Нуралы Капаров: Мал доктурдун монологу
Адамдар жаман адамды өмүр бою оңогонго аракет кылат, а бирок адамдар жакшы адамды өмүр бою бузганга аракет кылат.
Автор
АҢГЕМЕ
Мындан көптөгөн жылдар мурун андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында жогорку окуу жайынан билим алып, алыскы райондорубуздун биринин “Прогресс” аттуу колхозуна келип жумушка орноштум. Кесибим мал доктур. Көптөр кызматтан кызматка көтөрүлүшүм керек, карьера жасашым керек деп жанталашып дос-тааныш издейт экен, менде андай оору жок. Жараткандын насип кылган нанын жеп, буюрган ишин иштеп, көрүнгөн тоонун башын эңсебей ушул “Прогресс” колхозунда биротоло орун-очок алып, мал доктурлук адистиги менен баш көтөрбөй иштеп келатам. Башчыларына да көнүп алдым, малчыларына да көнүп алдым. Мен аларды сыйлайм, алар мени сыйлайт. Мааданбек деп атыман айтпай Маке деп коюшат. Өзүмдүн туулуп-өскөн жеримде Мааданбек болсом, “Прогресс” колхозунун элине Макемин. Мен үчүн мындан өткөн сый-урмат барбы?! Албетте жок!
Чарбада бакылдаган мыкты чабаныбыз бар эле. Улуу-кичүүгө карабай бакылдап сүйлөчү. Бөтөнчө жалгыз-жарым эри жок келиндерди көргөндө баштагыдан да күүлөнүп-күчөп бар дүйнөсүн башына кийип алгансып бакылдап сүйлөөр эле. Алдындагы алкынып турган кара айгыры да өзүн тарткан. Жөн-жай учурда алып-учуп жөн баспаган кара айгыры капыл-тапыл алдынан чыга калган асый бээ көрсө , байтал бээ көрсө кош таноосун дердеңдетип, алеңгир көзүн аңтарылта чакыраңдатып, үстүндө карабашыл кары адам отурабы, жаш бала отурабы таңазарына алып койбой, тайсалдап-тартынып койбой, уялып-айбыгып койбой, айбандык каалоосу ачык эле кабынан чыгып, асый бээни көздөй, байтал бээни көздөй жулунуп-жулкунуп аңгырап-шаңгырап кишенеп жөнөй берерде “та-а-ак, атаңдын оозун урайындын айгыры десе!” деп оозундагы күтүрөгөн күмүш темир ооздугун таңдайына “тарс!” эткизип жабыштыра тарткан менен ошол асый бээни, байтал бээни сайдагы сууга сугарайын деп жетелеп бараткан жанында жандаган эри жок, ээрчиген баласы жок субай-салтаң сулуу келинди көргөндө Бакылдактын көкүрөгү өрттөнүп, көзү күйүп кара айгырынан кем эмес өзү да аңгырап-шаңгырап кишенеп жибергиси келер эле.
Бакылдак кара айгырга, кара айгыр Бакылдакка жарашып, бирөөсү ат үстүндө жулунуп-жулкунуп сүйлөсө, экинчиси ээсинин астында ала качып аңгырап-шаңгырап кишенеп, “баягылар келатат” дегизип кенедей айылды дүң түшүргөн бул экөө бүгүн да тоодон жакага бакылдап-шакылдап, аңгырап-шаңгырап түшүп келишип, чарбаны чоң кеңсесинде иштеген жетекчи жана жетекчи сымал мага окшогон кызматчы сөрөйлөрдү козу жеп кеткиле деп конокко чыкырып кетиптир. Оңбогон Бакылдактын жайыл дасторкон берешен жагы болгону менен адамга шек-шыбаа алдырбаган куу жагы да бар эле. Өтө катынсаак. Колхоздун бухгалтериясында Сайрагүл аттуу эри жок сулуу келин иштегени жаны жай албай, алды-артына түшүп, азыркы жаш бозойлордун тили менен айтканда... иле албай жүрөт... Айылдык жөнөкөй келиндерге көзү түшсө Бакылдак кыраан бүркүттөй эле кол салаар эле. Шаардан билим алып, шаардыктарча кийинип, шаардыктарча боёнуп-жасанып, шаардыктардай атыр жыттанган бул бийкечке кык жыттанган, кымыз жыттанган, жамачы шым кийген Бакылдак тең эмес экенин ичинен сезсе да, жүрөгүн өрттөп, көзүн күйгүзгөн сүйүү деген үмүтү зор балакет жетсең да жетишиң керек, жетпесең да жетишиң керек деп жанын жай алдырбай азгырып жатпайбы. Басса-турса оюнан чыкпаган Сайрагүлдү жок дегенде жалпы элдин шарданы менен өңүн бир көрүп калууга ашыгып турган Бакылдагым кеңседегилерди козу жеп кеткиле деп кайра-кайра тобу менен чакыра бергенинин бир себеби ушунда экенин бүт бардыгы билбесе да, бир азыбыз ичибизден билээр элек...
* * *
Жөөлөрү жөө-жалаңдап, ат мингени ат минип, машине мингени машине минип, конок десе колундагы чотун ыргытышкан кокуй күн таш көчүк бухгалтерлер, таңды-кеч талааны кыдырып кара шири болуп күнгө күйгөн агрономдор, мал санакта жүрүп башы маң болгон зоотехниктер, узунду күнү койдун көчүгүндөгү куртун терип, аттын жонундагы жоорун жууп, көк таш жыттаган сасык мал доктурлар... Деги койчу, кенедей кеңсебиздин босогосун жыртып, төрүн тебелеген адистерибиздин алды Бакылдактын тоо этегиндеги сарайына жетсе, арты кеңседен жаңы чыгып бараткан кези экен. Эртеден кечке отчет жазып, элдин эң артында калганыма карабай жетишип калайын деп кагаз-калемимди жыйыштырып коюп калдалаңдап шашып чыксам кеңсенин эшигинин алдында башына кайкайтып кара шляпасын, үстүнө кара костюм-шымын, бутуна кара жылтыр туфлийин кийип, көзүнө кара көз айнегин тартынган, төө куштай тартайган шыңга бой колхоздун Парторгу туруптур.
Кеңседен кимиси чыгаар экен деп күтүп тургандай түрү бар. Мени көрүп жандана түштү.
- Кайда? – деп калды.
- Бакылдактыкына, – дедим адатымча башымды кашып.
- Ат менен барасыңбы?
- Ооба, ат менен...
- Ат менен салпактап качан жетмек элең, машина менен эле чогуу барбайлыбы?
- Атты каякка таштайм?
- Кароолчуга дайындап, бастырманын астына байлап кой.
Парторукка кантип жок деп айта алам, макул дегендей башымды ийкегилеп мамыда байлануу турган атымды көздөй бастым...
Бу биздин Парторг жөн парторг эмес, чымыны бар парторг. Райондук гезитке ыр, аңгеме, макала жазат. Анысы калдайып кээде жарым бет, кээде бир бет болуп чыгып келет. “Ыя, Маке, бери келчи” деп мени элден бөлүп чакырып алат. Бирөө-жарым уруксааты жок үстүбүзгө кирип келбесин дегендей алдын-ала сактанып, тээ илгерки Сталин заманында чийки кыш менен салынган кеңсебиздин жедеп жаагы айрылып жакшы жабылбай кажып калган эшигин бегирээк тартып жаап, илгичин ичинен илип, бөйрөгү чыккан кара бапкесине бапестеп салып алган райондук гезиттин жаңы санын иш үстөлүнүн үстүнө жая салып, тартынган кара көз айнегин көзүнөн алып, кабагын бүркөп, жумшак отургучка көчүк басып олтурбастан үстөлүнө өбөктөй туруп алып өзүнүн кезектеги чыккан макаласын же аңгемесин менин көзүмчө дагы бир сыйра көпкө үңүлүп кунт коюп окуп чыгып, анан акырын мени көздөй жылдырып коёт. Бул анын окуп чыгып пикириңди айт деген ишараты. Мен да кунт коюп үңүлүп окуп чыгам. Жаштайыман орус, кыргыз классик жазуучуларынын чыгармаларынын тишин чагып окуп чоңойгон мага окшогон адабият күйөрманына эзели бир чыгарманы аягына чейин чыгара окуп көрбөй жазуучу болгонго далалат кылган Парторгдун чыгармасы да кеппи? Көпчүлүк учурда көңүлүмө толбосо да көңүлүн көтөрүп мактап коём. Менин адабий чыгармалар боюнча айткан-деген пикиримди өзгөчө жогору баалаган Парторг оозуман жакшы пикир уккан күндөрү ичкери кирсе кенедей кеңсеге, сырткары чыкса килейген көчөгө дардайып батпай асманды бир тиктеп, жерди бир тиктеп келечекте жазылчу чыгарманын толгоосун тартып ары-бери ойлуу басып калат. Такай эле мактай берсем кошоматка кой союп калп мактап жатат деп шектенбесин деген ойдо: “Мунуңуз мурдагы чыккан чыгармаңыздын деңгээлине бир аз жетпей калыптыр” деп сындап да коймой адатым бар. Сын угуп чыгармачылыктын ызасын тарткан күндөрү Парторг кеңседеги кабинетинин эшигин бек жаап алып, күнү бою сыртка чыкпай чыгармачылыктын чыныгы түйшүгүн жана айткан сын-пикиримдин ызасын тартып узанат.
Ошентип Парторг экөөбүз элдин эң артында Бакылдактыкына машина менен жөнөп калдык. Бөксөдөн бөксөнү, коктудан коктуну которуп олтуруп өр таяп Бакылдактын сарайына чукулдап калганыбызда апта бою ачуу тийген күндүн табына туруштук бералбай көлкүп ээриген ак мөңгүнүн жапайы суусу жолу жок жерден жол таап, нугу жок жерден нук таап демейде какшып жаткан какыраган сайдын шаңын да, чаңын да чыгарып, аркы жээкке бир урунуп, берки жээкке бир урунуп, тарам-тарам, айрык-айрык болуп үчкө бөлүнүп күкүктөп агып жатыптыр. Эки тарамы өкүрөңдөп күчтүүрөөк, аркы четки үчүнчү тарамы жайыраак, тайызыраак акканы менен жээгин жар кылып жеп кетиптир. Машина менен уруп-салып күү менен өтүп кеталчудай эмеспиз. Кандай кылсак деп суу жеп кеткен аркы жээкти бир карап, суу жайпап аккан берки жээкти бир карап бир топко эсеңгиреп туруп калдык. “Урушта туруш жок” дегендей Парторг кантип өтсө антип өтсүн дедим да бала кезден мындай агындуу суунун далайын жылаңайлак-жылаңач кечип көнгөн жаным бутумдагы батинкемди, байпагымды чечип, байпагымды батинкемдим ичине тыгып, батинкелеримдин боолорун байлаштырып мойнума илип, шымымды чечип үч бүктөп колтугума кысып “быссмылда!” деп бала кезден оозуман түшпөгөн быссымылдамды айтып өкүрөңдөп-өркөчтөнүп аккан суунун биринчи айрыгын кечүүгө белсенип кирип баратсам:
- Маке, токтой турчу! – деп Парторг кол жаңсап токтотуп калды. Жаныма чукул басып келип:
- Мен муздак суу кеччү эмес элем. Бутум кызыл жүгүрүк . Орусча айтканда ревматизм менен ооругам. Эгер айып этпесең мени да көтөрүп өткөрүп койбойсуңбу, - деп өмүрүндө биринчи жолу менин алдымда уялып жаш баладай жер карап сүйлөдү.
- Сиз шашылбаңыз, мен тиги жээкке чыгып алсам Бакылдактыкына барып ат жөнөтөйүн. Ат менен эле өтүп алганыңыз оң, - десем кайрадан жаш баладай жер карап кыйылып сүйлөдү:
- Конокко чакырганы аз келгенсип, эми атыңды бере тур деп кыйнайлыбы?
Мен жердигинен адамдын өтүнүчүнөн моюн толгобогон тил алчаак, элпек жанмын. Бала кезимен кара нан менен кара жармага тоюп, кара жумуштун катыгын берип кабелтең-карылуу болуп өскөн бала элем. Ушул шыргыйдай болгон узун, арык неменин канчалык салмагы бар дейсиң деген теңсинбеген текебер ой менен баштан-аяк бир карап алдым да:
- Макул! – деп жибердим.
Суу жээгине туруп, тетир карап далымды тоссом, кубанычы койнуна батпай кудуңдаган Парторг бир аз артка чегинип барып, анан алдыны көздөй күүлөнүп чуркап келип секиргенде далыма келип “шак!” этип жабыша калбай, мойнума келип “балп!” этип олтуруп калса болобу! Бул итибайыңдын кылаары ушу. Моюн турса далыга жабышабы, түз эле моюнга минет да! Моюнга минип көнүп калган неме да. Мойнуңга мингенди жакшы көрөт да!” деген ойноок ойлорду ойлоп келатып жөндөн жөн күлкүм келип, күлүп жибербейин деп күлкүмдү тыйа албай келатып мүдүрүлүп жыгылып кете жаздадым. Мойнумда кылтылтап араң келаткан Парторг:
- Маке, этият бас! – деп эскертип койду. Этият баспай анан! Парторгдун буту кызыл жүгүрүк болсо, этият баспаганда кантип басмак элем. Биринчи айрыктан аман-эсен өтүп, экинчи айрыкка кирдик. Парторгдун көчүгү жумшак го десем жалаң эле шагыраган эле сөөк экен, мойнума өтүп кетти. Экинчи айрыктан аман-эсен өтүп, үчүнчү айрыкка кирдик. Үчүнчү айрыкты ортолоп өтүп калганымда самын таш басып алдымбы же бир көчүгү бош коңул таш басып алдымбы, ким билсин, эки бутум чалыштап эт-бетимен мүдүрүлүп жыгылчудай болуп баратканымда: “Өлсөң өзүң өл, өзүм аман-эсен чыгып кетсем болду” дедиби, айтор шордуу мени аяп койбой кара мышыктай түйүлүп эки буту менен эки ийниме тура калып, кара ташты тээп жээкке секиргендей, кара башыл мени эки ийинге тээп жээкке секиргенде өкүрөңдөп аккан суунун түбүнө чейин чөгүп барып бөтөлкөнүн пробкасындай “булт!” этип сыртка атып чыктым. Үстүмдөгү ич кийимим да, колтугума кысып алган сырт кийимим да, мойнума илип алган батинкем, батинкемдин ичиндеги байпагым да сыгып алма шөлбүрөгөн суу болуптур. Кайра артка кете берейин десем минип жүргөн атым жок, Бакылдактыкына бара берейин десем которунуп киер кийимим жок. Айлам куруп, эмне кылаарымды билбей бир орунда дал болуп туруп калдым.
- Маке, эч кейибе, үстүңдөгү көйнөгүңдү, ич кийимиңди чеч, колтугуңдагы шымыңдын бир учун келе бери мага сун, экөөлөп сыгып жиберели, – деп акын Парторг, жазуучу Парторг, журналист Парторг улуу башын кичик кылып өзү эпилдеп-жепилдеп жатса, жашы да улуу, кызматы да улуу Парторгдун мындай кичи пейил жылуу-жумшак мамилеси эт-жүрөгүмдү жылытып жиберди. Чын эле суу болгон кийимимдин суусун сыгып кийип албаймынбы, анын эмнеси уят, эмнеси намыс? Же мен биринчи жолу суу болуп жаттым беле? Далай жолу жайдын нөшөрлөп куйган, чакалап куйган, куюндап куйган жамгырынын астында калып, сыгып алма суу болуп ушул эле Бакылдактыкына, Исаныкына, Бегимайдыкына кире качкан күндөрүм көп болгон. Ошол чабандардын дуулдап күйгөн мешине далай жолу далымды кактап, тиземди кактап, денемен, төбөмөн, кийимимен чыккан көк буу тешик таппай боз үйдүн ичин айланта чуркап, качан гана чабандардын катындары сыртка чыга калып, түндүк жабуусун ачканда гана Окторкой жайлоонун коктусунда уюп жаткан туманга жин тийгендей үй ичиндеги денемен чыккан бууга жел тийип, түндүк аркалуу “дуу!” этип обого көтөрүлүп, булут болуп булайып көктү карай учуп кетчү. Суу болгон кийимимди Парторг өзү сыгышам деп жатса анын демилгесине жанданмак түгүл шердене түштүм. Бай колхоздун килейген аттуу-баштуу Парторгу менин талаа-түзгө кийген жаман шымымды сыгышам деп жатканы мойнума мингизип суудан өткөргөн сыйыман да алда канча жогору сыйдай сезилди мага.
Энеден туума жылаңачтанып, суу болгон кийимдеримди ортого таштап коюп, четинен бирден алып экөөлөп сыга баштадык. Сыкканда да кандай сыктык дебейсиңби?! Чарбанын Башкармасы менен Парторгу тартип бузган адистерди жыйналышка салып, экөө эки жагына олтуруп алып көз кысышып сыккандай: өпкө-боорун куушуруп, ичек-кардын оролтуп-буралтып үзүлүп кеткиче сыккандай сыктык. Бир эле сыгып тим болбой: “Ии дагы... дагылап...” эки багалеги эки талаадай далдайган шымымды аргамжыдай ичкертип бууркандатып бурап сыктык. Кер кашка айгырымдын тери сиңген, курттаган койдун көчүгүнө салган көк таштын жыты сиңген, жоордун жыты сиңген, кык жыттанган, чыла жыттанган шымымды сыккан сайын кара суу агып, күрөң суу агып, сары суу агып, узун-туурасынан айрылып кеткиче, тигишинен сөгүлүп кеткиче кайра-кайра дагылап ыйынып-ычкынып сыктык. Жумуш кызып турганда жумушту таштап салып, керээли-кечке бой келиндер мнен арак ичип, вино ичип, оюн-күлкүдөн башы чыкпаган чарбанын башкы ветеринар врачы кайра-кайра айлаларын кетиргенде айласы кеткен Башкарма менен Парторг ортого алып өтү жарылгыча өкүртө сыккандай, чыбыгы буралып түбүнөн жулунуп кеткиче туйлатып сыккандай сыктык.
- Апамды капыл-тапыл конокко чакырып калышса кургабаган көйнөк-дамбалын сайдын ташына чапкылап атып кургатып кийип кетчү эле, сен да ташка чаап кургатып көрсөң, – дегенинен жарымы кара жерге матып, жарымы сороюп сыртта калган соку ташка көйнөк-шымымды чапкылап эле жатып калдым.
- Ич кийимиңди ыргыт да, сырт кийимиңди эле кийип ал, - деп Парторгдун айткан акылына аң-таң болуп түшүнө албай туруп калдым.
- Өз дене-табыңдын энергиясы менен эки кат кийимди кургаткан оңойбу же бир кат кийимди кургаткан оңойбу? Ичиңде ич кийимиңдин бар-жогун ким көрүп, ким билип коюптур. Турсий, майкеңди алдагы жолдун жээгиндеги калың куурайдын арасына ыргытып жибер! Кийин өзүм сатып берем, – дегенинде гана Парторгдун айткан акылынын түп маанисин түшүнүп жатпаймынбы.
- Кана, көйнөк-шымыңды кийип көрчү, - деп Парторг суусу кайткан менен шалбырап нымы кайта элек шым-көйнөгүмдү шалп эткизип алдыма таштады.
Бу жалган дүйнөдө ным болгон көйнөк-шымды кийиш азаптын азабы эле эмес, тозоктун тозогу экенин ошондо билип жүрбөймүнбү. Адегенде көйнөктөн баштадык. Быссмылда деп оң колду оң жеңиме салсам жабышып жылбайт, сол колумду сол жеңиме салсам сол колум жылбайт. “Ии дагы, дагы!” - деп жатып Парторгдун жардамы менен эки жеңимдин учунан эки колумду эптеп чыгардым. Кантсе да Парторг көптү көргөн тажрыйбалуу адам эмеспи, далыма жабышып түрүлүп калган көйнөктүн жакасын өйдө, этегин ылдый тартып жатып кургак кезинде далбактатып жел үйлөп жүргөн көйнөгүмдү ным кезинде денеме жабыштыра чыпыйтып кийгизип койду. Шымымды кийгендеги окуям деле көйнөгүмдү кийген окуяга окшошуп барып аяктады. Балтырыма оролуп жабышып жылбаган шымымды: “И-и, дагы, дагы, дагы тарта түш!” деп жатып кара костюм-шымчан, кара шляпачан, кара туфлийчен, кийген кийми купкургак куркуйган Парторгумдун коштоосунда, сүрөөсүндө нымы кайта элек шымыма өзүмдү өзүм зорго дегенде шыкап атып батырдым.
* * *
Коноктор күүсүндө экен. Дуулдап кызып алган коллегаларым: “Сууга ченебей жыгылыпсың, алдагы суу кийимиңден суук тийип ооруп калба!” дешип кырдуу зор стаканга баса куюп эки ирет удаама-удаа алдырып жибергенде териси күдүрөйүп жыйрылып турган денем бир заматта ээриген коргошундай көлкүлдөп, таманыман төбөмө чейин дуулдап ысып чыктым. Кырк градус кыйкырган ысык арак муздап турган ичеги-карынымды каарып өткөндө кызыл өңгөчүмөн ашказаныма, ашказаныман он эки эли ичегиме тызылдап буту үзүлгүчө чуркап барып токтогонун, чуркап эле тим болбой, жолду ката оңго-солго бурулуп, чет-четинен майда-чоң кан тамырыма сойлоп кире качып, бир даары ичеги-карынымды курулдатып, бир даары чайыттай ачык мээмди тумандатып чаң салып баратканын кадимкидей туюп турдум. Айтылып-айтылбаган он эки мүчөм тең нымшып, башыман да, далыман да, саныман да көк буу көтөрүлүп, Бакылдактын боз үйүнүн түндүгүнөн түтүн чыкпай эле менин денемен бөлүнгөн көк буу кадимкидей каалгып көтөрүлүп чыгып турду окшойт. Өнө боюма чапталышып жабышкан көйнөк-шымым улам убакыт өткөн сайын баштагыдай жүдөтүп-какатып жабышпай, денем дуулдап ысыган сайын көйнөк-шымымдын нымы кайтып, алешем кургаган көйнөгүм кадимки көйнөктөй далбактап, шымым кадимки шымымдай балпактап кетпесе да, көйнөк-шымым менен денем бири биринен акырындан алыстап ажыраша баштагансыды. Бирок дагы эле көчүгүм нымды сезип, ай далым бууну сезип, ичи-тышымдын ыңгайсызына карабай, калың эл каткырса кошо каткырып, калың эл тынчыса кошо тынчып сыр билгизбей олтурдум.
Бакылдак бакылдаганындай эле бар экен. Сырттан үйгө тамак менен арактын түрү тынбай кирип турду. Отуруш ортолоп калганда тамагын жөн жебеген, арагын жөн ичпеген коллегаларым тост айтып жеп-ичели деген балакетти ойлоп таап, алгачкы тостту аксакал деп Парторгго бере салышса болобу. Тост айтып жаткан парторг кантсе да сөзгө чечен экен, Бакылдакты ишенимдүү далилдер менен жерге-сууга тийгизбей мактагандай болсо сүйгүсү келбей сыртын салып тоңдоосун олтурган Сайрагүлдүн эт-жүрөгү эзилип, ошол эле жерден Бакылдактын мойнуна асылып сүйүп-күйүп жатып калгыдай деңгээлде мактады.
Бакылдакты мактап бүткөндөн кийин бозүйдүн оң жак босогосунан сол жак босогосуна чейин кыдыракей кызымтал бажырайып олтурган коллегаларымдын ар бирине токтолуп мактап келаткан Парторугум нымы али толук кайта элек көк көйнөк менен күрөң шымымдын көк буусуна оронуп олтурган мени көпкө тиктеп туруп калды да, Парторугуң менен памыран калгыр, “жылаан чакпай, жылкы теппей” көчүгүн карай артка кетсе болобу!
“Мен Макемен кечирим сурайм!” деп баштаганда эле бул сөздүн түп маанисин түшүнө бербеген коллегаларым аң-таң болгонсуп жапырт мени карады. Бир балакет сөздү баштап баратканын сезген жаным “ай-буй!” деп бөлөк сөзгө алаксытып буруп кеткиче болгонун болгондой чыпчыргасын коротпой айтып салбадыбы! “Мойнуна минип келатканымда...” деп айтпадыбы! “Жонуна...” деп койсо өлөбү! “Мени мойнуна мингизип өткөзөм деп келатып сууга жыгылганы үчүн кечирим сурайм!” дегеничи. Андан бирөө кечирим сура деп жарга такап жаткансып, ортодогу сырдын ойронун чыгарып ортого төгүп таштабадыбы! Бул сөздү укканда баятан бери суук тийип калбасын деп боору ооруп удаама-удаа алдырып олтурган коллегаларымдын боору таштай катып, жылмая караган иреңдери итирейе түшкөнсүдү. Жакшы көргөндөрү жаман көргөнсүп, жаман көргөндөрү сүйүнгөнүнөн ачык эле хахалап каткырып “ой-бойлоп!” боорун тырмап жыгылса болобу!
Ооба ошондой... Өзгөчө менин түздөн-түз жетекчим - чарбанын Башкы ветврачынын табаасы кангандай эч кимдин табаасы канган эместир. Балжайган сары бетти үйлөп койгон табарсыктай топтоголок топ болуп жарылгыча, жалжайган жалаяк оозу эки кулагына чейин керилип айрылганча, чалкасынан бир кетип, көмкөрөсүнөн бир кетип, отурган жеринде оонап каткырды...
* * *
Конок болдук, коноктун эртеси да болду дегендей, кызыктын баары ошол эртесинде башталды. Эки кишинин башы кошулган эле жерден шыпшынышып шыбыраган үндөр, кыбыраган ооздор, кылыйып караган көздөр.. Бухгалтерияга кирсем бухгалтериядагылар... Агроному, зоотехниги, бригадири да соо эмес... Камчы сабынын учу менен мен тарапты көрсөтүп “дуу!” каткырып калгандарын байкайм. Атканага кирсем атканадагылар... Чөпканага кирсем чөпканадагылар... “Ал бир айбан да!”, “Парторгду мойнуна мингизип алып жагынам дегени да!”, “Макоонун макоосу да!” “Намыс-ары жок ит да!” деген күбүң-шыбың сөздөрү күндөн-күнгө көбөйө берди. Кандай болгон күндө да мен аларды ушак сөзгө жыргаттым. Карышкыр жаш этти, жылуу канды эңсегендей көптөн бери баса калып сөз кылаар ушак сөз жок, ушакка ылайык жаңылык жок бечаралар чүнчүп кетишти эле, какшыган чөлгө капылет суу келгендей жаңы ушакка жандары жыргап эле жатып калышты. Эскире элек, муздай элек жылуу ушакка тумшуктарын түбүнө чейин терең малып тунуп эле калышты. Жаңы эле бышкан ысык палоону, кесмеси менен чыгын жаңы эле аралаштырган ысык бешбармакты ортого коюп алып сен ал, мен ал болушуп өзөгү карарып ачка болгон адамдай алаа-шалаа түшүшүп сугалактык менен сугунуп жатышты. Алардын кеңседе айткан, атканада, чөпканада айткан ушагын, орой айтканда уруп ойноймунбу! Тоготуп да койгон жокмун, теригип да койгон жокмун, чым этип да койгон жокмун. Кара жанымды карч уруп иштей бердим. Менин теригип койбогонум, тоготуп койбогонум аларды аябай жүдөттү. Уялып, жалтайлап тоготкон болсом, итиреңдеп териккен болсом, атаганат аябай жыргашат эле да! Алар иш дегенди унутуп, бул дүйнөгө эртеден-кечке, кечтен таңга чейин ушак үчүн келгендей, ушак айтышып, ушагы түгөнсө, жеп жаткан наны түгөнгөндөй, шимирип ичип жаткан суусундугу карайлатып түгөнгөндөй жер-сууну шимшилеп жаңы ушак издеп жөнөшөт. Бул кеңсе дегениң ушактын ордосу, ушактын мекени. Мурда эки эселеп иштесем, мен жөнүндө ушак күчөгөнү үч эселеп иштей баштадым. Алар эмнени түшүнүп, эмнени билип коюптур. “Кошомат! Кошомат!” деп коюшат. Мен өзүмдүн шөлбүрөп суу болгонума күйүнбөй, Парторгдун кызыл жүгүрүк буту муздак сууга тийбей кургак чыгып кеткенине сүйүндүм. Кызыл жүгүрүк деген оору кандай коркунучтуу оору экенин мендей адис доктур болбогондон кийин алар кайдан түшүнсүн. Билген намазын окуй беришсин деп мен аларга кол шилтеп койдум. Себеби мен жаман-жакшынын, оору-соонун кадырын айттырбай түшүнгөн жанда жок элпек, боорукер, адаммын. Улуу жумшайбы, кичүү жумшайбы макул деп кыйыктанбай жумшаган жагына кете берем. Ак жумуш болобу, кара жумуш болобу катыгын берип иштей берем. Жумшалган сайын жумшалгым келет, иштеген сайын иштегим келет. Куу токум малчылардын ылжырап эзилип калган атынын жоорун жууган, кыжылдап курттап кеткен коюнун көчүгүндөгү куртун бирден терген, кепич болуп өсүп кеткен туягын бирден жонгон, аксагын айыктырам деп салаасына көк таш салган, ичиндеги куртун түшүрөм деп оозуна көк таштын суусун куйган, уюнан кан алган, көтөрүм болуп калгандарына кан куйган, кара беде, чытыр чөп жеп ичи көөп жыгылган уйларынын кардын жарып богун чыгарган, чакалайын, бруцеллёзун, кара санын айыктырган, таңдан кечке ылай кечкен, бок кечкен, чыла кечкен, жумуштан башканы башы бошоп ойлоп койбогон элет жериндеги жогорку билимдүү карапайым мал доктурумун! Бутунун кызыл жүгүрүк оорусунун айынан суу кече албай жалдырап турган Парторгду мойнума мингизип суудан өткөрүп койгон жакшылыгыма кайдагы ар-намыс кирип кетиптир! Ошол төө куштай тартайган Парторугум бүгүн да мойнуңа мингизип өткөзүп койчу деп суранса, бүгүн да өткөзүп коюуга даярмын!
Мен ушундай жаралган адаммын, көтөр десең көтөрөм, сүйрө десең сүйрөйм, жаткыр десең жаткырам. Мен бирөөгө жасаган жакшылыгымды жумуш деп эсептебейм, кандай гана жумуш жасабайын мен аны кошомат деп эсептебейм, өзүмдүн жумушумду да, өңгөнүн жумушун да башым менен башмалдак атып, жан дилим менен жасаган адаммын.
Баятан бери Парторг, Парторг деп буту кызыл жүгүрүк Парторгду айта берип өзүмдүн башым ооруганы аз келгенсип, силердин да башыңарды оорутуп жибердим окшойт. Парторгкго кылган жакшылыгым - ал бир көп жакшылыгымдын бири деп эсептеп койсоңор болот. Чарбада Парторгдон кем эмес Башкарма деген залкар жетекчи бар. Ага жасаган жакшылыгымды санап олтурсак сан жетпейт. Чоң деп ошону айт! Колундагы кызматы да чоң, көлкөйүп көлөмү да чоң! Жарыктыктын көлөмүнүн зор экенин ушундан билиңиз, жуунса колу далысына, заңдаса колу көчүгүнө жетпейт.
Башкарма жумасына бир ирет мончого түшөт. “Маке, жүрү мончого!” деп мени ээрчитип алат. Самынды боржоктотуп эзип далысын жышам. Колтугунун, чатынын жүнүн тасырайтып кырып берем, колунун, бутунун тырмагын тыпырайтып алып берем...
- Рахмат сизге! – деп башкарма рахматынан жазбай кайра-кайра рахматын айтат. Улуу кишинин ыраазычылыгынан өткөн бул дүйнөдө асылбаа эмне бар?!
Бул биздин чөлкөмдө башкармадан өткөн маданияттуу адам жок. Башкарма бешиктен бели чыга элек балага да, беш бүктөлүп басалбаган карыга да “сиз” деп кайрылат. Адегенде кулагыбызга өөн учурачу. Бара-бара көнө баштадык. Көнмөк түгүл биз да бири-бирибизге “сиз” деп кайрылчу болдук.
Биз канчалык “сиз” деп сүйлөбөйлү, “сиз” деген сөз башкармага гана жарашып тургансыйт. Анын “сиз” деген сөзү биздикиндей ооз учундагы кургак жел менен каткалаң чыкпай көкүрөк тереңиндеги жан дилинен көмөкөйгө жылуу дем менен көтөрүлүп, көмөкөйдөн ооз көңдөйүндөгү отуз эки алтын тишин бир сыйра айланып аралап келип, анан гана кашкайган кашка тишине жумшак урунуп, андан соң асты-үстү жука эриндери сыйда ачылып “сиз” дегенде адаттан тыш көңүлүңдү жибитип, жагымдуу, жылуу угулат.
Башкармабыз маданияттуу гана жетекчи болбостон куу, митайым жетекчи. Кимдин кандай экенин көзүнөн тааныйт, кууга кууланып кеп айтат, макоого макоо сыяктанып анткорлонуп кеп айтат. Жарыктык, ким болбосун алдаса алдаар, бирок эзели бир да жанга алдатпайт. Бу “Прогресс” колхозунун эли да башкармадан башкага ишенбейт. Эрди-катын урушса да, эки коңшу чабышса да датын айтып башкармага барышат. Алардын айткан-деген кебин муюп угуп, калыс чечип коёт. Кагышкандар табышып, чабышкандар жарашып аягы жакшылык менен бүтөт. Бул аймактын эли сот, прокурор, милийса дегенди билбейт. Алардын соту да, прокурору да, милийсасы да мынабу узунду күнү көчүгү отурган үстөлүнөн өйдө көтөрүлүп койбогон бука моюн, кап курсак башкарма. Алдындагы аялы кантип көтөрүп келгенин ким билсин, жок көтөрө албайт дейин десең жакшы эле көтөрөт окшойт, эки жылда бирден чууртуп туудуруп келатат. Демек көтөрө алат деген белги да, бирок башкарманы чарбанын бир да аты көтөрө албайт, этинин оорунан казча майпаңдап баса албай калган башкарма баарыбызды кеңседе олтуруп алып башкарат. Башкарганда да кандай башкарат? “Сиз” деп сылык сүйлөгөнү менен кабагын катуу түйүп, каардуу сөзү менен жапшыра жайлап, карылуу колу менен капшыра кармап, каны-жаныбызды сыгып башкарат. Бирок башкарма мен үчүн жакшы адам. Башкарма иштеген адамды жакшы көрөт. Башы менен башмалдак атып, төбөсү менен жер казып иштеген адамды сыйлайт, кадырлайт.
Мен баарына көнгөн адаммын. Сөксө кыңк этпейм, мактаса былк этпейм. Ден-соолук маселесине келгенде адамды адамдай, айбанды да адамдай караган чектен чыккан боорукер, чектен чыккан жөнөкөй, чектен чыккан карапайым байкуш жанмын. “Малды дарыласа эле Макем дарыласын” дешип эл оозуна алына баштадым. Баарынан таңкалыштуусу коңшу айылдын эли да өзүнүн мал доктурун чакырбай мени чакырышчу болду. Жок демей жок. Күн чакырса күн барам, түн чакырса түн барам. Элдин малынын саламаттыгы да менин мойнумда, колхоздун малынын да саламаттыгы менин мойнумда. Баары жакшы көрөт. Баары мактайт. Башкармам да, Парторгум да, коңшу-колоңум да, жада калса душмандарым да мактайт. Канчалык макташпасын, канчалык жакшы көрүшпөсүн ким-бирөөнүн көзүнчө көтөрүлүп сүйлөй албай койдум, көзүм тумандап көбө албай койдум. Мени кимиси качан, кайсы жерден көрбөсүн төбөсүндөгү суур тумагынын тең жүнү түлөгөн, үстүндөгү көөнө палтосунун тең топчусу тагылбаган, боосу үзүк батинкесин жумшак сары зым менен эптеп толгоп байлап алган, алы жеткен да, жетпеген да иштин баарын мойнуна илип алган менден – мал доктур Мааданды көрүшөт.
Бир гана адам мактабайт. Көзүндө огу болсо атып салайын дейт. Жер менен жексен кылып тебелеп-тепсеп салайын дейт... Ал менин башкы ветеринар врачым. Менин түздөн түз начальнигим. Өзү жанда жок көйрөң жигит. Сырттан караган адамга тим эле күйүп-бышып иштеп жүргөн адамдай түр көрсөтөт. Чын-чынында бүтүргөн бир тыйынчалык иши да жок. Оордун үстү менен жеңилдин асты менен жүргөндү сүйөт. Жалкоо дейин десең, өзү үчүн өлүп-талып чуркаган күжүрмөн, колхоздун ишине келгенде кыйды, кежир, жалкоо. Кайдан-жайдан үйрөнгөн өнөр экенин билбейм, адаттан тыш катынпоз. Колхоздун жумушун жыйыштырып салып күнү-түнү жортуулда. Кайсы бир жазуучу айткандай күйөөсү ооруп өлгөн, сууга агып өлгөн, асынып өлгөн, атынып өлгөн келиндердин артынан калбайт. Же бир жигит сыяктанып тандап койсочу. Жашына да карабай, өңүнө да карабай колго урунганын “четтен кырып” кете берет. Качан болбосун түнкүсүн уйкудан калып, күндүзү көзү шишимик тартып, “а” десең “б” деп мээси тегеренип, деңдароо болуп жүрөт. Башкы ветврачтын бул кылыгын Башкарма билбейт дейсиңби, балакеттей билет.
Колхоздун активдеринин арасында ар күнү эртең менен бир ирет, кечкисин бир ирет өтүп турчу наряд деген желмогуз жыйын бар. Башкарма эртең мененки нарядда жасай турган ишибиз тууралуу тапшырма берсе, кечки нарядда аткарган ишибиздин отчетун угат. Адегенде агрономдон баштайт, анан зоотехникке өтөт, эң артында ветврачты суракка ала баштайт.
- Уйлардан качан кан аласыңар? – дейт Башкарма Башкы ветрачты сурданып карап.
- Ушул жуманын аягында алабыз, – дейт ветврач.
- Эмне үчүн? – дейт Башкарма.
- Райондон керектүү шаймандар келелек, - дейт Башкы ветврач.
- Керектүү шаймандардын келгени качан? – дейт Башкарма таң калып. Башкарма бираз ойлонуп отуруп калат да, кана сен жооп берчи деп жөн ветврач мага кайрылат. Мен чапкан аттай шатыратып такалбай жооп бере баштайм. Райондон шаймандар эбак келгенин айтам, уйлардан кан алганыбызга үч күн болгонун айтам...Анан алым-сабак суроо-жооп улана берет.
Шарп оорусуна каршы уйларга ийне сайып жатасыңарбы деп сурайт, ооба сайып жатабыз дейм. Койлордун бруцеллёз оорусуна каршы сая турган ийнеңер эмне болду деп сурайт, аны да сайып жатабыз дейм. Ийне салына элек канча короо кой калды дейт, алты короо кой калды дейм. Башкарма суроо бере берет, мен такалбай шатыратып жооп бере берем. Кудайдын куттуу күнү таң эртеден кеч күүгүмгө чейин кара жанымды сабап иштегеним колхоздун иши болсо, кантип анан жооп бере албай калайын. Башкарма чын-чынында акылдуу, куу эле эмес, кыраакы да адам. “Эй башкы ветврач, колхоздун жөн врачы билген жумуштарды сен билбей кайда жүрөсүң? Эшек такалап жүрөсүңбү?” деп көпчүлүк учурда колхоздун активдеринин көзүнчө уяткарып катуу айтпайт. Атүгүл айрым жыйында Башкы ветврач барбы-жокпу таңазарына да алып койбой, жөн ветврач мени менен гана баарлашып, мага гана суроосун бере берет. Мен болсо адаттагыдай жообумду такалбай айта берем, Башкарма болсо билген менин жообум менен иш билбеген Башкы ветврачты тирүүлөй көмө берет.
Бул иш билбеген Башкы ветврачты Башкарма эмнесине кызыгып кармап жүрөт, түйүнчөгүн түйүп колуна карматып, көчүккө бир тээп айдап жибербейби дегендер да болбой койгон жок, болду. Колхоздо иштеген дос-тамырларды илгиртпей изилдеп жүргөн кыйындар да болот эмеспи, ошол кыйындардын айтуусуна караганда Башкы ветврачтын бакыйган колдоочусу борбор калаада олтурат имиш...
Кудуреттүү Кудай ар кимибизди ар кандай жараткан да, туурабы? Башкарманы ишти уюштурганга, тескеп-текшергенге, мени кызылдай мээнет менен иштегенге жараткан. Иштен ырахат алгандай мен эч нерседен ырахат алалбайм. Башкы ветврач ойноп-күлгөндөн, өзүнөн чоңураак чоңдорго кошомат айткандан, кол алдындагыларды тебелеп-тепсеп, ата-жотосун койбой сөгүп-саккандан, шылдыңдагандан ырахат алат. Ал мени жегиндей көрөт. Мен иштеген сайын анын кыжыры кайнайт. Иштебе деп түз айталбайт. “Эй, ал ишти азырынча коё тур, андан көрө бул ишти жаса!” деп керектүү иштен керексиз ишке бургусу келет. Унчукпайм. Ооба сеники чын демиш болуп коюп керектүү ишти жасай берем. “Эй, сага канча айтам!” деп көзүнүн чаары чыккыча жинденип кыйкырганына карабай, кайрылып каяша айтпай, каршы сүйлөбөй керектүү деген иштерди баштагыдан да эки эсе күчөп, үч эсе күчөп өзүм билгендей иштей берем. Ал мени көзүм жок жерде “Айбан” деп коёт. “Баягы Айбан кайда жүрөт, тезирээк тапкыла!” деп менден бөлөк ветврачтарга, санитарларга кыйкырып жатканын кеңсенин ичинен да, сыртынан да далай жолу кулагым чалган. Терикпейм. Теригип эмне кылам. Жараткан кудайым аны ошондой жараткан да. Чын-чынында ага да кыйын болду. Мен аны күнү-түнү тыным албай күжүлдөп иштей берип иштебеген аны жүдөтүп жатпаймынбы. Менин иштеген ишиме карап Башкарма да, Парторг да жакшы көрүп жатпайбы. Менин кадырым өскөн сайын жарытып иштебеген, иштегенди жегиндей көргөн Башкы ветврачтын кадыры төмөн түшүп жатпайбы. Баарынан да ушул шөлбүрөп жүдөп кийинген жөн ветврачка бакыйган ордумду тартырып жиберемби деп коркуп жатпайбы. Башкы ветврачымды аяп өзүмдү өзүм токтоюн деп, азыраак иштеп көрөйүн деп көп эле аракет жасап көрдүм. Токтой албай койдум. Иштеген сайын иштегим келет. Жүгүргөн сайын жүгүргүм келет. Аксак койлорду дарылаганга, кан алганга, ийне сайганга, жоор жууганга, сакоо жарганга, курт тергенге тим эле чымын-куюн болуп шашылып жүгүрөм.
Башкы ветврачымдын оюнда эмне бар экенин ким билсин, башкалар мени мактаган сайын өңү кара көк тартып, итатайы тутулуп, обу бар ишти да, обу жок ишти да мойнума жүктөп ойго да, тоого да тындырбай кубалаган адат тапты. Тим турамбы, ишке ашпайт деп тапшырган ишин да ишке ашырып, ишке ашчу ишин да ийине жеткире ишке ашырып, ал менин айламды кетирбей эле: “Кана дагы кандай жумушуң бар!” деп шаштысын алып демитип мен анын айласын алты кетирчү болдум.
Бир күнү Башкы врач адатынча итатайы тутулуп ачууланбай, жаркылдап күлүп-жайнап тосуп алды. Анын мындай жаркылдап күлүп-жайнап мамиле кылганына көнбөй да калыптырмын. Буга эмне болгон деп адегенде таң калдым. “Бул деле адам да. Ачуусу келген учуру болот, күлүп-жайнаган учуру болот, анын эмнесине таң калам”деп ичимен кайра өзүмдү өзүм зекип койдум.
- Эми айланайын Мадаке, райондун чоң ветврачтарынан чоң тапшырма келди. Ал ишти өзүң гана ишке ашырбасаң башкалардын колунан келчү иш эмес, - деп адаттан тыш олуттуу сөз баштады.
- Атайын тапшырма берилип жатса аткарабыз да, – деп адатымча мурдумдун учу менен күңк этип койдум.
- Өзүң билесиң жылдан-жылга малдын көк мээ оорусу күчөп бара жатат. Борбордогу окумуштуулардын айтымына караганда эдитиот вирусу итти заңында болот экен да, ал иттен малга жугат экен. Тез арада малчылардын итинин заңын чогултуп, райондун ветеринардык станциясынын лабораториясына өткөргүлө деп катуу талап коюп жатышат.
Мен бир аз таңгала түштүм. Андай ишти чын-чынында чабандар өзү аткарчу. Дегеле бул маселе боюнча ветврачтардын башы ооручу эмес.
- Андай ишти чабандар өзүлөрү аткарчу эмес беле? – деп өмүрүмдө биринчи жолу өзүмдүн начальнигиме дароо макул болбой артка кетенчиктеп чегиндим.
- Жо-жок. Аларга ишенгенге болбойт. Оңоюна качырып айылдагы туугандарынын байлануу турган иттеринин да заңын өзүмдүн итимдин заңы деп алдап өткөрүп жибериши мүмкүн. Өткөргөн заңдын баары таза чыгып, бирок көк мээ койдун саны көбөйө берсе, райондун чоңдору акыры экөөбүздү ур-токмокко алып, кара көзүбүздү кашайтып жүрбөсүн!
Башкы ветврачтын бул сөзүнө ынана түштүм. Чын. Ошондой да болуп кетиши мүмкүн. Буга чейин эмне деген гана жумуштарды кың дебей аткарып келдим. Аттын жонундагы ылжырап эзилген сасык жоорун жийиркенбей жуугандан да, койдун көчүгүндөгү кан аралаш быжыраган куртун тергенден да, колуңа кол кап кийип алып иттин заңын терген иш – намыстын иши бекен? Акыры аткара турган иш болгондон кийин көп эле кежеңдей бербей макул боло берейин деген ойго келдим.
- Бул өтө эле жооптуу иш экен, мейли анда эмесе! – деп макул экенимди билдирип башымды ийкегилесем мындай жоопту күтпөгөн Башкы ветврач турган жеринен так түйүлүп секирип сүйүндү.
- Молодессиң! – деп оң колумду оң колу менен кыса кармап, сол колу менен сол далымды таптады.
- Бирок досум алдашмай жок. Только чабандардын итинин заңын өзүң гана тересиң. Кайсы иттин заңы экенин өңү-түсү, жашы жана айынан бери так-даана көрсөтүп жазасың...
Ошентип ити менен курусун, иттин заңын термей болуп жакадагы, жайлоодогу чабандарды кыдырып жөнөдүм. Биздин чарбада отуз чабан бар экен. Отуз чабандын үчтөн эле ити болгондо токсон иттин заңын салгыдай келинчегиме токсон кичинекей баштыкча тиктирдим.
Мен чабандардын турмушуна байланыштуу бардык жагдайды күңгөй-тескейине чейин мыкты билем го деп ойлочумун. Жок. Андай эмес экен. Чабандын өзүнүн турмушун жакшы билгеним менен чабандын итинин турмушун таптакыр жакшы билбесимди заң тере баштагандан баштап билдим. Мисалы Бакылдактын турмушу жакшы болгонуна байланыштуу иттеринин турмушу да жакшы экен. Бакылдак эт жесе, арткан этин, май жесе, арткан майын иттери жеп, “ой мунуң качан заңдайт?” деп күттүрүп отурбай, жегенге жараша убагында заңдайт экен.
Ар качандан бир качан баккан малын тың багалбай, жоготконун жоготуп, карышкырга кырдырганын кырдырып, мойнуна мал түшүп, жылдап айлык албай жүргөн чабандардын өзүнүн турмушу курусун, өзүнүкү менен кошо иттеринин турмушу да курусун. Кынжыйып арык. Ит деген аты эле бар. Үргөнгө дарманы жок, улуп-уңшуп жиберчүдөй муңдуу көз менен караган ошол арык, кынжыйган иттер качан, кайсы маалда кайсы жерге барып заңдарын чабандын өзү билбейт. Жок дегенде күндө бир маал тамак бергенди билбеген чабан кайсы ити кайсы маалда кайсы жерге заңдаарын кайдан билсин деп өзүмдү өзүм жооткоттум да, адегенде бош жүргөн баягы кынжыйган арык иттерди мал короонун ар жак, бер жагына бири-бирине жакындатпай өз-өзүнчө байлаттырып, андан соң ошол кынжыйган арык иттерге “ысык тамак” уюштурдум. Ысык тамак деп эркелетип айтканым – колхоздун тартылган арпа жеминен алдырып, ага аз-маз туз коштуруп, суу коштуруп кара казанга шак кайнаткандай бытмыйтып ботко кайнаттырып бере баштадым. Орустар айтмакчы, бул биринчи тамагы. Экинчи тамагына колхоздун арам өлгөн койлорун “золотовка” деген өлүккана жайы бар, ар ай сайын арам өлгөн койдун башын кесип чыгашага чыгаргандан кийин сасыган койдун этине сасык майдан куюп өрттөп жиберер эле, ошол арам өлгөн койлордун этин өрттөтпөй, турмушу начар чабандардын турмушу начар иттерине алдырып келип, колун колдой, санын сандай чаптырып бере баштадым. Он күн өткөндөн кийин баягы байлоодогу иттерди көрүп ал! Үңүрөйгөн көздөрү тирилип, даакы жүндөрү түшүп, жылтылдаган кундуз жүндөр өсүп, алкынган арстанга, жулкунган жолборско айланды. Жарым ай дегенде токсон иттин заңын терип, кургатып баштыкка салдым. Бу менин коллегаларым анда да жөн жүрүшөбү. “Маадан көрүнбөйт да, Маадан кайда?” деп бирөө-жарым сурап калса “Ой, анын жайын уккан жок белең, ал айбан эбак эле элден бөлүнүп иттин заңын терип кеткен” деген сөз таратышып, сыртыман хахалап шылдыңдап күлүп жүрүшкөнүн айрым чабандардын оозунан угуп жүрдүм. Ит иттигин кылбай койбойт дегендей, Башкы ветврачым баягы көнгөн адатын тыштабай артыман шыбап жүргөн экен деп түкшөмөлдөбөй туюп-билип жүрдүм. Ошол эле чыгарган сөз. Болбосо башкалар мага карата айбан деген сөздү колдонбосун башынан өзүм жакшы билем да. Теригип эмне кылам. Териккен жокмун. Ишимен майнап чыгып турса эмнеге теригем.
* * *
Токсон баштыкчаны толугу менен сары кендир мүшөккө салганымда теңинен өйдө болду. Он беш күн ит менен алышып жүрүп аксак дарыламай, козу биттемей деген шаштыны алып турган иштердин баары калып калды деп, колумдагы сары мүшөктөгү иттин заңын Башкы ветврачыма өткөзүп берип, колу-жонумду эртерээк бошотуп жогоруда эскертип өткөн иштериме шымаланып киришейин деп Башкы ветврачты издеп жөнөдүм.
Колхоздун калың кара багынын арасында кокуй күн достору менен карта чабышып, ак моюндан кылкылдатып жутуп коюп олтурушкан экен кайрандарым, үстүнөн чыктым.
- Ии келдиңби?! – деп Башкы ветврач олтурган ордунан ыргып турду.
- Ооба, келдим, - дедим.
- Бүттүңбү? – деди.
- Бүттүм, - дедим.
Башкы ветврач чыканагына чейин түрүп койгон көйнөгүнүн жеңинин бырышын жазып бүчүлөп, оң жагына кыйшайып ооп кеткен галстугун ортого жылдырып келип кылкына тартынып, куу бутакка илип койгон кастюмун шаша-буша үстүнө жаба салып кийди да:
- Жүр кеттик! – деп мага карады.
- Эй, эй, кол келе баштаганда сен кайда? – деп ферманын зоотехниги туткактап кармап калчудай обдулду эле:
- Жаке, райондо шашылыш ишибиз бар эле, тезирээк жөнөбөсөк болбойт! – деп үй мүйүз тарта олтурган олтуруштан куйругун үзүп чыкты.
- Районго баратсаң ал жактын “суусундугу” даамдуу болчу эле, кур келбей базарлыкка ала кел! – деп кызыл көз теңтуш агроному артынан кыйкырып калды.
- Ал жактыкы даамдуу эмес, баятан бери көрүп атпайсыңбы, биздин дүкөндүкү даамдуу. Андан көрө мен келгиче силер алып койгула, закускасы менден. Мына даяр, - деп колумдагы иттин заңы салынган сары кендир мүшөктү колуман жулуп алып өйдө-төмөн шагыратып селкилдетип койду.
- Болуптур, айтканыңдай кылалы. Алдагы көрсөткөн закускаңды унутпай ала кел. Закускасыз иче берип ичибиз ысып чыкты, – деп кызыл көз агроном кыйкырган боюнча калды.
Күтүүсүз күлкүм кыстап “бырс!” этип күлдүм. “Оңбогон агроном...” деп койдум ичимен.
Башкы ветврачтын жол боюнда турган козунун туңгак богундай сапсары “Москвичине” түштүк. Башкы ветврач алдына, мен артына олтурдум.
- Кеттик! – деди.
Ошентип райондун борборун көздөй “зыр!” койдук. “Ой молодес, жарайсың!” – деп иттин богун чогултуп жүргөнүмдө жолуккан сайын демиме дем кошуп, күчүмө күч кошуп мактоого тундуруп, мактоого көндүрө баштаган Башкы ветврач эмнегедир туңгак сары “Москвичке” отуруп айдаары менен эле кабагы карыш түйүлүп, тилин жутуп алгансып эки бети салаңдап тултуюп унчукпай калды. Мен да унчуккан жокмун. Бир машинедеги эки дудук кишидей үн да жок, сөз да жок кетип баратабыз. Анда-санда Башкы ветврачтын аграномго убада кылган “закускасы” оюма түшүп бүлкүлдөп ичимен күлүп коём. Бала кезимен көркөм-адабий китептерди көп окуп, көркөм фильмдерди көп көргөндүн таасири болсо керек, фантазиям шумдук да! Бир ойду ойлоп алсам, бүттү, андан ары адамдын оюна келбеген окуядан окуяны улап кете берем. Андайда мээм да тынбай иштейт. Мынабу кендир мүшөктөгү Башкы ветрврач айткан “закуска” тим эле кытыгымды келтирип турду. Жанагы уй мүйүз тартып олтуруп алып карта чабышып жаткан берендердин колунда бирден вилка болсо, сен ал, мен ал болуп ортодогу “закускадан” вилкаларына сайып алганда кимге кайсыл иттин “закускасы” тиет болду экен деп кадимкидей элестете баштадым. Бакылдактын итиники кимге тийсе да ошол жыргайт го деп ойлоп коём. Даамдуу, майлуу... Чотунун иттериникине туш болгондор оңбойт го! Кабыргалары саналып кынжыйган иттен эмне паана. Анан калса бул итибайыңдын итинин көбүн кантесиң! Аялы эки күндүн биринде айылчылап кыштакта. Өзү кой кайтарып чокуда. Ажылдаган иттери жумалап тамак ичпесе заңдамак кайда! Беш итинин заңын он күн аңдыдым. Дегеле бети бырышып, тулку бою түйүлүп, ыйынып-ычкынып заңдаган ити жок, азабымды жедирбедиби!
Башкы ветврач кандай гана отуруш болбосун – отуруштун гүлү. Комуз чертет, акардион тартат, ырдайт, ичкиликти да катыра ичет. Сол колунда вилкага сайылган бадыраң, оң колунда стакан. “Аппак алып жиберсеңер!” деп кыйнайт. Албагандарга акедей асылып жатып алдырып жиберет. “Ой молодес! Ой азамат!” деп албай жатып алгандарга ыраазычылык билдирип, “Эми мына мен силерге жооп кылайын” деп оң колундагы стакандагы ичкиликти тамчы калтырбай аппак алып жиберип, сол колундагы вилкадагы туздалган бадыраңды керте тиштеп, ырахаттанып карт-карт чайнамай адаты бар. Башкы ветврачтын ошол отуруштардагы элеси элестеп келатып эле эмнегедир вилкасындагы бадыраңдын ордуна Иличбектин итинин кагырдай кургаган майлуу богу сайылып, бадыраңды керте тиштегендей майлуу боктон керте тиштеп, бадыраңды карсылдатып чайнаса, майлуу бокту балчылдатып чайнап атканы кадимкидей көз алдыма тартыла түштү. “Астафурулло!” деп жакамды кармасам да болбойт, бир аз эле көзүмдү жумшак жумсам эле вилкага сайылган бадыраңдын ордуна Иличбектин итиники... элестейт. Жинди болуп баратамбы деп башымды улам-улам чулгуп коём. Жок, андай деле эмес. Ден-соолугум деле жайында сыяктанат. Башкы ветврачты карасам бейкапар кара жолдо жаш козунун туңгак богундай болгон сапсары “Москвичин” зымырылтып айдап баратат. “Куд-а-ай жаманчылыгыңды көзүмө көрсөтпө!” деп ичимен кудайыма байма-бай жалынып коём.
Райондун борбору дегеним бул эле жер. Аты Покровка. Покровка деген атты миң-миллион жолу өзүмдүн оозум менен айтып, миң-миллион жолу өзүмдүн кулагым менен угуп жүрүп кызаңдап-чычалап көрбөгөн жаным мына ушул бүгүн Башкы ветврачтын сары туңгак машинесинде кетип баратканда Покровка деген ат кулагыма өөн угулуп, энеңди... орустар райондун борборун да жөн койбой Покровка деп атап алганын карасаң деп жөндөн-жөн эбеп-себеби жок эле капысынан жерий баштадым. Анан орустардын ит жандуу экенин эстеп өлө жаткан орус да үйүнө, болгондо да квартирасына ит багаарын эстеп, алар иттин заңын ветеринардык лабораторияга өткөрөт болду бекен, өткөрсө жылына канча жолу өткөрөт болду экен деген биринен-бирине кубалашып үзүлбөй уланган ойлордун кучагынан чыгалбай келатканымда Башкы ветврач сары туңгак “Москвичинин” ылдамдыгын акырын-аста пасаңдата баштаганда бул ээн талаада, жол жээгинде жапайы коёндор көп болор эле, анда-санда желип-жортуп чыга калган түлкүсү да болор эле, коён көрдүбү же түлкү көрдүбү деп эки жагымды карап коём.
Өзү олтурган тараптагы сол эшиктин терезесин түбүнө чейин түшүрүп, кыңайып артка бурулуп мага карап: “Келе алдагы мүшөгүңдү!” деп колун сунду. Эч балээ оюмда жок маанилүү десең манилүү, баалуу десең баалуу “документ” салынган сары майдай сактаган сары мүшөгүмдү машинанын полунан эңкейип эңип алып колуна кармата салдым. Мүшөктү аткый кармаган оң колунун кулачын түптүз болуп керилгиче кенен жайып, анан күчүнүн барынча күү менен машинанын ачык терезесинен кара жолдун жээгин карай ыргытты эле бир ирет “шылдырт” деген үн чыгарып барып сары мүшөк төбөсү менен чаң сүзүп, кум сүзүп сулап жатып калды. Сулап жаткан мүшөктү бир карап алып, газды түбүнө чейин өкүртө басты. Ылдамдыкты көрсөткөн жебеси жүзгө жеттиби, жүз элүүгө жеттиби, ким билсин, айтор учуп эле жөнөдүк. Жиним шакардай кайнап мээме чыкты. Өз жиниме өзүм кара көк тартып муунуп калдым. Бир чакырым өттүкпү, эки чакырым өттүкпү, жанагыдай машиненин ылдамдыгын акырын аста жайлатып барып сары мүшөктүн артынан кара жолдун жээгине өзүмдү көчүккө тээп “ыргытты”. Өзүмдү ыргытты дегеним, машинесин тык токтотту да жерге түшүп мен олтурган эшикти ачып: “Оо, кара көк тарткан энеңди! Бар эми талааны сасытпай бок салган мүшөгүңдү көтөрүп үйүңө кет!” деп колуман алып сүйрөп түштү. Кармаша кетсем болмок. Туттугуп калбадымбы! Ойлоно албай калбадымбы! Эсиме келгиче чымын-куюн жүрүп кетпедиби! Качып баратканда, караанын үзүп баратканда жарылбадымбы! Ошондо жарылсам болмок! Ошондо акесин таанытсам болмок! Жанагы боктон жукчу дарт койлорго жукпай эле мага жукса керек. Жиндимин да! Көк мээмин да! Ошондо көкала койдой сойгонумда өмүрү арманда калбайт элем. Түрмөгө кетсем да мейли эле! Айып салышса да мейли эле! Ар-намысым козголду, жиним козголду. Адамдарга жалаң гана жакшылык тилеген көкүрөгүмдө жарык, жылуу, назик, аялуу ыйык бир нерсем бар эле. Ошол бүткүл адамдык ыйык сапатынды кармап турган бир нерсем чарык жип үзүлгөндөй “тырс!” этип үзүлүп кеткендей болду. Көөдөндөгү жарыгым “жалп!” этип өчүп, оң турган дүйнө оңун таппай оодарылып кеткендей болду. Жан дүйнөм аңтарылып муздай түштү. Сөгүнчү эмес элем, сөгүнө баштадым. “Энеңди!..” дедим, “Атаңды!..” дедим. Кекчил эмес элем, кектей баштадым. “Шашпа сени!..” дедим. “Колума тиерсиң!..” дедим. Муштумумду түйүп азыр эле жетип барып жеп-жутуп жиберчүдөй караанын үзүп бараткан сары “Москвичтин” артынан кара терге түшүп, кыйкырып, сөгүнүп, муштумумду кесеп чуркадым. Оо бир топ жерге чейин чуркадым. Өпкөм көөп баспай калдым... Кара жолго бет маңдайыман кулап түштүм...
* * *
Шору шорподой кайнаган Башкы ветврач көп өтпөй өзү да оңбогондой оор окуяга туш болду. Катынпоз кишиге айла жок да. Жаш чабандын жаш алган келинчеги тоодогу сарайдагы үйүндө жалгыз калганын уккан Башкы ветврач баягы сары туңгак “Москвичи” менен жетип барып баса калат. Жаш чабандын жаш алган келинчеги оңой-олтоң жер карап отуруп калчу келинчек эмес экен, дароо судмедэкспертизага барып текшерилип, “Ооба, зордуктаганы чын...” деген маанидеги алган справканы арызына тиркеп райондун прокуратурасына эмес, түз эле Генералдык прокуратурага жөнөтөт. Башкы ветврачты үч күнгө жеткирбей эки колун артына кайрып милийсалар өңү суук кара сур машинасына салып кетишет.
Шоруңду дурайын Башкы ветврачым! Кудайдын куттуу күнү шапар тээп ойноп-күлүп жашаган эркиндигинен ажырады. Өмүр бою менден кызганган кызматынан ажырады. “Канаттууга кактырбай калкалап жүргөн Борбордогу колдоочулары аракет кылган жок бекен!” деген да суроо туулаарын сезип турам. Алар тынч олтурбай далбактап чуркап жүрүшөт дейт. Чым-Коргондогу жиндиканага жаткырганга аркет кылып жатышыптыр. Жинди киши соттолбойт деген мыйзам бар экен го бизде. Ошого таяйбыз деп жатышыптыр. Жинди эмес, ага көк мээ деген диагноз койсо туура болмок. Көк мээ экени чын да. Орустун “Пшеничная водкасынан” кылкылдатып жутуп, артынан Иличбектин таргыл кара итинин кагырдай кургаган богунан керте тиштеп балчылдата чайнап олтурган элеси кайрадан көз алдыма тартыла түштү. Ооба, көк мээ десе жарашмак. Иттин богунан жуккан да. Көк мээ болгон үчүн ушундай иштерди жасап жатат да...
Башкы ветврачты милийсалар кармап кеткенден бери “Башкарма Башкы ветврачтын ордуна Макени коёт экен” деген сөз тарады. Башкарманын мага деген ою, ниети таза экенин билем. Бул сөз бекеринен чыкпаганын, Башкарма чынында эле мени башкы ветврачтыкка көтөрсөмбү деген жакшы ниетте жүргөнүн да билем. Башкарма мени баягыдай эле деп жүрсө керек. Мен азыр баягы эмесмин, башкамын. Башкы ветврачтын ордуна барайын деген ниетим жок. Башкы ветврачтын отурган ордуна отургум да келбейт, ал түшкөн машинеге түшкүм да келбейт, ал минген атты мингим да келбейт, ал баскан изди баскым да келбейт.
Мени азыр бак-бак сүйлөгөн Бакылдак да, Бакылдак сыртынан сүйгөн Сайрагүл да, эртели-кеч чын пейилинен жалынып жакшы көргөн Башкарма да, кара макала жазып каниет алган Парторг да, карта чаап калп каткырган кара шири агроном да, куу тумшук зоотехник да, кызыл көз бухгалтер да кызыктырбайт. Кайда барса артынан салпактатып ит ээрчиткен чабандарың да кызыктырбайт. Колхоздун малы эми оорумактан кырылып калса да мени кызыктырбайт. Мен баягыдай боорукер эмесмин, мен баягыдай элпек эмесмин... Башкы ветврачтык кызматты мындай кой, азыркы иштеп жүргөн жөн ветврачтык ишимен да кетейин деп чечтим. Башкарманын атына арыз жазып жатам...
Менин алдыдагы азыркы максатым Башкы ветврачты түрмөдө болсо түрмөдөн таап, жиндиканада болсо жиндиканадан таап жакасынан муунта кармап сөз менен да, муштум менен да сүйлөшүкүм келип турат. Далай жыл кордоп-шылдыңдап, тебелеп-тепсеп келген башкы ветврачты өз колум менен жанчып, өз бутум менен тебелеп-тепсемейин жаным жай алчудай эмес. Бугум да, жиним да дениме батпай буулугуп турам. Жарылганда да түбүнө чейин жарылгым келип турат. Энеңди... Башкы ветврач! Асмандын алты катмарыңа чыга качсаң да, жердин жети катмарыңа кире качсаң да мен сени баары бир табам! Көрөсүң го тапканда да кандай табаар экенмин! Качкан кандай экенин көрсөтөм сага! Баягы сары мүшөктөгү иттин богун сактап олтурам. Ошол иттин богун суулабай туруп бирден оозуңа тыгам! Мен азыр баягы Маке эмесмин, мен азыр башкамын!..