Динара Бейшеналиева: Эки жүз жыл көрүшпөгөн, эсен  жүргөн тууганым

  • 15.12.2020
  • 4142

Мага Таластан «Кытайдан туугандар келатыры. Тез кел”- деп телефон чалышты. Келдик. Арадан эки кылымдан ашуун убакыт өтсө да жүрөктөр бир туугандыкты кабылдап көөдөн тиреп, элеп-желеп. Акылдан алдыда жүргөн касиети да  дал ушул окшоду.

 Кытайдан келген туугандар он чакты.  Биз өзүбүз бир айылбыз. Бишкек, тияк-бияктан келип алгандарыбыз андан көп. Кытайдан келген туугандар сөзгө конок берип, тыңшай билишет экен. Жа-ай. Көзүбүздү тиктеп, көңүлүбүздү окушат. Биз бири-бизден бирибиз өтүп бакылдап-шакылдап, бир шумдукпуз.

(Ушу жерде көңүлүм бир “тыз” этти. Эгемендүү өз элиң, өз жериң болсо үнүң ушинетип катуу чыгат экен да. А бизге өзүнөн өзү келген эгемендүүлүгүбүздүн баркы жоктой. Айрымдарыбыз эгемендүүлүк - ээн баштык, эл мүлкүнө кол солуу деп түшүндүк. Жакшыларыбызды жарга түртүп, кургуйга кулап  бараткандайбыз. А биздин - энелердин тилеги балдарыбыз тынч, сак-саламат эл ичинде жашаса экен, Садыр Жапаровго окшогон уулдарыбыз эртеңки карыздан элди куткарышса экен, бала-чака  бөтөн элдин көзүн карап калбаса экен, эл башына келген уул так таалайынан, эл тагдырын жогору койсо экен деген тилек... Ушул тилек бизге уйку бербейт... Д.Б.)

Алар эки машине. Биз өзүбүз болсо узун бир кортежбиз. Таластын көчөсүнөн чубалып өтүп,  Манастын күмбөзүнө табындык. Таластын айтылуу ак кайың токоюна кайрылдык. Дарыя бойлой көк шиберге көлдөлөң,  шырдактар салынып, казандар асылып, самоорлор кайнап, алты бакандар асман керип,  эңиш-күрөш жүрүп, күү коштолуп, муза жаңырып жаткан экен биз кайрылганда. Конокторубуз асман тиреген ак кайыңдарды, түрүлүп агып жаткан туп-тунук  мөлтүр дарыяны тиктешти.

Сууга башын ийген сулуу тал мажүрүмдү, аяк алдындагы жайнаган гүл, жашыл майсаңды маңдай жарыла тиктешти.  “Ушундай жерден да киши өлөбү?”- деди бир байкем сууга жүзүн чайып. Көздөрүнө жаш кылгырды.  Ошол сөз ошол боюнча кулагымда жаңырып калды. Өз жериңдин баркына жетиш үчүн сөзсүз эле өзгө журтту көрүш керекпи?  “Колдо бар алтындын баркы жок” деген ушул да. Ошол алыстан келген туугандырымды тамшандырган дарыяларды бүгүн биз бөтөн журтка булгагыла деп берип койгонубузду не дейли? Суу жөн эле суу эмес. Ал – ден соолук, ал – өмүр, ыр, муза, акыл, бийиктик. “Ичкениң таза болсо акылың тунук болот” деген ата-бабалар. Булганган дарыядан ичкен кийинки муундан жети күн сууну ырдаган Жеңижок, дүйнө дүңгүрөткөн Айтматовдор чыгабы? Бүгүнкү алтын деп эртеңки муундун келечегин цианид менен кертип жатканыбызга не дейли?....

“Ушундай жерден да киши өлөбү?” деген сөз кулагыма жаңырат да турат...

*     *     *

Биздин Жетиген уруубуздун ичиндеги кичи уругубуздун аты – жаңы тууган. Эмне үчүн жаңы тууган аталганыбыздын себеби мындайча болгон экен. Биздин бабабыз Кудайназар  бийлиги бар, байлыгы бар эле деп бирөөнүн көзүн карабаган, чынчыл, өткүр киши болгон экен. Эр эңиш, эр сайыш, оодарыштарда алдыда жан салбаган балбандыгы бар эле дешет. Камчысынын өрүмүнө коргошун уютуп, өзөк салдырып алгандыгы үчүн “Камчы Кудайназар” деген  ылакап атка да конгон экен.

Кудайназар бабабыз (бизге алтынчы ата болот. Жетинчи атабыз Кыбал. –Д.Б) урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай, болуп-толуп, солкулдап турган жигит куракка келет. Ошондо өмүрүнө так калтырган чоң катачылык кетирет (Катасынын аягы жанагы  туугандар тигинтип дарыя бойлой өспөдүк деп армандап атышпайбы. – Д.Б).

Бабабыз жигит курагын тулпар ат минип туйлатып, кел-келин шонтип зуулатып турганда айылга бир кожо келип калат. Кожо келатыры, кожо келиптир, кожо келди деп эл дүрбөйт. Аккан суунун агымын тетири агызаары, “сүф” деген түкүрүгү  түк бекер кетпестиги  жөнүндө  аңыз кептер эбак тараган. Жакшылар отурган боз үйдү жандагандар андан көп, Кожого кол берсек дегендери мындан көп.

 Өзү Камчы Кудайназар болсо, сыртта калып калабы? Түз эле салам айтып кирип барды жакшылардын өргөөсүнө.  Бир аз демин баскан соң:

- Кожом, кожом сыр көрсөтчү, - дейт балбан билек жаш жигит селдеченге.

- Кой, тентек, - дейт тиги.

- Кожом, кожом, өз көзүм менен бир көрөйүн сыр көрсөтчү, - дейт балбан айтканынан кайтпай...

Чүңүрөйгөн абышка да каны кайнак жаш жигитти этибарга ала бербей:

- Кой тентек, - дейт көзүн сүзүп.  “Тентек” деген сөз казакча көк мээ деген сөз эмеспи. Ачуусу келе түшкөн жигит шарт ордунан туруп, өзөктүү камчысы менен молдону салып- салып жиберет. Кудай бетин салбасын, кыйкырык, ызы-чуу, кызыл жаян....

 Ошол ошо болуп, кожого колу тийди деген күнөө менен таш бараңга алынмак болот. Туугандары тымызын чогулат. Кудайназар “Колум менен кылганды мойнум менен тартам” дейт курчтугунан жазбай. “Антпе, балам. Бу  күндөр да  өтүп кетет. Башың аман болсо тууган элиңе кайра  кайтып келесиң”, - дешип ийге келтирип, түндөп эки ат менен качырып жиберишет. Атборой аалам тар болуп, өз тууган эл-жеринен безет ошентип. Кытайдын Какшаал деген жерине бат эле кирип барат.

Антип-минткиче арадан бир топ жыл өтөт. Өткөндөр унутулуп, жаңы заман баш бакканда туугандар издеп барышат. Үзөнгү-Кууштан агып түшкөн күмүштөй дарыя күркүрөп кирип жаткан мезгили экен. Кудайназар бабабыз суунун аркы жээгинде, туугандар берки жээгинде ат агызган дарыядан өтө алышпайт. Ошондо бир акылмандын тапкычтыгы менен баш кийимдерине кат жазып ороп агызышат.  “Амансыңбы? Барсыңбы? Биз сени алып кеткени келдик.” Жооп: “Аманмын, туугандарым.Силер менин эсимен чыкпадыңар, кагылайындар. Менден кетсе кечиргиле. Кыйынчылыктарды көрдүк. Жеңдик. Үйлөнгөм, жайлангам. Куттубай, Конокбай, Тезекбай деген уулдарым бар. Элиме кетсем дегенде эки көзүм төрт. Бирок азыр эмес. Момундай шартта бирөө-жарым набыт болуп кетпесин...” деген катты агыны катуу дарыядан кармап алып окушат. Ошол-ошол болуп, амандыгын билишип кайра кайтышат туугандар. Убакыт деген учкан куш экен да, дагы далай жылдар зуулайт ортодон.

Элиме барсам деп көксөп жүрүп Кудайназар бабабыз  оо дүйнө аттанат. Бул кабар ал кишинин Таласта калган кара чечекей бир тууганы Ниязга (Баса, Сүймөнкул Чокморов Нияздын тукуму болот экен. Ал агабыздын  талантын, адамгерчилигин, эркинин бекемдигин баалайм. Муну билип сүйүнүп калдым. Санжыра тууралуу  менин агайым  Бектур Исаков изилдеп, көп эмгек жазып жүрөт. – Д. Б.) жетет. Ал тууганын алып келмекке мыкты чыкма небереси Муратты жиберет. Тезекбай: «Мен үй-бүлөлүү болуп калдым» деп калып калат да, беркил экөө келет. Мурат Кетмен-Төбөгө жеткенде көз жуумп, алар ошол жерде кыштап калышат. Жазында жол ачылганда жаңы туугандарды Мураттын балдары көчүрүп келишет Таласка. “Баягы жаңы келген туугандар” деп кеп кылышат айылдагылдар. Ошентип отуруп алардын аты «жаңы тууган» аталып кеткен экен. Биздин уруунун аты жаңы тууган.

*     *     *

Санжыра деген жакшы нерсе тура, жети атабызды билдик биз дагы. Аталар жөнүндө сөз болгондо атын атай кетели, куту сүйүнсүн. Аталарыбыз бейиштик болсун... Кыбал, Кыбалдан Нияз, Кудайназар, Кудайназардан Куттубай, Куттубайдан Эшкулу, Эшкулудан Шаамырза, Шаамырзадан Бейшеналы, Бейшеналыдан Жакыпбек туулган экен. Азыр жаңы туугандар Таластын Арал айылында бир айыл эл болгон. Жаңы туугандын мыкты чыкма уулдары Эсенкул Бегалиев, Таалай Шаамырзаев, Дөөлөт Жусупбеков, Мыктаалы Осмонбековдор болушуп, атайын Кытайга Тезекбайдын балдарын издеп барышып, таппай келишкен мындан бир топ жыл мурун.  Айтылуу Жусуп Мамайдын үйүнө түшүшүп, тууган издегенин айтышкан.  

Ал киши алыстан келген кыргыздарын жакшы кабыл алып, жакшы сый көрсөтүптүр. Эки элдин ал-абалын сурашып, чер жазышып кайра кайта беришет. Ал жердин санжырачылары чогулушуп, уруу, урук сүрүштүрүп, “бул чөлкөмдө Кудайназар аттуу эки гана киши жашаган. Бири – черик, экинчиси – жетиген. Демек, жетигени силердин бабаңар” деп кабар айттырышат. Кабарды алар менен агаларым барып, туугандарды табышкан. Энди минтип өздөрү Кыргызстанга келип отурушканы.  Анда эмесе, сөз кытайлык туугандарымда.

Мукан Тезекбай тегин Назараалы уулу:

- Кыргызстандагы туугандарыбыз эки ирет Кытай тарапка барып, бирок издеп таба албай, изилдеп баккыла деп дарегин калтырып кеткен экен. Анан ал жердеги биздин санжырачыларыбыз, илимпоздорубуз уюшуп, Какшаалдын баш-аягына чейин сүрүштүрүп, изилдешиптир.

Эки жыл келе албай жүрдүк. Быйыл өкмөткө сунуш кылып, биздин ушундай тууганыбыз бар эле, көрүшүп келсек десек «анда эмесе силер саякат менен деле барсаңар болот» деп туристтик виза боюнча келдик. Туугандар өтө жакшы маанай менен тосуп алышты. Ата-бабабыз өткөн көөнө конушка – Таластын Арал айылына алып барышты. Ал жерде чоң аталарыбыз бар экен. Көрүштүк. Мен эле эмес, чогуу келген туугандарыбыздын, досторубуздун баары ыраазы. Бизди жакшы маанайда тосуп алышып, аябай сыйлашты. Жүрөгүбүз бир башкача болду.

- Кызыл-Суунун кайсыл жеринде жашайсыз?

- Ак-Чий ооданынан. Жусуп Мамай чоң ата менен там кошунабыз. Эсенкул байкем экинчи ирет Кытайга барганда  Жусуп Мамай чоң ата менен дагы  көрүштүргөм. Жусуп Мамай чоң ата өтө даанышман жан да, агамдын башына ак  калпак кийгизип, үстүнө чапан жаап, жакшы сый көрсөткөн. Ал киши кайтыш болуп кеткени менен бала-бакырасы, тууган-туушкандары бар. Жусуп Мамай чоң ата Манастын сегиз урпагын айтты. Анын китептери бүтүн чыкты. Өкмөт «Манас» маданий мурас болгон үчүн өнүктүргүлө деп биздин маданиятыбызга өзгөчө көңүл бөлөт. Комуз үйрөтөт, улуттук бийлерди үйрөтөт, улуттук кийим кийгиле, каада-салтыңарды сактагыла дейт.

- Элдин турмуш-жайы кандай?

- Жуңгодо аз сандуу 53 улут барбыз, мамлекет баарына текши карайт. Балдарыбызды акысыз окутуп берет, дарыланышыбыз дыйкандан тартып кызматкерлергече баарыбыздыкы бекер. Үйү жокторго үй салып, малы жокторго мал, төмөн баада кредит берет. Аябай жакшы карап атат.

- Өзүңүз эмне иш кыласыз?

- Окутуучу болгомун. Андан кийин айыл башчысынын орун басары болуп иштеп жүрүп пенсияга чыктым. Окутуучу болгондон кийин калем кармап, балдарга сабак берип жүрдүм да. Менин окуган кесибим да адабият болчу. Кийинчерээк аста-аста жаза турган болуп калдым. Гезит-журналдарга чыккандары бар. «Тууган сыры» аттуу дастанымда Тезекбайдын тарыхын, туугандардын кайра табышканын келиштирип жазгамын...

*     *     *

Ошентип, туугандарым бизди окушаарын, тыңшашаарын айтышты. Чоң кыргызыбыз аман болсун, анан биз аман бололу деп тилек кылышат экен. Бул сөзү да көкүрөгүмдө калды. Жусуп  Мамай менен Айтматов каза болгондо “Күнүбүз кулады” деп ыйлашыптыр. Мукан агам ырларын араб тамгасы менен жазат экен, окуп берди. Элдик ыргакта куюлушкан, ошол эле учурда мааниси терең, уккулуктуу. Келгендердин көпчүлүгү акын, адабиятчы болуп чыкты. Кыргыз кай жерде туулса да ыр менен туулуп, ыр менен көз жумаары турулуу  да. Ыр окушуп, баарлаштык. Жашоолору жакшы экен, аны угуп сүйүндүк.

“Шайлообек акынды жанынан көрсөк”

Биздин ар жазганыбызды таап, окуп турушат экен. Кол тамга менен  китеп бердик. “Ушунча келдик Шайлообек Дүйшеев деген акынды жанынан көрүп кетсек” дешти. Макул, жолуктурам деп алдым. Деп алдым да өзүмчө чочуйм. “Колум бош эмес деп койсо ат арытып келген туугандардын астына шагым сынбас бекен?” Аларга билгизбей сыртка чыгып, акырын телефон чалсак, “Алып кел, күтүп турам” дебеспи. Аны укканда үнүбүз өктөм чыгып, “жүрө калгыла” деп калдым. Барсак, Шайлообек байкем “Азаттык” жайгашкан имараттын оозунда күтүп турган экен. Жакшы кабыл алды. Кол тамга менен ыр жыйнагын тапшырды. Туугандарымдын төбөлөрү көккө жетти.

Эл

Айылдык туугандарым «Бир кезде бизди өз жергебизге алып келген экенсиңер. Нияз бабабыз болбосо биз  Кытайда калып кетмек экенбиз» деп Нияздан тараган Коңур уруусунун аксакалдарын чакырып, сыйлашыптыр. Буга да сүйүндүк.

Ошондо Кудайназар бабабыз таш бараңга алынып кеткенде биз да бу жерде жазып отурбайт элек деп ойлоп, чочуп кетем. Көрсө, көз ачып-жумгуча эле бир кишиден бир айыл эл пайда болот тура. Тарыхка кылчайсак Үркүнгө окшогон үшүткөн күндөрдүн неченин көрдүк. Канча эл...

(Жүрөгүмдөгү айыкпас жараттын бири да ушул улуу үркүн... – Д.Б)

“Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таапаган”,- деп Ашым Жакыпбеков атабыз айтмакчы, ат үстүндө, кылыч мизинде жашапсың да, кыргызым..

Бар бол... Бар бол... Өмүрүң узак болсун, кыргызым.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз