон. Чабышка 172 ат тартылып, анын ичинде орус байларынын Англиядан атайын сатып алган таза кандуу күлүктөрүнөн экөөсү: Радкевичтин «Жакерия», Малышевдин «Лира» деген күлүктөрү кошулган. (Булардан сырткары ат чабышка атайын алынып келинген Лермонтовдун «Заза», Бычковдун «Джан» деген күлүктөрү жер алыстыгынан коркулуп кошулган эмес.) Аттар мурунку күнү айдалып, кийинки күнү сүрөөн койдурбастан саатка болжонуп коё берилген.

Баш байге 5 миң сом болуп, жалпы 25 атка байге коюлган. Мындагы байгелердин жалпысына 10 миң кой сатып алууга болмок. Биринчи болуп марага Бишкек уездиндеги талкан болуштугундагы Өтөгөн уулу Борончунун чаар аты (38 верст аралыкты (45 км 600 м) 1 саат жарым минутада) келген. Орустардын Жакериясы онунчу болуп, Чаар аттан төрт жарым минутадан кийин келген», – деп жазган. (Этнограф С.З.Димитрев отчётунда Жакерияны онунчу келди деп көрсөтсө, бул ашка баштан аяк катышкан тарыхчы Б.Солтоноев өз эмгегинде он экинчи болуп келгендигин көрсөтөт. Отчетто бир аз болсо да илгерилетүү максатында алдыраакка жылдырылып коюлса керек. Экинчи аты Лира андан кийинки коюу чаңдарда марага эптеп жетсе керек – автор).

Орус падышачылыгынын аттары байге алыштан сырткары негизги максаты – кыргыз аттарын өз аттарына салыштыруу менен, сапатка байкоо жүргүзүү эле. Андагы тапшырма алган топ падышачылыкка берген отчетунда кыргыз жылкылары кичирээк болгон менен жергиликтүү шартка ылайыктуу ой-тоодо, таштуу жерлерде да алыска чабууга жөндөмдүүлүгү, чыдамдуулугу, күлүктүгү менен айырмаланган жылкы экендигинен, булардын тукумун жоготпоо керектигин көрсөтүшүп жазган.

1952-жылга чейин ат чабыштарда айрым башаламандыктар учурап калуусуна карата, ошол жылы бирдиктүү тартип киргизилген.

Бүгүнкү күнгө колдонулуучу ат чабыш спортунун эң соңку эрежелери кандай? Ат чабышка 3 жаштан кем эмес жаштагы ат катышылып, ага атка көнүгүлгөн, чыйрак 12 жана андан өйдөңкү жаштагы балдар мингизилет. Чабылуучу аралык 2400дөн 2800 метрге жана айрым учурларда 30000 метрге чейин чектелиши мүмкүн. Ат чабуу түз же тегиз чөптүү жолдордо жана атайланган ат майдандарында жүргүзүлөт. Аттын тукумдары көңүлгө алынбайт. Аттарды чабуу бир нече жолу боло турган болсо, кезектешүү чучукулак боюнча аныкталат. Командалык түрдө чабылууда, андагы аттар командалары боюнча чабандестери бирдей үлгүдө кийиниш керек. Ар бирине чыканактарынын жогору жагына же тердиктин ээрдин арткы жагына жакын эки жагына тең номерлер коюлат. Жеңүүчүлөрдү аныктоо төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

1. Бардык катышуучулар марага келгени боюнча катар номерленип, ал орундары боюнча упай аныкталат.

2. Эгер бир нече жолу чабылуу болсо, анда келген убактылары боюнча орундары аныкталат.

3. Команда боюнча орун упайларынын саны же убактыларынын суммасынын эң азы боюнча эсептелинет.

ЖАМБЫ (КЫЙЫК) АТУУ

Ат үстүндө аткарылуучу улуттук оюндардын бири. Анда баш жагына 3–4 метр келген туура жыгач бекитилген 10-15 метр узундуктагы шыргый тикесинен орнотулат.Туура жыгачтын ар кай жеринде ар түрдүү чоңдуктагы бир же бир нече жамбы кыйыкка байланып илинет. Адатта атууга кыйын болсун үчүн, чоң жамбы эң ичке кыйыкка, кичине жамбы жазыраак кыйыкка байланат. Аларды мыкты мергендер 100 метр жерден атты бастырып же чаап баратып 50 метр калганда атышкан. Атактуу аш-тойлордо жамбы кулундун туягындай же койдун бөйрөгүндөй болгон үлгүдө алтындан же күмүштөн уютулат. Ал ошол кездеги бирден бир акча бирдиги болгон. Мөрөй жамбы илинген кыйыкты ким кыя атып түшүрсө, жамбыны ошол алган. Жамбы атуу башка элдик оюндар сыяктуу эле чоң майрам, той-аштарда өткөрүлгөн. Жамбы атууда алгачкы учурда жаа, анан милтелүү, кийин пистондуу мылтык колдонулган.

«Манас» эпосунда жамбы атууда 41 жипчеге (кылга) жамбы илинген. Анын 40кын 40 чоро, акыркысын Манас өзү атып түшүргөн. Шабыр айтылуу кызы Зулайкага күйөөлөп келген жигиттерге: «Кимде ким жамбыны атып түшүрсө – ошого кызымды берем», – деп шарт койгон экен. Бирок алардын бирөө да атып түшүрө албаптыр. Эң соңунда мергенден кеч кайткан Кожожаш атып түшүрүп, Зулайка менен баш кошуптур. Эпосто ал:

«Машадан түтүн булатты,
Кылдан ичке кыйыкты,
Кыйшайтып жерге кулатты» –
деп сүрөттөлөт. (А.Үсөнбаев, "Кожожаш". – Ф., 1979, 19-бет.)

Демек, жогорудагыларга таянганда жамбы атуу оюну мергендикке, жоокерликке машыгуу иретиндеги оюндардан болгон. Бул оюн азыр ойнолбой калды, бирок турмуштук тажрыйбаларда капыстан кабылган кайберендерди, айбанаттарды кууп бара жатып да, качып бара жатканда да атууда колдонулуп калышы мүмкүн.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз