Грузин эл жомогу: Өнбөгөн доо

  • 31.03.2022
  • 3165

Кедей байдан карыз алат, бирок кайрый албайт. Колунда мыдыры жок кедей байкушту бай күндө коколочу болот. Эсине түшө калса эле карызын доолайт. Же кедей төлөй албасын айта албайт, же бай доолаганын койбойт. Мындан тажаган кедейдин аялы бир күнү бай келатканда күйөөсүн жашынтып коюп тосуп алат.

- Эй күйөөң кайда? – бай омуроолойт.

- Ал үйдө жок эле.

- Карызды берейин деген ою барбы?

- Дал ошол сиздин карыз боюнча базарга кеткен.

- Базарга барбай эле бере бербейби акчаны.

- Ал сиздин акчаны узакка кармаганынан уялып, карызыңызды жалаң пахта менен төлөмөй болду.

- Анда жакшы экен. Ошондо качан келишим керек пахтама?

- Бүгүн барып тикендин уругун сатып келсе, эртең жолдун боюна себет, ал эки-үч айда өсүп чыгат, анан алар жолдон өткөн кербенге жүктөлгөн пахтадан илип кала беришет, илип кала беришет. Акыры сиздин карыздан кутулгудай өлчөмгө жеткенде доолатпай эле жеткирип берет.

Муну укканда бай күлүп жиберет, анткен менен карызы эч качан өнбөсүн түшүнүп, экинчи доолабас болот. Ошентип амалдуу аял байдын кабак-кашын бүркөлтпөстөн күйөөсүн доочудан куткарат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз