Гректердин акылман ойлору Пифагордун оозу менен

  • 29.07.2020
  • 3990
  • «Жашоо – театр; анда жаман адамдар жакшы орундарды ээлеп алышкан».
  • «Адам, сенде жан-дүйнөңдөн башка эч нерсең жок».
  • «Бакытты кубалап издебе: ал дайыма өзүң менен жүрөт».
  • «Өз кыйындыгыңды күн чыгып келе жаткандагы көлөкөңө карап баалаба».
  • «Жашоодогу басар жолуңду чаңдатпа».
  • «Акмакчылык өз көлөкөсүн күн төбөңдө турганда деле түшүрө берет…»
  • «Адегенде акылдуу болгонго тырыш, окумуштуу болгонго бош убактыңда деле жетишесиң».
  • «Жакшы жана сулуу адамдар жер жүзүндө эс алып, ойноо үчүн эмес, а жакындарына жардам бериш үчүн жашашат».
  • «Эстеликти көрүнүшү, адамды кылган иши сулуу көргөзөт».
  • «Жашоо оюн сыяктуу: кээ бирлер ага мелдешип ойноо үчүн, кээ бирлери соодалашуу үчүн, ал эми эң бактылуулары көрүүчү болуп келишет».
  • “Ооба” жана “жок” деген сөздөр канчалык кыска болсо да, терең ойлонууну талап кылат».
  • «Курулай мактоо сүрөттөгү курал сыяктуу, көргөндө көздү кубанткан менен эч бир пайдасы жок».
  • «Тозокту баалай билсең, бейишке барасың!»
  • «Жакшы нерсени тандап ал, адат аны жагымдуу жана жеңил нерсеге айлантат».
  • «Дүйнөнү сандар бийлейт!»
  • «Жиндиге кылыч берген менен, уяты жокко бийлик берген бирдей эле коркунучтуу».

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз