Михаил Булгаков: Бурганак

  • 27.11.2021
  • 3749

АҢГЕМЕ

Кээде жырткыч айбанча улуп,
Жаш балача кээде ыйлайт.

Бардыгын билген узун кулак Аксиньянын айтымында, бул окуя Шалометовдо жашаган конторщик Пальчиков, агрономдун кызына эс учунан тана ашык болуп калгандан башталыптыр. Сүйүү ушунчалык катуу болгон экен, бечара башын жоготкондой эле болот. Ал уездик шаарча Грачевге барып костюм заказ бериптир. Кастюм абдан сонун тигилген экен, балким, конторчунун шымындагы боз тилкелер байкуштун кийинки тагдырынын чечилишине өбөлгө түзгөнбү, агрономдун кызы дароо макулдугун берген имиш.

Мен болсо губерниянын бөлүгү N деги оорукананын врачы, кендир жанчкан машинага чалдыккан кыздын бутун сактап калгандан кийин ушунчалык абройлуу болдум десең, атак-даңктын салмагы өлө оорлой баштады. Тапталган чана жол менен күнүнө жүздөн ашык дыйкандар келет. Тамак ичкенге убакыт жок. Арифиметика – так илим. Ошол жүз адамдын ар бирине беш мүнөттөн убакыт бөлүндү дейли... беш эле мүнөттөн! Беш жүз мүнөт – сегиз саат, жыйырма мүнөт. Тыным бербей биринин артынан бири. Андан башка да отуз адам жаткан оорукана мойнумда. Андан башка операция да жасайм.

Бир сөз менен айтканда, ооруканадан кечки саат тогузда кайтып, тамакка, суу ичкенге, ал эмес уктаганга да алым калбайт. Тиленгеним эле ушул түнү ай-күнүнө жетип, төрөгөн аткан бирөгө чакырып келбесе дейм. Ушул акыркы эки жума ичинде эле түнкүсүн беш жолу чана менен ошондой жерге алып кетишти.

Көзүмдүн алды карарып калчу болду, маңдайымда сөөлжан куртка окшогон терең бырыш түштү. Түндөсү түшүмө оңунан чыкпаган операциялар, аркайган кабырга сөөктөрү, адам канына боёлгон колдорум кирет, голландка-печи жакшы жылуулук берсе да муздак тер басып чыйрыгып ойгоном.

Эртең менен ооруканада жаткандарды текшерүү текирең таскак менен өтөт, фельдшер, фельдшер аял, ооруларды караган эки аял артымда дегдеңдейт. Табы көтөрүлүп, онтоп араң дем алган оорулууга токтолуп, мээмде болгондордун барын сыгып алганга аракет кылам. Колдорум от менен жалын, кургак денесин сыйпалап, каректерине тигилем, кабыргаларын чертем, тереңде жашынган жүрөгүнүн кагышын тыңшайм, бир гана максат – кантип сактап калуу? Тигини да сактап калуу. Муну да! Бардыгын!

Күрөш жүрөт. Ар күнүм кардан чагылып агарган жарыктан башталып, “молния” чырагынын үлпүлдөгөн саргыч жарыгы менен бүтөт.

“Деги ушунун бары эмне болуп бүтөрүн билсем эмне? – дейм түнкүсүн. – Эми январь, февралда, ал эмес мартта да чана менен келе беришет эмеспи”.

Грачевкага N-деги ооруканага дагы бир врач болуш керектигин эстерине салып, сылык кат жаздым. Кат отун тарткан жол менен кардуу океанды жиреп, кырк чакырымга кетти. Үч күндөн кийин жооп келди: албетте... албетте... Сөзсүз... бирок азыр эмес... барчу адамды издеп атабыз... эч кимдин баргысы жок...

Каттын акырында менин ишмердигиме жакшы баа берип, ийгилик каалашыптыр. Ага шыктанган мен байкуш, жарат таңып, дифтерияга каршы дары куюп, килейген ириңдүү шишиктерди жарып, гипс таңууларды... жүрө бердим.

Шейшемби күнү жүз эмес, жүз он бир киши келди. Кабыл алуу кечки саат тогузда бүттү. Эртең, шаршемби күнү канча адам келер экен? - деп жатып уктап кеттим. Түшүмө тогуз жүз адам келип, кезекте турганы кирди.

Таң шооласында уктаган бөлмөнүн терезесинен адаттан тыш агарган баш көрүндү. Көзүмдү ачып эмнеликтен ойгонуп кеткенимди түшүнбөдүм. Анан байкадым, эшик кагылды.

- Доктор, - акушерка Пелегея Ивановнанын үнү, - ойгондуңузбү?

- Угу, - дедим уйку ачылбаган, жапайы үн менен.

- Мен сизге ооруканага шашылбаңыз деп айтканы келдим. Болгону эки киши келди.

- Коюңузчу. Тамашалап жатасызбы?

- Чын. Бурганак, доктор, бороон-чапкын, - деп кубангандай кайталады. – А тиги экөөнүн тиштери кариес экен. Демьян Лукич сууруп коёт.

- Ошондой деңиз... - Эмне үчүндүр төшөктөн да тура калдым.

Сонун күн болуп турат. Ооруларды карап келип, күнү кечке өзүмдүн “ак сарайымды” аралап жүрдүм (врачка алты бөлмөлүү квартира бөлүнгөн, эмне үчүндүр эки кабаттуу. Үч бөлмөсү үстүндө, ашкана жана үч бөлмө астында), операдагы арияларды ышкырып, тамеки чегип, терезени чертип... А тышта мен ушуга чейин көрбөгөн бир нерсе болуп жатат. Асман билинбейт, жер дагы. Шайтан, тиш порошок чачып ойноп жаткансып, ак куюн капталынан, тикесинен, узунунан, туурасынан, ийрисинен, түзүнөн койгулап уруп атат.

Түшкө маал доктордун квартирасында ашпозчу менен уборшицанын милдети тагылган Аксенияга үч чакага жана казанга суу ысыт деген буйрук бердим. Бир айдан бери кирине элекмин.

Аксинья экөөлөп кампадан килейген чылапчынды алып чыктык. Аны ашкананын полуна койдук (N-де ванна болушу тууралуу сөз кылбай эле койгон оң. Оорукананын өзүндө ванналар бар, алар да эчак жарактан чыккан).

Саат экилерге карата электеп аткан бурганак бир аз сээлдеп, мен болсо башымды самындап, жылаңач чылапчында отурам.

- Жырга-ал... – деп күбүрөнөм артыма ысык суу куюп, - жырга-ал! Андан кийин биз тамактанабыз, анан уктайбыз. Эгер уйкумду кандырып алсам, маа десе жүз элүү киши келсе да мейли. Эмне жаңылык бар, Аксинья?

Аксинья эшиктин сыртында, мончо опперациясы бүтүшүн күтүп жаткан.

- Шалометив айлындагы конторчу үйлөнгөн атыптыр, - деди Аксенья.

- Койчу! Кыз эмне, макулдугун бериптирби?

- Кудай урсун! Сүйү-үп калыптыр да, - деп ырдады Аксенья, чөмүч, табактарын калдыратып.

- Кыз сулуубу?

- Сулуу! Аксаргыл, назик, ичке...

- Ошондой де!

Тышкы эшик ачылгандай болду. Суу куюнуп, тыңшап калдым.

- Доктор киринип жатты эле...

- Бур... бур.., - жоон үн

- Доктор, сизге кат бар экен, - Аксинья чыйылдады.

- Берип койчу.

Чылапчындан туруп, тагдырыма нааразы болуп ичиркенип атып, коомай ачылган эшиктен сунулган Аксиньянын колунан нымдашкан конвертти алдым.

- Билгениңерди кылгыла. Мен эмне, чылапчында бармак белем. Мен да адаммын да. Эч кайда барбайм, - деп күбүрөнүп конвертти ачтым.

Урматтуу коллега (илеп белгиси) Токтоосуз келүүңүздү (чийилген) көптөн көп суранам. Башы менен урунган аялдын көңдө (чийилген) оозу менен мурдунан кан токтобой атат. Эсин жоготкон. Эмне кыларымды билбейм. Көптөн көп суранам. Аттар жакшы. Тамыры начар согот. Камфара бар. Доктор (койгон колу окулбайт)

“Багы жокко дагы жок”, – кейиштүү ойлоп койдум, печкадагы жалындаган отту карап.

- Катты эркек алып келдиби?

- Эркек.

- Кирсин.

Ал кирип, кулакчындуу тумактын үстүнөн кийген башындагы жалтылдак туулгадан улам, байыркы римдиктерге окшоп кетти. Ал карышкыр ичикчен, мени болсо муздак агым каптап кетти.

- Эмне туулга кийип алгансыз? - жуунуп бүтө элек денемди шейшеп менен жаап жатып сурадым.

- Шолометевде өрт өчүргүчмүн. Ал жерде биздин өрт өчүргүчтөр командасы бар... – деди римдик.

- Муну кайсы доктор жазды?

- Биздин агрономдукуна конокко келген. Жаш врач. Жаман болду, абдан жаман болду...

- Кайсы аял экен?

- Конторчунун колуктусу.

- Эмне болуптур? (Аксиньянын денеси эшикке жабыша түшкөнү угулду.)

- Кечээ куда түшүп келген. Тойчодон кийин конторчу, колуктусун чанага түшүрүп ойнотуп келейин деген экен. Күлүк атты чанага чегип, кызды отургузуп короодон чыкмак болушат. Ат ордунан атып кетип, кыз чайпала түшүп чекеси менен дарбазанын кашегин сүзгөн экен. Учуп түшүптүр. Жаман болду... абдан жаман. Конторчуну муунуп өлүп албасын деп кайтарып атышат. Жинди болоюн деп калды, байкуш.

- Мен киринип аттым эле, - деп мыңкылдадым, - эмнеге бул жакка алып келген жоксуңар?

- Мүмкүн эмес, урматтуу гражданин доктор, - деди өрт өчүргүч колдорун бооруна алып, - тап-такыр мүмкүн эмес. Өлүп калат ко байкуш кыз.

- А биз кантип барабыз? Бурганак болуп атпайбы!

- Басаңдап калды. Чочубаңыз. Тынчып калды. Аттар тың, бирин бири улай чегилген. Бир саатта учуп жетебиз...

Онтоп алып чылапчындан чыктым. Кыжырланып эки чака сууну башымдан ылдый куюп жибердим. Анан мештин алдына отуруп, кичине кургасын деген ой менен башымды от оозуна кактадым.

“Эми сөзсүз өпкөмө суук тиет. Ушундай жүрүштөн кийин тийбей коймок беле. А негизгиси эмне кыла алам? Жазганына караганда, тиги врач менден да тажрыйбасыз көрүнөт. Мен го эч нерсе билбейм. Жарым жылдай иштегенден бери, ар нерсени кичине боолголоп калдым. Ал болсо аны да билбейт көрүнөт. Университетти жаңы бүтүрүп келген көрүнбөйбү. Мени тажрыйбалуу врач деп ойдоп алганын кара...”

Ушуларды ойлоп, кандай кийингенимди да билбей калдым. Кийингениң да жөнөкөй эмес: шым жана күрмө, кийиз өтүк, күрмөнүн тышынан булгаары куртка, анан пальто, сыртынан тон. Башта тумак, сумке, сумкеде кофеин, камфара, морфий, адреналин, торзиондук кыпчуурлар, бинт, шприц, зонд, браунинг, папиростор, ширенке, саат, стетоскоп.

Шаарчадан чыга бергенде кеч кирейин десе да анча чочулоо жок. Бурганак жеңилдеп калгандай. Кыйгачынан, бир эле багытта оң жак бетке койгулап атат. Өрт өчүргүч тоо сыяктуу биринчи аттын артын калкалап калды. Аттар чындыгында эле тың баштап, чана ой-чуңкурларды элеген бойдон жүрүп берди. Мен жата кетип, жылып да калдым, өпкөмө суук тийгени тууралуу тиги байкуш кыздын, балким башы жарылып, сөөктүн сыныгы мээге кирип калганбы,- деп да ойлоп коём.

- Аттар өрт өчүргүчтөрдүн аттарыбы? – деп сурадым тондун жакасына кымтыланып.

- Угу...гу – бурулбастан күрүлдөп койду.

- А доктор эмне кылды?

- Ал болсо... гу, гу... ал, көрсө венерикалык оорулар боюнча окуптур... угу... гу...

- Гу... гу... бурганак ызылдайт, анан капталдан ышкырып, кар шилейт... Мени термете баштап, терметип, терме... Москвада, Сандунов мончосунда болуп калдым. Чечинүүчү жайда тончон турам, тердеп чыктым окшойт. Анан факел жагылып, суук киргизип ийди, көзүмдү ачтым, кызарган шлём көрүнөт, өрт болуп атабы деп коём... ойгонуп кетип, келип калганыбызды түшүндүм. Николай I мезгилинен калган колонналары бар ак имараттын эшигинин алдында турабыз. Айлана капкараңы, мени туулгаларында от ойногон өрт өчүрүүчүлөр тосуп алышты. Мен тондун коңулунан саат алып чыгып карасам – беш. Ошондо биз бир саат эмес, эки жарым саат жол жүргөн экенбиз.

- Мени кайра жеткиргенге да ушундай аттарды бересиңер, - дедим.

- Куп болот, - деди жеткирип келген адам.

Уйкум толук ачылбай, булгаары куртканын ичинде нымшып, кире беришке кирдим. Капталдан лампа жарыгы куюлуп, сырдалган полго түштү. Ошол замат сары чачтуу, көздөрүн муң баскан, шымдарынын кыры үтүктөлгөн жаш жигит чуркап кирди. Кара чекиттери бар ак галстугу кыйшайып, манишкасы[1] бырыш, бирок жаңы тигилген пиджагы сыны бузулбай зыңкыйат.

Жигит колдорун булгалап, тонума асылып мени силкилдетип, көкүрөгүмө жабышып акырын кыйкыра баштады.

- Кымбаттуум... доктор... болуңуз тез... ал өлүп баратат. Мен өлтүрдүм. – Башын буруп, айласы кете бир жакка телмире карап, бирөөгө айтып атат: - Мен өлтүрдүм... мен жексур...

Анан өксүп кирди, суюк чачтарын тутамдап жулкуп, байкасам, манжаларына ороп чындап эле чачын жулуп атат.

- Токтотуңуз, - дедим колдорун кысып.

Бирөөлөр алып кетти. Аялдар чуркап киришти.

Бирөө тонумду сыйрып алып, полдо майрамдагыдай салынган таар менен ак керебет турган жерге жетелеп киришти. Мени утурлай стулда отурган врач тосуп алды. Көздөрү айласы кетип, кыйналгандай. Бир саамга мен дагы өзүнө окшош жаш экендигиме таң калган көздөрү жылт эте түштү. Дегинкиси биз бир өңдүн эки портретиндей эле окшош экенбиз, жашыбыз да бирдей. Ошондой болсо да менин келгениме кубанып, ал эмес кекечтенип калды.

- Абдан ыраазымын... коллега... мына... карасаңыз, тамыры солгундап баратат. Мен, болгону венерологмун. Сиздин келгениңизге абдан кубанычтамын...

Столдо марлянын үзүгүндө шприц, майланышкан бир нече сары ампула жатат. Эшиктин артында конторчунун ыйлаганы угулат, эшик жабылып, ак кийимчен аялдын карааны артымда пайда болду. Бөлмө күңүрт, капталдагы лампаны жашыл кездеме менен жаап коюшуптур. Көгүш күңүрттүктө жаздыкта, кагаздай кубарган өң көрүнөт. Тарам чачтары уйпаланып чачылган. Мурду кыпчылып таноосунда кандан кызарган кебез турат.

- Кан тамыры... – деп шыбырады врач.

Мен кыздын жансыз колун кармап көнгөн ишарат менен тамырын кармап сестене түштүм. Манжа астында тамыр майда, тез-тез титиреп, анан үзүлүп, билинбей баратты. Өлүмдү жакындан көрүп жатканда демейдеги адатымдай ичим муздай түштү. Өлүмдү жек көрөм. Ампуланы чагып шприцке саргыч майды сордуруп алганга үлгүрдүм. Аны көнүмүш адат менен кыздын колуна сайып, терисинин астына жибердим. Пайдасы жок болчу.

Кыздын ээрди титиреп, какап жаткандай болуп жууркандын астындагы денеси чыңалып барып ката түштү да, жазылып кетти. Манжамдын астындагы тамыр билинбей калды.

- Өлдү, - деп шыбырадым врачка.

Ак чач, ак кийимчен караан керебетке жыгылып, сөөктү кучактап калчылдап атты.

- Сабыр кылыңыз, акырын, - дедим ак кийимчен аялдын кулагына, врач жапа тартып, эшикти карады.

- Жигит мени кыйнап бүттү,- деди акырын.

Биз мындай кылдык: өксөп ыйлаган апасын сөөктүн жанына калтырып, эч кимге эч нерсе айтпай конторчуну бөлөк бөлмөгө алып кеттик.

Ошол жактан айттым:

- Эгер сиз өзүңүзгө дары сайдырбасаңыз, биз эч нерсе кыла албайбыз. Сиз бизди кыйнап атасыз, иштегенге мүмкүнчүлүк бериңиз!

Ошого макул болду; акырын өксөп пиджагын чечти, күйөө баланын майрамдык көйнөгүн жеңин түрүп морфий сайдык. Врач жардам берем деген шылтоо менен кызга кетип, мен конторчунун жанында калдым. Морфий мен күткөндөн да тез жардам берди. Конторчу чейрек сааттан кийин улам тынчып, тагдырына нааразы болуп ыйлап, үргүлөй баштады, анан жашка жуулган бетин колуна жаздап уктап калды. Тигил жактагы күңүрт дүрбөлөң, ый, кысынып чыккан ызы-чууну уккан жок.

- Макул болуңуз, коллега, бүгүн кайтпай эле койгонуңуз оң, кооптуу. Адашып кетишиңиз мүмкүн, - деп шыбырады врач эшикке чыга бериште. Калыңыз, түнөп алып...

- Жок, болбойт. Эмне болсо да кетем. Мени кайра жеткиребиз деп убада беришти эле.

- Жеткирет деңизчи, бирок караңызчы...

- Тигил жакта, тиф менен ооруган үч адам жатат, аларды карабаса болбойт. Түнкүсүн текшерип турушум керек.

- Болбодуңуз го. Мейли анда...

Спиртти сууга кошуп берди, ошол эле жерде бир үзүм эт менен аны ичип койдум. Ичим ысып, жүрөктүн кысылганы коё бергенсиди. Акыркы жолу бөлмөгө кирип сөөктү карап, канторчуга кирип, бир ампула морфий калтырып, оронуп-чулганып тышка чыктым.

Бороон ышкырып, аттар чаба соккон кардан баштарын коргоп, факелдеги отту бороон жулмалайт.

- Жолду билесизби? – дедим оозумду кымтылап.

- Жолду го билем, - деди көңүлү жок ат кошчу (туулгасын кийбептир), - түнөп эле калсаңыз болот эле...

Анын такыр эле жолго чыккысы келбегени, ал эмес тумагынын кулакчынынан сезилди.

- Калыш керек, - деп кошумчалады факел кармап турган экинчиси, - бороондун түрү жаман.

- Он эки чакырым, - деп күңкүлдөдүм, - жетебиз. - Тигил жакта катуу ооругандар бар... – Чанага отурдум.

Ушул кырсык чалган үйдө мен эч нерсе кыла албаган, пайдам тийбеген үйдө калуу, мен үчүн абдан оор экенин кошумчалап койбогонумду кара.

Ат кошчу айласы жок, чананын астына көчүк басып, чайкала түшүп оңтойлуу отурду да, биз дарбазадан чыга жөнөдүк. Факел кулап түшкөндөй дымыды. Бир мүнөттөн кийин мени башка нерсе кызыктырды. Кыйналып жатып артымды карасам, факел эле эмес, бүтүндөй Шалометов бардык имараттары, турган турпаты менен жок, түшкө киргендей. Бул мени чочутуп койду.

- Ошентсе да, кудайга шүгүр, - деп ойлодумбу же күбүрөндүмбү, билбейм. Жакадан мурдумду чыгарып кайра жамындым, абдан эле жаман болуп турат. Бүт дүйнөң алай-дүлөй болуп аны бардык тарабынан тытмалап жаткандай.

Кайра кайтсамбы деген ой кылт этти. Ал ойго берилген жокмун. Чананын таманына төшөлгөн чөпкө кайыкка киргендей тереңирек кирип, бүрүшүп көздөрүмдү жумдум. Ошол замат лампа тосулган жашыл кездеме, кубарган өң калкып чыга келди. Башыма келгени: баштын маңдай сөөгү сыныптыр... Ооба, ооба... ошондой... ооба, так ошондой! Ошол туура диагноз экенине ишендим. Болуптур, андан эми эмне пайда? Эми туура, туура эмесинен эмне пайда, мурда деле пайдасы жок болчу. Эмне кыла алат элең! Байкуш кыз! Кандай күтүүсүз, эрте өлүм! Он гүлүнүн бири ачылбай... Эми агроном кантет? Ойлогондон ичиркенип, муң каптайт! Анан өзүмө боорум ооруду: турмушум кандай кыйын. Башкалар азыр уктап жатышат, мештеринде оту бар, а мен байкуш.. ал эмес кирине да албадым. Бурганак жалбырактай кылып кубалап баратат. Үйгө келгенде деле тынч коюшат дейсиңби... дагы бир жакка чакырып, алып жөнөшөт эмеспи. Анан өпкөмө суук тиет, өлөм анан ушул жакта... Ошентип өзүмө боор ооруп, туңгуюкка кирип кетипмин, ал жакта канча убакыт болгонумду билбейм. Бул жолу мончого туш болгон жокмун, үшүп эле атам. үшүгөнүм күчөгөндөн күчөй берди.

Көзүмдү ачканда ат кошчунун карарган далысы көрүндү, ошондон кийин биз токтоп турганыбызды боолголодум.

- Келдикпи? – дедим көзүмдү ушалап.

Ат кошчунун карарган далысы бүкүрөйө чанадан түштү, мага аны куюндаган бурганак тегерентип, айлантып жаткандай сезилди... анан мурдагы урматтагандыктын изи да жок:

- Келдикпи деп... Айтылган кепти угуп койгон да жакшы экен... Мына эмне болдук. Эми өзүбүз да куруйбуз, аттар дагы...

- Эмне жолдон адаштыкпы? – Жонум муздай түштү.

- Кайдагы жол, - ат кошчунун үнү дирилдеди, - эми бизге бардык тарап жол. Болбогон жерден курудук... Төрт саат жүрүп, кайда келгенибиз билинбейт... Эмне болуп атат...

Төрт саат. Түйшөлүп атып, саатты сыйпалап, ширенке сууруп чыктым. Бекер. Бекер эле убара, бир да ширенке күйгөн жок. Жылт дедирип эле шамаал жалмап коюп жатты.

- Төрт саат деп айтып атпаймбы, - дейт кейиштүү ат кошчу, - Эми эмне кылабыз?

- Азыр кайдабыз?

Бул суроом ушунчалык макоо суроо болду, ат кошчу ага жооп берген да жок. Ал ар тарапты айланып карап, мага болсо кээде ал айланбай эле тикесинен туруп, мен чана менен кошулуп тигини айланып жаткандай туюлду. Чанадан эптеп чыгып, кар тизеден өйдө экенин байкадым. Арткы ат курсагына чейин карга батыптыр. Жалдары аялдын таралбаган чачтарындай жайылып кеткен.

- Өздөрү токтодубу?

- Өздөрү. Кыйналышты жаныбарлар...

Эмнегедир кайсы бир аңгеме эсиме түшүп, жөндөн жөн эле Лев Толстойго кыжырдандым.

“Ага эмне, жатат да жыргап Ясная Полянасында, - деп кыжына ойлоп коём, - аны эч ким өлүм алдындагы оорукчанга алып барган жок...”

Өрт өчүргүчтү да, өзүмдү да аяп кеттим. Анан абдан күчтүү коркуу сезими бийледи. Аны эптеп бастым.

- Бул суу жүрөктүк, андай болбо, – дедим өзүмө өзүм.

Ошондо кайрат пайда болду.

- Мындай эмесе, агатай, - дедим тиштерим какшаганын сезип, - мүңкүрөп башты жерге салганга болбойт, антсек чындап куруйбуз. Аттар бир аз эс алды, алдыга жүрүү керек. Сиз барып алдыңкы атты тизгинден жетелеңиз, мен айдайын. Бул жерден чыгуу керек, болбосо карга көмүлүп калабыз.

Тумактын кулакчыны айласы кеткенин билгизип турду, ошентсе да ат кошчу алдыга жөнөдү. Эптеп чалынып жыгылып атып биринчи атка жетти. Мага бул жерден чыгуу өтө эле узакка созулгандай сезилди. Ат кошчунун карааны тозоңдон улам үрүл-бүрүл, бурганактын кургак кары көзгө койгулайт.

- Но-о, - деп онтоду ат кошчу.

- Но! Но! - кыйкырып, божуну силкем.

Аттар жетекке көнүп, акырындык менен алдыга жыла баштадык. Чана толкунда калган кайыктай чайкалат. Ат кошчунун карааны бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй алдыда.

Болжол менен чейрек сааттай, акыры чана түзгө келгендей, бир калыпта кычырап калганын сезгиче ушинтип жүрүп отурдук. Аттын арткы буту кадимкидей шилтенип калганын байкаганда кубанып кеттим.

- Тайыз болуп калды, жол окшойт!

- Го... го... – деп жооп берди ат кошчу. Мен тарапка кыбырап, даана көрүнүп калды.

- Жол окшойт, - деди кубангандан үнү титиреген өрт өчүргүч. – Эми жолдон чыгып кетпесек эле болду... эми... балким кудай колдоп...

Орун алмаштык. Мен чанага отуруп, ал өз ордуна келди. Аттардын басыгы шайдоотурак. Бурганак кысылгандай, менимче, солгундай баштады. Бирок асман деле, чар тарабың деле алай-дүлөй, эч нерсе көрүнбөйт. Мен оорукананын өзүнө барабыз деп үмүттөнбөй деле калдым. Кайда болсо да бир жерге жетсек болду. Жол акыры адамдардын турагына алып барат эмеспи.

Аттар жулкунуп, басыгын ылдамдатты. Анын себебин билбей эле кубанып калдым.

- Турак жайды сезип калыштыбы?

Ат кошчу унчуккан жок. Мен чанадан көтөрүлүп тегеректи карайм. Караңгылыкта муңдуу жана коркунучтуу үн пайда болуп, өчүп калды. Эмнегедир денем дүркүрөп, башын колуна коюп үңүлдөп өксөп жаткан конторчу эсиме түштү. Оң тараптан кичине караан көрүнүп, чоңоюп мышыктай болуп калды, андан да чоңоюп жакындай берди. Өрт өчүргүч мага бурулуп, ээктери калчылдап атканын байкадым, ал сурап калды:

- Көрдүңүзбү, жолдош доктор?..

Бир ат оңго жалт берди, экинчиси солго, өрт өчүргүч тиземе жыгылып, онтоп алып түзөлүп, мага жөлөнүп божуну жулкулдатат. Аттар кошкурунуп, ала качып жөнөдү. Туяк астынан катыган кар ыргып, чана буйтактайт.

Менин да денемди калтырак басты. Өзүмдү колго алып, койнумдан браунингимди алып чыктым, экинчи обойманы үйдө унутканым үчүн, өзүмдү сөктүм. Түнөп калбагандан кийин, эч кур дегенде факелди эмнеге албадым?! Оюмда өзүм жана бечара өрт өчүргүч тууралуу гезитке чыгуучу кыска маалыматты көрүп атам.

Караан мышыктан итке чейин чоңоюп, чананы жандай чуркап келатат. Бурулуп карасам чананын артында, жакын эле жерде экинчи төрт буттуу айбан такымдап калыптыр. Анын кулактары учтуу экенине, чананын артынан паркетте бараткандай жеңил чуркап келатканына көзүм жетти. Анын чуркаганында үрөй учурган коркунуч, ошону менен бирге өзүнө болгон эч нерсени тоготпос ишеним бар эле. “Үйүрбү же экөө элеби?” – деген ой кетти, “үйүр” дегенди ойлогондо тондун ичине кайнак суу куюп ийгендей денем ысып, бутумдун бармактары какшабай калды.

- Бекем карман, аттарды да карма, азыр атам, - дедим өзүмдүкүнө окшобогон, мен билбеген, чоочун бирөөнүн добушу менен.

Ат кошчу жооп катары онтоп, башын ийинине куушурду. Көзүмдү чагылдырып дүңгүрөй түштү. Анан экинчи, үчүнчү... Чананын түбүндө канча мүнөт калчанып жатканымды билбейм. Аттардын чаңыра кишинегени угулат, браунингди мыкчыган бойдон башым менен бир нерсеге тийдим, чананы түбүндөгү чөптөн чыкканга жан талашып, өлгүдөй коркуп, көкүрөгүмдү килейген айбандын денеси басып каларын күттүм. Эшилген кардымдан чубалган ичегилерим көзүмө элестейт.

Ошол убакта ат кошчу айкырып калды:

- Ого...го... мына... ал... мына... о кудай, келдик... келдик...

Мен эптеп тондон бошонуп, колдорумду чыгарып, тизелеп турдум. Артта да, капталда да кара айбандар көрүнбөйт. Бороон басаңдай түшкөндөй, кар дагы эле жаап, ошол кар арасынан миңдеген көздөрдүн арасынан тааныган, азыр да таанып аткан эң сүйүктүү, эң кымбат көздү көрдүм – ал жымыңдаган менин ооруканамдын фонары эле. Артында имарат карарат. “Ак сарайдан да артык...” деп ойлоп, кубангандан браунинден артты карай, карышкырлар жоголгон тарапка дагы эки жолу ок чыгардым.

*      *      *

Өрт өчүргүч дүйнөдөгү врачтын эң сонун квартирасынын астыңкы кабатынан чыгуучу тепкичтин ортосунда турат, мен ошол тепкичтин үстүндө, Аксинья тончон – төмөндө.

- Башымдан ылдый алтын куйса да, - деп бакылдап атат ат кошчу, - мен... дагы бир жолу... – Сөзүн бүтүрбөй сууга кошулган спиртти тартып жиберип, тамагын кыра, Аксиньеге бурулуп, колдорун болушунча жазып жиберип, кошумчалап койду: - Чоңдугу дал ушундай...

- Кайтыш болдубу? Сактап кала албадыңызбы?- леди Аксинья.

- Өлүп калды, - дедим кайдигер гана.

Чейрек сааттан кийин бардыгы тынчыды. Төмөндөгү жарык өчтү. Мен үстүдө жалгыз калдым. Эмнегедир өзүнөн өзү эриним жыйрылып, жылмайган болуп, күрмөмдөгү топчуларды чечип, кайра топчулап, китеп текчеге барып, андан хирургия тууралуу китепти алып, баш сөөктүн жарылгандыгы тууралуу билгим келип, китепти кайра ыргыттым.

Чечинип жуурканга киргенде бүт денемди жарым мүнөттөй калтырак басып, анан жазылып кетти, денем жибип, толкун сыякту жылуулук каптады.

- Башымдан ылдый алтын куйсаңар да, - үргүлөп баратып күбүрөнөм, мен экинчи бар...

- Барасың... ан, барасың...- деп шылдыңдай ызылдайт бурганак. Ал учурманы калдыратып, анан морго кирип ышкырып, андан учуп чыгып, терезенин жанында сөйкөнүп, жоголуп кетти.

- Барасыңар... ба-ра-сы-ңар, – деп саат согот. Улам күңүрттөп, күңүрттөп...

Анан эч нерсе. Тынчтык. Уйку.

Которгон Марсел ИСАКОВ

[1] Манишка – көйнөктүн көкүрөгүнө тигилген атайын тилке.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз