Кусейин Карасаев болбогондо Алыкулду да атып салышмакпы?

  • 20.03.2022
  • 2638

Бир күнү китеп текчедеги Хусейин Карасаевдин «Миң түркүн суроого миң түркүн жооп» китебин барактап калдым. Көзүмө «Алыкул сизди издеп Москвага эмне үчүн барды эле?» деген суроо урунду. Мага бул ким, кадимки эле акын Алыкулбу?– деген ой келди. Кызыгып, автордун берген жообун окуй баштадым.

Жооп: Алыкул кыргыз элинин чыгаан ойчул акыны, бул инсан менен менин тыгыз байланышым болгон эмес. Анткени ал кезде мен Москва, Ленинградда жүрдүм эле... Бир күнү Москвада Совнаркомдо иштеп атканымда астыңкы пропуска бере турган жерден:

- Сизге бир киши келди, кыргыз акыны Алыкул Осмонов деген... – деп телефон чалды.

Чыксам Алыкул: «Агай, жүрүңүзчү, сиз менен акылдаша турган сөз бар эле» – деп ээн көчөгө алып чыкты.

Бир тилке кагаз берди. Берияга жазган арызы экен. Мени карап, «Агай, бир күнү мени Бишкектеги ГПУнун бир кызматкери чакырып, өзү лейтенант экен, мени улутчулсуз деп күнөөлөп, күбө катары ырымды колума карматты. Ырымды окусам маданияттуу тамак ичпей, жалаң эт жей берип, бултуң-тултуң болуп калыпсың деп жазыпмын... “Жакшылап ойлон дагы, чакырам”, – деди. Эмне кыларымды билбей, заман башыма тегерене түштү. Берияга арыз жаздым, бергенден да корком. Акылдашар киши таппадым. Эки көздөн башканын баары жоо эмеспи. Лейтенанттан чыккандан үйүмө кирбей түз эле темир жолго барып, Москвага сизге жөнөдүм. Сиз менен гана акылдашкым келди, арызымды берейинби же жокпу?– деди.

Мен:

– Арызыңды бербе. Жыландын куйругун басып аласың. Дагы чакырамын деген тура. Чакырганда: “Урматтуу лейтенант, сиз көзүмдү ачтыңыз. Ырым дурус эмес экен. Эскерткениңизге чоң ыракмат”, – деп гана кой дедим. Кийин Алыкул: “Агай, сиз мени жакшы жолго салыпсыз, ал чакырды. Баягы сиз айткандай айтып кирдим эле, лейтенант күлүп: “Биз дагы тарбия иши менен ирешебиз, иштей бериңиз”, – деп койду.

Мына окурман, ошентип Хусейин Карасаев болбогондо Алыкул жыландын куйругун басып алмак.

Ошондо НКВД желдеттери аны кармап түрмөгө салмак, оорулуу экендигине карабай, башкалардай кылып токмоктомок, тиштерин кагып, күнөөсүн мойнуна алган кагазга кол койдурмак да, акыры атып салышмак. Анткени элим-жерим деген эр-азаматтардын ар бири ушундай кыйын жолду басып өтүшкөн. Болгону алардын Хусейин агайы болгон эмес, демек алар эч кимге кайрылып кеңеш сурай алган жок.

Балким Алыкулдай болуп бирөөлөрдөн кеңеш алганда, сеники туура, сеники чын деп баарына көз жумуп коюп, өз ата мекенине, өз элине ак кызмат кылуу максатына жетишпейт беле же өздөрүнүн чындыгына, тууралыгына ишенген эргулдар мындай келишүүчүлүккө барбайт беле деген ойго келдим. Ким билет, күйгөндөн айткан бир ооз сөз да... 

(Кыргыз Туусу, 2013-ж.)

Осмон СААЛАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз