Аркадий Аверченко: Кымбатчылык, ысырапкорчулукка каршы күрөш

  • 30.03.2022
  • 3420

- Мен өзүмдү сизге тааныштырганыма сыймыктанам: алдыңызда турган кымбатчылыкка жана ысырапкорчулукка каршы күрөшүү үчүн жаңы ачылган Петроград лигасынын толук укуктуу мүчөсү.

- Чыныгы толук укуктуусузбу?

- Ооба, мырза.

- Чыныгы болгону жакшы. Суранам, отуруңуз...

- Кай жерге олтурам?

- Бул креслого.

- Бул жумшак отургучкабы? Эч качан. Бул менимче, элүү сом турса керек?

- 120.

- Жүз жыйырма?! О Кудай! Кандай гана чектен чыккан ысырапчылык! Мен принцип үчүн отурбайм... Мага бул жерде, терезеде ыңгайлуу...

- Менде кандай жумушуңуз бар эле?

- Мен сизге бир эле сөз айтайын деп келдим... Кыязы, Фурсиков мырза сиз болсоңуз керек?

– Ооба, Фурсиков менмин.

Бир эле сөз: акылыңызга келиңиз, Фурсиков мырза! Бизге кабар жетти, сиз байлыгыңызга чиренип, эч кандай акыл-эси жок эле акчаны туш келди чачып жатасыз... Мисалы, азыр эмненин үстүндө турасыз?

- Полдо.

- Жок, килемде! Ал эми килем перстердики, баасы беш жүз сом, а бул килемдин үстүнө дагы аюунун терисин салыптырсыз, менимче, аны эки жүз сомго да ала албайсың?

- 550 сом.

- Нервим күчтүү болгону үчүн гана эсим ооп жыгылган жокмун. О, Фурсиков мырза! Бул килем сизге керекпи? Жок, кереги жок. Аюу керекпи? Эч кереги жок. Бул эмне болгон бөлмө?

- Кабинет...

- Демек... А тигичи?

- Ал ашкана.

- Макул, айтыңызчы... Бул эки бөлмөнү бир бөлмөгө бириктирсе болбойбу? Анткени, баары бир сиз бир убакта эки нерсени кылбайсыз да – же түшкү тамак ичесиз, же окуйсуз. Анда эки бөлмөнүн эмне кереги бар? Бир эле бөлмөдө керек учурда тамактаныңыз, керек учурда иштеңиз, китеп окуңуз.

- Бирок менин жазуу үстөлүм бар...

- Анын эмне кереги бар? Тамак ичкен үстөлдү пайдаланыңыз... Кагаздарыңызды, документтериңизди макарон кутусуна салып койсоңуз болот. Макаронун жеңиз, иштеп болгон соң кагаздарыңызды бош кутуга катып алыңыз... Тиги сыя челекти караңызчы! Мынчалык чоң сыя челектин эмне кажети бар? Кайдагы бир бир бүркүт, коло жана мрамор!? Горчицанын бошогон кичинекей банкасы болсо жетмек. Горчицасын же да, банкасына сыя куюп коюңуз... А бул эмне бөлмө?

- Уктоочу бөлмө…

- Мына, мына! Кабинетиңизде чоң кенен эки диван турат, а сиз дагы уктоочу бөлмөнү баштайсыз. Кандай ысырапкерчилик?!..

"Бирок... менин аялым бар да..."

- Ооба, аялың болгону жакшы... Экөөң тигил кенен диванга чогуу жатып алсаңар болбойбу...

- Ага жатканга болбойт... Тукаба жабуусу эскирип калат.

- Эмнеге тукаба жабасыңар? Клеенка жаап койгула, акчаны ысырап кылбай. Андан көрө бул акча өлкөнүн аскерий муктаждыктарына берилсе жакшы болмок... О! Башка да бөлмө барбы?

- Ооба... Бул менин бир тууганымдын уктоочу бөлмөсү...

- Неге? Эмнеге? Кимге керек, уктоочу бөлмөнүн эмне зарылдыгы бар! Ошол эле кабинетке уктасаңар болот. Бир диванда аялың экөөң, экинчи диванда бир тууганың. Иниң чечингенде, аялың бир мүнөткө чыга турат, аялың чечингенде, иниң чыгат. Кудай-ай! Кааласаң баарын кылсаң болот да...

- Бирок... менин аялымдын таранып-жасанар үстөлү бар... аны бул жерге коёр жер жок...

- Кантип жер жок? Сиздин үстөлүңүздүн үстүнө койгула. Мындай чоң келесоо, буга окшогон күкүмдү көтөрө албай калмак беле... Анан эң ыңгайлуу болот: аялыңыз үстөлгө чыгып (сиз аны көтөрүп чыгарып коёсуз) боёнуп-жасанабы же чачын тарайбы, ал жерде эмне кылып олтурбасын, сен анын бутунун алдында олтуруп, иштей бересиң, ал эми бир тууганың үстөлдүн аркы четине отуруп, колбасасын жей алат.

- Жок, абдан ыңгайсыз... Аялым уктоочу бөлмөдөн түздөн-түз ваннага чыкканды жакшы көрөт...

- Оо, ырайымдуу Кудай! Сен кимсиң, Ротшильдсиңби, же эмне? Эмне үчүн сага өзүнчө ванна керек? Бул китеп текчесинин ордуна бир нерселер менен тосуп кооздомуш болуп, көшөгө тартып койсо жетиштүү... Бир аз коё туруңуз! А бул жердеги мрамор акмактын ордуна керосин мешин койсо болот... Ошондо ашкананын да кереги жок... Аялыңыз керосин мешине жумуртка кууруп берет, иниңиз котлет жасайт, өзүңүз картошка тазалайсыз! Ашкананын да, ашпозчунун да кереги жок... Анан бүт жыйнаган акчаңызды согуштун муктаждыктарына жумшаңыз... Азыр канча бөлмөң бар?

“А… алты…”

- Мына! А мен сизге азыр бир эле бөлмө жетиштүү экенин далилдеп жатам... Сиз тар деп ойлойсузбу? Эмне үчүн сизге эки китеп текчеси керек? Эмне, алардын баарын бир убакта окуйсузбу? Бир убакта бир китептен көп окубайсыз, туурабы? Мына! Китепканага каттал да, каалаган китептериңизди алып окуй бересиз. А буларды сатып, акчасын Кызыл Крестке бериңиз... Сизди карап туруп жүрөгүң канайт.

Бул кийип турганыңыз чыптамабы?

- Чыптама...

- Баасы 60 сомдон кем болбосо керек.

- 140 сом.

- Мына! Мунун кимге кереги бар?! Аялыңыз эски трикосунан өзү тигип бермек; бекем, жакшы, арзан да болмок. Тигил жакта илинип турган кемселиңизди көрдүм. Териден тигилген кемселди эмне кыласыз? Жазгы кийим менен деле кыштан чыкса болот, үшүп баратсаңыз, такси же трамвайга түшпөй, жөн эле көчө менен чуркай бериңиз. Убакытты, акчаны үнөмдөйсүз, жылыйсыз... Бул кемселиңизди сатып, противогаздарды тигүү үчүн акча бөлүү керек. Хм... ооба! Кечиресиз, мырза Фурсиков... Эмнеге ыйлап жатасыз?

- Оо, мырза, байлыкка, ысырапкорчулукка каршы күрөш үчүн Петроград лигасынын активдүү мүчөсү! Сиз ушунчалык жакшы сүйлөдүңүз, мени, менин аялымды жана бир тууганымды ушунчалык ынандырдыңыз, биз бардык жерде сиз айткан принциптер менен жашоону чечтик...

– Мм... Ооба, ооба... Абдан кубанычтуумун... хм!.. Абдан жакшы. Көз жашыңызды сүртүңүз. Баардыгы али алдыда... Кош болуңуз, Фурсиков мырза, кош болуңуз, айым. Бир тууганыңыз кайда?

- Ал бир жакка чуркап кетти эле... Келип калат. А, мына келди!

- Кош болуңуздар, мырзалар... Бул кире бериш бөлмөңүздөрбү? Эмнеге мынчалык чоң... Сырткы кийимдердин баарын кабинетке, мончонун жанына илип койсо болот ко... Үнөмдөлгөн каражатты башка муктаждыктарга жумшамаксыз... хм! Менин кемселим кайда?

- Мына.

- Бул меники эмес. Меникинин кундуз жакасы бар болчу, жаңы...

- Жок, сиздики. Эски, жакасы жок болгону жакшы. Жеңил, арзан, эгер үшүсөңүз чуркай берсеңиз болот...

- Менин кемселим кайда?

– Болгону ушул. Ыйлабаңыз. Ал эми сиздикин иним ломбардга 300 сомго күрөөгө коюп, акчаны Кызыл Крестке салып келди... Мына квитанция. Кечиресиз, мырза мүчө,  ысырапкорчулукка каршы күрөш тууралуу сиз ушунчалык жакшы сүйлөдүңүз, иниме айткандарыңыз ушунчалык катуу таасир берип, өзүн кармай албай калды... Баары жакшы... Кечиресиз, мырза!.. Квитанцияны алууну унутуп калбаңыз...

- Кетти окшойт... Таарынып калдыбы, түшүнбөй калдым... А таарынгандай эмне жөнү бар эле?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз