Назым ХИКМЕТ: Үч жигит жөнүндө жомок

  • 17.01.2024
  • 3147

Менин уулума биринчи жомок

Балам, бар экен, жок экен, дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста, бир курактагы, бойлору да тең үч жигит жашаптыр. Дүйнөнүн үч жак четинде, бири биринен алыста жашаган жигиттер эч качан бири бирин көрбөптүр жана бири бири тууралуу угушпаптыр дагы.

Балам, дүйнөнүн үч жак четинде жашаган жигиттер бир жылда, бир күндө жана бир саатта туулган журтун калтырып, Өлбөстүктүн ташын издеп жөнөшөт.

Укканга караганда, алар Өлбөстүктүн ташы эчендеген тоолордун жана өрөөндөрдүн ары жагындагы кан толгон кудуктун ичинде болот. Бул эчендеген тоолордун жана өрөөндөрдүн ары жагындагы кан толгон кудукту табыш үчүн бири биринен алыста, дүйнөнүн үч четинде жашаган жигиттер үч башка жол менен чыгышат.

Биринчи жигит жолдо жүрүп, темир чарыгы бөздөй жукарды, темир асабасы жешилип, мажрүм талдын чыбыгындай ичкерди. Ал орто жолдо бир аз эс алып алайын деп отурду эле, чарчаган көздөрү жумулуп, уктап кетти.

Балам, биринчи жигит ойгонсо, баш жагында көздөрү сурмаланган, колдору хна менен боёлгон чырайлуу кыз турат.

- Эй, жигит. Сен кайда баратасың? - деп сурайт сулуу кыз.

- Өлбөстүктүн ташын издегени баратам, - деп жооп берет жигит.

- Өлбөстүктүн ташы эчендеген тоолордун жана өрөөндөрдүн ары жагында кандуу кудуктун ичинде,- деди сулуу кыз. - Ал жакка жеткенге сенин өмүрүң жетпейт. Бизге өмүр ченелип берилген. Ошого анын бардык лаззатын татып жашаганга умтулуп жашоо керек. Сен бал аарысың, мен гүлмүн. Менин жанымда калып, менин балымды ич.

Балам, биринчи жигит тагдырына башын ийип, орто жолдо калат.

Ал эми экинчи жигит эч токтобой жолун улантып бара жатты. Жолдо кокус уктап калбас үчүн денесин макиси менен тилип, туз сээп турду. Туз сепкен жери тим эле жанын сыздатып ооруткандыктан, ал эс алганды да унутту. Анын оозу кургап, тили таңдайына жабышып да калды.

Экинчи жигит ушунчалык катуу суусагандыктан, алды жагында Күнгө жалтылдап чагылышкан дарыяны көрүп, өзүн өзү токтото албай өзөндү көздөй жүгүрүп жөнөдү. Суу күн нуруна алтындай жалтылдап турду. Жигит алтын сууну бир ууртаганда эле жаны жыргап, денеси сергип калганын сезди жана башын көтөргөнгө чамасы келбей, сууну иче берди. Ал ушинтип жолдун үчтөн экисинде токтоду.

Ошентип, биринчи жигит жолдун жарымында калса, экинчи жигит - үчтөн экисинде калды. Үчүнчү жигит эч токтобостон баса берди. Ал канчалык чаңкаса да жолунда кездешкен шылдыр булактардан суу ичкен жок. Аябай чарчады, бирок көзү сурмаланган жана колдорун хна менен боёп алган сулуу кыздын алкымынан жыттап эс алган жок... Ал эч токтобостон баса берди... Ким бул жигиттей жолдо токтобой баса берсе, ал көздөгөн максатына жетет.

Балам, сен да ошол үчүнчү жигиттей болуп, эч чарчаганды ойлобой, чаңкаймын деп коркпой, көкүрөгүңдөгү ишенимиңди өчүрбөй, өз максатыңды көздөй баса бергин. Ким өз ишениминен тайбаса, ал көздөгөн максатына жетет.

Орусчадан оодарган Амирбек АЗАМ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз