Линда Бут Свини: Шамалдын учуру

  • 17.01.2024
  • 5057

Башталган кезде бороону:
Морлордун чыгып обону.
Кайчылдап каалга, терезе
Карайбыз сыртты оболу.

Теле-экран чырт-чурт чертилип,
Үшкүрөт энем энтигип.
А биздин куунак көңүлдөр
Этек-жең, көйнөк желпинип!

Ордунан жылып араба,
Флюгер[1] – калак абада.
Коңгуроо зың-зың кагылып
Корголойт күчүк анада.

Дарактар бийлеп термелет,
Жөргөмүш желе тормолойт.
Калдаңдайт учуп жалбырак,
Калтырап чычкан корголойт.

Күчөнсө шамал жандана,
Эгинди чачып анда да...
Булуттар көктө жарышып,
Ойнойбуз а биз шаңдана.

Парустун парда канаты,
Кайыктар калкып баратыр.
Деңизде дөңгөч делбектейт,
Чардактар кайкып галаты[2]...

Суу толкуп, оонап челектер,
Сапырып чаңын кебектей
Упурайт коргон, сепилдер
Чымчыктар бейпай чегет бейм.

Шамалда көрнөк-жарнактар
шалкылдайт. А биз жалжактап
күлөбүз чырак термелсе,
көлкүлдөйт көлмө ар жакта.

Калпагың учса карматпайт,
Этек-жең андан далбактайт.
Шарф-жоолук, көйнөк-көчөктөр
Кермеде тигил балбактайт.  

Топ кетип барат жөрмөлөп.
Селкинчек ылдый-өйдөлөп.
Жыргаган эле биз болдук
Айланса шайтан дөңгөлөк.

Шамалда булут басканда,
Чагылган жанат асманда.
Жамгыр жаап көктөн көнөктөп,
Биздин көөн шаңду-шатманда!

Термелип бешик сабылат,
Каалгалар карс-курс жабылат.
Безилдейт кургур чоң энем,
Биз чымын-куюн дабырап.

Терезе кайч-куйч, шам жанат,
Кайра өчүп барып жанданат.
Бир күлсөк, бирде чочуйбуз,
Чатырда бара[3] айланат.

Денебиз желден чыйрыгат,
Сүлгүгө жылуу жыйрылат.
Көбүктөр каалгыйт абада
Кучактап кууйбуз; жай жылат.

Такта-пол онтоп кыймылга,
Энесин ыктап мыймыйлар.[4]
Мамыкта төшөк жып-жылуу
Биз жатып бадан[5] жыйрылган.

Ап-ачык, тунук асманда,
Түмөн түр жылдыз чачкандай.
Жер бети көшүп уйкуда.
А биз түш көрүп жатканда.

Англис тилинен которгон Амирбек АЗАМ уулу

Кыргызча ыргакка салган О`ШАКИР

[1] Флюгер – шамал багытын көрсөтүүчү бара.

[2] Галаты - кызыктай, укмуштай.

[3] Бара – флюгер.

[4] Мыймый – мышыктын балдары (.А.Алдашев).

[5] Бадан – дене, тулку (Х.Карасаев).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз