Кытай акылмандарынын санат сөздөрүнөн

  • 27.07.2020
  • 3997

Багынып берүү азгырыгы бөтөнчө жеңиштин алдында болот.

♦ ♦ ♦

Жай жүргөндөн коркпо, токтоп калгандан корк.

♦ ♦ ♦

Күлкү чыккан кепе, зеригүү өкүм сүргөн хан сарайдан байыраак.

♦ ♦ ♦

Билбейм деп коркпо, окубай калгандан корк.

♦ ♦ ♦

Кемчилигиңди көргөзкөндүн баары эле душманың эмес, мактагандын баары эле досуң эмес.

♦ ♦ ♦

Канчалык катуу шамал болсо да, тоо ага жапырылбайт.

♦ ♦ ♦

Кемчиликсиз дос болбойт, эгерде кемчилигин издесең досу жок каласың.

♦ ♦ ♦

Миң күн көлөкө болуп жашагыча, бир күн адам болуп жаша.

♦ ♦ ♦

Жымжырттыкты жакшы жагына өзгөртпөсө, анда сүйлөбөй эле кой.

♦ ♦ ♦

Бардык нерсеге таза жагынан кара, эгерде андай жагы жок болсо – кир жерлери жаркырагыча сүртүп чык.

♦ ♦ ♦

Миң чакырымдык сапар бир кадамдан башталат.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз