Куба эл жомогу: Эшекче жокмунбу!

  • 13.09.2021
  • 0

Эки кошуна бар экен. Бир күнү бири эшигинин алдында отурса экинчиси үйүнөн чыга келип, так секире сүйүнүп, кооздук үчүн өстүрүлгөн көк шиберге кулап түшүп, кубанычтуу үн чыгарып, каткыра күлүп, ары-бери тоголонуп оонай баштайт.  Биринчи кошуна экинчисинин бул жоругуна айран таң калат, анан эсине келгенсип сурайт:

- Педро, сага эмне болду? Жинди болгондон соосуңбу?

Педро эч нерсе укпагандай түр көргөзгөнү менен ордунан турат, бирок кайра эле шиберге кулап ары-бери тоголоно оонап, күлүп, кубанычтуу үн чыгарат. Айран таң калган кошуна кайрадан сурайт:

- Педро, айтчы бай болгур! Эмне болду сага? Өзүңө келчи!

- Аялым башкага кетип калды! – акыры жооп берет Педро.

- Ага эмне кубанасың? Кайра ыйлабайсыңбы!

- Эшекче жокмунбу, эшекче! Анын жонунан бүт жүктү түшүрүп, ээрди шыпырып алганда жерге жата калып оонайт, күлө албаганы менен ушунчалык кубанат дейсиң. Эшекче жокмунбу! – деп Педро кубанычтуу күлүп, ары-бери тоголонгон экен.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз