Василий Шукшин: Петька Краснов курган аңгеме

  • 09.06.2022
  • 2043

Куяңын дарылатканы түштүккө барып келген Петька Красновдун аңгемесин угуш үчүн туугандары чогулушту.

Так эле ишемби күнү кайтып келип, өздүк мончосунун буусуна кактанып, бир дагара ташмуздак сууну башынан ылдый куюнган соң, “мыйзамдуу жүздүгүн” бастырган Петька кечки тамак учурунда аңгемесин баштады. Ал негизинен сөзгө жок, дайыма шашылып сүйлөп, бешинчи сөздөн онунчу сөзгө аттап-буттап кеткенине жараша тили так эмес (ш тыбышына тили келбей аны с тамгасына айлантып сүйлөйт). Анын үстүнө дайыма эле өзүн ушунча киши минтип кунт коё укпаганынан кийин азыр катуу толкунданып турат.  Ошентсе да бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай аңгемесин эсте каларлык кыла айтып бергиси келди. Сөзү баардыгына кызык экенин да түшүнүп турду.

- Элдэ-эр, баля-а!..- Анын дагы жиндиче бир көнүмүшү; дээрлик ар бир сөздөн кийин айта берчү “баля-а” деген сөзү бар. Бирок буга баары көнүп калышкандыктан көңүл деле бурушпайт.

- Пляж менен баратсаң, баля-а! Биягыңда деле жылаңач катын, биягыңда деле жылаңач катын, баля-а! Кете бересиң, кете бересиң алардан...- дейт Петька “аттап” деген сөздү атайы эле айтпай.

- Эмне, такыр эле жылаңачпы?

- Имне үчүн? Тиги эмелери...эмне эле? Ии...купальниктери бар. Бирок алар мындай... Калп эле!

- А сен өзүңчү? Кийимченсиңби?

- Эмне үчүн? Мен биринчи турсийчен жүргөм, андан кийин бирөө мага плавка сатып кийүүмдү кеңестеди. Баля-а! Анан мен баардыгындай эле болуп калдым... Анан алар көчөдө кандай жүрөт дейсиң! Тимеле баля-а!... Мындай чолок шымчан. Сортик дейт аны билсеңер. Анан катындарды карап баратсаң кандайдыр ыңгайсыз чынын айтканда...

- Ооба десең, байкап калышса бетиңди тытат да...

- Анан бирөө мага кеңес айтты: сен дейт ал, кара көз айнек сатып ал, сайтан  болсо да кайда карап атканыңды билбейт депчи.

- Ал кандайча анан?..

- Ал мындайча. Ме мобуну кийсең! Тагынсаң!

- Кана...

- Башыңды бурбай туруп Зойканы кара! Ылдыйырак! Карап атасыңбы?

- Ии...

- Мунун кай жакты карап атканы байкалып атабы?

- Жок эй, чын эле укмуш!..

- Кечинде рестаранга киресиң, саслык аласың, баля-а, аңгыча биягыңдан бултаңдасат, мына сага, тиягыңдан кылтыңдасат, баля-а!.. Бирөө ырдайт, баскасы бийге түсөт. Бийлейт деп мен мындайле айтып атам! Мындай карасаң уят сыяктуу, андан кийин ойлоп көрсөң, жок татынакай! Эгер аларга уяттуу болбосо, мен имне уялат элем! Баля-а, азыр деген атомдун кылымы! Ылдамдык керек! Жок, чын эле укмус! Дагы бири туруп алып уяткарымыс этти эле. Баля-а, анын дароо эле чачын алысты...

- Кандайча чачын алышат?

- Тынчытысты дегеним го... “Жакпайбы караба! Бар укта!”- депчи... Да бир жолкусунда  “кара көздөр” кас кагысты эле, баля-а! Көзүм караңгыласып, жасым имерилип кетти... Мындайда бес киси жабылса да коркпойсуң баля-а! Анан каякадыр... ии тоого чыкканыбызда баля-а... Төрт аяктап сойлоп жеттим... Мына кооздук баля-а!..  Деңиз!.. Кемелер... Анан, негизгиси баля-а... Ар бир кеменин өз музыкасы бар экен... Даңка-дуңка, така-тук! Усундай укмус, баля!.. Тим эле бүт деңиз ырдап-бийлеп аткандай. Түсүп келсек кайрале рестаран баля-а...

- Мында рестаран, тигинде да рестаран болсо канча акчаны кайсадың экен?!

- Аерде рестаран ар кадамда. Албетте, кымбат. Анан мага бирөө айтты. Биринчи да, акыркы жолу да. Жок, рестарансыз да болот депчи, баля-а. Аякта чүчпараканалар кадам сайын.

- Чүчпаракана?!

- Чүчпара бжалыста. Үч порсу кокодон жетет!

- Бир жарым тоголокту эле рестаранга чачсаң анан...

- Арзан бовойт. Бирок мен силерге айтып койоюн: бир жерден да орой сөз укпайсың! Энеге асылгандан а жерде Кудай сактасын! Бир гана тамаса жана да тамаса, баля-а... Баары күлүп жүрүсөт да тамасаласат. Жылмайысса жүрөк кубанат, тимеле... Анан мастар жок. Бирок баратып байкайсың бастырып алгандардычы... Көздөрү тумандаса да, тамтаңдаспайт, кыйсаңдаспайт. Анан бир жолу боор эзилди! Чеховдун үйүн көргөнү бардык, баля-а... Полду сүрүп койосуңар деп бут кийимдерибиздин үстүнөн чүпөрөк байпак кийгизисти. Анан акырын басып угуп аттык... Карасам айнектин артында кайыс күрмө илинип турат. Анан кычыраган жанагы катын, жанымда турган чаңкылдап койо берди: “Мына ал усундай узун болчу!” деп. Чаңкылдаганда да кандай!- Петька алиги кычыраган катын кандай чаңкылдаганын эстеп өзү жалгыз жыргап каткырды.- Ал систакачан болчу, анан жакынырак көрөйүн дегенинде алиги чүпөрөк немеге чалынды эле баля-а!.. Хы-хы-хы... Баардыгыбыз боорубузду тытып калдык...

- А деги имне деген күрмө экен деги? Кайыш дейсиңби?

- Чеховдун пальтосу. Жазуучунун... Аны менен ал Сахалинге барып келген.

- Сүргүнгө айдалды беле?

- Жок эй! Өзү көргөнү барган. Мына ошондо ал бул күрмөдөн үсүп калган. Ойлонсо болмок усундай күрмө менен Сибиргеби деп... Анан мен андан сурадым: “А ал көк жөтөлдү каяктан жабыстырган?” – Каяктан болмок эле, кыйын жасоодон, жетиспестиктен”- деп кулакка кесме иле бастады. Жармач жасоого сылтап... Усундай жука кайыс күрмөчөн бу жердин суугуна кайыгып,  бүт Сибирден өтүп көр...

- Кыйын болбой анан. Эгер тон сатып ала албаса...

- Балким, ал киши биякта кандай суук экенин билбегендир.

Ушул жерден Петька сөз таппай калды, анткени ошондо коштоп жүргүч аялдан Чеховдун Сибирге кайсы учурда барып келгенин сураган эмес эле. Бирок болбой эле аңгемесин улантты:

- Билесиңерби, анын бою канчалык болгонун?

- Кимдин бою?

- Чеховдун бою бир сексен жети болгонун!

Бул маалымат мындан узундарды көргөн туугандарын таңгалдыра албады. Анда болсо буга өзү сыяктуу саякатчылардын баарын таңгалдырган эле негедир. Петька дагы эл катары шыпшынган. Ошон үчүн да азыр буларды таңгалдыргысы келген.

- А куяңың кантти? Жеңилдеп калдыңбы?

- Такыр эле аны сезбей калдым! Мына карагыла: эңкейдим, өйдө болдум, тик турдум, кайра эңкейдим...- деген Петька тура калып бөкчөңдөй да соксоңдой кетти. – Мурда болсо эңкейип-тоңкойо алчу эмесмин.

- Тоого эптеп эле жөрмөлөп чыктым деп атасың го?

- Тоо деген тоо! Ал жакка жабысканга мага али эрте.

- Болуптур анда жакшы экен. Барып жатайын. Эртең эрте турушум керек, -деген Петьканын кайнатасы ордунан оор козголуп, араң туруп, белин кайкалай түзөдү. -  Эртең эрте турушум керек. Мени менен чөп чабыкка барасыңбы? Же жол азабынан кийин эс алгың келеби?

- Барам! – көңүлдүү түрдө барк этти Петька. – Жетиштүү эс алдым.

- Бул эми эки эсе көп иштеши керек, - деди жылуу жактар тууралуу укканы келген Петьканын кошунасы Родион аба. – Бир айда эле, болгондо да эскиче акча менен бир жарым миңди коротот деген эмне...

- Жолучу, жолу! – дээрлик кыйкыра сүйлөдү кайненеси.

- Ооба, курорт дегениң жакшы болгону менен арзан эмес экен да.

Өзүнүн каран калган куяңы үчүн эки жүз сомдой коротулганына Петька ыңгайсыздана түшүп күңкүлдөдү:

- Мага эми... бул балээлүү оору жабышып алса күнөөлүүмүнбү?

- Сени ким күнөөлөп атат! – Катуу айтканы менен кайнатанын үнүнөн каар байкалбады. – Эч ким күнөөлөбөйт дагы. Кесел деген кесел! Ал дайыма оңой жабышканы менен кымбатка түшөт.

Ушуга баары ынангандай унчукпай калышты. Бир гана кайненеси кошумчалады:

- Эми этиеттеп жүр! Болбосо өзүңөрдү биртке да аябайсыңар. Тердеп-кургап келип эле машиненин алдындагы сыз жерге чалкадан түшүп жата калат экенсиңер. Ушу да болобу! Купайкени төшөй калсаң жумушуң оорлоп, колуң чарчап кетпейт. Анткен менен дениң таза болот.

Эркектер дагы бир даанадан тамекини түбүнө түшүрө тартышты. Родион аба үйүнө жөнөдү. Акыркы болуп Петька үстөл боюнда отуруп чеккен тамекисинин калдыгын тыкандык менен табактын четине басып өчүрүп, бурчту карай чертти да аялы Зоя экөө жатчу бөлмөгө жөнөдү.

Зоя эбак төшөктү салып, дубалды карап жатып алыптыр. Петька чечине элек жатып эле аялын өпмөкчү болду эле, ал төшөк менен чүмкөнө калды. Бул күтүүсүздүктөн улам Петька чочуп кетти:

- Сен эмне?..

- Эчтемке... Жабышпа. Алар деген тиги пляжда жайнап жатышпады беле! Анан эмне мага жабышып атасың?

- Жабысып... Бу не дегениң Зой?

- Эчтемке... Мага “жабыспа!” – Зоя какшык катары Петьканын тилин туурады.- Аларың тиякта жайнап жатса эмнеге “жабысып” атасың!

Эң эле сейрек ачууланган Петьканын жини бул жолу келе түштү:

- Келесоо десе, келесоо!.. Мен ал жакта кимге керекмин? Менсиз деле аякта жетистүү! Атайын осону менен сугулдангандар бар. Мени осолор менен салыстырып атасыңбы?..

Муну укканда төшөктү серпип жиберип ордунан обдула калды Зоя. Ал ачуулуу болчу.

- Андай болсо кайсы шайтан сайгылап кечтен бери ошол жылаңач катындарың тууралуу кеп салып аттың! Башка айтарга сөз таппай калдыңбы?! Бир эле катындар оозуңдан түшкөн жок. Мында жылаңач катын, тигинде жылаңач аял!..

- Алар аякта көп болсо, мен эмнени айтайын анан?..

- Сен катындарга көз артыш үчүн эмес, дарыланганы баргансың билсең! Буга ал тургай көз айнек сатып ал деп кеңеш айтышыптыр... Катынпоз! Уялганыман тимеле жерге кирип кетким келди кечи бою.

- Акырын сыбырап же кол силтеп койбойт белең анан! Мен деген кичине саңдуурак отуралы дедим да. Жөн эле урустун сөзүн сүйлөй бербечи. Урускум келбейт менин!

- Урускум келбейт деп коёт, сы-сылаган айбан!

- Мейли өзүңө келчи анан сүйлөсөлү, - жоошуй сүйлөдү Петька. – Ага чейин мен эсик алдына чыгып тамеки чегип келейин, - деген ал аялыныкы жөндүү экенин, тилин агытып туура эмес сүйлөгөнүн, ал тургай калпты койгулаштырганын, ушул бир айдын ичинде ресторанда эки эле жолу болгонун, анын бирөөндө гана “Кара көздү” ырдап, эл катары бийлегенин эстеп, күнөөсүн унчукпастан мойнуна алып сыртка жөнөдү. – Барып тамеки чегип келейин.

- Каалаган жагыңа бар.

Петька сыртка чыгып, тепкичке отура кетти. Аялы менен капысынан уруша кеткени аны капаланткан жок. Зоя ушундай – от тийген ок дарыдай болуп бир дүрт этип алып, дароо эле жоошуй түшөт. Болбогон жерден ичке ачууну жыйнай бербеш керек экенин ал билбейт дейсиңби.

Түн... Айдарым желге жакынкы кайыңдын жалбырактары угулар угулмаксан шуудураса, жан жактагы зымкарагай билинер билинмексен кычырап, сыр алдырбай бир ордунда зыңгырайт... Коргонуна музоолуу уй байланып, кепесине тооктор, үндүктөр камалган короо тараптан жылуу дем келип жаткансыйт. Кол жуугучтан тамган тамчы дагараны бир калыпта дыңкылдатууда... Ал азыр өзүнө жакын да, алыс дагы сезилип турган алыскы зор деңиз боюндагы абдан жылуу түндөрдү эстеди. Эстеди дагы жердин ушундай чоңдугуна таңгалган тейде жылмая берип, баш чайкап алды. Дүйнө кандай гана кең! Анда пальма деген алп дарак өсөт, бийик жана апакай тамдар заңгырап, алардын ичинде адамдар ырдап-бийлеп шапар тээп жашашат. Азыр бул ааламда эмнелер гана болуп жаткан жок. Анда баары жетиштүү!

Түн. Угулар угулмаксан кычыраган карагай сыр алдырбай зыңгырайт. Жакынкы кайың жалбырактарын акырын шуудуратат. Алар бирде тынчый калышат, кай бирде өз ара аралаша жарыша үн салышып, шашылыңкы шуудурашат, сыр алдырбай кычырашат... Кайрадан унчукпай калышат. Баардыгы өз ара тааныш болгону менен айланада биринчи жолугушкан сымалданган кандайдыр толкундануу бар.

Петька болсо жыргалга батып отурат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз