Македон эл жомогу: Петре жана көрө албастар

  • 15.12.2021
  • 2393

Петре деген жигит бардык жагынан тың чыгат. Иши жөндүү, сүйлөгөнү орундуу, түз жүрөт, баары колунан келет. Кыскасы кыйын. Эл болсо жактырат, жактырганы үчүн мактайт. Бирок аны көрө албастар да чыгат. Ошолордун ичинен ага үч дос чындап өчөшөт.

Катуу мазактап, элге күлкү кылгылары келип, тиш кайрап жүрүшөт. Бир күнү алар Петре уюн шаарга алып барып сатмай болгонун угуп, амал ойлошот. Аны билбеген Петре уюн жетелеп шаарга жөнөйт. Бир топ жол басканда алдынан үч достун бири чыгып, уйду мактап, бирок шаарда куйругу жок уйлар баа болуп жатканын айтат. Ишенген Петре уюнун куйругун шарт эткиче кесип алат. Дагы бара түшкөндө экинчи дос чыгып уйду мактап, бирок шаарда кулагы жок уйлар баа болуп жатканын айтат. Ишенген Петре уюнун кулактарын кесип салат. Шаарга жеткени калганда үчүнчү дос жолугуп, шаарда мүйүзү жок уйлар баа болуп жатканын айтат. Ак көңүл Петре уюнун мүйүздөрүн ыргыта чабат.

Ошентип шаардын базарына кирсе куйрук-кулагы жок чулуйган, мүйүзү жок мулуйган уюн эч ким карабайт. Карагандар сураган баасынын жарымын да айтпаганы аз келгенсип, кебетеси кеткен уюна кошуп өзүн шылдыңдашат. Ошондо гана алданганын түшүнгөн Петре уюн этканага өткөрүп кайтып келет.

Ошентип ую арзан сатылганы аз келгенсип элге күлкү болот. Петре жини келип, үч достон өч алгысы келсе да сыр алдырбайт. Алар менен жакшы мамилесин сактап калат. Бир күнү амал ойлоп үч досту конокко чакырат. Алар келерде үйдөгү эки окшош коёнунун бирин алып үйүнөн чыгат. Кетип баратып аялына үч дос келгенде кожоюнду чакырып келүүсүн буюруп, экинчи коёнду коё берүүсүн тапшырат.

Достор күүгүм кире келип, чакырарын чакырып алып өзү үйүндө жок Петреге нааразы болушат. Кожоюн жакын эле жерде экенин, бат эле чакыртып келе коёрун айткан аялы коёнду алып, Петрени чакырып келе кошту буюруп, бошотуп жиберет. Коён айылдын иттерин чуулдатып чуркап жөнөгөндө окчун жакта тыңшап турган Петре биринчи коёнду көтөрүп жетип келет.

Бул коёндун акылдуулугуна үч дос абдан таң калат. Петре да коёнун жерге-сууга тийгизбей мактап, адамдай эле акылдуу бул жандык тапшырылган иштин баарын аткарарын айтат. Чындап ишенген үч дос коёнду сатуусун өтүнүшөт. Петре биринчи коён сатылбасын айтат. Үчөө болбой жабышат. Петре болбойт. Тигилер бааны көтөрүшөт. Петре баш тартып, үч дос дагы баа кошуп, айтор ары-бери кетип жатышып, коёндун баасы уйдун кунуна татыганда кол алышат.

Акылдуу коёндуу болгонуна кубанган үч дос үйгө келер замат экөө бакка жашынып, үчүнчүсү коёнго аларды таап келүүнү буюрат. Эркиндикти эңсеген алаң көз бошонору менен көздөн кайым болот. Ошондо гана алар Петреге алдатканын түшүнүп отуруп калышат. Петреге барып чуу салалы дешет, бирок элге күлкү болгулары келбейт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз