Индус эл жомогу: Пик-Пик мыймый

  • 18.10.2021
  • 3403

Индиянын жунглисиндеги асман тиреп өскөн абдан жоон кокос дарагынын коңулунда Пик-пик мыймый жашачу. Жунгли абдан тынч жана ар түрдүү азыкка бай болгондуктан Пик-пиктин жашоосу жыргал болчу.

Каалаганын жеп, көздөгөнүнө жетип бактылуу турмушун бейгам кечирип жүргөнүнө анын башына мындай бир ой келет: “Өзүм кокос дарагынын коңулунда жашасам да, эмне үчүн эмдигиче кокос жаңгагын жеп көргөн эмесмин?” Бул абдан азгырыктуу ой болчу. Анткени айланада кокос жаңгактары жайнап жатса да Пик-пик буга чейин аларды жешти ойлочу эмес, андыктан даамы кандай экенин билбечү. Эми карабайсыңбы азгырыкты!

Кокос жаңгагын жегиси келери менен Пик-пиктин башка тамактарга табити жоголуп, бир гана ушул көксөөсүн кандыргысы келет. Тимеле бул дүйнөдө кокос жаңгагынан өткөн даамдуу азык жоктой сезилгенин карабайсыңбы! Анан... анан өзү кокос дарагында жашаса да анын даамы кандай экенин билбегени уят иш сыяктанып туруп алганычы...

Бирок бул оңой эмес болчу, анткени кокос жаңгагынын кабыгы абдан катуу болгондуктан мыймый сыяктуу майда жандыкка бул каалоосун орундатуу кыйын эле. Ошентсе да биздин Пик-пик өжөр болчу, өз максатына жетмейин тынбачу. Андыктан дароо ишке киришип, кокос жаңгагын кемирип кирди. Бирок күнү-түнү кемирсе да жаңгактын калың кабыгына тиши өтпөдү, нары карай тешип кире албады, тешмек тургай бир аз да кетий алган жок. Акыры каалоосу ишке ашпасына көзү жеткенде мыймый катуу ызаланып ыйлап жиберди. Бир эле буркурап боздоп бугу чыкса эмне, анда бул арманы менен келишип калбайт беле!

Пик-пиктин кайгысы күчтүү болгондуктан коңулунан баш бакпай көпкө ыйлады. Бир гана кокос жегиси келгендиктен башка тамакка табити тартпады. Ушинтип көпкө жатканда сырттан тарс эткен катуу дабыш чыгып, баш бакса шагынан үзүлүп кулаган жаңгак ташка тийиптир. Тийгенде да абдан катуу урунгандыктан кайран жаңгак жарылып, ортосунан чоң жарака кетиптир. Мындай жаракалар башка жаңгактарды деле болгону менен нары карай кириш мүмкүн эмес эле. Андыктан мыймый буга кубаган деле жок. Ошентсе да Пик-пик жаңы жаңгакка басып барып, жарыгына баш салса бүт тулкусу менен батып кетсе болобу! Көрсө, кайгырып жатканында ушундай бир илмийип арыктаган экен, тимеле кирбечү кычыкка киргидей болуп калыптыр. Мына эми кайран Пик-пик жыргалга батты, кыялы орундалып, кокос жаңгагынын ширин даамын шимип, шимип жатты...

Бир маалда тойгонун сезгенде тоголонуп уйкуга кетти. Кайра ойгонуп, кайра тойлоду. Ошентип сыртка чыгууну ойлобой эки күн кечке жаңгактын суусун шимирип, катуусун кемирип жата берди. Качан гана жаңгактын ичинде эч нерсе калбаганда сыртка чыгууну ойлоду. Бирок кирген жеринен чыга алган жок, жаракага батпады. Көрсө жаңгакты жеп бүткүчө чедирейип курсагы чыгып, тулку-боюн май басып, семирип кетиптир. Муну билгенде гана мыймыйдын жүрөгү түштү. Күнөө кылбай-этпей абакка түшүп калыш оңойбу! Мурда биякка кире албай ыйласа, эми чыга албай ыйлады. Эркиндигин жоготконуна мүңкүрөп, кайгыга катуу батты. Курсагы ач болсо да, кыялы орундалбаганы менен эркин жүргөнү зор бакыт экен да!

Ошентип кайран мыймый сыртка чыгууга эч кандай арга таба албай камакта калды. Көз жашын көл кылып, көкүрөгү муңга батып көпкө жатты. Бир күнү уйку-соо ортосундагы шалдыраган абалында жарыкты карай кандай умтулганын билбей калды эле, бир заматта сыртка чыгып кетсе болобу! Оо жыргал! Көрсө кайгырып жатканда бүткүл эти шылынып, мурдагыдай эле арыктап, жаракага баткыдай болуп калыптыр. Алы кетип турса да Пик-пик ураалап кыйкырып, так секире бийлеп жатты. Көрсө ашыкка умтулуп азгырыкка алдырбаш керек тура! Ач көздүктү ооздуктай билиш чоң эрдик турбайбы!

Анан эң негизгиси – эркиндиктин даамынан өткөн даам бул дүйнөдө жок экен! Эми мыймый кокостун даамы өтө ширин экенин билсе да, азгырылбайт. Ага жунглиде ээн-эркин оюн салып жүргөнү, тумшугуна тийген нерсени жегени баарынан кымбат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз