Таластан чыккан Акбалбан

  • 22.03.2022
  • 2578

Далай кыргыздын мыктылары учурунда өз заманынын курмандыктары болуп кетишкен. Аты чыкканы бар, чыкпаганы бар. Биз буга чейин Кожомкул менен кармашкан Бөлтүрүк балбан жөнүндө жазган элек. Казак, өзүбек туугандардын оозун ачырган Бөлтүрүк балбан да түрмуштан жолу болбой жүрүп өтүп кеткенин айтканбыз. Бу жолу “Акбалбан” атка конгон Таластан чыккан Мамбет алп жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

Алымжан Мамбетов: “Нак Манастын тукуму эле...”

- Мен Мамбет балбандын небереси болом. Чоң атабыздын атасы Байташ анчалык деле чоң киши болбоптур. Апасы сөөк-саактуу, оор-олбурунан келген баатыр кебетеленген аял болгон экен. Жалгыз эле бала төрөптүр, чоң атабызды. Чоң атабыз ошентип апасын тарткан экен. Таластыктар балбанга Акбалбан деп ат коюшкан. Байдын баласы болгону үчүнбү, билбейм.

“Акбалбан жерде отурса туруп турган киши менен тең келген өтө албеттүү, бойлуу, алп адам эле” дешет. Аттан түшчү эмес экен. Кубакай, Арчатору аттуу өзүнө ылайык мыкты аттарын айтып жүрүшөт. Атасы Байташ бай болуп, баласынын атына көңүл бурган го, аттары кармаштарда ээсине жардам берген өтө күчтүү, күлүк эле дешет. Эр эңиш, көкбөрү сыяктуу ат оюндарында казак-кыргыздан дегеле эч кимди алдына салчу эмес экен.

Токтогулдан Кызылбаш деген бай той берет. Көк бөрүдөн торпоктой болгон серкени алып, марага таштабай кайра бир айланып келип, анан таштайт. Ошондо бай: “Жети бала бергиче мага сендей бир бала берсе эмне?” деп арман кылыптыр. Атам кийин Сүйүнбай Эралиев менен Токтогулга барып калып, өз кулагы менен угуптур...

Атам Ашымбек да бир топ чоң киши болгон. “Апабыз кичине болуп, биз дагы кичине болуп калганбыз. Казакка кеткен бир тууганым алп эле, нак Манастын тукуму эле”,- деп кейип калчу. Бу сүрөттө атам Ашымбек апасы менен түшкөн.

Мамбет чоң атабыздын эки аялы болгон. Бири биздин чоң апабыз, бири казактын кызы. Казактын кызы Мамбет чоң атабыздай өтө күчтүү, олбурлуу болуптур. Ал казак чоң апабыз бир кыз, бир эркек төрөп, экөө тең кичинесинде эле эл оозуна алынат. Чоң-чоң балдар болгон. Мамбет чоң атабыз өлгөндө Казакстанга кетишип, ошо боюнча дайынсыз. Атам ыраматылык аябай издеди. Табалбады. Отуруп-отуруп бир тууганын эстеп ыйлап калар эле...

Сагынбек Түлөжанов: “Казак туугандар балбаныбызды таап бергиле, тапканга жардам бергиле”

- Мен Үч-Эмчек айлынын тургуну болом. Жалпы уруубуз – кушчу. Анын ичинен Кайназар деп коёт, Сарымсадан тараган урпакпыз. Кангелди деген чоң атабыз уруу башкарган. Сарымсадан Акназар, Акназардан Бекназар, Осмон, Баял. Осмондон Бекташ, Бийташ, Байташ. Мамбет чоң ата Байташтын баласы. Эр жүрөк, балбан болгон.

Акназардын балдары бай жашашкан. Бир жерди ээлеп, эл бийлеп турган. Анын балдары да бардар болушкан. Мамбет чоң атабызды көз тийет деп корчолоп баккан экен Байташ бабабыз.

Мамбет чоң атабыз көкбөрү тартканда, додологон кишинин баары жабылып улак көтөрүп жүргөн колун төмөн түшүрө алчу эмес дешет. Такымга да кыспай колун өйдө көтөргөн боюнча атты чапчу экен.

Коргон-Таш деген жерде Жалгыз аттын кыясы деген жер бар. Казак-кыргыз көкбөрү тартып атышат. Бир убакта тыкыр жалтаңдуу жерге кептелип калышат. Төмөн карасаң баш айланган тик ылдый, жалтаңдуу зоо. Казактар кууп келатышат. Мамбет чоң атам ошондо эч ойлонбой эле жалтаңдан тик ылдый уруп түшүп кетет. Казактар “каяктан да келе калдык эле, шешең кыргыз өлдү” дешип кейишет. Бир убакта караса эле төмөнкү жайыкта улакты такымга кыскан боюнча сызып бараткан экен кайран киши...

Ошондо эки эл баягы жалтаңдуу зооканы “Жалгыз аттын кыясы” деп аташат...

Кожомкул менен кол алышып

1928-жылдарда Суусамырда чоң аш болот. Кожомкулга чыга турган киши табылбайт. Ошондо “Кожомкулга бир чыкса Таластын кушчу элинен Мамбет деген” чыгат дешет. Менин атам ошондо ондордогу бала экен, өзү айтып отурчу. Эл Байташка келип: “Балаңыз Мамбет Кожомкул менен кармашсын”, - дешет. Байташ бабабыз болбойт. Эл да кетпейт, макул деп коюңуз дешип. Баласынын сырын атасы жакшы билет да: “Мейли, балам анда ат менен эңишке чыксын”,- дейт. Эч кимге эңиштен, көкбөрүдөн алдырган эмес экен.

Кожомкул болсо: “Жок, аттан алдырып коём, жерден күч сынашабыз”, -дейт. Мамбет кырчылдаган жигит курагы дейт, Кожомкул андан улуу.

Ошентишип, бир чечимге келишип, суу талды мыкчый кармашат, экөө тең кургата мыкчышат.

Анан кийин кол алышат. Кожомкул Мамбеттин колун кармаганда тырмак астынан кан чыгып кетет. Мамбет Кожомкулдун колун көгөртө кармайт, салаалары тырышып катып, бир топко ачылбайт. Эл калыс да, “бириңди бириң мертинтип койбо”, - дешип кармашты токтотушат.

Дарыяны бөгөп калган талды чыгарганда

Байлар “кулак” делинип, сүргүнгө айдала баштайт. Мамбет чоң атабыздын аталары да куугунтукталып, өзү камалып кетет. Күнөөсү жок. Күнөөсү эле байдын баласы болгондугу. Бизде сарымса, сасыкпай деген уруу бар. Эки уруу анча-мынча пикир келишпей жаатташып, чабышып турушчу экен. Бир уруудан Жолдошбек бай, бир уруудан Мамбет бай бирге Таластын түрмөсүнө түшүшөт. Калба суусу кирип жаткан экен. Бир чоң тал агып келип, дайраны бөгөп калат. Суу түрмөнү каптай баштайт. Начальниктер бүт аракетин кылышат. Тартышат, тал ордунан былк этпейт. Суу талдын омкорулган тамырлары да топурак, ылай, огош бетер очоюп оор.

Начальник камактагыларга “ким талды чагарса бошотом” дейт. Мамбет чоң атабыз “мен чыгарам” – дейт. Кыл аркандын бир учун талдын дүмүрүнө байлап, бир учун мойнуна салат. Ага чейин мойнуна кемселин коёт аркан өтпөсүн деп. Тартылган арканды аласынан өткөрүп, төрт аяктап туруп бир булкканда тал ордунан козголот. Экинчи булкканда ылайга баткан суу тамыры жерден чыга түшөт. Үчүнчү булкканда жээкке чыгара тартып салат.

“Мени, анан айылдашым Жолдошбекти да чыгарасың”, - дейт. Убадасына туруп экөөнү тең чыгарат.

Ошондо Жолдошбек арман кылган экен. Экөөнөн тең оомат кетип жатыры да. Байлыгы, бийлиги, атак-даңкы жок баякыдай. Ал-күчтөн тайып баратышат тигинтип качып-бозуп. “Атаңгөрү, дүнүйө деген ушул беле? Кечээ күнкү бүгүн жок. Муну билгенде көрпенде болуп чабышпай, адамча жашамак экем”, - деген экен.

Ал кезде адвокат, мыкты юрист деген жок, эл да караңгы. Азыр ойлосом подпискага чыгарган окшойт. Түрмөгө, суракка кайра чакырса эле, эл качыра берген. “Кач-кач келатыры”,- деп эле. Анын үстүнө балбан киши ишенчээк,ак жүрөк болот экен да. Атасы да кайтыш болуп, ишенген кишиси жок, бошошкон окшойт ко, кач десе эле кача берген. Акыркы жолу: “Кырк солдат келатыры, кач”, - деп тоо тарапка качырышат. Атка минип алса эле ага эч ким жетчү эмес экен. Тегерек деген жер бар, жылкычылар менен ошол жерде жашайт. Качып-бозуп жүрүп жүрөк кан (кызыл жүгүрүк) тамыр оорусуна чалдыгып, арыктайт, алсырайт. Ошентип талаада өлөт. Өлгөндө кепин таба алышпайт. Мына кечээ күнкү байлык, атак деген деп билгендердин каңырыгы түтөйт. Ошол арык кезин да ат көтөрө албай койгондо, төөгө артып түшүрүшкөн экен тоодон. Кыргыздын бир балбаны ошентип совет өкмөтүнүн баш ал десе бөрк алган саясатынын курмандыгы болот. Отуз жаштан эми эле өткөндө каза болгон экен. Көмөлү деп сууга алышканда аркасында төрт эли жалын көрүшөт. “Тубаса кара кулак шер турбайбы” – деп кейишет. Ошон үчүн атасы элдин көзүнөн корчолоп турчу экен да...

Байташ, Бекташ аталар жаштар менен (Мамбет чоң аталар менен) ашуу ашып, бел ашып, казактын чоң-чоң аш-тойлоруна барышчу экен. Бир жолу дагы барышат, жаштар өздөрүнчө бөлүнүп отурат. Казактын дөөдөй балбаны Мамбет чоң атага тийишип, “бир козунун этин жей аласыңбы?”- дейт. “Жейм” дейт. Эзилип бышкан эттин сөөгүн эле калтырып, бир козуну жеп түгөтөт да, артынан бир чанач кымызды ичет. Акбалбан акыркы этке келгенде кусуп жиберет. Мамбет чоң атаны сууга салышканда үстү кадимкидей кылкылдап май болуп чыгат. Кийими тирелип чечилбейт, тилип алышат. Ошондо Байташ ата: “Жөн жүрбөйсүңбү, өнөрүңдү бу жакта да көрсөтпөй”, – деп катуу урушкан экен баласын.

Баатырды көрүп баа беришкенби, айтор, казактын балбан кызына үйлөнүп калат. Мамбет чоң ата каза болгондо казак чоң апабыздын агасы министрби, айтор, бир чоң жерде иштечү экен, карындашын эки баласы менен алдырып алат.

Кеткен балабыздын аты Ашырбек Мамбет уулу. Болжол менен 1921–1922-жылдары төрөлгөн. Луговой, Акыр-Төбө, Мерке тарапка кеткен. Издеп таппай жатабыз. Казак туугандар балбаныбызды таап бергиле. Тапканга жардам бергиле, укум-тукуму калгандыр. Бардыр. Бир жерде баатыр болуп, чемпион болуп жүрсө керек...

Мамбет чоң атабызды эл бекеринен качырган эмес. Бир карын майы, бир саан уйу барды деле кулак деп, жаман мамиле жасашат. Каяша кылса турган жерде атып салышкан. Ошондо Накай деген уруудан бир бандит чыгат. Тонун тетири кийип алып: “Накаваран настайчук” – деп өз элин өзү тонойт. Момун эл тоону көздөй качышат баягынын үнүн укканда. Тигил анан үйлөрдү тоногон. Эми ойлосом “Нука баран, пастой, тут” – деп айтчу экен аскерлер...

Сулайманкул Көкөев: “Биздин айылда не укмуш инсандар өткөн”

- Сасыкбай менен Сарымса кадимки Бүргө баатырдын ишенимдүү жигиттеринен болуп, Кокон ордосунун сарбаздарына каршы чыгышкан экен. Совет өкмөтү келип, байларды кулакка тартат. Нанаевдер Оренбург шаарына айдалып кеткен экен. Арал, Үч-Эмчектин байларынын баары жер ооду болушат. Мамбет балбандын атасы Байташ чоң ата, Бекташ чоң аталар малын элге таратып жиберип айдалбай калат.

Сүйүнбайдын атасы Эралыга жек-жаат экен да, атабыз аны айылга алып келет. Ал негизи боккара уруусунан, Кара-Сууда турушат. Сүймөнкул Чокморов да боккара. Чокмор ээр чаап, жүгөн өргөн өнөрлүү киши болгон. Ал да биздин айылга келген. 1858-жылы Чүйгө көчүшкөн.

Мамбет чоң атамдын Кубакай, Учар деген күлүгү болгон экен. Менин атам ошол күлүктөрдү сегиз жашында чааптыр. Акыр төбөдөн коё берчү экен күлүктөрдү. Кубакай биринчи келип, жылкы, уй, бир короо кой уткан экен атам. Ат жаныбар билет да, казактын туздуу суусун ичпей, Чөңөрдүн ар жагына келгенде гана суу ичишчү дейт. Учар атын да минген.

Кангелди атабыз Бүргө баатырдын кеңешчиси, оң колу болгон. Орозбай деген чоң молдо Үмөт молдо менен бирге камалган. Орозбай укмуштуудай сөзмөр, санжырачы, комузчу экен. Дин илими да күчтүү болуптур.

Атай жандуу илдет менен ооруп калат, ошону айыктырып алат демдин күчү менен. Аны дайыма атына учкаштырып, ээрчитип жүрчү экен. Атайдын чыгармачылыгына Орозбай молдонун чоң таасири бардыгын айтып жүрүшөт билгендер.

Сүйүнбайдын апасы Орозбайдын кызы болот. Атайды эле эмес, Сүйүнбайды да баккан экен ал киши. Кийин куугунтукталганда Эралыга бериптир. Сүйүнбайдын акындыгына да таятасынын таасири тийген дешет.

Биздин айылда не укмуш инсандар өткөн да! Согуш маалында эл кара тумоодон кырыла баштайт. Күнүнө алты, жети адам көмүлөт. Ошондо илимдүү адамдар таң аткыча Аллалап зикир чалышат, эртеси өлүм кан буугандай токтойт... Ошондой инсандардын бири биздин Мамбет балбан чоң атабыз. Аны жазган, чыгарган киши жок...

Динара Бейшеналиева, Талас району, Үч-Эмчек айылы, 2022-жыл, 18-февраль

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз