Наталья Абрамцева: Жоготуу (жомок)

  • 01.06.2021
  • 2996

Чоң эне күзгүнүн алдына гүлдөрдү койду. Күзгү деген эмне экенин билбеген гүлдөр андан өздөрүн көрүп, абдан суктанышты, ушундай сулуу жандар бар экенине кубанышты. Мактоолорду жаадырып, ал тургай ийиле таазим этишти. Күзгүдөгү гүлдөр да ошондой эле кыймыл менен жооп беришти.

- Силер кимсиңер? – деп сурады кызыл гүл.

Жооп болгон жок.

- Кел, достошуп алалык, - деди ак гүл.

Дагы эле жооп болбогондо гүлдөр жакпай калдыкпы деп санааркай башташты. Гүлдөрдүн байоолугун байкаган күзгү өзүндөгү чагылуу сырын ачмай болуп:

- Бул татынакай гүлдөр силерсиңер. Менден чагылышып жатасыңар, - деп чагылуу кубулушун түшүндүрүп берди.

Гүлдөр өз сулуулугун билсе кубанат деп ойлогон эле күзгү. Бирок гүлдөр бул татынакай жандар жок экенин, алар жөн гана өздөрүнүн күзгүдөгү чагылышы экенин билгенде, абыдан капа болушту. Күзгү буга абдан таң калды.

Жанагы суктандырган жакшынакай жандар жок экенин, алар жөн гана чагылуудан пайда болгон сүрөт экенин билген гүлдөр мындай жоготууга кайгырышканын күзгү түшүнө алган жок.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз