Белорус эл жомогу: Алмашуу

  • 05.10.2021
  • 3381

Абышка-кемпир болуптур. Алардын жаман үйү анан жарым теше жери бар экен. Ушул аз жерди да иштетиш кыйын эле экөөнө. Эптеп акча чогултушуп, көлүк сатып алмай болушат. Көп аракеттен соң тилектери орундалып, базарга барган абышка жакшы бир ат сатып алат. Келатып орто жолдон уйчуга жолугат.

- Арыба абышка, каяктан келатасың? - сурайт уйчу.

- Базардан.

- Эмне сатып алдың?

- Ат.

- Атыңды өгүзгө алмашпайсыңбы?

- Мейли. Өгүз жерди жакшы айдайт эмеспи, - деп абышка атын өгүзгө алмашат. Келатса алдынан койчу чыгат.

- Арыба абышка, каяктан?

- Базардан.

- Эмне сатып алдың?

- Ат.

- Кана анан атың?

- Өгүзгө алмаштым.

- Өгүзүңдү койго алмашпайсыңбы?

- Мейли, алмашса алмашалы. Кой төлдөйт, өгүз туубайт, - деп өгүздү койго алмашып жиберет. Келатса алдынан үндүк кайтарган киши чыгат.

- Арыба абышка, каяктан келатасың?

- Базардан.

- Эмне сатып алдың?

- Ат.

- Кана атың?

- Өгүзгө алмаштым.

- А өгүзүң кана?

- Койго алмаштым.

- Коюңду үндүккө алмашпайсыңбы?

- Алмашайын, кой бирди эле тууйт, үндүк болсо көп жөжө чыгарат.

Абышка койду үндүккө алмашып жиберип жолун улайт. Бир кыштактан өтүп баратып көзөгүчтү ат кылып минип ойноп жүргөн балага жолугат.

- Арыба абышка, каяктан келатасың?

- Базардан.

- Эмне сатып алдың?

- Ат.

- Атың кайда?

- Өгүзгө алмаштым.

- Өгүзүң кана?

- Койго алмаштым.

- Кана коюң?

- Үндүккө алмаштым.

- Үндүгүңдү көзөгүчкө алмашпайсыңбы?

- Мейли, алмашса алмашалы. Көзөгүч жакшы оокат.

Ошентип абышка көзөгүчтү алып үйүнө келип кемпирине болгонун болгондой айтып берет. Муну укканда кемпир колунан көзөгүчүн жулуп алып сабайт. Ушундай жини менен сабайт дейсиң, көзөгүч да чыдабай сынып кетиптир.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз