Азербайжан эл жомогу: Акылдуу аял

  • 25.06.2020
  • 4139

Илгери бир ынтымактуу эрди-катын жашаптыр. Алар бири-бирине эч качан катуу айтышпай, өз ара көз караштарынан эле түшүнүшчү экен. Дыйканчылык кылган күйөө эртеден кечке талаада бел чечпей эмгектенсе аял да жип ийрип, кийим токуп, үй жумуштарын кынтыксыз аткарып, жумуштан баш көтөрчү эмес экен.

Элдин баары аларды мактап, үлгүлүү үй-бүлө деп суктанышат. Өзгөчө аялдын акылдуу, ыймандуу экени алыскы аймактарга угулат. Бул аял тууралуу жалаң жакшы сөздөрдү уккан, күйөөсүнүн урмат-сыйы менен сүйүүсүнө татыктуу боло албай жүргөн айыл башчынын аялынын ичи тарыйт. «Менден эмнеси менен артык болду экен, өз көзүм менен көрүп ынайын», - деп ойлогон ал күйөөсүнүн шаарга бир нече күнгө кеткенинен пайдаланып үлгүлүү аялды издеп чыгат. Ар кимдерден сураштырып жүрүп, акыры табат. Эл оозунан түшпөй макталган немени сынаш үчүн селсаякча кийинип, мусапырдай көрүнүп дарбазасын каккылайт. Эшик ачып жайдары мамиле кылган кожойке кайыр-садагасын берген соң ордуна отуруп жумушун улантат. Аны көңүл коё караган аял короодо көп эле көлөкө турса күнгө какталып отуруп ийик ийрип, жанындагы кумарада жылымтык суу, табакта катыган нан турганын байкап суроо узатат:

- Эже, эмне үчүн күнгө какталып отуруп иш кыласыз? Көлөкөгө отурсаңыз болбойбу?

-  Болот, бирок күйөөм талаада аптаптуу күндүн алдында катыган нан жеп, жылымтык суу ичип буудай оруп жүрсө, менин көлөкөдө отурганым курусун. Мындай кылбасам анын оор жумушун түшүнбөйм, андыктан тапканынын баркын билбейм. Андыктан ал эмне күндү көрсө мен да ошондой жашагым келет. Ал эми күйөөм менин өзүнө берилгенимди көрүп, ошондой эле сүйүү менен жооп берет, - деп жооп берет аял.

- Эже айтыңызчы, күйөөмдүн сүйүүсүнө көбүрөк ээ болушум үчүн эмне кылышым керек? – деп сурайт айыл башчынын аялы.

- Эгер сен мага арстандын үч тал мурутун алып келсең, күйөөңдү сүйдүрүүнүн жолун үйрөтөм, - дейт аял.

Ошол күндөн баштап айыл башчынын аялы тирүү арстан издеп барбаган жери калбайт. Акыры аны падышанын ажайыпканасынан табат. Табарын табат, бирок капаста камалган ал мурутунан үздүрмөк тургай аркырап эч кимди жанына жуутпайт. Аял максатына жетүүнү абдан каалагандыктан арстанга эт ташып бага баштайт, суу берет, жакшы сөздөрдү айтып жагынууга аракеттенет. Ушинтип  күнүгө өнтөлөп кам көргөн аялга арстан акырындан көнө баштап, бир нече күндөн кийин аял анын жалынан сылоого үлгүрөт. Дагы бир нече күндөн кийин айыл башчынын аялы арстандын мурутунан үч тал үзүүгө жетишип, кубанычы коюнуна батпай дыйкандын аялына келет.

- Ушундай жырткычтын мурутунан кантип үздүң? – деп таң калат дыйкандын аялы.

Айыл башчынын аялы буга жетишиш үчүн кандай убара болгонун, эмне түйшүк тартканын айтып берет.

- Сиңдим, баргын да арстанга жасаган камкордугуңду, жакшы мамилеңди күйөөңө көргөз, ошондо ал да сага ошондой мээрим менен жооп берип, ортоңордогу сүйүүңөр бекемделет, - дейт дыйкандын аялы.

Айыл башчынын аялы бул акылга муюп, ушундан соң арстанга жасаган камкордугун күйөөсүнө көргөзүп, анын өзүнө болгон сүйүүсүн күчөтөт, үй-бүлөлүк бактыга татыктуу болуп, дыйкандын аялы чындап эле акылдуу экенине ынанат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз