Роза Айтматова: «Моңолбаев Султанбек, Төрөкул жана Чыңгыз»

Репрессия[1] курмандыктарынын эч кимиси унутулбашы керек

Моңолбаев Султанбек,Төрөкул жана Чынгыз.

Белгилүү болгондой ХХ кылымдын 20–30-жылдары Советтер Союзунда, анын ичинде Кыргызстанда болуп өткөн саясый репрессиялардын максимуму, б.а. эң көп сандагы адамдарды рапрессиялоо учуру 1937-жылга туура келди. Ошондуктан быйылкы 2022-жыл репрессия курмандыктарын эскерүүнүн 85 жылдыгы катары белгиленип жатат. Мен эскермекчи болуп жаткан Моңолбаев Султанбек дагы ошол репрессия курмандыктарынын бири. Ал менин атам Төрөкул Айтматовдун жакын тууганы болчу. Эмне үчүн бул кишинин басып өткөн өмүр жолуна кайрылып жатам, себеби ал атамдын мамлекеттик деңгээлдеги адам болушуна түздөн-түз таасир бар. Бул бир. Экинчиси, анын үй-бүлөсү Чыңгыз агама да атам актала элек убакытта жардам көрсөткөн. Бул биздин үй-бүлөбүзгө абдан маанилүү. Окурмандарга болсо жаңы маалымат, ошол үчүн Султанбек Моңолбаев жөнүндө элге айтып берүүнү туура көрдүм.

Султанбек ата 1894-жылы Таластагы Шекер айылында жарык дүйнөгө келген. Ал жашында энесиз калып, чоң ата, чоң энесинин колунда чоңоёт. Баланын акылдуу, зээндүү экенин көрүп чоң атасы аны молдо кылайын деген ойдо Олуя-Атадагы тааныш молдосуна алып барып акылдашат.

XIX кылымдын 80-жылдарында падышалык Орусия өзүнүн колонияларында, анын ичинде Орто Азияда жана түштүк Казакстанда, орус-тузем мектептерин ача баштайт. Аларда жергиликтүү балдар сабатсыздыгын жоюп, орус тилин үйрөнүшкөн.

Келечекте орус тилин билбеген кишиге жашоо оор болорун түшүнгөн молдо менен Султанбектин чоң атасы акылдашышып, баланы ошол орус-тузем мектебине окуталы деп чечишет. Ошентип Султанбек Талас өрөөнүнүн орус-тузем мектебинен окуп билим алып, орус тилин жакшы өздөштүргөндөрдүн биринчилеринен болуп чыгат. Ал кезде Орус администрациясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, маселелерди чечиш үчүн бий, болуштарга ортодо тилмеч керек болгон. Ошондуктан адегенде Султанбек Орус админстрациясында тилмеч болуп иштейт, анан Совет бийлиги келгенде мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өтөт.

Султанбек абдан ашык болуп жүрүп, Алымбек деген Таласта белгилүү байдын Актоту деген кызына үйлөнөт. Актотунун атасы кызына абдан мол сеп даярдайт: мал, боз үй, жууркан – төшөктөн бөлөк дагы аялдардын турмушунда керектелүүчү ар кандай буюмдардан сепке берет. Анын ичинде, ал кезде сейрек кездешүүчү германиялык “Зингер” маркасындагы кийим тигүүчү машинеси да болот.

1920-жылы 17 жашар Төрөкул атасы Айтмат каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүн багыш үчүн Олуя-Атадагы реалдык училищедеги окуусун таштап, Шекер айылына кайтып келет. Орус, кыргыз тилинде жакшы сүйлөгөн жана жазган Төрөкулду Совет бийлиги тез эле байкап кызматка тартат. Ал кезде облустук деңгээлде жетекчилик кызматта иштеген Султанбек агасы ага көз салып, колдоо көрсөтөт. Төрөкул адегенде Шекерде жаштар уюмунда иштеп, анан Грозный (азыркы Аманбаев) айлына ВИКтин (Болуштук аткаруу комитет) секретары болуп иштейт. Өзүнүн өмүр баянында 1921-жылы Ташкенге жаштардын съездине катышууга, андан ары Советтик-партиялык мектепте окуусун улантууга жиберилгени жөнүндө жазганы бар. Бирок жолго чыгыш үчүн Төрөкулдун акчасы жетишсиз болот. Ошондо Султанбек агасы жардам берет, ал аялынын “Зингер” машинесин Олуя-Атадагы күрөөканага өткөрүп, андан алган акчасын Төрөкулга берип, аны Ташкенге жөнөтүп жиберет. Мына ушул жерден биз Султанбек атанын көрөгөчтүгүн байкасак болот. Ал Төрөкулдун мамлекеттик жетекчилердин деңгээлине жетип, элине, жерине пайда келтирерине ишенсе керек. Ошондуктан, эч нерсеге карабай, карыздаса да аны окууга жиберип жатат. Кийин жумушунан айлык алганда күрөөканадан “Зингер” машинесин кайра аялына алып келип берет. Баарынан кызыгы, ошол машинка бүгүнкү күнгө чейин Султанбектин кызы Бүкөн эжеде сакталып келе жатат.

Төрөкул Ташкенде үч ай эле окуйт, андан кийин анын жөндөмүн көрүшүп Москвага Чыгыш Эмгекчилеринин Коммунисттик Университетине (ЧЭКУ) окууга жиберишет. Ал жерде окуп жүргөндө Султанбек агасы менен кат жазышып жүрөт. Ал каттарды окугандан кийин Актоту жеңеси сандыкка салып койчу экен. Кийин 1937-жылы Султанбек атаны “эл душманы” деп камакка алганы келип, үйүн тинткендер баягы сандыктагы каттарды табышкан.

Болот Жумашевич Абдрахманов 2020-жылы чыгарган “Кыргызстандагы саясый репрессиянын курмандыктары” деген 10 томдук китебинин 6-томунун 432-бетинде Моңолбаев Султанбек жөнүндө мындай маалымат берилген: “Моңолбаев Султанбек, 1894-ж. Кыргыз ССРинин Фрунзе областындагы Шекер айылында туулган. ... мамлекеттик камсыздандыруусунда инспектор. Камакка алынган: сентябрь–октябрь 1937-ж. антисоветтик ишмердиги үчүн. Өкүм 07.12.1937-ж. эң жогорку жазага тартылган. 12.07.1957-ж. акталган”. Төрөкул болсо 01.12.1937-ж. антисоветтик ишмердиги үчүн камакка алынат да 05.11.1938-ж. эң жогорку жазага тартылат.

Бирок эки үй-бүлөгө тең НКВДчылар аларды 10 жылга алыскы лагерлерге сүргүнгө айдалып кеткен жана кат жазышуу укуктарынан ажыратылган деген маалымат беришет. Ошентип биздин үй-бүлө Шекерде, Султанбек атанын үй-бүлөсү (аялы - Актоту, 4 кызы жана жаңы төрөлгөн уулу) Көк-Сайда жашап калды. 20 жыл аталарыбызды күтүп, келишет деп үмүт менен жашап жүрүп, 1957-ж. “өлгөндөн кийин акталды” деген кабар алдык. Өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрүндө өлгөндүгүнүн себеби жана өлгөн жери белгисиз деп жазылган эле. Алардын сөөктөрү кайда көмүлгөнүн издедик, бирок табылган жок. Мына ушундай тагдыр болду биздин аталарыбыздыкы. Баарынан кызыгы, менин агам Чыңгыз Султанбек атанын үй-бүлөсүнөн да атам Төрөкулдай колдоо жана жакшылык көрдү.

Бул мындай болду. Чыңгыз айыл чарба институтунда окуп жүргөндө Көк-Сайга практикага жөнөтүлөт. Бул совхоздун мал чарбасы ал кезде абдан өнүккөн жана Кыргызстанда алдынкылардын бири болчу. Ошондо Чыңгыз Султанбек атанын үй-бүлөсүнүн үйүндө, алар менен чогуу жашап, практикасын өттү. Ал мезгил жөнүндө Султанбек атанын кызы Бүкөн эже көп эскерет. (Эмне деп эскерет? ) Ошол жерден Чыңгыз өзүнүн илимий иштерин баштайт. Бирок кийин “эл душманынын баласы” деген себеп менен аспирантурага албай коюшуп, илимий эмгегин уланта албай калат.

1991-жыл. Ата-Бейит... Чоң-Таштагы казуулар жүрүп жатканда “көйнөктүн жакасында “Султанбек” же “Султанбеков” деген жибек жип менен саймаланган сөз окулду” (жаканын кездемеси чирип билинбей калса да жибек жиптин саймасы ошол бойдон калыптыр) деген кабар тарап кетти. Казуулар аяктап, изилдөөлөрдүн аркасы менен Ата-Бейитте көмүлгөн адамдардын фамилиялары такталды. Ал тизмеде Моңолбаев жок экен, ал Султанбеков Эшбай болуп чыкты.

Төрөкулдун айыптоо кагазы көрдөн табылып, биз атабыздын сөөгү ушул жерде экенине ишенип турдук. Бүкөн эжелер да “атабыздын сөөгү ушул жерде экен” деп, Көк-Сайдан келип калышты. Алар ушунчалык ишенип, кубанып турганда, жок, ал силердин атаңар эмес экен деп айтканга дитим барбай турду. Айта да албайт элем, антип айтууга кудуретим да жетмек эмес... Бул окуя мен үчүн чоң трагедия болду. Кийин аларга ким айтканын билбейм, мүмкүн Чыңгыз аке айттыбы?.. 1937-жылдагы репрессия канчалаган адамдарды бейкүнөө жазалап, үй-бүлөсүнөн ажыратып, Бүкөн эжеге окшогон канчалаган балдардын үмүт-тилектерин таш каптырды...

Бүкөн эже өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеди. Балдарын чоңойтуп, үйлөп, жашы келгенде пенсияга чыкты. Биздин үй-бүлө дайыма алар менен кол үзбөй кабарлашып турдук.

1991-жылы заман өзгөрдү, бизге эгемендик келди. Колхоз, совхоздор таратылды, завод, фабрикалар жабылды, жумушсуздук, советтик системадан жаңы рынок системасына өтүүгө даярдыгы жок коомдун жашоо шарты өтө начарлап кетти. Мындай шартта аялдар айрыкча кыйналат экен.

1996-ж. Кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетинде иштеген аялдар “Аялдарды колдоо борбору” деген коомдук уюм түздүк. Бүт облустарга барып иштей баштадык. Ошол жылдары Султанбек атанын кызы Бүкөн эже менен байланышкан менин бир окуям болду.

Бир күнү биздин уюмдун офисине Бүкөн эже келип калыптыр. Көрсө, саламаттык сактоо системасын реформалайбыз деп келген комиссия Көк-Сайда иштеген алты орундук төрөткананы жаап кетиптир. Аялдар райондук төрөтканага (40 км аралыкта жайгашкан) барып төрөсүн деп. Ал кезде азыркыдай ар бир үйдө машина жок эле. Автобус эртең менен биринчи рейсине чыгып кетип, кечинде кайра келет.

“Толгоосу түштө башталган келиндер үйүнөн төрөп калышты, бир келин эгиз төрөп анысы эки күндөн кийин чарчап калды. Кээ бир келиндер автобус менен бара жатып жолдон төрөп коюп жатышат. Биздин айылдын аялдары мени силердин уюмга жиберишти. Өзүбүздүн алты орундук төрөтканабызды кайра калыбына келтирүүгө жардам беришсин” - деп, Бүкөн эже аялдардын болгон проблемаларын айтып отурду. Биздин уюмдун мүчөлөрү Көк-Сайдын айыл өкмөтүнө бардык. Бүкөн эже активист аялдарды чакырып проблеманы талкууладык. Төрөткана жабылгандан кийин ичиндеги мебелдин баары, медициналык жабдуусуна чейин уурдалып кетиптир. Төрөткананын ичи талкаланып абдан жаман абалда экен. Аялдардын атынан арыз жазып Саламаттык сактоо министрлигине кайрылдык.

Министирлик төрөткананы кайра ачууга уруксат берди. Эл аралык уюмдарга кайрылып жабдуу сурадык. Ошондо “Сорос” фондусу энелерге өзүнчө керебет, балдарга укмуштай сонун кичинекей, жакшынакай керебеттерди, медициналык жабдууларын алып берди. Ал эми төрөткананын ичин Бүкөн эже жергиликтүү жаштарды уюштуруп сонун ремонт жасатты. Ошентип, алты орундук төрөткананы кайра калыбына келтиргенбиз. Ал ушу күнгө чейин жергиликтүү келиндерге кызмат кылат. Ошондо Бүкөн эже экөөбүз сүйлөшүп, ал “Актоту” деген жергиликтүү БӨУ (НПО) ачты, ал уюм азыр да аялдардын проблемаларын чечүүгө жардам берип келет.

Мына, Султанбек атанын Төрөкулга жасаган жакшылыгы айланып келип менден кичинекей жардам болсо да кызына Бүкөн эжеге кайрылды болду окшойт деп ойлойм азыркы күндө. “Жакшылык эч качан талаада калбай” деген турмуштун философиясынын эң жогорку деңгели ушул болсо керек. Бул нерселер эч качан унутулбайт. Дагы бир айтып кетчүү нерсе, кээде бир убакта абдан маанилүү болгон, тарыхый мааниси бар буюм-тайымдарды эскирди деп, учурунда адамдардын тагдыры үчүн чоң роль ойногондугун унуткарып, алардан тез арылууга шашабыз

Бүкөн эже болсо баягы апасынын “Зингер” машинкасын күнү бүгүнкүдөй бапестеп сактап келет, жөн салды эле ыргытып жиберүүгө колу да, дити да барбайт, кай бирде “музейге тапшырсамбы” деп калат. Албетте, менин оюмча бул буюм Шекердеги музейге коюлушу керек деп эсептейм. Буюрса ошондой кылабыз...

Бүкөн эже экөөбүз бүгүнкү күнгө чейин көп сырдашабыз. Ал атамдын сөөгү көмүлгөн жерди тапсам дейт. Бирок андай арманда болгон адамдар канча..., мүмкүн эмес. Бир күнү мага телефон чалып бул боюнча мындай деди:

- Садыр Нуркожоевичке кайрылып, менин атамдын фамилиясын Ата-Бейиттеги тизмеге кошуп койсо, эскергени ошол жерге барып жүрөт элем, - деп.

- Эже, ал мүмкүн эмес, анткени Ата-Бейит мемориалында сөөктөрү табылган (протокол боюнча) кишилердин гана фамилиялары жазылган. Кошумча фамилияларды жазсак, тарыхый таксыздык болуп калат, - дедим.

Азыр Ата-Бейитте жаңы музей курулат деген сөз уктум. Мүмкүн ошол жерге “эскерүү тактасы” (стена памяти) деген дубал куруп, ага кайда көмүлгөнү белгисиз бардык сталиндик репрессия курмандыктарынын фамилияларын жазып койуу керектир. Ошондо Бүкөн эжеге окшоп, аталарынын сөөгү кайда көмүлгөнүн билбеген урпактары Ата-Бейитке келип аларды эскеришет эле.

[1] Репрессия - мамлекеттик органдар тарабынан колдонулуучу жаза чаралары.  Саясый репрессиялар мамлекет жана мамлекеттик түзүлүш үчүн коркунучтуу деп табылган адамдарга карата көрүлөт. Көп учурларда күнөөсү жок адамдар репрессияланат.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз