Илгери бир падыша жашаптыр. Ал ушунчалык жомок укканды жакшы көрчү экен дейсиң, тимеле жомоксуз жашай албачудай боло берчү дейт. Бирок күнүгө жомоктор айтыла берип, элде ал уга элек жомок калбайт. Зериккен падыша күндө бир жомокчуну чакыртып жомок айттырат. Бирок ал жомогун айтып баштаганда эле уккан жомогу болуп чыгат да, падыша жинденип, катуу кетпесе хансарайынан аны кубалап чыгат, каарданса башын алдырып салат.
Ушинтип жаңы жомок айта албаган эки-үч жомокчунун башы кеткенде, башка жомокчулар кайдадыр качып жоголушат. Ал эми падышанын жомок уккусу келген каалоосу басылбайт. Айкырыкты катуу салып, министрлерине жомокчу таап келүүнү же жаңы жомок айтып берүүнү талап кылат. Ак сарай ичи будуң-чаң түшүп министрлер ары-бери чуркап, өкүмдардын ачуусун басыш үчүн кызматкерлер эмне айла табышарын билбей алаңдап калышат. Бирок канчалык күйүгүшсө да жомокчу жок. Падыша болсо жер сабап жинденүүдө. Аңгыча асмандан издегендери жерден табылат. Табылмак тургай ак сарайга бир азамат өзү келип, жаңы жомок айтарын билдирет. Министрлер бул убадасы аткарылбаса башы кетерин эскертип, падышанын үстүнө киргизишет. Падыша кулак түрөт. Азамат жомогун баштайт:
- Бул окуя аябай эле илгери болгон. Анда сенин чоң атаң менен менин чоң атам чоң сарай курушкан, анын чоңдугу ушундай болгон дейсиң, тыйын чычкан бир башынан экинчи башына бир күн бою секирип жүрүп отуруп араң жетиптир, уктуң беле ушул тууралуу?
- Жок, уккан эмесмин, - дейт падыша.
- Укпаган болсоң анда тыйын чычкан сарайдын башына жеткиче күтүш керек, ага чейин сен укта, а мен кеттим, эртең келем, - деп азамат чыга жөнөйт. Падыша укпаганын мойнуна алган үчүн өкүнүп, унчукпастан кала берет.
Азамат кийинки күнү келет, министрлер аны падышага киргизишет. Ал жомогун баштайт:
- Ошентип сенин чоң атаң менен менин чоң атам чоң сарайын куруп бүтүп, ага камап бир чоң бука багышат. Ал ушундай чоң бука экен дейсиң, бир мүйүзүнүн учунан учкан чабалекей экинчи мүйүзүнүн учуна чейин бир күндө араң жетчү экен. Ушундай жомокту уктуң беле? – деп сураганда, падыша:
- Жок, уккан эмесмин, - деп кандай айтып жибергенин билбей калат.
- Укпаган болсоң анда чабалекей бир мүйүздөн экинчи мүйүзгө жеткиче күтүш керек. Ага чейин сен тынч укта, мен кеттим, эртең келем,- деп азамат жөнөп кетет, башын дагы аман алып калат.
Падыша болсо дагы алданганын билип бармагын тиштейт, бир колунун ачуусун экинчи колу менен басып, министрлерин чакырат.
- Бул томояк мени бүгүн да алдап кетти. Мунун шиши толду, эртең башын алышым керек. Ал үчүн эртең келип, жомогун айтып баштап “Муну уктуң беле?” деп сураганда баарыңар “Укканбыз!” деп жапырт жооп бергиле. Ошондон кийин анан мен аны көрөйүн, - дейт.
Таң атат, кеч кирет. Жомокчу ак сарайга келет. Падыша министрлери менен тосуп алат. Азамат жомогун баштайт:
- Ошентип сенин чоң атаң менен менин атам коңшулаш падышачылык кылып турганда, сенин чоң атаң менин чоң атамдан бир чоң челек толо алтын тыйын алган. Бул тууралуу уктуңар беле?
Министрлер падышанын буйругу боюнча жапырт жооп беришет:
- Укканбыз!
- Уккан болсоң падышам, карызды кайрый турган кез келди!
Эмне кылыш керек? Чоң атасы падыша башы менен карыз алып кайра кайрыбай койгону эмнеси! Букараларын кой, башка падышалар укса эмне дейт!
Айласы кеткен падыша азаматка бир челек алтын тыйын берүүгө туура келет. Ал эми биздин азамат ач көз эмес, ага бир кош ууч алтын тыйын жетиштүү болгондуктан, калган тыйындарды бей-бечараларга таратып бериптир. Падыша болсо ошондон кийин жомокчулардын башын алган жиндилигин койот, бирок жомок укканын токтотпойт, анткен менен укканы мурдагы жомок болсо да рахмат айтчу болот.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ