Назым Хикмет: Мен сенден мурда өлүштү каалайм

  • 13.03.2021
  • 3405

Мен
сенден мурда өлүштү каалайм.
Кеткендин аркасынан келген
Кеткенди табат деп ойлойсуңбу?
Мен антип ойлобоймун.
Эң жакшысы – мени күйгүзүп,
бөлмөңдө мештин үстүнө коёрсуң,
ичине бир кумаранын.
Кумара айнек болсун,
тунук бир айнек болсун,
ичинен мен көрүнгөндөй...
Марттыгымды түшүнөсүң:
баш тарттым топурак болуштан,
баш тарттым гүл болуштан,
сенин жаныңда калыш үчүн.
Ошентип күл болом да
жашаймын жаныңда сенин.
Кийин сен өлгөнүңдө
кумарама келерсиң.
Ошентип бирге жашайбыз,
күлүмдүн ичинде күлүң,
анан бир жүдөө келин,
же бир кайырсыз небере
бизди ал жерден ыргытканга чейин...
Бирок биз
ошого чейин
ошончолук
аралашкандыктан
бир бирибизге,
ыргытылган таштандыда
бирге түшөт күлдөрүбүз.
Топуракка бирге айланабыз.
Анан бир күн бир жапайы гүл
топуракты жарып өсүп бүчүрлөнсө,
бутагында капылет
эки гүлү ачылат:
бири сен да,
бири мен.
Бирок мен
өлүмдү али ойлоно да элекмин.
Мен дагы бир уулдуу болом.
Жашоо ташып ичимден
кайнайт каным.
Жашайм дагы, дагы көп, дагы көп,
биргеликте сени менен.
Бирок мени коркуталбайт өлүм дагы,
Жактырбаймын бир гана
Жаназаны биздеги.
Балким мен өлгөнчө
Оңолот деп ойлоймун.
Бу түрмөдөн чыгам деп ойлойсуңбу бу күндөр?
Ичимдеги бир нерсе:
Балким дейт.

Мемедке акыркы катым
Бир жагынан желдеттер кирип арага,
бир жагынан ойнотту мени
жүрөгүм жаман.
Сени дагы бир жолу көрүшкө,
Насип болбоду Мемедим балам.

Билемин
Буудай башагы сымал өспүрүм болосуң.
Мен да ошондой элем,
күрөң, арык, узун,
көздөрүң  энеңдики сымал бакыраң,
кээде бир ажайып муңайым караш,
бешенеңе жарашып жаркыган.
Үнүң да мыкты  болор
меники шерменде эле...
Күйдүм  чогунан төгөсүң ырларыңдын,
сүйлөйсүң жараштырып,
мен да ал ишти жакшы билчү элем.
Жинденген  учурларда –
Бал тамчылар  тилиңден,
ээ Мемед, далай кыздар өтөт ко,
сенин колуңдан.

Чынында кыйын,
Атасыз өстүрүү бир эркек баланы,
Энеңди капалантпа,
мен күлдүрбөдүм аны,
эми сен күлдүргүн.

Энең,
жибек сымал күчтүү, жибек сымал жумшак,
Энең,
чоң энелигинде деле сулуу болот.
Аны алгач көргөн күндөй,
Босфордо,
он жетисинде –
Ай нурундай, күн нурундай, жан өрүгү,
Бир дүйнө сулуусу.

Энең менен
бир таңда ажыраштык,
Жолугабыз деп,
табышпадык.
Энең,
энелердин эң жакшы, акылдуусу,
Жүз жыл жашайт буюрса...

Өлүмдөн коркпоймун уулум,
Бирок кандай болсо да,
Иш ичинде кээде
капыстан чочуп,
уйкудан мурун
жан жалгыздыгында
Күндөрдү саноо бираз зор.

Жашоого тоюш кыйын, Мемед,
Тоюш кыйын...
Дүйнөгө конок  сымал келбей,
Эс алууга да келгендей келбей,
Жашагын атаңын үйүндө, төрүнө келген сымал...
Үрөөнгө, топуракка, деңизге ишен.
Баарынан мурун инсанга ишен.
Булутту, машинени, китепти сүй,
Адамды сүй баарынан мурда.
Кургаган талдын,
өчкөн жылдыздын,
оору малдын
тагдырын тыңша,
баарынан мурда адамдын.
Кубантсын сени ар жакшылык
Сүйүнтсүн сени жарык менен караңгы,
Сүйүнсүн сени төрт мезгил,
Баарынан мурун инсандык.

Мемед,
Мамлекеттер ичинде бир ширин мамлекет
Туркия,
Биздин мамлекет,
Инсаны да,
Суу кошулбаганы да,
Эмгекчил, оор басырык, жигиттиги
Бирок жеткен жакыр.

Мемет,
Мен тилимден, обондорумдан,
Тузумдан, нанымдан узакта,
Энеңе куса, сага куса,
Жолдошторума, калкыма куса өлөмүн,
Бирок сүргүндө эмес,
Мусаапырлыкта эмес,
Өлөмүн түштөрүмдүн мамлекетинде,
Аппак шаарында эң сонун күндөрүмдүн...

Мемет

Каршы жакта мамлекет
Үн саламын Варнадан
Угасыңбы сен мени
Мемет! Мемет!

Карадеңиз толкуйт турбай,
Кусалыгым кыйнайт туйлай,
Уулум сага үн саламын,
Угасыңбы сен мени?

Мемет! Мемет!

Аялдар
Аялдар,
биздин аялдарыбыз:
туурулган жана мээрман колдору,
Ичке, кичинекей ооздору, бакырайган көздөрү менен,
Энебиз, аялыбыз, жарыбыз,
жана эч жашабагансып өлгөн
жана дасторкондогу орду дагы
өгүзүбүздөн[1] кийин келген
жана тоолорго ала качылып түрмөгө түшкөнүбүз менен
жана эгинде, тамекиде, отунда же базардагы
жана сокого чейин кошулган
жана сакмалдарда
жерге сайылган бычактардын жалтырагында
ойноок, оор соорулары  менен  ышкырыктарына чейин  биздики болгон
аялдар,
биздин аялдарыбыз.

Жаңгак дарагы
Башым көбүк-көбүк булут, ичим, тышым деңиз,
Мен бир жаңгак дарагымын Гүлхане паркында,
Бутак-бутак,тал тал болуп жангак турат карыган,
Кайдан билдиң мунун баркын, же бир полис[2] баркында.

Мен бир жаңгак дарагымын Гүлхане паркында,
Бариктерим балыктардай суу ичинде туйлаган,
Бариктерим жибек шалы сыйгаланып турбаган,
Үзө бергин гүлүм менин, жашын аарчы көзүңдүн,
Жалбырактар колдорумдай,жүз миңдеген өзүмдүн.
Жүз миң колдоп кармайм сени, Истанбулга,
Жалбырактар көздөрүмдөй кадалышкан каректер,
Жүз миң көздөн карайм сени, Истанбулду,
Жүз миң жүрөк сымал согуп, титирешет бариктер.

Мен бир жаңгак дарагымын Гүлхане паркында,
Кайдан билдиң мунун баркын,же бир полис* баркында.

Керем окшоп
Аба коргошундай оор!
Бакыр
бакыр
бакыр
Бакырамын
Чуркагыла
Коргошун эриткенге чакырамын...
 

Ал айтат анан маган:
Сен бул үнүңдөн күл болосуң!
Керем окшоп
Күйүп жана...
«Дарт көп,
жана да
дарт жок»
Жүрөктөр кор
кулактар  кор...
Аба коргошундай оор...

Мен айтам ага:
Күл болоюн
Керем окшоп
күйүп жана.
Мен күйбөсөм
сен күйбөсөң
биз күйбөсөк,
анан ким
жарык чачат
карангылыкка...
 

Аба топурактай бооз.
Аба коргошундай оор.
Бакыр,
бакыр,
бакыр,
бакырамын.
Чуркагыла
коргошун
эриткенге
чакырамын.....         

Көгүлтүр көз дөө
Көгүлтүр көз бир дөө эле адам да,
Ашык болгон бир кичине аялга.
Ал аялдын кыялы бир үй эле,
бакчасында түркүн гүлдөр
ачылган.

Дөө болгон соң дөөчө сүйдү ал дагы.
Чоң иштерге ылайыктуу кол дагы
даярдалып турса дагы
үйдү куруп сала албайт
эшигин да чала албайт
бакчасында түркүн гүлдөр
ачылган ал үйдүн.

Көгүлтүр көз бир дөө эле адам да,
ашык болгон бир кичине аялга.
Кипкичине аял эле,
рахатка даяр эле,
дөөнүн дөөдөй жолдорунда чарчады.
Кош деп анан, байыраак
эргежелдин колдорунан кармады,
бакчасында түркүн гүлдөр
ачылган үйдө.

Көгүлтүр көз дөө эми гана түшүндү,
Дөөдөй болгон сүйүүлөргө мүрзө дагы болалбайт:
бакчасында түркүн гүлдөр
ачылган үй...

Кусалык
Деңизге кайткым келет!
Көгүлтүр күзгүсүндө көк деңиздин:
Бой таштап кулач уруп жаткым келет!
Деңизге кайткым келет!

Кемелер да өтөт кетет жарыктарга айдыңга!
Аппак ачык желкендерди[3] толтуралбас кайгың да.
Кемелерде бир күн болсо күзөтчүдөй калгын да.
Анан бир күн өлүм келет капысынан тагдырга;
Мен сууларга көмүлгөн бир жарык сымал
Деңизде өчкүм келет!
Деңизге кайткым келет!
Деңизге кайткым келет!

Мевлана
Шор басып маңдайды куларда бактым
Кубанып көңүлдөн кайгыны бастым
Сүйүүдөн жүрөктүн дарысын таптым
Мен да сенин муридиңмин[4] эй Мевлана!
Адепти тордогон зулумдук жеңдим
Жандүйнөм бийиктеп керемет көрдүм.
Жүрөктү тазалап бейпилге келдим.
Мен да сенин муридиңмин эй Мевлана!

Түрк тилинен которгон Толук Бек Байзак

[1] Өгүз тамаша ирээтинде эркектерге айтылган сөз.

[2] Полис – түрк полициясы.

[3] Желкен – парус.

[4] *Мурид – cуфий шейхтеринин окуучусу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз