Норвег эл жомогу: Шайтан алгыр

  • 27.04.2022
  • 4721

Абдан бай, ошого жараша өтө сараң да,  каардуу да помещик болуптур. Ал кол алдындагы букараларын эртеден кечке тындырбай эзгени аз келгенсип, кезертип ачка койчу жаман жоругу болот. Мындан улам бул помещикти эл абдан жаман көрүп, ал жөнүндө сөз боло калса “Шайтан алсын ошону!” деген кеп көп айтылчу экен. Шайтан муну уга берип, уга берип акыры тажаганда помещикти чындап эле о дүйнөгө алып кетмекчи болуп, ага келип мындай дейт:

— Анда эмесе даярдан, байым! Кулагымдын кужурун алган элиңдин өтүнүчүн орундатпасам болбой калды. Күтүп отура албайм, жаныңды арачаламакчы болгон жалынычыңды укпайм, ажалдан буйтап кеткенге далбастаган ар кандай амалыңа алдырбайм. Бол тезирээк дайындан!

 — Адамдар ар кайсыны сүйлөп койо беребиз. “Шайтан алгыр” деген жөн эле көнүмүш сөзүбүз. Антип айткандын баарын ала берсең жер жүзүндө адам аттуу калбайт. Ишенбесең биринчи үйгө кирип, жашоочуларды тыңшап көрөлү. Ошондо анан ишенесиң бул курулай сөз экенине...

Шайтандын ак көңүлү кармай түшкөндүктөн помещиктин кебине муюду. Ошентип экөө кыштактын биринчи үйүнүн терезесинен шыкаалап, кычыгынан тыңшашат. Аңгыча очокко сүт бышырып жаткан кожойке башкага алаксыганда үй ичинде оюн салган торопой казанды аңтара коюп кетет. Сүтү жайнай төгүлгөн аял айкырыкты салат:

– Шайтан алгыр чочко! Сенин териңди тетири сыйрытпасамбы!

– Мына торопойду ала бер, - дейт муну укканда мөөрөйү үстөм болгон помещик шайтанга карап.

– Аял чындап эле мага торопоюн бергиси келди дейсиңби? Жок, бул сөз өзүң айткандай жөн салды эле айтылды. Жөн эле оозунан чыгып кетти. Башка үйдү тыңшап көрөлү.

Ошентип экөө кийинки үйгө келишсе тентек бала бөлмө ичин үч көтөрө чачып салган экен, эшиктен кирген энеси кыйкырыкты салды:

– Азыр эле жыйнасам, азыр чачасың арам тентек! Эк, ушу сени шайтан алсынчы!..

– Мына баланы ала бер! – деп помещик кубанганынан кыйкырып жиберди.

– Жок, бул да чын жүрөктөн чыккан жок. Кайсы эне мага баласын өз эрки менен бере калсын! Башкаларды тыңдайлы.

Экөө андан ары баратып, бери келаткан эки дыйканды көрүштү.

– Оо, биздин помещик келатат, - деди алардын бири.

– Ал кан ичкичти шайтан алсын! – деди экинчиси.

– Мына ушул сөз чын жүрөктөн айтылды! – деп шайтан помещикти алкымдан алып, аркы дүйнөгө алып жөнөптүр.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз