Шелдон Оберман: Эс алгысы келген шамал

  • 18.11.2023
  • 3596

ЖОМОК

Борошо дүйнө кезип, эс алчу орун издеп жүрдү. Өмүр бою жердин чар тарабын калтырбай чапкылап жүрүп, чарчап бүтүп, карылыгы келген эле. Ал бийик калың дубалдуу  жана узун мунаралары  көккө умтулган шаарга келди. “Бул эс алганга ажайып жер турбайбы!” - деди да шаардын көчөлөрү менен зуулдап жөнөдү. Муздак манжаларын терезелердин бетинен жылбыштырып, айнектерге кооз оймо-чиймелерди түшүрүп баратты. Ал шамалдын армандуу ырын бийик жана жапыз  морулардын ичинде созолонтуп ырдады. Ал терең үшкүрүп алып, навайкана менен темир устанын дүкөнү ортосундагы жылуу жерге жайгашты.

Анан навайчы тандырына от жакты. Дубал жылый баштады. Терезе ачылып, сыртка ысык кургак абанын илеби урду. Навайчы: “Нан алгыла! Жаңы даярдалган балтокоч  жана майтокочтор да бар!” деп кыйкыра баштады.

Темир уста да мешине от жакты. Ал сүйрү темирди улам кызытып, дөөшүгө коюп алып, кайра-кайра  барсканы менен  ургулап, аттын такасын жасап атты. Баң! Баң! Тык-тык! Тык-тык!

“Шаар аябай ысык анан да ызы-чуусу көп турбайбы, -  деди борошо онтоп. - Бул мендей картайган шамал үчүн ылайыксыз орун экен." Ал шаардан чыгып, шалбаага келди. Шалбаада эмен дарактары катар-катар бойсунуп, тим эле жоо өтө алгыс коргондой зыңкыйышат. Борошо: “Ушул дарактарга оролуп алам дагы жер кезип, салпактап жүргөнүмдү токтотом“, - деп өзүнчө күбүрөндү да, желип барып дарактарга оролуп жатып калды.

“Эй, сен кимсиң? -  деп сурашты онтоп жөтөлгөн эмен дарактары. - Сен биздин кардан жасалган жууркандарыбызды үйлөп саласың. Биздин үстүбүздөн түш. Болбосо шактарыбыз тоңуп калат. Биз өлөбүз!“

“Дарактар, мени кечирип койгула, - деди кары шамал ышкырып. - Мага эс алганга орун керек.“

“Сага орун жок! Бул жерден кет! Көзүбөзгө көрүнбөй жогол!" - деп кыйкырышты эмен дарактары бутактарын кыйчылдатып.

Ошентип кары шамал тоону жолуктурганга чейин орун издеп тентип жүрдү. “Ушул жер мага керебет болот. Тынч, коопсуз экен," - деди  ал. Борошо тоонун чокусуна жайланды да эми эле көзү жумулуп уктай баштаганда, калдыраган үн угулду. “Сен ким болосуң? - деп сурады тоо андан. - Сен менин кычык-кучуктарымда эмне кылып жүрөсүң?" 

“Уктап жатам. Уктап! - деди борошо. – Мен картайган кышкы шамалмын. Менин сага зыяным тийбет".

“Жаз чукул калды, - деди тоо кыңгырынып. - Жамгыр менин жаракаларыма толот. Сен жамгырды музга айлантасың. Муз анан мени сындырат да, майдалап ташка айлантат. Мен ошондо шагыл болуп, ылдыйга эшилем.“

“Мага эс алгандай эле орун керек,“ - деди кары шамал терең үшкүрүп.

Тоо жаңырды: “Жогол!"

Шамал аябай арып чарчагандыктан анын азыр  асманга көтөрүлүп, аалам кезгендей алы жок болчу. Ошого ал кең атборойдун[1] жолуна түштү да,  илкий басып, ийри-буйру жолдор менен сапарын улантты. Шамга жуук саякатчылар токтоочу жол боюндагы конок үйүнө келди. Ачык турган эшиктин  босогосун аттап: “Балким, бул жерден мен үчүн бир бөлмө табылар", - деди ал өзүнө.

Ошо тушта коноктор жабыла кыйкырып киришти: “Имараттын ичинде жел согуп, суук боло баштады!“

Конок үйдүн эгеси кыйкырды: “Чык! Чыгып кет!“

Кары шамал коркуп кетти. Коноктор артынан кууганда ал    бирде тепкичтен өйдө көздөй, бирде ылдый карай качты. Ал тоңкочук аткан бойдон меймандар баарлашып сүйлөшчү бөлмөнү да, ашкананы да, пешайванды да бир сапырып өттү. Жел жортуп өткөн бөлмөлөрдүн баарында буюм-тайымдар ордунан куланып учуп, бирде көмкөрөсүнөн оодарылып, бирде томолонуп-жумаланып, бирде топтой секирип, бирде быркырап сынып атышты. Гүлдөр тигилген түпөктөр, күйүп турган май чырактар, шейшептер менен сүлгүлөр, кат жазчу кагаздар сапырылып, калемдер чачылып, баары туш-тушта башаламан  жатты. Кары шамал ачык терезени таап, сырттагы муздай суук абага суурулуп чыкканча, бардык адамдар бакырып-кыйкырып, муштарын кезеп, анын  артынан кууп жүрүштү.

“Эч ким мени ойлобойт! Aларга баары бир!“ - деп кыйкырды борошо. Ал капылеттен эле өзүнүн карыганын да, арыганын да унутту.  Дүйнөгө кыжыры кайнады. Ал дем алган сайын чоңоюп отуруп, эбегейсиз эңгезер бороонго айланды. Бороон талаалардагы карды асманга учурду. Асмандагы булуттурды ылдыйга сүрдү. Ачуусун конок үйүнөн жана дарактардан, тоолордон жана шаарлардан чыгарды.

“Эч ким мени ойлобойт! Aларга баары бир!“ - деп өкүрдү ал. Жааган кардан асман түнөрүп, көрүнбөй калды. Калың кар жерди көмүп, жолдор, дарыялар буулду. Жарык адегенде шаарларда, анан жол жээгиндеги конок үйлөрдө өчтү. Кар терезени көмүп, тамдын чатырына да жетти.   Дале кары шамал албууттанып токтободу.

  Соодагерлер, дыйкандар, эски сепилди күзөткөн жоокерлер, деңиздеги кемеде   жүргөн матростор шамалга кыйкырышты: “Эй, зулум шамал! Сен бизге каарыңды чыгарбашың керек. Ачууңду көрсөтпөшүң абзел. Бороон-чапкыныңды токтот!“

Шамал ого бетер кыжырданып, алардын сөздөрүн делбектетип учуруп кетти.

 Энелер шамалга кайрылып жалбарышты. “Күчтүү шамал! Улуу шамал! Эмне көргүлүк салганыңды карачы? Сен биздин үрөйүбүздү учуруп коркуттуң. Дене боюбузду тоңдурдуң. Токто, суранабыз!“

“Эч ким мени ойлобойт! Aларга баары бир!" - деди шамал тишин кычыратып.

 Кары шамалдын каарынан – дарактар ийилип, жер кучактап калганча көздөрүнөн муз жана жамгыр төгүп ыйлашты. Тоолор да кычырап, аскалардан жарака кетти. Таштар ордунан жылбышып, ылдый кулай баштады. Бороон күчөп турган чакта шамал алсыз үндү эшитти. “Бечара шамал. Шордуу шамал. Сага эмне болду?“

Шамал бул ким экенин көрөйүн деп, бороонду айдактаганын токтотту. Алдагы неме  дүйнөнүн алыскы-алыскы бир четиндеги дыйкандын үйүнүн жанында турган кыз экен.

“Мен карып-арып чарчаган шамалмын. Атым борошо, - деди ал оозун кыбыратып. - Мага болгону эс алганга орун керек!"

“Мен сага орун таап берем, - деди кыз. - Биздин үйдүн астында жертөлө бар. Ал жай караңгы, кургак, тынч. Бир кезде жертөлөдө биздин жашылча жемиштерибиз жана  отунубуз сакталчу. Бирок азыр пайдаланылбай турат. Борошо, сен ошол жерде эс ал. Каалашыңча жашай бер".

Кары шамал кызга: “Сен абдан боорукер экенсиң", - деди да жертөлөгө акырын жылып кирип кетти. Ал эми кайгысын да, ачуусун да биротоло унутту.

Кыш аяктап, жаз  да келди. Бир күнү таң эртеде борошо ойгонду. Ал кыз менен коштошту да асманга ийиктей чимирилип барып, көтөрүлүп кетти. Кыз кары шамал улам кичирейип отуруп, тоонун башынан ашып көрүнбөй калганча карап турду. Борошо ошол боюнча кайра эч көрүнбөдү. Бирок ал кызга белек калтырган эле. Ал кеткен күндөн тартып жертөлөдө жаңы гана жаагандай аппак  кар пайда болду. Ал кар кызга жана үй-бүлөсүнө жайдын ысык саратанында да салкын аба жана жакшы маанай тартуулап турат.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

Прага шаары


[1] Атборой – жер шары маанисинде ("Манастан").

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз