Сергей Есенин: Жанайымга кат

  • 25.03.2022
  • 2319

Эсиңизде,
Билесиз сиз бүт баарын:
Мен дубалга
Жакыныраак турганмын.
Туталанып бөлмө ченеп баскансыз
Ачууланып бирдемелер
Мага карап айткансыз.

Ошондогу сөздөрүңүз:
Ажырашып кетели!
Шай турмушуң
Кекиртекке жетерин -
Сиз да эми жумуш баштоо керегин.
Мага жазмыш -
Пастап кете берерим.

Жаным менин!
Сүйбөгөнсүз мени сиз.
Билбедиңиз аламанга берилип
Күлүк сымал жиниккеним,
Бир азамат чабендеси теминип.

Билбедиңиз,
Жай турмушум быт-чыт чыгып
Кочкул түтүн көз байлап.
Кайда кетип баратканым же билбей,
Калганымды жолум таппай карайлап.

Бетме бет келсең,
Беттер көрүнбөйт.
Албан иштер алыстан байкалат.
Тыптынч деңизиң кайнап жатканы -
Андагы кемең араң чайкалат.

Жер - кеме!
Бирок бирөө капыстан,
Жаңы турмуш, жаңы даңкына
Буруп кетти Жер-Кемени,
Бурганакка, шамаалына алкына.

Шол кемеде бурганактуу кимибиз,
Кулабадык, окшубадык, сөгүшпөй?!
Бек тургандар андай жерде саналуу,
Канын-жанын аман калган төгүшпөй.

Анда мен да,
Ач айкырык алдында,
Иштин көзүн билген адам катары,
Адамдардын кусундусун көрбөскө,
Кеме түпкө түшүп кеттим каратып.

Ал түпкүрүм -
Орустун шарапкана.
Ар кимдерди ойлонуп баш катырбай,
Түшүп кеттим түбүнө ыстакандын.
Алагүүгө берилип биротоло
Ташпиштерди мастыкта унуткардым!

Жаным менин!
Кыйнадым сизди,
Кусалык каптап турду
Чарчаңкы көзүңүздү:
Чатактан башым чыкпай,
Жиндеп жүрдүм, укпастан сөзүңүздү!

Билбедиңиз бирок сиз
Кымгуут дүлөй турмушта
Кыйналып жатканымды.
Акыл жетпей азаптанам -
Кай жазмышка батканымды…

.........................................................

Эми мына, жылдар өттү,
Мен бой жеттим.
Сезимдерим, ойлорум да башкача:
Ак дасторкон, шарабымды көтөрөм
Даңк жана дүңк башчыга!

Бүгүн эми,
Сезимдерге элжиреп тургандагым:
Эстедим чарчатып койгонумду.
Мына азыр
Учуп сизге баратканым,
Айтайын деп, ким элем,
Эми ким болгонумду!

Жаным менин!
Айткым келет сүйүнүп:
Жардан кулап кетпедим.
Азыр Кеңеш өкмөтүнө
Жан дилимен өткөмүн.

Азыр эми
Баштагыдан башкамын.
Сизди азыр мурдагыдай
Эч кыйнабай кетмекмин.
Эркиндиктин желеги деп
Жаркын эмгек ишине
Ла-Маншка да жетмекмин.

Кечириңиз...
Сиз да азыр башкасыз -
Жубайыңыз
Токтоо мүнөз жан экен.
Ташпиштерим сизге кызыксыз.
Өзүм дагы
Тыйынчалык жан экем.

Жылдызыңыз
Жолдогондой жашаңыз,
Жаңы саман уйпаласын,
Эстебеңиз мени.
Дайым эстеп, салам жолдойм:
Таанышыңыз

Сергей Есенин.

1924

Которгон Жаныбек ЖАНЫЗАК

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз