Жылкычы Жапиев: Куба ит

  • 22.03.2022
  • 3880

АҢГЕМЕ

Себетте жаткан төрт күчүктүн сулуусу ушул болучу. Бүткөн бою, шыйрактарынан бери апапак. Калың жүнү тармалдашып, бир адеми көрүнөт. Көздөрүн ачканына эки-үч күн болгондой.

Жапыс олтургучтагы кемпир себетин тизесине коюп, базардагы эл көп өткөн кайчылаш жолдун четинде отурган. Чоң кишилер күчүк саткан кемпирге анча деле көңүл бурушкан жок. Ата-энелерин ээрчип бараткан балдар күчүктөрдүн жанынан шыр өтө албай, токтой калып, имерилип карашат.

– Бас ылдам, мынча элдин арасынан адашып каласың, – деп энеси ары жактан күтүп калат. Кээ бири күчүктөрдөн көзүн албай, бир ордунда катып турган балдарын колунан жетелеп кетишет.

– Сонун күчүктөр экен, – дейт бала сатып алгысы келип.

– Кийин, адегенде келген ишибизди бүтүрөлү, – дейт эне.

Кемпирдин өңү-түсү, үстү-башы түзүк. Мойнунда бриллиант шурусу, манжаларында төө көз алтын шакектери болбосо да, турушунан турмуштун запкысын көргөн түрү билинбейт. Ит керектегендерге беш-он сомго болсо да сатып жиберейин деген ой менен келгендей.

– Бул күчүктөрдүн тукуму эмне? – деп сурады тестиер баласын колунан жетелеген мурутчан жигит.

– Билбейм, жөн эле ит болуу керек, – деди кемпир тизесиндеги себетти суна берип.

– Жана эле айткам сага, булар жөнөкөй эле иттердин тукуму деп. – Атасы баласына нааразы үндө айтты.

– Мобунусу сонун экен, – деди бала атасынын колунан бошонуп, себеттеги жүнү апапак күчүктү көрсөттү.

– Тукуму жөнөкөй эле короочу ит болсо, аны эмне кылмак элек. Жакшы тукумдан болсо бир жөн. Аларды көп нерсеге үйрөтсө болот.

Атасынын айткандары баланын кулагынын сыртынан кетти. Апапак, татынакай күчүктөн көзү өтүп турду.

Кемпир баланын кызыгып, кете албай турганын билсе да унчукпады, ак да, көк да дебеди.

– Күчүктөрдүн ата-энелеринин тукумдарын такыр билбейсизби? – Жигит кемпирден тактап сурады.

– Билбейм. Такыр билбейм. Сиңдимдики. Сиңдим айылда турат, Орто-Сайда. Канчык ити күчүктөптүр. Ошонуку.

– Мен белгилүү тукумдан экен деп ойлогом. – Жигит кемпирге тигиле карады.

– Эмнеге калп айтып, алдамак элем. Айылда, үйүндөгү ит.

– Ал ити акылдуубу? Ээсинин айткандарын түшүнөбү? – Жигит кызыгып сурады оң жооп алса, иттердин тукумдары менен салыштырып көрөйүн деген ойдо.

– Кайдан билем, – деп кемпир жылмайып, ордунан обдулуп койду. – Чакырса келет, кууса кетет... Аны менен ким акыл калчашып көрүптүр... – Кемпир үнүн чыгарып күлдү.

Ал ортодо эки-үч адам күчүктөрдү карап токтой калышты.

– Кайсы тукумдагы күчүктөр экен? – деп сурады бири жигиттен.

– Ээси бул эже, жөн эле короочу ит дейт. – Жигит кемпирди көзү менен ишарат этти.

– Мынабусу аябай сулуу экен, – деди токтогондордун бири апакай күчүктү колуна алып, кайра ордуна койду.

– Ооба, сулуу, – деди кемпир. – Беркилери деле андан калышпайт.

– Тукумун билсем унчукпай эле алат элем, – деди ошол сураган киши.

Кемпир унчуккан жок күчүктөрүн сылап. Тигилер жолун улады.

– Ушуну алалычы. – Баласы атасынын колунан тартты шыбырап.

– Эже, бул күчүктөрүңүздүн баасы канча? Арзандатасызбы?

– Уулуңбу? – деп сурады кемпир ата-баланы алмак-салмак карап.

– Ооба.

– Бекер эле ала бер. Апакайын деп атасыңбы? – Кемпир себетти сунуп, баланы карады.

Баланын жүзү жайнап, сүйүнүп кетти. Башын ийкеди.

– Ал, алагой. – Кемпир баланын сүйүнгөн түрүн көрүп жылмайды. – Бала да... Булар да бала... – Күчүктөрүн сылады.

– Эмнеге бекер? – деди баланын атасы таң калган үн менен кемпирге.

– Жөн эле бекер. Сатканы келген эмесмин. – Кемпир апакай күчүктү алып, балага карматты.

Бала кубангандан Жердин тартылуу күчү болбогондо асманга учуп кетмек. Анын денеси жепжеңил болуп, бул карыган кемпир башында туруп, чоң базарда ары-бери агылган адамдардын бардыгы боорукер, ак ниет, кайрымдуу сезилди. Буерге атасын ээрчип келгенине сүйүндү.

– Бардыгы бекерби? – деп сурады жигит кайра тактап.

– Ооба, бекер. – Кемпир айтканынан кайтпады.

– Эмне үчүн андай? – Жигит дале ишенкиребей турду.

– Жакшы адамдардын колуна тийсе экен деп тилек кылгам. Жакшы бүлөгө туш келсе, менин да көңүлүм ток эмеспи.

– Эже, биздин салтта итти бекер албайт, кийин итче ырылдашып калбайлы деп жок дегенде ырымын берет, – деди жигит.

– Ыраазымын, жөн эле кой. Мынабу уулуңдун кубанып турганы эле жетишерлик мага.

– Жок, эже, андай болбойт, ырымын жасайлы. – Жигит чөнтөгүнөн акча алып, баласына сунду. – Ыракмат айтып, муну чоң энеңе бергин.

– Чоң эне, ыракмат. – Бала апакай күчүктү сол колуна алып, оң колундагы акчаны кемпирге берди.

– Сиз саткан жоксуз, бул күчүккө ырымы, – деп баланын атасы кемпирге актанды.

– Болуптур андай болсо, силерге да ыракмат. – Кемпир акчанын эсебин караган жок, жан чөнтөгүнө салып койду. – Бактылуу, таалайлуу бол садага, – деди баланы алкап.

– Сизге ыракмат. – Ата-бала ыраазылыгын жарыша айтышты.

Бул күчүктү ошентип чоң базардан алышкан.

*      *      *

Алар шаарды улай кеткен жаңы конушта жашайт. Жаңы конуш дегени менен аймакты ээлеген буерде бир кабат үйлөр аз, көбү эки кабат, үч кабаттуулары да бар. Жолдору асфалтталган, шарттары шаардагы көп батирлүү тамдардан кем эмес. Бак-шактуу. Көчөлөрү таза, түнкүсүн жарык. Шаардан чыкканда демейдеги элеттей эмес, шаар ичиндегидей сезилет. Буерде жашагандардын дээрлик бардыгы шаарда иштейт. Адат-салттары да шаардыктардай, майда ушак менен иштери болбойт. Ар кими күйпөлөктөп өз иштери менен алек.

Күчүктү ар кандай аташты. Бөрүбасар дешти, Жолборс дешти, Кумайык дешти... Бирок үй-бүлө кайра эле мурдагыдай көнгөн Ак күчүккө өтүп кетишет. Жарым жыл ичинде итапкан чоңойду, буттары узарып, жону дүңкүйдү. Кулагы шалпайбай, тик турду. Дагы чоңоё түшсө, иттердин кайсы тукуму экени айырмалана турган болуп калды. Немистердин овчаркасына окшоп баратты.

Бир күнү неберелерин көргөнү айылдан чоң атасы менен чоң энеси келди. Адеп дарбазадан киргенде Ак күчүк тосуп чыкты үрүп. Анын артынан эки небереси келди куушуп. Неберелери учурашып, өбүшүп көрүшкөндөн соң чоң ата:

– Бул итиңердин аты эмне? – деп сурады.

– Ак күчүк... Ак күчүк дейбиз, аты жок, – деди неберелердин улуусу.

– Түктүүлөрдү кыргыздар арам, адал деп экиге бөлөт. Ак деген Кудайдын атына уйкаш, ак деп адалдарды гана атайт.

– Күчүк ак болуп турбайбы, ак да... – Эмне дээр экен деп небере чоң атасын карап  калды.

– Итти ак дебейт, куба дейт. Ак деген ыйык сөз.

– Анда мындан кийин Куба деп атайлы. – Анан небере: – Куба, кел! – дегенде ит куйругун шыйпаңдатып, балага жетип келди. – Мунун аты чын эле Куба экен, чакырсам келди, – деди небере кубанып.

Ошондон баштап ал Куба аталды.

*      *      *

Арадан дагы жарым жыл өттү. Куба немис овчаркасы эмей эле жөнөкөй килейген короочу дөбөт болду. Башы, мойну, буттары, төшүнүн жүндөрү ак болгону менен жону күрөң тартты. Балдар менен бала болуп ойнойт, чоңдорго эркелейт.

Дайыр азыр бул үйдүн жалгыз баласы. Жашы онго барып калды. Кошуна үйлөрдүн бир кырдуу үч баласы өтө ынтымактуу, үчөө үч башка  класста окушса да, мектептери бир, чогуу барып келишет. Үчөө тең футбол дегенде жантыгынан жата калышат. Өзгөчө Дайыр. Ага атасы да кошумча, убагында ал аймактык футбол курама команданын мыкты оюнчусу, капитаны болгон.

Бир курдай үч бала Дайырдын короосунда аралыгы үч кадам эки ташты дарбаза деп белгилешип, топ тээп ойноп жатышкан. Куба бул жолу оюнга аралашпай, улам дыңылдап учуп келген чымын-чиркейлерди оозу менен «ап» этип айбат кылып коюп, чокчоюп олтурган. Балдар кезектешип «дарбазага» туруп, кимиси канча упай алганын, кимиси жеңип, кимиси жеңилип атканын эсептешип, оюндун кызуусуна киришкен.

Бул жолу Дайыр «дарбазага» турду. Аликен тепкен топту Дайыр тосуп алды. Дайырга бир упай жазылды, Аликендин тушуна нөл коюлду. Эмки топ тебүү кезеги Актандыкы. Анын тепкен тобун дарбазачы тосо албай калса, анда Актан эң көп упай топтогон болот, тосуп алса, биринчиликке Дайыр чыгат.

Актан топту белгиленген жерге коюп, күүлөнүп келип тепкенде топ көкөлөп барып, үйдүн дарбазасынан ашып, көчөгө чыгып кетти. Дайыр топтун артынан жүгүрдү. Куба артынан жөнөдү. Топ тоголонуп, чоң жолдун ортосуна жетип калыптыр, Дайыр артынан кууп баратты. Ошол кезде ары жактан зуулдап жүк тарткан чоң машине келип калды. Шопур машинанын тормозун тепти, машина «качыр-кучур, кыйч-куйч» этип,  ылдамдыгын дароо токтото албай асфалтка сүрүлүп келатты. Көз ачып-жумгуча бала тобу экөө машиненин алдына кирип баратты. Ошол көз ачып-жумгуча Куба секирип жетип, баланы өз денеси менен уруп, четке түртүп чыгарып, өзү машинанын алдында калды. Бала эмне болуп кеткенине түшүнгөн жок, жол жээгиндеги арыкка токтоп калган тобуна жеткенине сүйүндү. Ит арткы оң бутунан бир аз аксап, машинанын артынан чыга келди.

Эл заматта чогулуп калды, бирлери топ тепкен балдарды күнөөлөшсө, бирлери элдүү көчөдө  машинесин катуу айдап келаткан шопурду күнөөлөштү. Бардыгы Кубага  ыраазы болушту. Иттин акылына, баланы айныксыз өлүмдөн алып калганына таң беришти.

Ошол окуядан кийин газеталарга Кубанын сүрөтүн тартышып, макалалар жазылды. Теледен Кубанын үй ээлери менен маектери чыкты. Кубанын бул жоругунун арты менен үй-бүлөнүн аты далайга маалым болду. Баланын ата-энеси итке мурдагыдай болбой, сыйкор мамиле жасап калышты. Атүгүл чоң баага итти сатып алуучулар келишти. Бирок үй-бүлө итти өзүнүн салмагынан да көп алтынга алмашпай тургандарын айтышты.

Ошентип, арадан бир топ мезгил өттү. Кубанын эрдиги мурдагыдай дүң болбой, көпчүлүк элдин эсинен чыгып кетти. «Дейт, имиш» деген түшүнүктөр кошулуп айтылып калды. Айрымдар аны уламыш катары кабыл алды.

Ал ортодо үй-бүлө дагы бир балалуу болду. Короосуна тоо арчадан, көк балаты, жапалак карагай, ак кайың, мажрүм талдын көчөттөрүн олтургузушту. Дарбазадан үйгө кеткен кооз таштар төшөлгөн бир аяк жолдун эки тарабына түркүн гүлдөрдү себишти. Ит ары-бери жүгүрүп, гүлдөрдү аралап, жаш көчөттөрдүн бутактарын сындыргандан кийин аны бош коё бербей, байлап калышты.

Мурда чоң короонун ичинде ээн-эркин бош жүргөн Куба казыктан чыкпай, калың тактайдан жасалып, ичине саман төшөлүп мамыкталган үйлүү болду. Түнкүсүн короонун баш-аягына жеткен жүгүртмөгө эки кулачтай чынжырга байланат. Ошентип күнү-түнү байлоодо. Адегенде мындай бойлоого көнө албай каңшылап жүрдү, кийин моюн сунуп калды. Жаш көчөттөр менен гүлдөр болбогондо Куба мурдагысындай эле ээн-эркин жүрө бермек. Үй-бүлө мүчөлөрү да айла жоктон ушундай абалга туш келгендерин айтып жүрүштү.

Күнү-түнү эркин басып, эркелеп көнгөн ит ойногусу келет. Тамак алып келишкенде Куба тамакка жулунбай, үй ээлерине эркелейт шыйпаңдап. Көзү жалдырап, бош кезиндей жерге жата калып боору менен сойлоп, ооналактап баштайт. Бирок алыс кете албайт, темирден согулган чынжыр аны узатпай, булкуп токтотот. Ошо менен Куба тынчып калат. Кубанын тагдыры азыр темир чынжырга байланган.

Ийиндин сыртында кетип бараткан кумурсканы көргөндө оор чынжырын шалдырата сыртка атып чыгып, кумурсканын ар-бери жагына секирип өтүп ойноп, оозун ачып, тилин салаңдатып, кыбырап баскан тырмактай жандыкты оюнга чакырат. Өз оокаты менен алек кумурска Кубанын оюну менен иши жок, мындай зор нерседен качып жүрүп кутулуп кеткени ага олжо. Иттин тагдыры чынжыр менен ченелип калганын ал өзү кайдан билсин, кумурскага жетпей калганда артынан карап туруп-туруп, анан артка кайтат.

Темир тордун чала жабылып калган эшигинен жем издеп чыгып кеткен тооктор кээде Кубанын ийинине кирип келишет. Анда да Куба чынжырын шалдыратып, жерге боору менен сойлоп, тооктор менен ойноп баштайт. Куба ойногусу келсе да, тооктор ит менен достошпойт, андан оолактап кетишет.

Бир жолу андай болгон жок. Үч-төрт тоок менен кызыл короз сыртка чыгып кетиптир. Короз тамак жеп жаткан иттин жанына келип, кукулуктап тоокторду чакырды. Бардыгы жабылып келип, Кубанын тамагына ортоктош болушту баштарын табакка салып. Ит тамагын кысканып, адегенде ырылдап айбат кылды. Тооктор «чымм» этип коюшпады. Анан ит эки-үч курдай арсылдап үрдү. Тооктор итаяктан баштарын тартышкан жок. Таттуу тамактан айрылгысы келбеди. Буга Кубанын жини келди. Арс эткенде адеп короздун мойну кыркылып, каны диркиреп агып, үч-төрт кадамча бырпырап барып жерге жыгылып, өлүп калды. Короздун абалы тоокторго таасир этпеди. Кукулукташып, итаяктан баштарын көтөрүшкөн жок. Алардын мындай кылыктары Кубага жакпады. Жини келгенде жырткычтык жаалы кармап, качып кеткен бир тооктон башкасынын моюндарын курч тиштери менен кырчып-кырчып салды. Чаар тоокту кубалап жетип, эки колу менен бырпырата басып алып, тиш салып жатканын мектептен кайткан Дайыр көрө калып, ажыратып алды. Коркуп калган чаар тоок кукулуктап туш келди качып жөнөдү.  Бала жүгүрүп үйгө кирип, атасына телефон чалды.

– Ит бошонуп кетиптирби? – Атасынын суроосу ушул болду.

– Жок, тооктор чыгып кетиптир. – Бала терезеден сырттагы байлануу итти карап койду.

Атасы тез эле келди. Тооктордун моюндары кырчылып, ар кайсы жерде өлүп жаткандары ага түшүнүксүз болду.  

– Иттердин кутурма оорусу башталыптыр. Гезиттен окудум, жугуштуу экен, – деди кошунасы.

Иттин ээси муну укканда сестене түштү. Илгери кутурган ити ээсин каап алып, андан үй бүлөсүнө бүт жугуп, бардыгы кутурма оорусуна кабылып, акыры өлүп жок болуптур деп укканы бар. Бирок кутурма оору үй-бүлөгө кандай жагдайда жукканы тууралуу кабары жок болучу.

– Ошо, кутурма жукса керек, – деди кошуна иттин ээсинин ою олку-солку болуп турганда. – Мал догдурга, ветврачка алып барып көрсөт, кокус... Абайла...

Үй ээси бул акылды туура көрдү. Итти чынжырдан бошотуп, каргысына жип байлады. Куба ээсине эркелеп, эки арткы шыйрагына тик тура калып, тилин салаңдатып жалмалады. Ээси иттин шилекейинен кутурмасы жукпасын деп боюн ала качат. Анан машинесине салып, мал догдурга барып көрсөтүп, кутурмасын дарылатканы алып жөнөдү.

Мал догдурдун лабораториясы шаардын наркы четине жакын жайгашыптыр. Кубаны машиненин арт жагына олтургузуп койду. Ал байлоодо калгыча машинеге далай түшкөн, ага жаңылык эмес, ары-бери зуулдап өткөн машинелерди терезеден жалт-жалт карап баратты. Булар узун көпүрөдөн имериле бергенде ошол зуулдаган машинелердин бири зуулдап келип, сүзүп алды. Эки машиненин тумшуктары бырбыя түштү. Арткы каалгасы ачылып кетип, Куба жол четине ыргыды. Заматта кызыл-көк оттору жаркылдап, кулак тундурган кыйкырык салып, тез жардам менен милиция жетип келди. Эстери оогон эки айдоочуну замбилге салышып, тез жардам отторун жаркылдатып, сиренасын кыйкыртып алып кетти. Сүзүшкөн машинелерди милиция эвакуаторго жүктөп, булар кетти.

Куба машинени ээрчип, бир топ жерге чейин барып, ээси жок болгон соң кайра артка кайтты. Машинелер сүзүшкөн жерге келип, көпкө турду жан-жагын карап. Бир кезде окшош машинени көрүп, артынан жүгүрдү, ал токтобой койгондо ээси эмес экенине түңүлүп, кайра кайтты. Аңгыча ээсин замбилге салып кеткендей тез жардамдын машинесин көргөндө ит куйругун булгалактатып, жандай жүгүрдү. Ээси анда да жок экен.

Ит ошерде ээсин күтүп, эки күн жатты. Жакын арадагы үй тургундардын анын эмнеге жатканын билгендер эртели-кеч тамак апкелип беришти. Куба адегенде бирин да жеген жок, эки күндөн кийин карды ачканда жей баштады. Анан имиш-имиштен угуп, телевидениенин кызматкерлери келип, ээсин күтүп жаткан итти көргөзүшүп, ал окуяны билгендер менен маек курушту. Итке тийбесеңер экен деп суранышты.

Ошондон кийин Кубаны көрөбүз дегендер көбөйдү. Ар ким ар кандай тамак апкелип беришет. Ит ээсиникине окшош машине көргөндө дагы эле коштой жүгүрүп барып, токтобогондон кийин илкий басып, ордуна келип жатып алат.

Күн жаап, суу өтмө катарынан өтсө да Кубанын үмүтү үзүлбөдү. Ээси кайсы бир машинеден түшө калчудай күтө берди. Анан үчүнчү аптанын аягында Куба жаткан жеринен көрүнбөй калды. Билгендер сураштырышты. Көрдүм деген киши болбоду. Бардыгы ээси ооруканадан чыгып, итин алып кетсе керек деп болжошту. Ээси табылса, жакшы болгон экен деп сүйүнүштү. Ошо бойдон иттин дайны билинбей калды. Ал адамдардын эсинен бат эле чыгып кетти. Кээ-кээде гана Куба жаткан жерден өтүп бараткан балдар ээсине чындап берилген итти эстеп, бири бирине айтып калышат. Ит үй ээсинин баласын жаш кезинде айныгыс өлүмдөн сактап калганын булар билчү эмес.

Куба жоголгондон көптөн кийин ошол балдар ойноп жүрүп, көпүрөнүн астынан  иттин өлүгүн көрүштү. Аны машине тебелеп кеткенден кийин ошоякка ыргытып жиберишиптир.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз