Аркадий Гайдар: Абийир

  • 18.03.2022
  • 2192

Кичинекей окуя

Нина Карнаухова алгебрадан сабак даярдаган жок жана мектепке барбоону чечти. Бирок ал жумуш убагында шаарда китептер менен сүйлөшүп жүргөнүн тааныштары кокустан көрүп калбасын деп Нина токойго кирип кетти.

Бактын алдына таңкы тамак салынган баштыкты, бир канча китептерди койду. Ал кооз көпөлөктөрдү кубалап жөнөдү, дал ошондо маңдайында боорукер, көздөрү ишенимдүү караган кичинекей баланы көрдү.

Ал колундагы алфавит китебинин ичине салынган дептерин мыкчып кармап турганын Нина байкап калды. Дароо аны тамашага салгысы келди.

- Бактысыз, качкын! - деди каардуу. - Жап жаш туруп ата-энеңди алдап жүрөсүңбү?!

- Жок! - деди бала таң калып. - Мен сабакка бараткамын. Бирок бул жерден чоң ит көрдүм. Ал үргөндө коркуп адашып кеттим.

Нина кабагын түйдү. Бирок бул бала абдан күлкүлүү жана боорукер экен, ал баланын колунан жетелеп токойдон өткөрүп койду.

Нинанын китептери жана таңкы тамак ошол боюнча бактын алдында калды. Анткени баланын көзүнчө аларды алуудан Нина уялды.

Ит токойдон шимшилеп келип, китептерге тийген жок, бирок тамакты жеп койду.

Нина кайрылып келип, жерге олтуруп ыйлады. Жок! Уурдалган тамакка ал кайгырган жок. Бак үстүндө куштардын кубулжутуп сайраганын укту. Анын жүрөгүнө мээримдүүлүк, абийирдүүлүк орноду.

1940

Которгон Гүлдана СЕРМИХАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз