Роза Айтматова: Эки улуу аялды эскерүү

  • 05.08.2021
  • 9232

Энелик – бул “эненин таманынындагы бейиш” гана эмес, бул – балдар үчүн, үй-бүлө үчүн болгон коом астындагы жоопкерчилик.
Роза Айтматова

2021-жылдын 10-августунда биздин апабыз Нагима Айтматованын каза болгонуна 50 жыл толот, ал эми Керез жеңем көзү тирүү болсо 91ге, чыкмак (пандемияга байланыштуу былтыр 90 жылдыгын белгилей албай калдык). Менин эсимде, апам Керез жеңенин туулган күнүндө көз жумган. Албетте, мындай маанилүү даталарды эскерип, жок дегенде жакын адамдарды чакырып, дасторкон жайып, алардын арбагына  куран окушубуз керек эле. Бирок пандемия барган сайын күчөп барат. Чогулууга мүмкүнчүлүк жок...

Роза Айтматова жеңеси Керез Шамшибаева менен.   

Ошондуктан, азырынча менин  абдан  жакын көргөн, кымбаттуу адамдарым жөнүндө эскерүү жазуу менен гана чектелүүнү туура көрдүм.

1952-жыл. Биздин үй-бүлө  Покровка айылында (азыр Талас облусунун Манас районунун борбору) жашап жаткан мезгил. Биз ал жерге 1949-жылы  Жийде деген айылдан көчүп келгенбиз, бул апабыздын балдарды  жакшыраак мектепке окутсам деп жасаган аракети эле (ал мезгилде Покровканын мектеби ошо тегеректеги мектептердин эң мыктысы  деп эсептелчү).

Биз Катей апа деген казак аялдын үйүндө батирде жашадык. Анын эки уулу согуштан кайтпай калып, ал кайнисинин уулун багып алып, келечегин ошол балага арнап  жашап жаткан экен (ал бала менден 2-3 жаш кичүү болчу). Катей апанын үйү эки бөлмөдөн жана далистен турган курулуш, анын бир бөлмөсүндө өзү баласы менен, экинчисинде – биздин үйбүлө: апам, эжем Люция анан мен жашайбыз. Жайкы каникулда Фрунзеден (азыркы Бишкек ш.) Айыл-чарба институтунда окуп жүргөн студент  Чыңгыз аке, Москвадан Геологиялык-Чалгындоо инситутунда окуп жүргөн Ильгиз аке келишет.

Биздин эң  жакынкы кошунабыз күйөөсү согуштан кайтпай калган, Адиш деген жалгыз уулу менен жашаган  Уулбубү аттуу жаш аял  эле. Адиш да менден кичүү эле, ошондуктан бул эки бала үчүн мен “Роза эже” болчумун.

Биз абдан ынтымактуу, боорукер коңшулардан  болдук, бир чыны чайды бөлөк иччү эмеспиз.

1952-жыл. Жайкы каникулга келген Чыңгыз аке бир күнү өзүнүн сырын ачып:

- Сүйлөшкөн кызым бар, мүмкүн биз жакында үйлөнөбүз...- деди.

1953-жыл. Чыңгыз апама жазган катында, ал сүйлөшкөн кызы Керез экөө үйлөнгөнүн, дос студенттерин чакырып кичинекей тойчук беришкенин  айтыптыр. Жакында каникулга чыкканда бизге Покровкага келишерин да кабарлаптыр. 

1953, июль. Чыңгыз менен Керез экөөнүн маршруту мындай эле:  Фрунзеден Жамбулга (азыр Тараз шаары) поезд менен келип, анан Покровка жакка баруучу грузовой машине (ал кезде биз жакта автобустар же жеңил автомашиналар түк жок эле) таап, ошого түшүп, анан биздин үйгө келүү эле.

Бул кадимки иш күнү  болчу. Кызматка кеткени өз ишине, талаада иштегендер талаага кетишкен. Мен болсо таң азандан башымды айран менен жууп, чачымды майда тиштүү тарак менен сып-сыйда тарап, эки чач кылып өрдүм. Анан кызыл гүлдүү жаңы көйнөгүм (болгону эки көйнөгүм бар болсо керек) бар эле, аны кийдим да агам менен жеңемди, качан келет деп  күтө баштадым.

Кечээ эжем Люция экөөбүз бүт үйдү (Катей апа жагын да) тазалап, жыйнап койгонбуз. Иий баса! Короо да, короого кире турган калитканын асты да  чаңыбай таза болушу керек деп челек менен арыктан суу алып келип эшиктин астына, калитканын  астына  суу сээп, шыпырып койдум. Өзүмдүн эки көзүм калиткада, качан келишет?.. Алар көрүнбөйт.  Бир аздан кийин карасам баары кургап, чаң чыгып калыптыр. Кайрадан арыктан суу алып келип... Ошентип жатып 2-3 жолу шыпырдым окшойт. Төртүнчү жолу суу алып келип себейин деп жатсам, калитка ачылып Чыңгыз акем менен Керез жеңемдин өңү көрүнүп калды. Алар жылмайып:

- Ай, Роза, биз келип калдык, саламатсыңбы! - дешти.

Мен болсо баягы толо суусу  бар челекти көтөргөн бойдон аларды көздөй чуркаптырмын, атайын кийген кооз  көйнөгүмдүн этеги сууга малынып калганын деле байкабай...

- Ай, челегиңди кой! - дешет алар күлүп. Ошондо гана эсиме келип, челекти жерге коюп, анан аларды көздөй чуркадым!...

Туугандары менен...

Ал кезде мен 16га чыгып калган элем. Согуштан кийинки оор жылдар. Фронтко кеткен эркектердин көбү кайтпай калып, согуштан кийинки оор жылдарда  үйлөнүү тойлору, жентек тойлору сейрек болуп калган. Азыр болсо согуш учурундагы өспүрүм балдар (Чыңгызга катарлаш) үйлөнүп баштаган кез эле. Анын үстүнө биздин үй-бүлөдө 1937-жылдан бери бир дагы мындай кубанычтуу окуя болгон эмес. Ал кездеги үйбүлөлүк баалуулуктар – бул келиндүү жана бөбөктүү болуу эле. Мен курбу кыздарым кээде бөбөктөрүн көтөрүп чыгып, менин алдейим бар десе, аябай кызыкчумун.

Сүрөттө Керез жана кайын сиңдилери...

Азыр ойлоп көрсөм, Керез жеңе биздин үй-бүлө үчүн ак жолтой келин болуптур. Кыргызда ак жолтой деген бул бакыт, жакшылык алып келе турган адам, же окуя эмеспи. Керез жеңенин бизге  келиши так ошондой болду. Чынында эле ал келгенден баштап биздин үйбүлөдө биринин артынан бири жакшылыктар болуп жатты.

Керез Шамшибаева Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген дарыгери, 1930-жылы 10-августта Чүй облусундагы Онбир-Жылга айылында жарык дүйнөгө келген. Анын атасынын дене бою баатырдыкындай чоң, кубаттуу болгон (аны ал өзү көргөн эмес, ага ошондой деп айтып беришкен). Керездин атасы менен апасы эң алдыңкы колхозчулардан болушкан. Бирок атасы күтүүсүз жерден катуу ооруп калып, кызы төрөлө электе каза болот. Ошон үчүн анын атын Керез деп  коюшкан, б.а. атасынан калган мурас же белек дегени... Керез жеңенин атасынын Айша деген  бир тууган карындашы бар эле. Керез ага Айшаке  деп кайрылчу эле, биз болсо Айша апа дечүбүз.

Айша апа Чүй облусунан чыккан биринчи кыргыз коммунист аялдардын бири эле. Ал чыныгы коммунист болчу (китептерде жазгандай). Ал ар кандай партиялык кызматтарды аткарган жана эң акыркы жумушу – бул Беловодскийдеги (Ак-Суудагы) инвалид балдар үчүн жетим балдар үйүнүн директорунун кызматы эле. Мен кээде Ак-Суудагы жетим балдар үйүндө болуп жаткан жагдайды  көрүп таң калчумун.  Ата-энеси албай, мамлекетке өткөрүп берген инвалид балдарга карата Айша апа жана анын кол астында иштеген аялдар  ушунчалык кам көрүп, аракет кылышчу.  Ал балдардын ар бирин көтөрүп, жууп, кийим кечесин таза кармап, дары, уколдорун убагында берип, иши кылып Айша апа шаарга келсе да  дайыма алар жөнүндө тынчсызданып, кандайдыр камын көрүп  жүрчү. Бул киши чынчыл, эмгекчил жана адилеттүү директор экенин мен өз көзүм менен көрүп ынангам. 

Баса, Ч.Айтматов жана К.Мухамеджановдун “Фудзиямадагы кадыр түн” аттуу спектаклиндеги  мугалимдин прототиби Айша апа. Ал спектаклде да Айша апа деп аталат.

Айша апа Керездин башталгыч класстарда эле жакшы окуганын, зээндүү экенин байкап, аны шаардагы атактуу №5-мектепке которот. Керез Шамшибаева  №5-мектепти алтын медаль менен аяктап, мединститутка окууга өтөт... Медициналык институтта  да жакшы окуган студентка жана комсомол уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

Совет мезгилинде Комсомол же ВЛКСМ (Всесоюзный Ленинский Коммунистический Союз Молодежи) Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын жетекчилиги астында иштеген эң күчтүү жаштар кыймылы болгон. Ал жаштарды мекенчилдик духта тарбиялоого, ар тараптан  өнүккөн адам болуп, келечекте мамлекеттик жана коомдук иштерди аткарып, башкара турган  адамдардын муундарын даярдаган. Комсомолдун башталгыч уюмдары ар кандай ишканаларда, билим берүү мекемелеринде  ачылып, андан соң алардын  райондук, облустук ж.б.у.с. деңгээлдеги комитеттери болор эле. Мунун баары азыр тарыхка айланып унутулуп калды, бирок ошо кезде комсомол уюмунун мүчөсү болгондордун  ал кыймыл

жөнүндө  жагымдуу нерселер эсине түшөт деп ойлойм.  Совет мезгилинде баары эле жаман болгон эмес да.

Людмила Гурченко конокко келгендеги сүрөт.

Комсомол бул изденүүнүн,  демилгелүүлүктүн, романтиканын мектеби, ошондой эле комсомолдук жана студенттик жашоо дайыма бирге  болор эле.

Чыңгыз менен Керез өз мезгилинин жаштарынын катарында болушкан жана алар комсомол кыймылынын жигердүү мүчөлөрү эле.

Бир күнү Фрунзе шаарынын Биринчи Май районунун комсомолкомитетинин кезектеги конференциясы өтөт. Ал конференцияга мединституттун атынан келген делегациянын курамында Керез Шамшибаева, ал эми Айыл-Чарба институтунун атынан келген группада Чыңгыз Айтматов бар экен. Тагдыр...

Конференцияда Керез  мединституттун студенттеринин кандайдыр проблемалары жөнүндө чыгып сөз сүйлөйт. Айыл-Чарба институтунун студенттеринин атынан Чыңгыз Айтматов сүйлөйт. Экөөнүн көз караштары окшош болуп чыгат. Тыныгуу учурунда Чыңгыз менен Керез жолугуп аларды кызыктырган жалпы проблемалар жөнүндө сүйлөшүшөт. Ошентип экөө таанышып калып, анан бирин бири жактырып, кыз менен жигит болуп сүйлөшүп калышат. 

Санжар менен Аскар

Ал кезде Чыңгыз али “эл душманынын баласы” эле, ошондуктан сталиндик стипендиядан алынып, аспирантурага кабыл алынбай калган мезгили болчу. Сталин али тирүү, согуштан кийинки репрессиялар күчөп  баштаган мезгил жана биздин үй-бүлөнүн, ошондой эле Чыңгыздын тагдыры кандай болору белгисиз эле. Бул сталиндик тоталитардык мезгил болчу.

Ошого карабастан Керез Чыңгыздын адамдык касиеттерин, жашоого болгон көз караштарын жактырып, жакшы көргөн. Алар бирин-бири чын ыкластан жакшы көрүп үйлөнүшкөн.

Ал учурда Чыңгыз акемдин келечек тагдыгы белгисиз эле, Чыңгыз кадыр-баркка жана даңкка кийинчерек бөлөндү.

Ошентип үй-бүлөбүздүн биринчи кубанчына мен жогоруда айткан биздин жакын көргөн кошуналарыбыз гана катышты, анткени туугандарыбыз  ал кезде Шекерде, алыс жашашчу.

Кайсы жылы экени так эсимде жок, биз Покровкадан көчүп кеткенден бир топ жылдан кийин Катей апа жашаган  үйүн сатууга мажбур болот, анткени анын багып жүргөн баласы кандайдыр түшүнүксүз жагдайлардан улам өлүмгө учурайт. Эми ал абдан картайып жалгыз калгандыктан Жайылгандагы (Казакстан менен чектеш айыл) төркүнү алып кетмек болот. Катей апанын үйүн сатып алган киши мага Катей апа үйүн кантип мактаганын айтып берди эле.

– Бул үйдү сатып алыңыз. Ал  азыр эски, ураган турак жай сыяктуу көрүнгөнү менен бул бактылуу үй. Бул үйдө Нагима Айтматова балдары менен жашаган. Анын Керез деген келининин  биринчи аттап кирген босогосу ушул болчу. Бул үйгө Чыңгыз Айтматов өзү нечен жолу келип жашап жүрдү. Бул бакыт алып келе турган үй...

Чынын айтайын, мен анын оюна кошулдум. Менин да балдарым мектепте окуп жүрүшкөн мезгили эле, аларды Нагима апанын балдарындай болуп окуп билим алып, иштеген ишине компетенттүү болуп, өз турмуштарын өздөру улап кеткен ак ниеттүү, абийрин сактаган адамдардан болушса деп кыялданчумун.

Албетте, мен эски үйдү уратып, үй-бүлөм үчүн ыңгайлуу болсун деп жаңы чоң там курдум. Анын короосуна дагы “времянка” салдым, кийинки мезгилде кыргыздарда ошондой мода бар (негизги үй оокаттын баары ошол кичинекенй үйдө өтөт). Ал “времянканын” эки эшиги бар, аларга мен Катей апанын үйүнүн эшигинен чыгарып алган туткаларын бекитип койдум.

Эми күнүгө менин үй-бүлөмдүн мүчөлөрү баягы Нагима апа, Керез жеңе жана Чыңгыз аке кармаган туткаларды кармап үйгө кирип чыгышат.

Менин балдарым жакшы адам болуп чоңойюп, абийирдүү адам болушту. Мен кудайга ыраазымын, мүмкун ошол үйдүн жакшы аурасы мени бактылуу кылдыбы...

Солдон: Керез жеңе, Айша апа, Нагима апа, Темир, Санжар, Чыңгыз...

1953 жыл. Чыңгыз институтту аяктаган соң КирНИИЖдин (Киргизский научно-исследовательский институт животноводства) эксперименталдык фермасына зоотехник болуп жумушка орношту. Ферма Чоң-Арык айылында (Чоң-Арык  азыр шаардын курамына кирип калган, ал кезде болсо Чоң-Арык шаардын сыртындагы айыл деп эсептелчү. Анын территориясында “Киргизия” деген миллионер - колхоз, ВДНХ (Выставка достижений народного хозяйства) жана КирНИИЖдин эксперименталдык фермасы жайгашкан болчу. Чоң-Арыктан Чыңгыз аке, Керез жеңе экөө ферманын адистери үчүн атайын салынган барак тамдан эки бөлмөлүү батир алышат. Менин апамдын архивинде алигече Чыңгыз акенин атына жазылган квитанция сакталуу.  Ал квитанцияда “Ч.Айтматов үй-бүлөсүн Таластан көчүрүп келиш үчүн ферманын автотранспортун колдонуп, анүчүн 300 рубль төлөндү”- деп турат. Квитанциянын датасы: “1953-ж. 1-август” деп көрсөтүлгөн.

1954-жыл. Санжар, Чыңгыздын улуу уулу төрөлдү. Бул биздин үй-бүлөбүз үчүн абдан кубанычтуу жана бактылуу окуя болду. Азыр, албетте бул сезимди элестетиш кыйын, а ал кезде (Мен 17ге чыгып калдым, 17 жыл бою биздин үй-бүлө бир дагы “алдейлүү” болбоптурбуз. Жийдеде жашаганда курбу кыздар кичинекей бөбөгүн көтөрүп “менин алдейим бар” – деп мактанганда, мен ушунча кызыкчу элем).

Ушул кичинекей эки бөлмөлүү батирде алты адам жашадык жана баарыбыз үчүн иштөөгө да, сабак окууга да орун бар, Чыңгыз аке анда жаңы гана биринчи чыгармаларын жазып баштаган, ал үчүн кабинет бар, үй-бүлөдө ынтымактуу, жагымдуу шарт түзгөнгө мүмкүнчүлүк бар эле. Айылдан келген туугандарыбыз да биздикине келип бир нече күндөп жүрүп кетишер эле. Бул албетте, апабыз Нагима менен Керез жеңенин  түзгөн үй-бүлөлүк атмосферасына, алардын  өз ара мамилелерине,  үй-бүлөгө карата болгон көз караштарына жараша түзүлгөн  жагдай эле. Азыр ойлоп отурсам, кандай сонун мезгилдер өткөн.

Андан кийин Чыңгыз Москвадагы Жогорку адабий курска окууга өттү, анын чыгармалары оозго алына баштады. Кыргызстанда мындай ийгиликтер менен баары эле макул болушпады.  Айрыкча, улуу муундагы жазуучулар Чыңгыздын чыгармачылыгынан идеологиялык дал келишпестиктерди таап, каршы боло башташты. “Муну атасындай кылабыз! Төрөкулдун тагдыры күтүп турат”, - деген ушактар тарап кетти. Апам Чыңгыз экөө абдан капаланышып, Чыңгыз аке катуу ооруп төшөккө жатып калды. Нервден болуш керек... Ошондо Керез жеңенин врачтык кесиби чоң жардам берди. Кандайча, эмне менен дарылаш керек экенин билет, Чыңгыз акени ооруканага жаткызбай эле үйдөн дарылады. Тез эле жакшы болуп айыгып кетти.

1957-жыл, август. Атабыз реабилитация болуп акталды. Бул албетте, биздин үй-бүлө үчүн абдан маанилүү окуя болду, баарыбыз бойго жетип, келечегибиз кандай болот деп күтүп турган мезгилде тагдырыбызды  жакшы жакка өзгөрттү. Москва көчөсү, № 141-үйдөн 4 бөлмөлүү квартира алдык.

1959-жыл. Чыңгыздын экинчи уулу – Аскар жарык дүйнөгө келди. Бул үй-бүлөбүздүн бактылуу болушуна алып келген дагы бир чоң кубаныч болду. Чоң энеси  Нагима кандай ырахатка бөлөндү. Неберелерине бешик ырын ырдап, жомок айтып, неберелери үчүн оюндарды ойлоп таап бакчу эле.

Керез жеңе мединститутту кызыл диплом менен аяктады. Андан соң ординатурага өтүп, ЛОР-врачтын  профессиясына багыт алып окуду. Апамдын бүйрөлүгүнө таң каласың. Анын архивинде мындай документ сакталып калыптыр: “Справка дана Шамшибаевой Керез в том, что она действительно работает клиническим ординатором кафедры Ухо-Горло-Нос Киргизского Государственного медицинского института...”  Справкада “1957-жыл, 27-август” деген дата турат. Керез жеңе Ординатураны ийгиликтүү аяктап, аспирантурага өттү. Бирок көп өтпөй анын илимий жетекчиси  - медицина илимдеринин доктору, профессор Абрам Львович Брудный, ошол мезгилде эң көрүнүктүү жана ири илимпоздордун бири эле, ал  көз жумду. Керездин  буга чейин илимий темасы да белгилүү болуп калган. Бирок жетекчисинин көзү өткөндөн кийин, ал илимди коюп, жөнөкөй врач болуп иштеп, андан көрө балдарына, үй-бүлөсүнө көбүрөк көңүл бурайын деп чечти. Ал кезде Чыңгыз акенин  чыгармачылыгы  да ийгиликтерге жетип, чоң үмүттөр пайда болгон мезгил эле. Чыңгызга  да  шарт түзүү керек эле, аны  үй-бүлөлүк, чарбалык  иштерге  алагды кылбай.

Керез жеңе жакшы дарыгер болду, ошону менен бирге  үй-бүлөнүн бардык түйшүгүн мойнуна алды.  Айылдан келген туугандар, окууга өтөбүз деп келген алардын балдары, айылдагы туугандардын жакшылык, жамандыктары... ушунун баары Керез жеңенин мойнунда болчу. Баса, бир күлкүлүү окуя эсимде... Айылдагы жакын тууганыбыздын баласы үйлөнөт. Көп өтпөй анын кайындары келиндин себин алып келе турган болушат. Бул айылда чоң той да. Биз жактан Керез жеңе экөөбүз айылга ошол тойго катышабыз деп жанагы тууганыбыздын үйүнө бардык.

Күндүз, үйдүн короосунда, дарактардын көлөкөсүндө отурабыз жеңем экөөбүз. Кечке карата кудалар келет деп даярдык жүрүп жатат: бирөө боорсок бышырып жатат, бирөө камыр жууруп (Таласта күлчатайсыз болбойт да), бир жездебиз арыраак жерде кой союп жаткан. Бир убакытта  “О! Кудай кечире көр!” – деп кыйкырып жиберди. Көрсө койдун ичинен эгиз козу чыгыптыр....

Баягы эки козуну курөккө салып, чарбактын алысраак жагына көмөйүн деп алып бара жаткан окшойт. Биздин жаныбыздан өткөндө бир жагынан кудайдан кечирим сурап эки баласы бар энени союп койдум деп, экинчи жагынан сөгүнүп бара жатты. Мен дагы жанагы козуларды карап, жүрөгүм ооруп чыкты. Бир убакытта карасам Керез жеңе жанымда жок. Үйгө кирип кетиптир.

– Эмне кетип калдың, мээлүн жел жүрүп короонун абасы ушунча жакшы болуп турат,- дедим.

– Ай, жанагы жездең оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп жатканынан уялып качып кеттим.  Сен болсо турасың анын баарын угуп, - деди.

– Ой, мен аны уккан да жокмун. Эгиз козусу бар койдун союлуп кеткенине кейип турдум. Анан таластык эркектер сөгүнө берет, биз көңүл да  бурбайбыз.

– Эми макул, ошондой деп мен деле уккам, бирок биз турган соң уялбайбы антип сөгүнгөндөн.

– Ал эмоциясын ошентип чыгарып жатат да.

– Ой, сен Таластын кызы, анан Таластын келини болуп, мунун баарына көңүл бурбай калыптырсың. 

– Чын эле ошондой болуп калган окшойт, - деп экөөбүз аябай күлдүк.

1971-жыл, август. Жайдын күнү баарыбыз отпуске алып көл жаакта эс алып жүргөн мезгил.  Августтун башында биз көлдөн келип, апама учурашканы келдик. Апам жакшы эле экен:

– Жакында эле больницадан чыктым. Чыңгыз мени дачага (ал кезде Чыңгызга Өкмөттүк дачадан – азырка Президенттик резиденциядан жайдын күнү үй-бүлөсү менен эс алып, жазганга да мүмкүнчүлүгү болсун деп атайын кичинекей особняк берилчү) алып кетти эле, ал жерде өскөн гүлдөрдүн жытынан астмам күчөп, кайра шаардагы үйгө келип отурам. Түңкүсүн Чыңгыз келип жатат. Апамдын жанында бир күн болуп, анан Эсенбектин (менин жолдошум) ата-энесине учурашып келели деп Таласка (Богословка деген айыл, Казакстан менен чектеш) кеттик.  Келгенден бир күн өткөн соң эле Эсенбек,  менин шашылыш иштерим чыгып калды, шаарга кайра кетебиз деп калды. Ал кезде азыркыдай чөнтөк телефон эмес, стационардык телефон да жок эле. Бир айылда сельсоветте гана телефон болор эле. Чыңгыз аке сельсоветке телефон чалып Эсенбекке апабыз катуу ооруп калды, тезинен шаарга кайткыла деп айттырыптыр. Мен кош бойлуу элем, Эсенбек коркутуп албайын деп мага жанагы шылтоону айтыптыр. Поезд менен кечинде шаарга келдик. Кеч болсо да апам менен учурашып койоюн деп үйгө телефон чалдым. Телефонду Чыңгыз аке  алды:

– Апам аябай катуу ооруп коркутту эле, бүгүн жакшы болуп калды. Эртең эртең менен түз эле больницага бар, - деди.

1971-жыл, 10-август.Таңга маал туруп, айылдан ала келген тоокту казанга жаңы эле салып бышыра баштагам, апама больницага алып барайын деп, саат 6да телефон шыңырап калды. Алсам, Керез жеңе экен.

– Тезинен больницага кел! Апам сурап жатат сени, - деди.

– Ой, мен тоок бышырып жатат элем,- дедим.

– Эч нерсенин кереги жок. Мен түнү менен жанында дежур болуп отурдум. Сени кайра-кайра сурап жатат. Абдан кыйын ахвалда,тезинен кел...

Мен тезинен такси чакырып больницага барып калдым. Түн ичинде мээсине кан куюлуп, араң  сүйлөп калыптыр. Ильгиз менен Люция көлдөн кечээ күндүз келип учурашып кетишиптир.

– Сени көрбөй каламбы дедим эле. Кудайга ыраазымын, баарыңар жанымдасыңар... Керез, айланайын, сага  ыраазымын... - ошону менен эс-учун жогото баштады. 

Жашоо ар дайым бирдей болбойт экен. Жагдай ушундай болуп калды – Чыңгыз менен Керез  ажырашып кетишти. Албетте, Керез жеңе кейиди, мурдагыдай эле Чыңгыздын ал-ахвалы кандай болду экен деп тынчсызданып жүрдү.

Мен студенттерге деген сабагымды өтүп бүткөн соң, сөзсүз жеңемдин ишине барам. Дээрлик күнүгө жолугушчубуз. Үйбүлө, бала-чака, туугандык маселелерге байланышкан күнүмдүк иштерди талкуулачу элек.

Бир күнү иш күнүнүн аяк ченинде келип калдым. Ал кадимкисиндей кабинетинде отурган экен, бирок эмне үчүндүр тынчы кетип, бир нерсеге толкундангандай болуп тосуп алды мени. Анан  ал мага бир белгилүү жазуучу (мен анын атын атабай эле койоюн, өзү чүйлүк, Керездин жердеши) келип  жолукканы жөнүндө айтты: 

– Ал Чыңгыздын үстүнөн менин атыман жазылган арызды көтөрүп келиптир.  Сенин кол тамгаң эле керек. Бул арыз ЦКнын биринчи секретары Т.У.Усубалиевдин атына жазылды. Коммунисттер үй-бүлөсү менен ажырашпайт. Ажырашса партбелетинен ажырайт. Анан көрөсүң, партбелети жок бул жазуучу болуп эсептелбейт. Бир аксакал жазуучубуз Чыңгыз жөнүндө “ал жазуучу деле эмес, болгондо жакшы журналист” деп айтпадыбы. А партиядан чыккан соң аны журналист катары да эч ким тааныбайт. Атасынын кейпин кийет. Сен экөөбүз чүйлүкпүз, сен менин карындашым болосуң, сени жактап, сага калканч болоюн деп жатпаймынбы. Кол эле коюп кой. Арызды сенин атыңан өзүм ЦКга алып барып берем, - деди. Анан мен ага:

– Жок! Мен кол койбойм! - дедим.- Ал менин балдарымдын атасы. Анан мен аны чыныгы ыкласым менен жакшы көрүп турмушка чыкканмын. Эми турмушта ар кандай болот да. Азыр деле мамилебиз жакшы, мен ага жакшылык гана каалайм. Менин турмушума киришпегиле, – деп катуу айтып салдым.  Жарым эле саат болду бул жерден чыгып кеткенине... - деди.

Керез жеңе экөөбүз ар дайым бири-бирибизди түшүнүп, жакын болдук. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө  мен анын башында отуруп, өз колум менен о дүйнөгө узаттым...

Бүгүн, 2021-жылдын 10-августунда, мен тагдырлаш болгон, менин эң жакын адамдарымды - эки улуу аялды эскерип отурам. Булар чынында эле тагдырдын ар кандай кыйынчылыктарына чыдап, өздөрүн үй-бүлөлөрүнө, балдарына арнап жашаган. Чынында эле канчалык жакшы үй-бүлөлөр жана анда өскөн балдар жакшы болсо, ошончолук коомубуз, мамлекетибиз жакшы болот. Энелик бул – “эненин таманындагы бейиш” гана эмес, бул – үй-бүлө үчүн, балдар үчүн коом астындагы жоопкерчилик.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз