Марий эл жомогу: Жыландын тили

  • 19.01.2021
  • 2790

Бир жигит бармактайынан баштап кой кайтарат. Бир жолу жолунда баратып, жер алдына түшүп кетип, көз ачып жумганча жыландын ордосунда болуп калат. Бул учурда бүт жыландар сыртта болот. Бир гана жыландардын башчысы уюк түбүндө жаткан экен. Ал койчуга тийбейт, тек гана жанындагы чоң ташты жалап жата берет. Курсагы ачкан койчу да эки күн өткөндө алиги ташты жаласа, курсагы тоюп калат. Ошентип жер алдынан чыга албай бүт жайды өткөрөт.

Акыры күз келип, сыртта жүргөн жыландар бүт уюкка кайтып келе башташат. Алар да койчуга тийбей сыйкырлуу ташты жалап, өздөрүнчө сүйлөшкүчө бүт кышты жер алдында өткөрүшөт. Бул арада койчу жыландардын тилин үйрөнө баштап, жаз чыккыча так сүйлөй албаса да жакшы түшүнүп калат. Жаз келгенде жыландар сыртка чыга баштаганда койчу да жыландардын падышасынан коё берүүсүн суранат. Ал чыгаргысы келбейт, бирок  койчу жалынып суранганда боору ооруп боштондук берет. Бирок жаныбарлардын тилин билерин адамдарга билдирчү болсо өлөрүн айтат. Койчу макул болуп, жер үстүнө чыгып, баягы эле кой кайтармай кесибин аркалайт. Жыландардын тили менен бүт жаныбарлардыкы бирдей болгондуктан, айланадагы жандуу аттуунун сүйлөшкөндөрүн түшүнөт, бирок эч кимге сыр алдырбайт. Бир жолу чоң бактын түбүндө үргүлөп жатса, анын башына карга конуп каркылдайт:

- Ка-ка! Ко-койчу болбосоң коё кал! Ушул жерде жыйырма беш кой кайтарып жүрөт, бирок мобул бактын түбүндө чоң челек толо алтын тыйын катылганын билбейт!

Муну уккан койчу кечте койду короого камап, бактын түбүн казып, чоң челек толо алтынды таап, акырындан пайдаланып, жыргап куунап-жашап калат. Үй-жай күтөт, жер сатып алат, короо толо мал күткөн соң үйлөнөт. Бирок аялы бир жылга жетпей семирип, олчойгон чоң катын болуп чыга келгени аз келгенсип, мүнөзү жоош күйөөсүн башкарып да алат.

Бир күнү аялы экөө кош ат чегилген араба менен базарга жөнөшөт. Жолдо баратканда эки ат өз ара сүйлөшө башташат:

- Тартпайсыңбы эй! Сен арабаны сүйрөбөй жөн эле келатасың, - дейт бир ат.

- Артты карасаң, - дейт экинчиси. – Сен жакта былчыйган чоң катын отурат, мен жакта болсо чийдей арык эркек келатат. Ошон үчүн сага оор болуп жатат.

Муну укканда киши бышкырып жиберет: тимеле күлкүсүн тыя албай каткырат. Мындан улам аялы өзүн ыңгайсыз сезип, күйөөсүн уруша баштайт. Эркек күлкүсүн токтотсо да базарга барып келгенче кулак-мээсин жейт. Акыры киши үйдөн качып чыгып, короого кирип сүйлөнөтет: “Ээ, болгон чындыкты айтса айтайынчы, кантип эле өлүп калмак элем, жылан жөн эле айтып койсо керек!”

 Муну угуп турган ит ээсине шыйпаңдап, тияк-биягына чыгып эркелейт.

- Эй, эмне болуп атасың? Эмнеге жойпуланасың анча! –дейт аны көргөн короз.

- Эркелеп калайын, бүгүн сырын ачса эртең бул өлөт, - дейт ит кыңшылап. – Мени мындан кийин ким эркелетмек эле...

- Бир аялына алы жетпеген эркектин барынан жогу! Мына менин он эки аялым бар бирин да кыңк эттирбейм. Бул бир аялынын айынан өлгөнү калды, - деп короз өз тилинде коколоктоп каткырып, койколоктоп ары-бери басат. – Аялдын ажаандыгын ат айдаган шапалак  менен эле басса болот!

Муну укканда кишинин көзү чакчайып акылына келет, сырын ачса өлөрүнө көзү жетет, аялын байкабай эле башына чыгарып жибергенин билет, кабагына кошуп муштумун түйөт, шапалагын алып үйгө кирет, жаалданган аны көргөндө жүрөгү түшкөн аялы жалынып кирет, өзүнүн аша чаап кеткенин билет, айласыз күйөөсүнө башын иет.

Ошондон кийин экөө ынтымактуу жашап калышат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз