Жапониянын маданияты башкалардыкына окшобойт. Жапон эли акылман калк, алар табигат жана курчап турган дүйнө менен шайкеш жашоону көндүм адатка айландырышкан. Ашыкча убаракерчилик, ызы-чууну сүйүшпөйт. Алар жадагалса көпөлөктүн канат кагышына чейин абай салып, чөптө жорголоп бараткан ар бир кумурскага кызыгуу менен карашат.
* * *
Шылтоо менен малаамды (пластырь) кай жерге болбосун чаптап коюуга ыңгайлуу.
* * *
Тойлошконго башкалар, кайгырышканга өзүңдүкүлөр келишет.
* * *
Ашыкча буюм – ашыкча убайым.
* * *
Жүрөктө жеңил болсо, басыгың да жеңил.
* * *
Карапайым адамдарсыз улуу адамдар да болбойт.
* * *
Ыраазычылыкты таарыныч сыяктуу эле узакка чейин эстеп жүрүү керек.
* * *
Жылаңач адамдын жоготор нерсеси жок.
* * *
Күч өкүм сүргөн жерде укук алсыз.
* * *
Колуңдан келгенин жаса. Калганын тагдырга кой.
* * *
Арам жол менен табылган киреше марытпайт.
* * *
Сурагандан уялуу бир мүнөткө созулат, ал эми билбестик бир өмүргө уят.
* * *
Түз адам түз өскөн бамбуктай сейрек кездешет.
* * *
Эрди-катын болуу аздык кылат, кийин аларды башка жактан издебеш үчүн дос жана көңүлдөш да болуу керек.
* * *
Кырсык келсе өзүңө гана таян.
* * *
Аялы менен күйөөсү көз менен кол сыяктуу болушу керек: кол ооруганда көздөр ыйлайт, ал эми көз жаш төккөндө кол менен аарчыйт.
* * *
Жалбырак чөгүп, таш калкыйт.
* * *
Бир кол башчыны табууга караганда, он миң жоокер оңой табылат.
* * *
Ар бир аял алыстан, караңгылыкта же кагаз кол чатырдын астында сулуудай сезилет.
* * *
Миң чакырымдык жол да бир кадамдан башталат.
* * *
Жеңиш анын каршылашына караганда жарым саат узагыраак чыдаган адамга буюрат.
* * *
Ойлондуңбу – чеч, чечкен соң ойлонбо.
Кыргызчалаган Назгүл ОСМОНОВА