Карантин убагында адабият теориясынан сабактар – 4

ТӨРТҮНЧҮ САБАК: КӨРКӨМ ЧЫГАРМАНЫН ТЕМАСЫ ЖАНА ИДЕЯСЫ

Өнөр чыгармаларынын башкы касиеттеринин бири – анын темасы жана идеясы. Ошон үчүн чыгарманы талдоо анын темасын жана идеясын ачуудан башталат. Биз адабий форманы шарттуу түрдө айрым бөлүктөргө ажыратып карагандай, көркөм мазмунду да айрым бөлүктөргө бөлүп кароого мүмкүн. Мазмундун ошондой жеке көрүнүштөрүнүн бири – чыгарманын темасы.

Тема грек тилинен которгондо «негиз болгон» деген мааниге жакын. Ал – чыгарманын предмети, башкача айтканда, адабий чыгармага негиз кылынып алынган коом турмушунун проблемалары, жазуучу максатка ылайык иргеп алган негизги маселе, турмуш көрүнүшүнүн бир жагы. Ал – турмуш  чындыгы менен анын адабиятта чагылдырылышынын ортомчусу, жазуучуну түйшүккө салып, колуна калем алууга мажбур кылган окуялар, көрүнүштөр, А.М.Горький: «Тема – автордун тажрыйбасынан жаралган, турмуштун өзү көрсөтүп берген, бирок али азырынча толук бойдон чулуланып формага келбеген, образдарда гана жаралышын талап кылган, автордо иштөөнү ойготкон идея», - дейт. Демек, тема деген бир жагынан жазуучу тарабынан турмуштан тандалып алынган окуя-көрүнүш болсо, экинчи тарабынан чыгармада коюлган турмуштук проблема.

Көркөм адабияттын чагылдыруу предмети бай жана ар кыл. Анда адам турмушу, жан-жаныбарлар дүйнөсү, маданий турмуш окуялары, фантастикалык жандыктар (дөө, пери, желмогуз кемпир, жети баштуу ажыдаар, шайтан ж.б.) катыша берет. М., «Эр Төштүк» эпосундагы адам күчүнө карама-каршы турган желмогуз кемпир, ажыдаар, дөө, алп кара куш сыяктуу табигаттын кара күчтөрү менен жер астындагы турмуш жөнүндө маалыматтар байыркы мезгилдердеги кишилердин аң-сезимин, түшүнүгүн чагылдырган. Бул чыгарманын темасынын өзөгүн баатыр Төштүктүн адамзаттын жакшы жашоосу үчүн ар кандай адаттан тыш кара күчтөргө каршы жүргүзгөн күрөшү түзүп турат. Ч.Айтматов «Эрте келген турналар» повестинде согуш учурундагы катаал турмуш жагдайларындагы өспүрүмдөрдүн эрте жетилишин, алардын чоң адамдардай эл-журттун алдындагы жоопкерчиликти көктөйүнөн сезип, аң-сезимдүү түрдө турмуштагы күрөшкө ынтаалуу катышуусун чагылтат. Бул жазуучунун повестте алган темасы болуп саналат.

Көркөм чыгарманын алган азыгы – адамзаттын  турмушу, анын коомдук-социалдык маселелери болуп келген. Адам мүнөздөрү, анын турмуштук жана социалдык жагынан кимдигинин, кандайлыгынын маңызын ачуу искусство чыгармаларынын милдети экендиги байыртан бери эле белгилүү. Адабий чыгармада адам мүнөзүнүн ар кыл көрүнүштөрү, адамдардан тышкары жан-жаныбарлар (Аккула, Гүлсарат, Мүйүздүү Марал-Эне, Чабдар, Акбара менен Ташчайнар ж.б.) өсүмдүктөр (кош терек, коко тикен, кош чынар, жалгыз тал ж.б.), буюм-теримдер («туурдуктары жыртылган боз үй», «эски араба», китеп кап, танке таш ж.б.) кеңири сүрөттөлөт, алар көркөм чыгармада көтөргөн проблеманы автордун «кабыргасынан коюп» окурманга жеткиришине катышат, мүнөздү терең ачууда чоң көркөм каражат болуп кызмат өтөйт. Дал ошолордун баары, деги көркөм чыгармада сүрөттөөгө алынган кыбыр эткендин баары – адам мүнөзүн, адамдыктын ажарын ачууга баш ийдирилет, ошого кызмат кылат. Мына ошол себеп – көркөм чыгарманын жалпы темасы – бул  адам, анын көп кырдуу турмушу, социалдык умтулуулары жана күрөшү дейбиз. Ырас, кээде адам эмес эле жаныбарлар, буюм-теримдер катышкан чыгармалар да кездешет. Маселен, тамсилдерде ушундай, бирок мында жандыктарды, буюмдарды катыштыруу менен алардын турмушун кейиптештирип адам турмушу аркылуу карап, адамдарга окшоштурат, тиги жаныбарлардан, буюмдардан кишилер көрүнөт.

Албетте, чыгарманын темасы коомдук өнүгүүнүн ар кандай доорунда ошол мезгилдин рухуна, өң-түсүнө, элдин аң-сезимине, түшүнүгүнө карай ар кыл мүмкүнчүлүктө, деңгээлде чагылдырылып отурду. Бул болсо адам мүнөздөрүн ачуу дайым тарыхый шарт, коомдук турмуштун конкреттүү жагдайлары менен байланышарын аныктайт.

Тема деген түшүнүктүн биринчи мааниси сүрөткер өз чыгармасында көрсөткөн турмуш окуясы, тарыхый мезгил. Маселен, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда тылдагы элдин турмушу, каарман эмгеги Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери», К.Баялиновдун «Көл боюнда», Ч.Айтматовдун «Саманчы жолу», «Эрте келген турналар», Ө.Даникеевдин «Көкөй кести» ж.б. көп чыгармаларда көркөм талдоого алынган. Бирок ар кимиси ошол темасын ар түрдүү жол менен өз-өзүнчө көрсөттү. Болбосо уламышка айланган Токтогул аттуу ырчы менен бир мезгилде замандаш Толубай деген сынчы-саяпкер өткөндүгү айтылат. Мына ошол киши тууралуу А.Осмоновдун эки варианттагы «Толубай сынчы» поэмасы, К.Жусубалиевдин «Толубай сынчы» аңгемеси, Ш.Абдырамановдун «Саяпкер» деген уламышы, Ж.Садыковдун драмасы жазылган, мультфильм тартылган, бир эле каарманга ар ким өз оюн, өз көз карашын билдирген, башкача айтканда, бир окуяга, ошол окуяны (теманы) ачуу үчүн жазуучулар, жана башка өнөр ээлери өз эстетикалык мамилесин билдирген.

Теманын экинчи мааниси – чыгармага негиз болгон турмуш чындыгы. Теманы ушундай түшүнгөн оң, анткени чыгарманын темасы проблема катары, алдыга коюлган маселе катары анын идеясынан ачылат. Ошол үчүн Ж.Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасынын проблемасы (темасы) Искендер, Бектур баштаган эмгекчи элдин жашоо үчүн жүргүзгөн күрөшү деп түшүнөбүз. Бир катар чыгармаларда проблема анын наамында эле берилип калат. Мисалы, орус адабиятынан «Ким айыптуу?», «Эмне кылуу керек?», «Кылмыш жана жаза», «Биздин замандын уулу», «Болот кантип курчуду», кыргыз адабиятынан «Таң алдында», «Ажал ордуна», «Сынган кылыч», «Кыямат», «Атанын тагдыры», «Ыр сабындагы өмүр» ж.б.

Тема сюжет аркылуу ачылат, сюжет теманы терең жана конкреттүү ачуу үчүн кызмат кылат, тема чыгарманын бөлүмдөрүн бир бүтүндүккө бириктирет.

Кээде тема жанрлардын кандай экенин да билгизет, маселен, тарыхый роман, даректүү повесть, өмүр баяндык аңгеме, илимий-фантастикалык чыгарма дей турган болсок, ошол аталыштын өзүнөн темасынын кандай экенин билип алабыз.

Кайсыл гана чыгарма болбосун анда турмуш көрүнүштөрүнүн бул же тигил жагы чагылдырылат, турмуш окуялары өзүнчө татаал байланышта турат, бир көрүнүш экинчиси менен карым-катышта болот. Демек, чыгарманын темасы да мына ошол татаалдыкка «кол салат». Жазуучу сүрөттөөгө алган негизги тема турмуштун башка көрүнүштөрүнүн алкагында, катышында ачылат. Мына ушундан чыгарманын негизги, башкы темасы жана кошумча темалар деген түшүнүк келип чыгат. Ч.Айтматовдун «Жамийла» повестинин башкы темасы – сүйүү, жаңы доордо кыргыз келининин турмуштан өз ордун табууга далалаты, бактысын издөө жолунда жүргүзгөн күрөшү. Ошону менен бирге согуш жылдарындагы айылдыктардын кажыбас эмгеги, жеңиш үчүн күрөшү, фашизмге болгон жек көрүү, жашоо-тиричиликтериндеги ар кандай каада-салт, жөрөлгөлөр, расымдар да сүрөттөлөт, сүрөтчүнүн (Сейит) калыптанышы көрсөтүлөт. Бул – жардамчы темалар. Жардамчы темалар башкы теманы ачууга, чечүүгө көмөктөшөт, б.а., Жамийла менен Даниярдын сүйүүсүн, алардын кол кармашып кетүүгө чейинки абалга жетишин көрсөтүү үчүн турмуштун өзүн, адамдардын эмгегин, салтты, башка кишилерди көрсөтөт, алардын баары Жамийланын мүнөзүнүн калыптанышына, образынын ачылышына – кыскасы негизги темага кызмат кылат.

Чыгармада теманын жаңылыгы, актуалдуулугу да чоң мааниге ээ. Айталык, кыргыз аялдарынын темасы «Жамийла» повестине чейин эле кыргыз адабиятында чагылдырылып келсе, Айтматов бул чыгармасында темага такыр жаңыча мамиле жасайт. Ал буга чейинки кыргыз адабиятын үйрөнүп, аталган темадагы дүйнөлүк адабият менен таанышып, өз темасына жаңыча киришет. Жакшы тема табуу –жазуучунун жарым бактысы, болбосо мурда далай жолу сөз чеберлери кайрылып, көп жолу айтылган, делген окуялардан да жаңы жактарды көрүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Жакшы тема – мергенчинин колуна оңойлук менен түшпөгөн кайберендей дешет. Аны колго түшүрүү жазуучунун турмуштук тажрыйбасына, билим деңгээлине, көз карашына байланыштуу, ал ошондой эле сүрөткердин көркөм окуусуна, фантазиясына, кыялына байланыштуу. Ч.Айтматов «Бетме-бет» повестинде согуш качкынын, анын коңулдагы турмушун, үй-бүлөсү менен алакасын өтө терең идеялык-көркөмдүк деңгээлде ачып берген. Кийин ушул эле темага орус жазуучусу В.Распутин «Эсен болуп, эстей жүр» повестинде кайра кайрылат. Кийинки чыгармада да теманын жаңы жактары көрсөтүлөт. Мындайда жазуучунун таланты чектелүү болсо темада мурда ачылган нерселерди эле кайталап калмак, ал эми В.Распутиндин повести «Бетме-бетти» толуктайт.

Искусстводо «түбөлүктүү» деген темалар бар, маселен, сүйүү темасы, өлүм темасы. Кээ бир авторлор өмүр бою бир гана темада иштеп да ондогон, жүздөгөн чыгармаларды жараткан. Маселен, аты уламага айланган Чөп ырчы өмүр бою өсүмдүктөр жөнүндө ырдап өткөн десе, белорус жазуучусу В.Быков согуш темасын «түбөлүк энчисине» айландырды. Деги эле майда тема, керексиз тема жок, ар кандай окуя, көрүнүш чыгармага тема болуп берет, болгону ал өз деңгээлинде ачылышы кажет. Америкалык улуу акын Уолт Уитмен минтип жазат: «...Жер тоо-токою менен, түркүн-түмөн жан-жаныбар, канаттуу куштары менен, булак, дайра, көл, деңиз, мухити менен, толкуну көбүгү менен, балык баштаган түрдүү жандыгы менен – мына ушулардын баары майда темаларбы?

Аларды адам баласынын баары эле күндө көрүп-билип, ичип-жеп жүрбөйбү. Бирок акындар ана ошол болмуш, жандык, көрүнөө нерселердин көпчүлүктөн көмүскө жактарын, купуя касиеттерин ачып берүүсүн күтүшөт. Ошолордун пайдалуу экендигин, же бир көз жоосун алган сулуулук, көркөмдүгүн гана эмес, түпкүрдөгү маңыз-касиетин, реалдуулуктун ички рухун тастыктоону күтүшөт. Кайберен өңүп, куш салган, аң уулаган мергенчи, же бир токойдон жыгач кескен балтачы, таң заардан жер чукулап дан баккан дыйкан, ат таптаган саяпкер, жол тандаган саякатчы – мына ушулар тээ байыртан эле табият менен эриш-аркак биримдикте жашап, аралашып өмүр сүрүп келгендиктен алардын сулуулук сезимдери тууралуу шек келтирүүгө болбойт. Акын аларга ошол өздөрү умтулган жана өздөрү көнүп калган баалуулуктарына башкача мамиле жасоого жардам кылып жибериши деле кыйын. Бирок асылдык деген ошол нерселердин сырткы кешпиринде эмес, ички руханий маңызында экени тууралуу ырдап бере алат[1]». Демек, дал ошол кадыресе күнүмдүк турмушту жаңыча айтып бергендиги менен жазуучунун эмгеги бааланат. Жазуу менен гана эмес теманы табуу менен да талант дароо таанылат. Ошол эле кезде «модалуу тема» дегендер болот. Алар бүгүнкү күндүн, учурдун, же календарлык даталардын гана керегине жарайт да, мезгил өтүп эле маанисин жоготот.

Чыгарманын темасы менен түздөн-түз байланышта турган, бирге каралуучу түшүнүк – бул идея. Терминдин маанисин кыргызча которгондо «көрүнгөн нерсе», «ой-пикир», «маани», «маңыз» деген түшүнүктөргө жакын. Жазуучу чыгармада жогоруда белгилеп өткөндөй кандайдыр бир теманы алат да, ошол аркылуу предметке карата өз мамилесин билдирип, «өкүмүн» чыгарат, дал ушул искусство чыгармаларында сүрөттөөгө алып жаткан предметинин үстүнөн чыгарган «өкүмү» идея деп аталат. Идея – чыгармада коюлган маселелердин натыйжасынан, мүнөздөрдүн аракетинен келип чыккан соңку жыйынтык, автордун берейин деген ой-максаты. Жазуучу өз оюн ар кандай проблемаларга, образдарга, турмуштук деталдарга сиңдирип ийет. Окурман болсо мына ошолордон чыгарманын идеясын таап чыгат. Жазуучу түздөн түз сүрөттөөгө алган темасынын идеясын ачык айтпайт, аны чыгармага мүмкүн болушунча терең сиңирүүгө аракет кылат. Идея да тема сыяктуу эле чыгарманын мазмунунан белгилүү болот. Ар бир эпизод, деталь, образ идеяны ачууга кызмат кылганда гана чыгарма майнаптуу чыгат. Тема белгилүү максатка (идеяга) байланышат, мына ушундай идеялык-тематикалык бирдикти адабиятчы Л.Тимофеев: «...тема идеяны тереңдетет, идея теманы өнүктүрөт...»[2], - деп айткан. Тема менен идея жазуучунун турмуш чындыгына бирдиктүү мамилесинин эки жагы, кош канаты. Идея – жалпыланма, образдуу түшүнүк.

Сүрөткер чыгармада бири-бири менен байланыштуу, биринен улам бири келип чыккан бир нече маселелерди алдыга коёт, ошолор аркылуу бир катар жыйынтык ойго келет, демек, башкы тема, жардамчы, же кошумча тема сыяктуу эле башкы идея жана жардамчы идеялар болот.

Көпчүлүк чыгармалар көп темалуу жана көп идеялуу. Ошон үчүн адабиятчылар бир эле чыгармага кайрылганда өздөрү кызыгарлык бир теманын же бир идеянын айланасында гана изилдөө жүргүзүшөт. Айталык, Ч.Айтматов «Кылым карытар бир күн» романында бир катар проблемаларды – эмгек  адамынын коомдогу ролун, жеке адамга сыйынуунун кесепетин, акыл-эстен түбөлүк айрылган өткөн замандагы жана азыркы күндөгү маңкуртчулукту, адам трагедиясын, сүйүү жана үй-бүлөнү, жаныбар дүйнөсү менен адам дүйнөсүнүн карым-катышын, Жерден башка планета менен жерликтердин карама-каршылыгын, ата-бала, согуш-тынчтык алакасын ж.б. алдыга коёт. Мына ошолордун баарынан автор өзүнчө жыйынтыкка келет. Романда бергиси келген, көрсөтүүгө аракеттенген ойду – идеяны ушул проблемалардын тегерегине топтойт.

Чыгармадагы катылган идея менен дайым эле макул боло берүүгө болбойт, кээде идеялардын айрымдарын көрө бербейбиз, а түгүл авторлор өздөрү да биз кармаган идеяны алдыга койбогонун билдирген факт-мисалдар бар. Улуу акын Гётеден «Фауст» деген чыгармасындагы идеяны айтып берүүсүн суранганда ал киши мындан баш тарткан, экинчи бир чыгармасы – «Тассонун» идеясын сураганда, ал «Идеябы? Мен муну кайдан билейин. Менин алдымда Тассонун бут турмушу турган»[3], - деп жооп берген. А.П.Чеховдун пикири боюнча башкысы маселени туура коё билүү экен, аны чечүү зарыл эмес дейт. «Анна Каренина» жана «Евгений Онегинде» коюлган маселелер чечилбегенин, бирок ошого карабай алар окуучуну толук канааттандырарын, себеби бул чыгармаларда маселелер туура коюлганын, сот маселени туура белгилөөгө милдеттүү экендигин, калганын кеңешчилеринин өздөрү да чече берерин айтат андан ары чебер аңгемечи.

Чыңгыз Айтматов сукбаттарынын биринде минтип айтат: «Менин курагымдагы адамдардын (мен да алардын катарындамын) көпчүлүгү жаштарга кыйла эле сынаакы мамиле жасашат. Социалдык мааниде алганда, мага жаштар көп учурда жүүнү бош, шалаакы өмүр сүрүшкөндөй, көпчүлүгүндө өзүмчүл сезим абдан өөрчүгөндөй көрүнөт. Турмуштун, өмүр сүрүүнүн маани-маңызы байкалбайт. Жакында эле Анкарадагы биздин элчиликте иштеген ортончу уулум Аскар менен сүйлөшүп калдым. Институтта чогуу окуган, мен өзүм атагандай, чет тилчи курдаштарыңдын кимиси өзүн канчалык көрсөттү? - деп сурадым. - Ашкере айырмаланган эч кимиси деле жок, кээси котормочу, кээси журналист, айрымдары гид болуп кетишти деди. Ал мага түшүнбөй, мени кызмат жагынан сурап жатат деп чечкендей ойлодум. А мен кызмат тууралуу сураган жокмун, албетте, каерде болбосун өзүн көрсөтүүгө болот эмеспи. Мен аны менен бир катарда, коюн-колтукташ өскөндөрдүн ичинен кимиси инсан, эгер кааласаңыз, кимиси лидер болуп калганын билгим келген. Биз болсок улгайып баратабыз, а турмуштун оор жүгү жаштардын мойнуна жүктөлүп отурат, ошондуктан менин суроом тек, жөн эле кызыгуудан келип чыккан эмес.

Мен оюмду кайра чечмелеп түшүндүрдүм, бирок берилген жооп дале мурдагыдай болду: анын тааныштарынын арасында андай лидер жок болуп чыкты, баары тең эле эмнегедир беймарал, жан кыйнабай жашоого топук кылышат. Ал эми мындай чөйрө жалгыз-жарым экендигинде шегим бар. Бул өкүнүчтүү. Азыр бизде бар нерселердин бардыгы – биздин мурдагалардын колунан жана биздин колдон бүткөн иштер. Биз ойго келбес көп нерселерди жасадык деп айта албайм, деген менен анча-мынча олжолорубуз да жок эмес. Ал эми артыбыздан кимдер келатат? Алар туруштук бере алышар бекен? Не деген оор жүктү көтөрүшөрүн түшүнүшөбү?

Мына, маселен, Авдий Каллистратов – дал ушул суроого жооп берүүгө жасаган менин далалатым, эгер билгиңиз келсе, бир жагынан ал жаштардын жан-дүйнөсүнөн тилекке каршы көп байкалган жүүнү боштукка, мажестикке каршы ташталган чакырык»[4].

Демек, жазуучу «Кыямат» романындагы Авдийдин образы, анын иш-аракети аркылуу жогорудагыдай ойду айткан.

Суроолор жана тапшырмалар

  1. Чыгарманын идеясында жана темасында кандай айырма бар? Бир темада жазылган беш-алты чыгарманы атагыла, алардын ичинен кайсынысы теманы бир топ терең ачкан деп ойлойсуңар?
  2. Өз алдыңча окуп жаткан чыгармаңдын идеясын жана темасын айтып бер.
  3. Башкы тема, башкы идея жана жардамчы тема, жардамчы идея деген эмне? Конкреттүү чыгармалар менен түшүнүгүңдү айтып, окуучулар менен ой бөлүш.
  4. Тема жана идея деген терминдердин кыргызча аталышын ойлоп тап.

Сабакты даярдаган профессор Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Дүйнө жазуучулары адабият жөнүндө. Которгон К.Ботояров. //Ала-Тоо. – 1989. - №12. – 147-б.

[2] Тимофеев Л.И.Основы теории литературы. Изд. 5. М.:«Просвещение», 1976. – с. 146.

[3] Китепте: Тимофеев Л.И.Основы теории литературы. Изд. 5. М.:«Просвещение», 1976. – с. 148.

[4] Айтматов Ч. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. Түз. С.Тургунбаев. – Ф.: «Кыргызстан», 1988. – 257 – 258-бб.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз