Айтматовдун мал чарба тармагындагы алгачкы жасаган ачылышы

“Мал жөнүндө баарын билгиси келип, артымдан калбай сурамжылаган ушул Чыңгыз кызык бала...”

...Ага аз-аз жерден Советтер Союзунун Баатыры деген наамды ыйгарып коё жаздашыптыр. Эл-жер үчүн күрөшкөн кандуу кармаштардын биринде ала-тоолук жоокер жанкечтилик чоң эрдик көрсөтөт. Көкүрөгүн окко, гүл өмүрүн жоого тосот. Анан күтүүсүздөн жарылган минанын чачырандысы эс-учунан тандырат. Ошол алсырап бараткан саамда артта сүрөп келаткан командиринин: “Жарайсың, жоокер Алыбаев! Сен анык баатырдык иш кылдың! Сени Советтер Союзунун Баатырынын наамына көрсөтөмүн!” - деп кыйкырганы кулагына сиңип калыптыр. Аны өлүп калды, алаар сыйлыгын угуп үзүлсүн деген жубатуусу окшойт. Жок, кансырап жатып тирүү калат. Госпиталда көп-көп ай дарыланып, адам сабына кошулат. Баягы берилет деген сыйлыктан дайын жок. Көрсө, Баатырдык наам алдыда ок мыкчып жыгылган өзүнө буюрбай, артта алты саны соо сүрөгөн “убадага бек” ошол орус командирине тийиптир...

Өлүп калса, балким, Баатыр болмок беле? Согуштун согуштай оюну болору аны өлөр-өлгүчө ыза кылып жүрдү... Ал үчүн ырыс-дөөлөт эле – эсен-соо кайтып, өмүр улаганы болду. Согуштан келгенден кийин экинчи топтогу майып экендигин жашырды. Бирге иштеген жолдошторунан, тагдырын калчаган чоңдордон жана тек гана көкүрөгүн бийлеген ыйман-ызаатынан жашырды. Жаш туруп майып атыккысы келбеди. Башына, колуна, көзүнө, өпкөсүнө кадалган осколкалардын алдырганын алдырып, алынбаганын (өпкөсүндөгү) өзү менен кошо ала кеткенин ошол жадыраган Жеңиш жылы – 1945-жылы баш кошкон өмүрлүк жары Айбүбү апа Улуу Жеңиштин 50 жылдыгы алдында – 1995-жылы согуш сырын ачкансып таржымалдап бергени эсибизде.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Түндүк-Батыш, Ленинград, Прибалтика фронтторунда взводго командирлик кылган улук лейтенант – сыналган жоокер, Кыргызстандын мал чарба тармагын өнүктүрүүгө опол тоодой эмгек сиңирген көрүнүктүү окумуштуу, улуу-кичүүгө адамкерчилиги төгүлгөн ыраматылык Рыскул Алыбаев бармактай чагынан тилазар турмуштун “таш жолдорун бойлогон” (Алыкул) алгачкы интеллигенттерибизден болгон. Фрунзедеги жетим балдар тарбиялануучу “кызыл үшкөлдөн” (азыркы айыл чарба академиясынын биринчи имаратын кыргыздар ушундай аташчу) башталган максаттуу жаштыгы 1932-жылы ушул жердеги айыл чарба техникумун, анан 1937-жылы зооветинститутту бүтүргөндөн кийин өз алдынча турмуш кыйырына сапар алат. Зоотехник болуп Нарында иштейт.

Республиканын Дыйканчылык эл комиссариатында улук зоотехник, партиянын Фрунзе обкомунда айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп турат. Аңгыча каргашалуу согуш... Согуш талаасында төрт жыл кан кечкен эр жүрөк жоокер эл-жерге майып болуп кайткандан кийин – 1946-1952-жылдары Кыргызстандын совхоздор министринин орун басары, 1952-1963-жылдары республиканын мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунун директору болуп иштеген.

Өмүрүнүн акыркы мезгилинде, майданда алган оор жаракатынын айынан он бир жыл жылбай төшөктө жатып калып, Улуу Жеңиштин 40 жылдыгы белгиленет деп турганда дүйнөдөн өтүп кеткен. Мындай асыл адамдын көңүлүн гүл, өмүрүн күн туткан, ошол акыркы он бир жыл төшөктө жылбай жатып калганда аны балача алпештеп баккан байбичеси Айбүбү апа Улуу жазуучубуздун алгачкы - адистик жолуна тийиштүү болгон төмөнкүдөй бир эң маанилүү маалыматты ошондо – мындан 21 жыл илгери чечилип отуруп аңгемелеп берген эле.

“...Рыскул ыраматылык өмүрүндө көп эле адамдарга жакшылык жасаган, – деп айткан бизге Айбүбү апа. – Алардын ичинен менин эсимде кыргыздын эки залкар инсанына жасаган жакшылыгы өзгөчө таасын сакталып калды. Алардын бири – элибиздин даанышман инсаны, ветеринария илимдеринин доктору, профессор, Ардактуу академик, жазуучу жана котормочу Абдулхай Алдашев болсо, экинчиси – атагын бүткүл дүйнө тааныган улуу сөз чебери Чыңгыз Айтматов. Абдулхай атаңар согушка баштан-аяк катышып, ал жерде контузия болуп, эл-жерге капитан чининде келсе, сенин ата-тегиң молдо, коомго жат элементсиң деп аспирантурага албай, ызалап коюшат. Ошондо ал туулуп-өскөн Жети-Өгүздөгү айылына кетип калат. Анан, бир күнү эле республиканын совхоздор министринин орун басары болуп иштеген Рыскул Жети-Өгүзгө барса, Абдулхай райондун борборунан жолугуп, башына түшкөн көйгөйлүү тагдырын жашырбастан айтат. Рыскул аны борборго алып келип, кандидаттык диссертациясын жактоого чоң жардам берип, илимпоздук жолунун кең ачылышына, өз башын тобокелге салса да, адамдык жарыгын тийгизет. Муну Абдулхай атаңар өзү да өмүрү өткөнчө чоң ыраазычылык менен эскерип жүрдү.

Ал эми Чыңгыз Айтматов Кыргыз айыл чарба институтун артыкчылык диплому менен бүткөнүнө карабастан, эл душманынын баласы деп, аны да аспирантурага албай (карындашы Роза Айтматованын эскерүүсүнө караганда, ошондо өзү туулган айылдан эле бирөө ректорго кат жазып, аны эл душманынын баласын илимге тартканы жатасыңар деп айыптап, “саясый кыраакылыкка” такап илимий чөйрөдө улантчу жолуна бөгөт койдуруп таштаган экен), мазакташкан оор мезгилде, мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунун директору болуп туруп, андагы эксперименталдык ферманын зоотехниктигине жогору жактан башка адисти аласың дегенге көнбөстөн, Чыңгызды коюп, кирээрине үй, саарына уй берип, анын азыркы байсалдуу кеңири жана узак турмуштук сапарынын башталышына көмөктөшкөн ушул Рыскул болгон.

“Мал жөнүндө баарын билгиси келип, баарын сурамжылап, тимеле артымдан калбай ынтызардык көрсөткөн ушул Чыңгыз кызык бала”, - деп айтып калар эле абышкам. Көрсө, идиректүү жигит анда мал тукумунун өсүшүнө, асылдандыруу жумушуна адабиятка жасаган мамилесиндей эле терең кызыгуучу тура. Рыскул директор болуп турган кезинде малдын өзгөчө кайтарымдуу түрлөрү: “Ала-Тоо” тукумундагы уйдун, жаңы кыргыз тукумундагы жылкынын, уяң жүндүү кыргыз коюнун жана советтик корридель тукумундагы жарым уяң жүндүү койдун тукумдары аргындаштырылып, чарбаларга берилген. Жетекчинин өзүнүн автордугу менен гана ушул багытта элүүгө жакын илимий эмгек жарыяланган. Кыскасы, тоолуу республиканын шартында жети атасы мал менен өткөн калктын негизги байлыгын арттыруу талабында тыным билбеген мээнетин жасаган. Ага, биринчи кезекте, Чыңгыздай таланттуу, билимдүү жана эң негизгиси – көздөгөн ишине кан-жаны менен берилген жаш, келечектүү адистер керек эле.

Чыңгызды ал мал тукумун асылдандыруу жаатында чоң ачылыштарды жасоого кудурети бар кыргыздын болочок таланттуу окумуштуусу деп жогору баалаган. Мындай бир окуя. Чыңгыз кайсы бир илимий журналдан Англиянын түштүгүндөгү Джерс деген аралда аты ошол аралдын атынан - джерс ую деп коюлган тукум сүт берүү жагынан эң мыкты экенин окуп калат да, Кыргызстанга ошол уйдун букасынан алып келип, биздеги топоздор менен аргындаштыруу идеясын Рыскулга эң кызыктуу кылып айтат. Рыскул анын оюна түшүнүп, идея-сунушун колдоп, командировкалык, дагы башка чыгымдарга кетүүчү акча-тыйынын камдап берип, Ленинграддын жанындагы андай уйду көбөйтүп-өстүрүп жаткан Гатчина деген жерге жиберет. Чыңгыз джерс букасын быякка поезд менен алып келет да, тажрыйба жүзүндө аргындаштыруу үчүн 10-15 топоз издеп Долонду көздөй жол тартат. Жергиликтүү шартка чыдамдуу, тоютту да тоодон таап жеп, кыргыздар багууга тааныш мал – топоздорду ошол жактан алып келет. Тажрыйба натыйжасы эң жакшы болот. Бул анда адабиятка жаңы-жаңы кадам таштаган зор таланттын мал чарба илиминде жасаган ийгиликтүү “дебюту” эле.

Рыскул анын мындай демилге-дымагын, талыкпас изденгичтигин ар дайым ыраазычылык менен ай тып калчу. Мурдагы кызматкери – жаш зоотехниктин жазган китептеринин баарын кийин жаздыгына бапестеп катып коюп окуп жүрдү го ыраматылык. Чыңгызды ушундай жакшы көрчү. Эгер жазуучулукка баш-оту менен кирбей, мал чарба илиминин чоросу болуп калганда деле, Чыңгыз даңкы далайга чейин угулган чыгаан окумуштуулардын биринен болмок дечү...”

Мал чарба институтундагы англис ую, топоз жана Долонго... байланыштуу дагы бир окуя 1934-жылы азыркы Манас районунун Жийде айылында туулуп, убагында мугалим, партиялык-советтик кызматкер, кесиптик-техникалык окуу жайынын директору, профсоюздук, чарбалык жетекчи болуп иштеп, грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин дене тарбия жана спортунун отличниги, СССРдин Ардактуу донору деген сыймыктуу даражаларга жеткен кадырлуу мекендешибиз – Атаулда Боронбаевдин журналист Рыскулбек Бакиров менен болгон “Чыңгыз Айтматовдун эл билген, эл билбеген дүйнөсү” аттуу маеги (ушундай эле аталышта 2013-жылы чыккан китепте) менен таанышууга жакында эле мүмкүнчүлүк алдык.

Анда Атаулда аксакал жогоруда Айбүбү апа айткан аңгемени – Чыкебиздин Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илим изилдөө институтунда зоотехник-окумуштуу болуп жүрүп англис ую жана топозго жасаган алгачкы тажрыйбасы тууралуу окуяны жазуучунун өзүнөн уккан баян боюнча өз алдынча кызыктуу жана кеңири кылып уланткан:

“... Ырас, мен дайым эле Чыңгыздын жанында жүргөн жокмун. Көп учурларда аңгемелешкен кездерибиз болду. Сыймыктанып чыгармаларын окудук, жазгандарын иликтедик. Башынан өткөн окуяларынын бирин айтып берейин. Чыңгыз, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөндөн кийин, ошол эле институтка караштуу Кыргызстан мал чарба жана ветеринария илим-изилдөө институтунун эксперименталдык фермасында зоотехник болуп иштейт. Эксперименталдык ферманын карамагында сүттү көп бере турган жүздөн ашык асыл тукум уй болот. Бул уйлар илимий-изилдөөлөрдүн натыйжасында пайда болуптур. Сүт өндүрүү боюнча алдыңкы орунда турат. Ошол кезде жаш зоотехник жумушуна байланыштуу бир тажрыйба жасагысы келет. Англиянын түштүгүндөгү Джерс аттуу аралда джерс ую өзүнүн сүттүүлүгү менен жүздөгөн жылдардан бери атагы чыгып келатканын билет.

Бул сары-күрөң темгилдери бар уйдун негизги өзгөчөлүгү – сүтүнүн майлуулук деңгээлинин жогорулугу экен. Демейдеги уйлардын сүтүнүн майлуулугу 3,5 пайыз болсо, джерс уюнун сүтү – 5,6 пайыз. Чыңгыз бизде өскөн топоз менен джерс уюн аргындаштырып, жаңы уй тукумун табууну ниет кылат. Бул пикирин сунуш кылганда, институттун жетекчилери кабыл алып, өздөрү тараптан анын талаптарын аткара тургандыктарын билдиришет. Андан кийин джерс букасын алып келүү үчүн Ленинградга, андан Гатчинага барат. Гатчина Улуу Октябрь революциясына чейин эле Россия падышаларынын үй-бүлөлөрү турак кылган жер. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда асыл тукум малдын баары ушул жерге алынып келип, ошол жерде асыралып, башка жактарга таратылган. Ал эми Айтматов алайын деген уй тукуму тоолуу шарттарга көнө турган, суукка чыдамдуу болушу керек экен.

Ошондуктан, топоз менен джерс букасын аргындаштыруу максатка ылайык. Анткени, топоздор ак кар, көк музда жашап, тоолуу шарттарга көнгөн мал эмеспи. Жаш зоотехниктин жүргүзчү тажрыйбасынын негизги максаты – сүттүүлүктү, майлуулукту көтөрүү экен. Ал эми топоздор Кыргызстанда, Тажикстанда, Афганистанда гана болуп, бул аймактардын географиялык катаал шартына жана климатына көнгөн жаныбар. Бир гана айыбы – сүттү аз берет. Ошентип, мал тартууга ылайыкталган вагонго джерс букасын салып, Кыргызстанга алып жөнөйт. Он күн жол жүрүп, Жамбыл станциясына келет. Ал жерден институттун фермасына жеткиришет. Асыл тукум букадан качырыш үчүн он, он бештей топоз керек болот. Ошондо гана эксперимент башталмак. Топоз жок болгондуктан, эки жүк машинасы менен Чыңгыздар Тянь-Шанга сапар тартышат. Ал кезде Тянь-Шандын жолу өтө татаал.

Ошол жолдо баратып, алар Кытайга бараткан чиркегич сүйрөгөн “КамАЗды” биринчи ирет көрүшөт. Жол алыс болгондуктан, Долон ашуусунун бир жерине түнөп калышат. Үй өтө жупуну, эптеп эле салынган үй. Бир аял чырак жандырып, жай салып берет. Чоң бөлмөнүн ичине бир нече керебет коюлуптур. Алардын көбү бош. Бир бурчта машина айдоочу эки жигит бутуна тура албай мас болуп отурушат. Булардын бирөө жанагы чиркегичи бар “КамАЗдын” шопуру экен. Чыңгыздын жатаар жайы ошолордун жанында. Аны көздөрүнө да илбей, өздөрүнчө бакылдашып жатышат. Алардын сөздөрүн, кааласа да, каалабаса да, угууга аргасыз...

“Ашуунун кылда чокусунда мен жактырып сүйгөн бир кыз жашайт, бирок ал мени карап да койбойт”, - деп бирөө экинчисине өзүнүн башынан өткөн сүйүү окуясын айтып жатат. Бул – жанагы “КамАЗдын” айдоочусу. Ал сүйгөнүн такыр унута албагандыгын, дайым ашууну ашканда ошол сүйгөнүн көрөрүн, махабаты кантип башталып, кантип алоолонгонун бир баштан айтып берет. Анын башынан өткөн сүйүнүчтүү да, азаптуу да, армандуу да окуялар Чыңгызга ушунчалык катуу таасир этет. Чыңгыз бийик тоо тарапка сапарга чыккан жолоочу эле. Ал жакка башка эле бир милдет менен жолго чыккан. Ошол кан жолдон “Кызыл жоолук жалжалын” таап, ага негиз болуп берген тагдырга кезиккен. Муну мага Чыңгыз Айтматов өзү айтып берген. Ушул эле аңгемени кийин түрк тилинен которулган “Балалык” деген эскерүүсүнөн да окудум...”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз