Калмак эл жомогу: Акыл айткыч кемпир менен тил алчаак абышка

  • 28.10.2021
  • 3139

Илгери-илгер абышка менен кемпир жашаптыр.

Бир күнү абышка отун алып келатып ийне таап алып, отунга сайып койот. Бул табылгасын үйгө келип кемпирине бермекчи болот, бирок таппайт. “Макоо чал! Ийне дегенди отунга сайбайт, тебетейге сайыш керек!” – кемпири урушат.

Кийинки жолу абышка отундан келатып орок таап алып, тебетейине сайганда анысы айрылып түшөт. “Акмак чал! Орок дегенди баш кийимге сайбайт, аны бел курга кыстарат!” – кемпиринин жекирүүсүнө кайрадан кабылат абышка.

Дагы бир жолу абышка отундан келатып күчүк таап алып, бел куруна бекем кыстарып коюп, үйгө жеткиче өлтүрүп алат. “Дейди чал! Күчүк дегенди белге кыстарбайт, аны күчү-күчү деп ээрчитет”, - деген кемпиринен дагы уруш жейт.

Дагы бир жолу абышка отундан келатканда алдынан жолоочулар чыгат. Абышка саламга келбей эле аларды “күчү-күчү” деп чакыра баштайт. Буга арданган жолоочулар абышканы сабап салышат. Көзү көгөрүп, башы томуйган чалдын жоругун анын өзүнөн уккан кемпири урушат: “Кемпай чал! Жолоочуну үйгө итче эмес адамча чакырып, алдына аш коюп сыйлайт!”

Кийинки жолу отундан келаткан чалга бир үйүр карышкыр жолугат. Абышка качкандын же коргонгондун ордуна карышкырларды үйгө чакырып, алдыга түшүп ээрчитип жөнөйт. Ач бөрүлөр абышканы ээрчирин ээрчишет, бирок орто жолдон жеп салышат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз