Жапон эл жомогу: Карга жана булут

  • 16.09.2020
  • 3744

Илгертен бери эле карга менен мышык келишкис душмандардан экен. Бирок алар андан мурда жакшы курдаштардан болуптур. Анан эле пикирлери келишпей калыптыр. Ал мындайча болот...

Бир карга жашаптыр. Анын көнүмүш адаты көрүнгөн оокатты уурдап, ар кайсы далдаа жерге алпарып катмай экен. Бирок катаарын катканы менен кайра анысын өзү таппай калчу тура. Карга буга абдан капаланат. Андыктан ал бир күнү мышык досуна барып кеңеш сурайт:

— Мышык курдаш жардам бер, каткан нерсемди кайра барып таппай калып атам. Бул эмнеден?

- А сен каткан жериңди белги коюп жакшылап эстеп кал. Кимдир-бирөө көрүп калып эле алып кетпесе, оокатың ордунда турат да, - дейт мышык.

- Белги коюп, аны жакшылап эстеп калам, бирок кашайып кайра таппай калып атпаймынбы, - дейт карга алакан жая кейип.

- Мисалы каткан жериңе кандай белгилерди койосуң? – мышык кызыгат.

- Оо мен жөнөкөй белги койбойм, асмандан кандайдыр кооз булут көрүп калсам дал ошонун алдына катып, аны белги кылып алам, - дейт карга чын сырын айтып.

- Келесоосуң! – дейт мышык күтүүсүздөн. – Булут деген бир жерге токтобойт да. Ошон үчүн оокатыңды таппай калып жаткан турбайсыңбы. Эгер булутту белги кылсаң, катканыңдын баарын жоготуп жайдак каласың, - деп күлөт мышык.

- Башты оорутпа! Булуттар кайда кетмек эле! Жөн гана сен менин байлыктарыма ээлик кылгың бар, - деп карга мышык курдашына ишенбей андан оолактап, мурдагыдай эле оокаттарын булутту карап катып жүрө берет. Эми аларын таппай калганда мышыктан көрөт. Экөөнүн бул жоругу айбанаттарга угулуп:

- Булутка ишенген каргадай болбойлу, - деп лакапка айланып, баардыгына күлкү болот.

Бул сөз каргага жеткенде, ал ого бетер мышыкка жинденет:

- Муну мен дос деп жүрсөм анык душман турбайбы, оокаттарымды уурдаганы аз келгенсип, бүт сырымды элге жайыптыр, - деп мышык досун келишкис душманга айлантат.

Ошондон бери ал: “Кар-р! Кар-р! Кайр-ран мышык ка-каткан ка-казынамды кар-рактадың!..- деп каркылдай берет имиш. Муну уккан мышык карганын аңкоолугун эстеп мыйыгынан жылмайып коёт дейт.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз