Англис эл жомогу: Мышык менен Тотукуш

  • 27.01.2021
  • 3440

Мышык менен тотукуш жакшы дос болуп, бири-бирине сый көрсөтө башташат. Биринчи болуп мышык тотукушту конокко чакырат. Жарым чыны күрүч, ушунча өлчөмдө сүт, шекер, жарым көмөч нан алып дасторкон жазат. Кечикпей келген тотукуш өп-чап тасмалга ыраазы болуп, өз колу менен  палоону ширин кылып басат. Мындан улам мышык мейманды сыйлагандын ордуна дасторконго үзүлүп түшүп, ашынын көбүн өзү жеп алат. Конокко барып ачка калса да, досуна ыраазы болгон тотукуш үйүнө эч кандай таарынычсыз кайтат.

Эми кезек тотукушка келет. Ал базардан отуз пуд ун, бир чака май, жарым челек шекер, чоң койдун санын алып келип, ичинде эти бар май токочту дасторконго үйүп салат. Мышык досу келгенде алардын экөөсүн өзүнө алып, калганын мейманына калтырат. Ал алдындагынын бүт баарын бир заматта мойсойт да, тойбой калганын айтып, үй ээсинен кошумча сурайт. Тотукуш өзүнүн эки токочун сунат. Аны да бир сугунуп, дагы тамшанып отурат. Тойбой калганын айтып дагы тамак сурайт. Үйүндө эч кандай ашы калбаган тотукуш уялып кетет да, эң сыйлуу тамагы катары өзүн сунуштайт. “Конок койдон жоош, эмне берсе жей берет” деген сөздү дүйнөдөгү эң туура сөз катары туу туткан мышык досунан эч нерсе калтырбай бир эле сугунуп алат.

Дагы эле курсагы кампайбаган мышык көчөгө чыга берип, бир кемпирге урунуп алат. Бул мастан бир топ эле ачуулуу белем, кыйкырыкты салат:

- Пыш! Пыш, көзү жок айбан! Мен азыр таш менен башыңды жарам!

Оолактай берген мышык ойлонот: “Мен дасторкон толо май токоч жедим, калган тамагын кошо майкандаганым аз келгенсип, коногун өнтөлөй күткөн досумдун өзүн кошо жуттум, ушул жоругумдан уялбаган жаным эми өзүмө ачуу тилин агыткан мастанды кайсагандан тартынамбы!” Ушинткен оюнан мурда обору ачылган ал кемпирди качырып сала берип, аны бир заматта кайсап-куйсап жутуп жиберет.

Дале болсо бош калгансыган курсагын чапкан ал жолуна түштү эле, алдынан эшекчен киши чыгып, айбарын шилтеп, айкырыкты салат:

- Эй чокчолой, кач алдымдан! Болбосо эшегимдин төрт туягы төбөңдү ойот!

Анын жолун ачып, четке оолактай берген мышык ойлонот: “Мен дасторкон толо май токоч жедим, калган тамагын кошо кайсаганым аз келгенсип, коногун өнтөлөй күткөн досумдун өзүн кошо жуттум, ушул жоругумдан уялбаган жаным өзүмө ачуу тилин агыткан мастанды мойсодум, дале тойбодум, эми мобул көчөгө батпаган батрактан тартынамбы!” Ушул оюнан мурда обору ачылган ал эшекченди качырып сала берип, аны алдындагы ылоосу менен кошо бир заматта кайсап-куйсап жутуп жиберет.

Көчөнү толтурчудай каадалуу басып, дагы бара түшкөндө алдынан үйлөнүү үлпөтүн жаңы алган колуктусу болуп шаар сыртында өткөрүш үчүн жоон топ жан-жөкөрлөрүн топурата ээрчитип, пил минип шаңдуу өтүп бараткан королго жолукту. Ал алдынан чыккан мышыкка кыйкырды:

- Эй мыймый, кач мындай! Болбосо тебелендиде калып, талпагың ташка жайылат!

Курсагы жарым-жартылай тоюп, эми гана өзүн жакшы сезе баштаган мышык кайрадан ойлонду: “Мен дасторкон толо май токоч жедим, болгон тамагын бүт мойсогонум аз келгенсип, коногун өнтөлөй күткөн досумдун өзүн кошо жуттум, ушул жоругумдан уялбаган жаным өзүмө ачуу тилин агыткан мастанды кайсадым, дале тойбогонуман эшекчен батракты курсагыма батырдым, эми мобул көчөгө батпаган көпкөн немелерден тартынамбы!” - деп королду пилине кошуп оп тартып жутат. Ал эмес аны жандаган кошоматчыларын кошо күрмөп жутат заматта.

Ошентип эми гана курсагы тоюп, өзүн бактылуу сезген мышык майпая басып үйүнө жакындаганда алдынан кандайдыр чыйылдаган үн чыгып, караса арыктын боюнда былжыраган бир краб жатыптыр. Ал неме алына карабай мындай деп айтып турду:

- Эй мышык! Мен сага чыйпылдаган чычкан эмесмин! Менин деген кыпчыганын кыйып түшкөн кычкачтарым бар. Ошон үчүн тебелеп албай өз жолуң менен тез өтүп кет!

Муну укканда каткырып жиберген мышык мындай деди:

- Ха-ха-ха! Мен дасторкон толо май токоч жедим, болгон тамагын бүт мойсогонум аз келгенсип, коногун өнтөлөй күткөн досумдун өзүн кошо жуттум, ушул жоругумдан уялбаган жаным өзүмө ачуу тилин агыткан мастанды кайсадым, дале тойбогонуман эшекчен батракты курсагыма батырдым, анан пил минген король баш болгон көчө толо көпкөн немелерди жедим, ушундан кийин кымындай сен кеп болуп калыпсыңбы мага! – деп крабды жута салып жөнөп кетти.

Краб мышыктын курсагына түшөрү менен анын калп айтпаганына ынанды. Тигинде башын мыкчып король отурат, алдында эстен танган колуктусу жатат, нарыда анын пили, баш кашып жан-жөкөрлөрү турушат, башка ыптада эшекчен киши наалып, кемпир кокуйлап атат, тотукуш учуп жүрөт, жерде бир дасторкон май токоч үйүлүп жатат. Буларды көрүп крабдын айласы кетти, бирок ал абдан намыскөй болчу, андыктан жөн багынып бергиси келбей, дароо эле кош кычкачын ишке салып, мышыктын жука чурайын болжоп кырчып кирди. Бат эле бул караңгы жайга күн шооласы баш багып, таза аба атырыла кирип келди.

Дагы бир аз өткөн соң мышыктын чоң курсагы эңшерилип, алгач краб түштү, анан пилине минип, колуктусун өңөргөн король, бирден май токоч көтөргөн анын жан-жөкөрлөрү, эшекчен батрак, кемпир, анан өзүнүн энчиси болгон эки май токочун көтөргөн тотукуш учуп чыкты. Алардын баары эч нерсе болбогондой өз-өз жолдоруна түшүштү. Ичи эңшерилген мышык гана жол боюнда жалгыз калып, айрык курсагын күнү бою тиккенге аргасыз болду. Ал тотукуш досунун сыйы болуп саналган май токочторду кошо көтөрө чыккан королдун жан-жөкөрлөрүнүн ач көздүгүнө абдан таң калды.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз