Нуралы Капаров: Чүй суусу

  • 23.05.2022
  • 2947

Кочкорумдун кең жайлоо колкосунан,
Кеминимдин төр жайлоо толтосунан
атылып агып чыккан албан суумду
ардактап алтын жонун айга бөлөп,
кулпунтуп күмүш жонун күнгө бөлөп,
Ала-Тоо капчыгайын шаңга бөлөп,
эңкейиште эңиштеп сайрап аккан,
бурулушта буркулдап кайнап аккан,
кууш жерде куушуп сойлоп аккан,
тарам-тарам туш-тушка тойлоп аккан,
оңду-солду жулунуп жоолап аккан,
кыргыз менен казактын ортосунда
наристедей “тынч жатпай” оонап аккан,
чуркап өтүп ченелүү аралыкты,
жоготкондой бактылуу балалыкты –
тооң менен коштошуп тозотторго,
карлыгачтай куушуп казактарга,
калдаң-калдаң урунуп кашаттарга,
алдыдагы аңдоосуз азаптарга...

...кумда калып куураган казагымды,
акактаган Бетпагың, Атарыңды,
куткарам деп чамынып  өкүрөңдөп,
өрттө калган казакты өчүрөм деп,
өзөгүнө кан куюп “тирилтем” деп,
кумда калган казакты киринтем деп,
чаңда калган казакты тазартам деп,
чөлдө калган казакты жашартам деп,
Ала-Тоодон алкынган албан суумду,
Булут тоодон булкунган балбан суумду
Кордой туштан көп адам чыга калып,
кетмен алып  колуна чырак алып...

...сайдан жутап кеткенсип сайын аяп,
жерден жутап кеткен жайын аяп,
“Ары кет!” деп кетмендеп кубалашып,
албан суумду чегинтип  ураалашып,
кайкып  учкан канатын кескилешип,
өпкө-боорун  өзөртө тепкилешип,
куйрук-жалын молойтуп жулгулашып,
тоодой бетон, таш менен ургулашып,
колу-бутун коройтуп үзгүлөшүп,
бульдозорлоп “жогол!” деп сүзгүлөшүп,
казактардын таш баскан “тоң” жагынан,
кыргыздардын зымырык жол жагына
ооп келип, жол издеп, кайра кетип,
таш сүзгүлөйт эрке суум айла кетип!

Кайран гана албан суум нугун таппай,
казактардын тосмолоп бууп салган
жарып  өтөөр сол жаккы ыгын таппай
турса дагы тунук суум каралдым деп,
кайгысы жок каткырып ойноп аккан,
кыргыз менен казакка жаралдым деп
ортосунда  удургуп сойлоп аккан
эрке суумду кубалап ташка алышып,
өз нугуна жолотпой башкарышып,
жоо күткөндөй жолун  бууп  тургандары
казагыма кан болгон кайран суумду
кордоп жатат Кордойдун дунгандары,
кордоп жатат казактын дунгандары!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз