Вьетнам эл жомогу: Коңгуроо жөнүндө ыр

  • 20.02.2022
  • 2481

Илгери вьет жеринде төрт акын болуптур. Алардын ар бири өзүн эң таланттуу ыр жаратуучу эсептептир. Бир жолу алар ээрчише басып Будда ибадатканасына келишет. Бул жерден өзгөчө коңгуроону көрүп, ал тууралуу ыр жаратмай болушат. Ошентип ыр курай башташат.

- Ибадатканада коңгуроо бар, - биринчиси алгачкы сабын айтат.

- Каксаң үн чыгат даң-дуң эткен, - эргий түшкөн экинчиси улантат.

- Коло же чоюндан эмес ал, - үчүнчүсү өз үлүшүн кошот.

- Куюлган таптаза кызыл жезден, - төртүнчүсү жыйынтыктайт.

Ырды  курап бүткөн акындар аны улам кыраатын келтире окуй беришет. Бири айтса башкалары кунт коё угат, ыр куроо боюнча чеберчиликтерине тамшанышат, таңдай такылдата суктанышат, өз ара мактанышат, өзүлөрүн теңдеши жок акын санашат. Бир маалда бирөөсү катуу чочуп, өңү купкуу боло түшөт. Башкалары эмне болгонун сурашканда ал мындай деп шойкомдуу кабар айтат:

- Мен укмуштай күчтүү ыр чыгарган акын көп өтпөй өлөт деп окугам. Биздей эле бүткүл жан дүйнөсү менен төшөлүп, төрт жагы төп поэзия жараткан Ван Бо (Ван Бо (647–675) – белгилүү кытай акыны) көп узабай мүрт кеткен экен, байкуш...

- Анда биз да азыр жер сүзгөн бойдон үзүлүп кетет экенбиз да! Эмне кылышыбыз керек? – экинчи акын чындап тынчсызданат.

- Эмне кылмак элек! Бул дүйнөдө өзүбүз калбасак да, Ван Бо сыяктуу даңктуу атыбыз калат экен да! Мен мындай өлүмгө даярмын! – дейт үчүнчү акын сыймыктуу.

- Анда эмесе достор, акыретке кам көрөлүк! Мен ушул эле ибадатканада табыттар жасаларын билем. Келгиле, кеч боло электе өзүбүзгө төрт табыт буюртмалайлы.

Буга баары макул болуп, ибадаткананын иш башкаруучусун чакырып жагдайды түшүндүрүп, коңгуроого арналган ырын окуп беришет:

 Ибадатканада коңгуроо бар,
 Каксаң үн чыгат даң-дуң эткен.
 Коло же чоюндан эмес ал,
 Куюлган таптаза кызыл жезден.

Төрт акынды кунт коё уккан иш башкаруучу төрт эмес беш табыт алып келүүнү буюрат.

- Эмне үчүн бешти алдырдыңыз? Биз төртөөбүз элебиз да, - дешет акындар.

- Бешинчиси өзүм үчүн. Анткени мен илгери эле мааниси меникинен төмөн ыр жазган кимдир-бирөөлөр чыкса, бул дүйнө менен кош айтышарым боюнча аян алгам.  Силердин ырды угуп, өмүрүмдүн акыркы сааты келгенин түшүндүм, - дейт иш башкаруучу.

Буга акындар ишенбегени менен аны жайына коюшат. Ошентип элдин кой дегенине болбой бешөө табытка жатып, ажалды күтө башташат. Бирок ал кечигет. Бир күн өткөн соң курсагы ачкан алар айласыздан табыттан туруп, чыгарган ыры андай деле поэзия бермети эместигин моюнга алышат. Анткен менен элге шылдың болуп жатып калышат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз