Эшек жөнүндө араб элинин уламышы

  • 03.08.2020
  • 4223

Эшек алды тандап жүрүп базардан,
Үй-бүлөсүн кубандырып бир адам.
Айланасын жакшы таанып алсын деп,
Ал эшекти там үстүнө чыгарган.
Сүйрөсө да түшпөй эшек кечинде,
Суй жыгылып келди мындай чечимге:
Мейли, бүгүн жата берсин бул жерде,
Түшүрөрмүн таң агарган кезинде.
Түн ортосу, үйдүн үстү дүпү-дүп,
Оюн салып, жин тийгендей жүгүрүп.
Ойгонушса жүргөн экен чаң салып,
Ойронуңдун “эшектиги” билинип.
Караңгыда кой-айды эшек угабы,
Кайра күчөп, ары-бери чурады.
Эски чатыр чыдай албай акыры
Эшек менен жерге күп деп кулады.

“Бийик жерге чыгарам деп эшекти,
Ажалына себеп болдум кесептин” –
деп өкүнөт таң атканда тиги адам,
Карап алып өлүгүнө эшектин.

Тыянак: Өз деңгээлине жараша ордун таап ээлебеген “Эшектер” айлана-тегерегин бүлүнүүгө алып келишет. Андай татыксыз адамдарды маанилүү чечимдерди кабыл ала турган жогорку кызматтарга адамдар өздөрү шайлап алышат да, анан алар жасаган кыйроолорду, акыйкатсыз чечимдерди, зордук-зомбулуктарды кайдан келди деп таң калып олтуруп калышат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз