Айлампа тарых: Бийлик жөнүндө притча

  • 03.06.2022
  • 2085

Бул шумдуктуу притчаны капысынан таап алдым. Автору – Погудина Татьяна. Кудум биз жашаган бүгүнкү турмуштун өзү. Арийне, Конституциябызда эл – бийликтин башаты го, бирок андай эмес экен.

А тарифтер, реформалар, коррупция жөнүндө айткандан тил тешилет, жазгандан калем жешилет. А бул притча байыртан эскирбей келет. Кылымдарды карытып, 600 жылдан ашуун эскирбептир. А биз санариптик технология доорунда жашап атырыбыз. Балапан жумуртканын ичинен чыгарын оозубуздан шилекей чачыраганча талашабыз. Кайсы президент жакшы, кайсы президент жаман болгонун талашканыбызды койбойбуз...

Притча болсо минтип башталат: жаштар уу-дуу түшүп, "азыркы падышабыз жаш, прогрессивдүү" дешет. "Көрөбүз" дейт картаң чал. Ийнин куушурат сексендеги арабөк чал. "Мен далай-далай падышаларды көрдүм. Улам кийинкиси мурункусунан да ашып түшкөн кокуй болушту". Муну уккан жаштар чалга кулак түрүп калышты. Собол да узатышты:

– Эмне үчүн андай болуп келатат?

– Турмуш деген шондой, – дейт чал. – Тек мурунку падышанын былыктары тез унутулат. Себеби бүгүнкү падышанын кылыктары мурункунун былыктарын тез эле жууп кетет. Аны көрүп турсуңар. Элге азыркы падыша эле эмес, андан мурдакы, мурдакы падышалар деле аткарылбас убадаларды дамамат берип келишкен. Мурункулар баштап кеткен ишти деле кийинкиси мен баштадым дедирткен. Бийликке келген адам эң мерчемдүү бийлик бутагы – армия менен полициянын башына көздөй ишенимдүү досторун бекитет. Күч түзүмдөрүн өзүнө иштетет. Андан соң элге чопулдатып тил эмизе баштайт.

Беш жыл өтөт кеминде. Курчоосундагылар падышанын акылмандыгын, айкөлдүгүн күнүгө 100 иреттен кайталай беришип, буга падыша өзү да бекем ишенип алат. Турмуштук чындыктан аны ошентип ажыратышат айланасындагылар. Падышаны ашыра мактоолор аңга түртөрүн бийлик башындагы адам өзү да сезбейт. Атүгүл айланасындагылар докладдарында жаман кабар жөнүндө да угузушпайт. Акыр аягы өлкөдө башаламандык орноп, баягы курчоосундагылар падышаны мээси жок үндүккө теңешип, тактан алып түшүшөт! Ошентип мурдагы айлампа кайрадан башталат!

– Чоң ата, – дешет ошондо жаштар, – кантип эле өлкө башына келген адамдардын бири дагы эл турмушун ойлогон эмес? Бул притчаңыз дагы-дагы көп элдин суроосун жарата турган экен. Бул айтканыңыз Путин жөнүндө эмеспи? (Погудина Татьяна) 600 жыл мурда Кытайда Путин болушу мүмкүн эмес эле да?

– Балдарым, – дептир чал, – бул притчанын мааниси бир гана көз ирмемдеги биз жашаган заманды туюндурбайт. Бул притча те советтик заманда эле "Балдар адабиятындагы" жомоктор бөлүмүндө жарыяланып келген. Анда мунун баарын орто кылымдагы турмуш, а биздин заман гүл заман деп ойлошкон. Тек, техника заманы канча алмашканы менен адам психологиясы 600 жылдан бери алмашпады! Сөздүн кыскасы, шайлоо өнөктүгү кызыган маалдагы талапкерлердин эле саясый программаларын окубай, классикалык адабияттарды көбүрөк окугула, балдарым, – деген экен чал.

Кыргызчалаган О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз