Орус эл жомогу: Ит болгон барин

  • 27.08.2021
  • 3411

Кедей менен барин кошуна жашачу. Бир күнү кедей аз жерден тиштеп ала жаздаган бариндин кабаанак итин таяк менен чаап өлтүрүп алат.

Барин кедейди сотко берип, утуп чыгат. Сот баринден сурайт:

- Кедейге кандай жаза берүүнү каалайсың?

- Кедейди адамдык укугунан ажыратып, мага ит кылып бериңиз. Ит кепеде жашап, түнү бою үрүп, үйүмдү кайтарсын же адамдан акылдуу итимди тирилтип берсин. 

Өлгөн немени тирилткидей кедей кудай эмес да, аргасыздан бариндин ити болуп күн кечире баштайт. Ит кепеде жашайт, жугунду менен тамактанат, ал тургай түнү бою итче үрүп, бариндин үй-жайын кайтарат.

Бир күнү бариндин үйүнө уурулар кирет. Кедей итче үрүп обочодо тура берет. Уурулар бариндин көп мүлкүн алып кетет. Эртең менен муну көргөн барин кедейди сотко берет.

- Кедей иттик милдетин аткарып үрдүбү? – деп сурайт сот.

- Үрдү. Бирок адамдай болуп мага айтып койсо болмок да, - дейт барин.

- Мен адамдык укугумдан ажыратылгам, ошондуктан айта алган жокмун, - дейт кедей.

- Кедейдики туура, ал иттик милдетин так аткарган, адамдык укугунан ажыратылган болсо эмне кылмак эле, - деп бул жолу адилеттик кылган сот кедейди жоопкерчиликтен куткарып, кедейге адамдык укугун кайрып берет.

Бирок барин болбой эле жогорку сотко арызданмай болуп, кедейди алып шаарга жөнөйт. Шаарга барчу жол токой аркылуу өтчү. Кеч чыккан экөө токойду аралап баратканда түн кирет. Басуу кыйындаганда бир чоң карагайдын түбүнө түнөп чыкмай болушат. Коркунучтуу үндөр чыгып, барин корко баштайт. Сыртка түнөп көнгөн кедей эч нерсе болбогонсуп чалкасынан түшүп жатат. Элеңдеп эки жагын каранган барин жакын жерден жез кемпирди көрөт, жакындай басып келген шарпасын да угат.

- Жезкемпир! Басканы калды! Үрбөйсүңбү!- деп кыйкырып жиберет барин.

- Жезкемпир иттен коркот. Бирок мага адамдык укугум кайтарылган, мен ит эмесмин, үрсөң өзүң үрө бер, - дейт кедей кебелбей.

Жезкемпир улам жакындап, барин төрт аяктап тура калып үрүп жиберет. Жезкемпир токтоп калгандай туюлганда, барин ого бетер абалайт. Ошентип барин түнү бою үрүп чыгат. Таң атканда карашса, жанагы барин корккон жезкемпир коко тикен болуп чыгат. Кедей каткырып жиберет.

- Мени эмне үчүн алдайсың эй! Мунуң үчүн сот алдында жооп бересиң, - деп демитет барин.

- Мейли, өзүң бил. Бирок мен түндөкү коко тикенден коркуп, итче үрүп чыкканыңды элге жаям, - дейт кедей.

- Айта көрбө! – деп коркуп кетет барин.

- Эмне үчүн айтпайт экемин! Айтам эле, - дейт кедей.

- Үстүңө үй тигип, астыңа мал айдатайын, аял алып берейин, эч кимге айта көрбө, - деп барин жалынып жиберет.

- Андай болсо мейли, - дейт кедей.

Барин убадасын аткарып, кедей жыргап-куунап жашап калыптыт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз