Михаил Булгаков: Мен адам өлтүргөм

  • 11.02.2024
  • 4848

АҢГЕМЕ

Доктор Яшвин ууртун тарта жылмайган болуп:

- Календардын барагын айырса болобу? Саат туура 12 болду, демек, экиси болуп калды да, - деди.

- Мейлиңиз, мейлиңиз, - дедим.

Яшвин апакай ичке манжалары менен календар барагын бурчунан аяр кармап үстүнкүсүн айырып алды. Кийинки баракта “2” деген тамга жана “шейшемби” деген сөз жазылган экен. Бирок ушул жөнөкөй барак Яшвинди адаттан тыш кызыктырып тургандай. Көзүн жүлжүйтө кагазды бир азга карап, кабагы бүркөлүп, көздөрүн кагаздан алып мелтиреп кайдадыр алысты тиктеп турду. Бул мелтиреште менин бөлмөмдөн, а балким ушул февраль айынын кычыраган суук түнүндөгү Москвадан да бөлөк жердеги, өзүнө гана тиешелүү бир окуя көз алдына тартылып жатканы сезилет.

“Эмнени көрө койду?” – деп ойлодум докторго көзүмдүн кыйыгын салып. Мен бул кишини жакшы түшүнө бербейм. Анын турпаты, жүрүм-туруму кесибине төп келбегендей. Аны билбеген адамдарга, биринчи көргөндө актёр катары сезилчү. Чачтары кара, ошону менен бирге өңү аппак, көркөмү келишип элден бөлүнүп турат. Таптаза кырынып, жарашыктуу кийинет, театрга көп барат, театр жөнүндө сөз боло калганда аны жакшы түшүнөрү билинип, абдан кызыктуу аңгеме курат. Бардык биздин ординаторлордон, ушул азыр менде отурган меймандардан да, ал эмес кийген бут кийими менен айырмаланып турат. Бөлмөдө беш адам олтурабыз, төртөөбүздүн бутубузда анча кымбат эмес, тумшугу тукур хром батинке, а доктор Яшвиндин бутунда сары гетри менен, лакталган учтуу туфля. Яшвиндин сыланкороз кийингенине эч ким сын тагуучу эмес, а врач катары, ачыгын айтуу керек, абдан жакшы врач. Чечкиндүү, колу жеңил, эң негизгиси “Валькирия” “Севильдик чач тарач” өңдүү спектаклдерге такай барганына карабай, көп окуй турган.

Кеп, албетте, бут кийимде эмес дечи, кеп башкада: ал мени өзүнүн адаттан тыш мүнөзү менен көңүл бурдуруп жүрдү – көп сүйлөбөгөң, албетте түнт, ичим тап адам, а кээ бирде керемет сөзмөр болуп чыга келет. Сүйлөгөнү абдан токтоо, алабармандатпай, мааниси жок сөз кошуп узартпай жана “ а-аа и-ии” деп мыңкылдабай, дайыма кызыктуу темада сүйлөйт. Токтоо, сыпайы врач өзгөрүп кетүүчү, аппак оң колдору анда-санда абада аңгемесине кичинекей белги коюп жаткандай кыска жай серпилип, күлкүлүү окуяны айтып жатса да өзү күлбөй, а салыштырмалары абдан таамай, ширелүү чыгып, аны угуп отуруп: “Сен жакшы врачсың, ошентсе да жолуңдан адашкансың, жазуучу болсоң болмок...” –деп ойлой берем.

Азыр да Яшвин эч нерсе айтпай эле “2” деген санды жүлжүйө карап анан алысты тиктеп мелтиреп турса да, мени ошол ой бийлеп кетти.

“Барактан эмнени көрдү? Сүрөт болду бекен”. Артынан колундагы баракты карап болбогон эле сүрөттү көрдүм. Атка анча окшобогон, кең көкүрөк ат, анын катарында мотор, анан “Аттын (1 күч) жана мотордун (500 аттын күчү) салыштырмалуу кубатуулугу”- деп жазылып турат.

- Бардыгы болбогон кеп, жолдоштор, - дедим сөз учугун улап, - түркөйлөрдүн келжирегени. Ал ургандар өлүм болуп калса эле бизди врачтарды, айрыкча хирургдарды күнөөлөшөт. Өзүңөр ойлоп көрсөңөр: сокур ичегиге 100 операция жасады дейли, жүз биринчиси операция убагында столдо өлүп калды. Аны эмне мен атайылап өлтүргөн болуп каламбы?

- Сөзсүз, атайылап өлтүрдү деп айтышат, - деди доктор Гинс.

- Эгер ал аял босо, күйөөсү клиникага келип чатак салып, сизди стулдар менен атып ура баштайт, - деп доктор Плонский коштой кетти, ал эмес күлүп калды, клиникада стулдар менен урганда күлкүлүү эч нерсе жок болсо да, биз да күлдүк.

- Калп эле аксымданып: “Мен өлтүрүп койдум, өлтүрүп алдым” – деген сөздөрдөн куйкам курушат, - деп уланттым мен. - Эч ким бирөөнү атайын өлтүргөн жок, күтүлбөгөн кырсыктан оорулуу колубузда туруп өлүп калса... Чындап эле ойлонуп көрсөңөр! Бирөөнү өлтүрүү биздин кесипке жат. Тантырактык! Атайын өлтүрүү деп, адамды жок кылууга алдын ала максат коюп даярданып, жок эле дегенде өлтүрүүнү каалап жасалган ишти түшүнөм. Тапанча көтөргөн хирург – мына ошону айтса болот. Бирок андай хирургдарга өз өмүрүмдө жолуккан жокмун, жолукпайт да болушум керек.

Доктор Яшвин мен жакка жалт бурулуп, анын көз карашы да оордошуп кеткенин сездим:

- Мына мен ошондоймун.

Сөөмөйү менен өзүн галстукка сайып, көздөрү томсоруп турса да, ууртун кыйшайтып жылмайымыш болду.

Бардыгыбыз таң калып аны тиктеп калдык.

- Бул эмне дегениңиз? – дедим мен.

- Ошол, мен өлтүргөм.

- Качан? – чочуп сурап ийдим.

Яшвин “2” деген санды көрсөтүп:

- Элестеткиле, кандай дал келип калганын. Сиз өлүм жөнүндө сөз баштаганда эле мен календарды карап 2 деген санга көзүм түштү. Дегинкиси мен ансыз деле ар жылда, ошол 2-түндү эстеп турам. Мындай да, туптуура жети жыл өттү, түндүн так ушул маалында, ал эмес... - Яшвин саатын алып чыгып карап, - ооба... так ушул саатта 1-февралдан 2-ооган түнү мен аны өлтүргөм.

- Оорулуунубу? – Гинс сурай кетти.

- Ооба, оорулууну.

- Атайылап болбосо керек? – дедим мен.

- Жок, атайылап.

- Эми... мен билип атам, - деди бардыгынан эле шек санаганга маш Плонский, - аныңыз рак болсо керек, кыйналып өлгөнчө деп, морфийдин он дозасын...

- Жок, бул жерде морфийдин эч тиешеси жок, - деди Яшвин, - рак деле эмес эле. Абдан суук болчу, ошол эсимде... он беш градустай, жылдыздар... Ах, Украинанын жылдыздары ай. Мына, Москвада жети жылдай жашадым, болбой эле мекениме тартат да турат. Жүрөк кысылат, кээде чыдабай поезге отуруп... жетип барсам дейм. Кайрадан кар баскан жээкти... Днепрди... Дүйнөдө Киевден кооз шаар болбосо керек.

Явшин календар барагын капчыгына салып, креслодо жыйрыла түштү да сөзүн улантты:

- Катаал шаар, катаал, коркунучтуу мезгил... абдан оор окуялар башымдан өттү, андайды силер, москвалыктар, билбей калдыңар. Бул 1919-жылы, так ушул 1-февралда болгон. Күүгүм кирип калган, кечки саат алтылар болсо керек. Ушул күүгүмдө адаттан тыш иш менен убара болдум. Столумда лампа күйүп, бөлмө жылуу, жайлуу, а мен полго олтуруп алып кичинекей чемоданга болбогон бир көрөн-шөрөндөрдү шыкап бир эле сөздү шыбырап кайталайм:

- Качыш керек, качыш... Көйнөктү чемоданга тыгып, кайра сууруп... Батпайт, каргыш алгыр. Чемоданым колго жасалган кичинекей, дамбал көп орун алып койду, анан жүздөй папирос, стетоскоп. Ушунун бардыгы чемодандан чыгып калып жатат. Көйнөктү алып, тыңшап калам. Кышкысын терезе жылууланган, күңүрт угулат, күңүрт болсо да угулуп атат... Алыстан, алыстан оор – бу- у...гу-у... Замбиректин үнү. Жаңырык өтүп кетип, тынчып калат. Мен Алексеев ылдыйышынын баш жагында, тике капталында туруучу элем, терезеден бүт Подол алаканга салгандай көрүнөт. Түн Днепрден жылып келет, үйлөрдү чулгай баштап, жарык болсо бири бирин улап, кезек менен жагылгандай... Кайрадан жаңырык. Ар жолу Днепрдин аркы жээги күрүлдөгөндө, шыбырап калам:

- Сок, сок, дагы сок.

Эми... мындай да: ушул мезгилде Петлюра мына-мына кетерин бүт шаар билчү. Ушул түнү болбосо, эртеңки түнү. Айткандарына караганда, Днепрдин аркы жээгинен большевиктер көп аскер менен чабуул жасаптыр, моюнга алыш керек, аларды бүт шаар чыдамсыздык менен, мен кошумчалап кетер элем, кубаныч менен күтүп жаткан. Анткени петлюровчулардын ушул акыркы айларда Киевде кылган жоруктары - акылга да сыйбайт. Айрыкча еврейлерге басым жасап мүнөт сайын талап-тоноо, күн сайын адам өлтүрүү... Түшүнүктүү да. Көп нерселерди тартып алышкан, шаарда автомобилдер зуулдап, анда кызыл төбөсү узарып салаңдаган папахчандар олтурат, акыркы күндөрдө алыста атылган замбиректердин добушу бир саатка да тыным албай дүңкүлдөйт. Күндүзү да, түнү да. Бардыгын кандайдыр бир шалдыроо бийлеп, көздөрү алаңдап коркуп алышкан. Менин тереземдин алдында кечээ эле, карда эки адамдын өлүгү жарым күн жатты. Бирөө боз шинелчен, экинчиси кара күрмөчөн, экөөнүн тең буттарында өтүгү жок. Эл бирде чочулап качып, бирде чогула калып, карап калышат, жөнөкөй кийинген кандайдыр бир катындар эшигинин алдынан чыга калып, асманга муштумдарын кезеп:

- Силердиби, шашпагыла! Большевиктер келсин, келе-ет! – деп кыйкырышат.

Эмне үчүн өлтүрүлгөндүгү белгисиз ушул эки адамдын өлүгү дене-боюңду титиретип, жүрөгүң кысылат. Ошондон улам мен да большевиктердин келишин көксөп калдым. А алар жакындагандан жакындап келатат. Айлана караңгылап, алыста жер түбүнөн чыгып жаткандай замбиректин үнү дүңкүлдөйт.

Анан... Анан: лампа жагымдуу жарык бергени менен чочулоо бийлеп, үйдө жападан жалгызмын, китептер чачылып жатат (ошол башаламан мезгилде илимий даража жактап алсам деген, ишке ашпаган кыял менен жүргөм), чемодан менен алек болуп мен олтурам.

Анан эле үч уктасаң түшүңө кирбеген, бөлмөмө жулунуп кирип эле чачтан алып сүйрөп жөнөшкөндөй жаман окуя болуп кетти. Ошол күүгүмдө аялдардын хирургиялык бөлүмүндө ординатор болуп иштеген шаардын четиндеги ооруканадан, эшикке кыстарып кеткен жагымсыз казналык пакетти алгандан кийин келген элем. Пакетти ошол жерде эшик алдында ачып, барактагы жазууну окуп, ордумда отуруп калдым.

Көгүш тамгалар менен машинкага басылган баракта:

“Ушуну алгандан кийин...”

Кыскача орусчага которгондо:

“Сизге ушул кабарды алгандан кийин, эки сааттык мөөнөт ичинде ишке дайындоо үчүн санитардык башкармалыкка келүү сунушталат...”

Анда кандай: ушул көчөлөрдө адам өлүгүн таштаган, “каарман” армия, батько Петлюра... талоончулар, анан алардын арасында билегине кызыл крест байлап алган мен... Ошол эле олтурган жеримде мүнөткө жете бербеген убакытка кыялдандым. Пружина серпип жибергендей ыргып туруп, квартирага кирдим, анан мына сценада чемодан пайда болду. План заматта пайда болду. Квартирадан кетиш керек, анча-мынча кийим-кечек алып, жеткен Асанкайгы большевиктерди жактырып жүргөн шаар сыртындагы фельдшер досумдукуна кетиш керек. Петлюраны кубалап жибергиче ошонукунда жашайм. А кетпей калса кантем? Балким биз күткөн большевиктер жөн эле жомоктур? Замбиректер, барсыңарбы? Тынчып калды. Жок, күрүлдөп атат...

Кыжырым келип көйнөктү алып ыргытып, чемоданды жаап, брауниг, анын экинчи магазинин чөнтөккө салдым, кызыл крест байланган шинелимди кийип, бөлмөмдү кыя албай, кейигенден тегерете карап алып лампаны өчүрдүм, араң көрүнгөн буюмдарды сыйпалап алдынкы бөлмөгө чыктым, жарык кылып башлыкты алдым да эшикти ачтым.

Ошол замат жөтөлүп, кыска кавалериялык карабин асынган эки фигура алдынкы бөлмөгө кирип келишти. Бирөөнүн шпорасы бар, экинчисиники жок, экөө тең папахчан, анын көк түстөгү төбөсү жаактарына чейин салаңдап турат.

Жүрөгүм болкулдап калды.

- Дарыгер Яшвинсизби? – деди биринчи кавалерист.

- Ооба, менмин, - деп мыңкылдадым.

- Биз менен барасыз, - деди биринчи.

- Эмнеге барат экемин? - дедим бир азга өзүмө келип.

- Саботаж, ошон үчүн, - деди шпораларын шалдыратып, мени сүйүнө жана митайым тиктеп, - дарыгерлер мобилизация болгусу келбейт, ошондуктан мыйзам алдында жооп тартышат.

Жарык өчтү, эшик ачылды, тепкич... көчө...

- Кайда алып барасыңар? – шымымдын чөнтөгүндөгү тапанчанын быдырлуу муздак сабын назик сылап койдум.

- Биринчи атчандар полкуна, - деп жооп берди шпорачаны.

- Эмнеге?

- Кандай эмнеге? – экинчиси таң калып. - Бизге дарыгер болуп дайындаласыз.

- Полктун командири ким?

- Полковник Лещенко, - деди биринчиси сыймык менен, шпоралары менин сол жагымда шыңгырайт.

“Ит элемин да, - деп сөктүм өзүмдү, - болбогон бир дамбалга алаксып чемодандын жанына олтуруп алганымды кара... Беш мүнөт эрте чыкканда эмне...”

Шаарды капкара аяздуу түн чулгап, биз бир чоң үйгө келгенде жылдыздар чыкты. Аяз саймалаган айнектеринде электр жарыгы чагылышат. Шпораларын шылдыратып мени чаң баскан, талкаланган опал мандалактын астында самсаалаган шар сымал лампочканын күчтүү жарыгындагы бош бөлмөгө алып киришти. Бурчтан пулёметтун тумшугу чыгып турат, көңүлүмдү пулеметтун катарында, тамтыгы чыккан кымбат гобелендин жанындагы бурчта шыбала чачыраган кызыл, мала кызыл тактар арбап алды.

“Бул кандын тагы да”, - деп ойлоп, жүрөгүм кысылып кетти.

- Пан полковник, - деди үнүн басынкы чыгарып шпорачаны, - дарыгерди алып келдик.

- Жид? – кандайдыр бир жактан киркиреген ачуу кыйкырык чыкты.

Козу баккан кыздардын сүрөтү түшүрүлгөн гобелен капталган эшик үнсүз ачылып, бирөө чуркап кирди.

Көрктүү шинель, шпоралуу өтүкчөн экен.

Күмүш чаптырылган кавказ куру менен тыгыз арчындалган, электр жарыгына чагылышып, капталында кавказ шашкасы күйүп турат. Кой терисинен тигилген, мала кызыл, төбөсү алтын түстүү жазы тасма менен арчындалган баш кийимчен. Чалырайган көздөрү адамды суук тиктейт, оорукчандай, каректери топ секирип аткансып ойноктоп турат. Бетин чаар так баскан, серпилген кара муруттары титирейт.

- Жок, жид эмес,- деди кавалерист.

Тигил мага атырыла келип көзүмө кадалды.

- Мейли жид болбосоң кой, - деди басымдуу украиналык акцент менен, орус менен украин сөздөрү аралашкан бузулган тилде, - бирок силер жиддерден калышпайсыңар. Согуш бүтөрү менен силерди аскер сотуна берем. Саботаж кылганыңар үчүн атыласыңар. Мындан көзүңөрдү албагыла! – деп буюрду капвалеристке. – Анан да, дарыгерге ат бергиле.

Мен унчукпай, кубарып да кетсем керек, турам. Анан бардыгы тумандап, түшкө окшоп элдир-селдир. Бурчта бирөө ыйламсырап:

- Ырайым кылыңыз, пан полковник...

Титиреген сакал, айрылган солдаттык шинель байкалат. Тегерегинде кавалеристердин жүздөрү...

- Дезертир?- деди созолоно, мага тааныш киркиреген үн, - ой акмак, акмак.

Полковник уурту титиреп, кабынан кооз жана сүрдүү тапанчаны сууруп чыгып, сабы менен айрык шинелчен байкушту бетке уруп калды. Тигил чайкала түшүп өз канына чакап, тизелей жыгылды. Көзүнөн жаш куюлат...

Андан кийин ак бубак баскан шаар жоголуп, каралжын тартып тоңгон, сырдуу Днепр жээгиндеги дарактар менен курчалган жол, жолдо жылаандай чубалып биринчи атчандар полку баратат.

Анын артында анда-санда обоздун арабалары калдырайт. Кара найзалар термелип, бубак баскан башлыктар учтары сороктойт. Ээр муздак, өтүк ичинде бутум какшап, бармактарымды анда-санда кыбыратып коём, саксайып бубак курчаган башлыктын тешигинен дем алам, ээрдин кашына байланган чемодан сол балтырыма батып, оорутканын сездим. Менден көзүн албаган сакчым унчукпай катарымда. Бутум какшагандай ички дүйнөм да муздай баштады. Мезгил-мезгили менен башымды көтөрүп, балбылдаган жылдыздарды карайм, кулагымда катып калгандай болуп, анда-санда эле жок болбосо, такай жанагы дезертирдин кудайга үнү жеткен чаңырыгы. Полковник Лещенко аны сүмбө менен сабоого буйрук берип, жанагы чоң үйдө эле сабап атышкан.

Алыстагы карарган тарап унчукпайт, айлам жок, кайгырып, большевиктерди сүрүп салышкан окшойт деп ойлоп койом. Тагдырым айласыз болуп калды окшойт. Биз алдыдагы, Слободкага - Днепрге салынган көпүрөнү кайтарганы баратабыз. Эгер согуш тынчыса, буларга керегим жок, мени полковник Лещенко соттойт. Ошону ойлогондо денем муздап, жылдыздарды аяр, муңдуу тиктейм. Ушундай катаал мезгилде, эки саат ичинде чакырган жерге барбаган үчүн сот чечими кандай болот - белгилүү эле. Диплому бар адамдын тайкы тагдыры...

Эки сааттан кийин калейдоскоптогудай болуп кайрадан бардыгы өзгөрдү. Эми карарган жол жок болду. Мен ак шыбакталган бөлмөдө калдым. Жыгыч столдо чырак турат, чоң тегерек нан, чачылган медициналык сумка жатат. Буттарым какшабай, өзүм да жылып калдым, анткени кара темир печкада кызгылт жалын бийлеп атат. Мезгил менен кавалеристер кирет, мен аларды дарылайм. Көбүнчө бети-башын, буту-колун суукка алдыргандар. Алар өтүгүн чечип, чылгоолорун жазып, от алдында өчөйүшөт. Бөлмөдө тер, махорка, йоддун кычкыл жыты. Кээде жалгыз калам. Сакчым карабай калды. “Качыш керек”- анда-санда эшикти ачып, тепкичти, эриген стеарин шамы менен жарык болуп турган өңдөрдү, мылтыктарды көрөм. Үйдө эл толтура, качканга кыйын. Мен штаб борборундамын. Эшиктен кайра столго келем, шалдырап отурам, башымды колдорума коюп тыңшайм. Саат аркылуу байкадым, ар бир беш мүнөттө полдун астынан аянычтуу чаңырык чыгат. Эмне болуп жатканык анык билем. Ал жакта бирөөлөрдү сүмбө менен сабашат. Кээде чаңырык арыстандын күрүлдөгөнүндөй коюу добуш менен алмашат, кээде назик, пол аркылуу угулган жалыныч, арыз, бирөөлөр достору менен жакшы маектешип жаткандай, кээде бычак менен тилгендей шарт үзүлөт.

- Аларды эмне кылганы үчүн ушинтип жатасыңар? – деп сурадым титиреп, алаканын отко сунган бир петлюревчиден. Анын жылаңайлак буту отургучта, мен анын жара жеген, көгөргөн бармагына ак май жаап атам Ал:

- Слободкадан бир уюмду кармадык. Коммунистер менен жиддер. Полковник сурак жүргүзүп атат.

Мен унчукпай калдым. Ал кеткенден кийин башымды башлык менен ороп, үндөр күңүрттөнүп калды. Көз алдымдан алтын тасманын астындагы чаар өң үзүлбөй, чейрек сааттай отурдум, аны сакчымдын үнү бузуп кетти:

- Сизди пан полковник чакырып атат.

Мен көтөрүлүп, таң калган сакчынын көзүнчө башлыкты башымдан алып, кавалеристин соңун жөнөдүм. Биз тепкич менен төмөнкү кабатка түшүп, жарык бөлмөгө кирдим. Ошондо полковник Лещенкону фонардын жарыгында көрдүм.

Ал белине чейин жылаңач, көкүрөгүнө кандуу марля басып отургучта бүрүшөт. Жанында шпораларын каңгыратып эмне кыларын билбей алдастаган жаш жигит.

- Сволочь, - полковник ызырынып, анан мага карап: - Кел, пан дарыгер, жаратымды таң. Эй жигит, сен чыгып тур, - деп буюрду жигитке, анысы калдырттап эшикке жөнөдү. Үй тынч. Ошол маалда терезе силкилдей түштү. Полковник караңгы терезени карап, мен да ошол жакты карап, “Замбирек”, - деп ойлоп койдум да дем чыгара аптыгып:

- Жарат эмнеден?- деп сурадым.

- Маки менен, - деди полковник кабагын бүркөп.

- Ким?

- Ишиң болбосун, - кыжырданып, мени олурая тиктеп, кошумчалап койду: - Ой, пан дарыгер, көргүлүктү көрөсүң го.

Ойлоп койдум: “Кыйноого чыдабаган бирөө жанына кайыл болуп сайып ийген экен. Башкача болушу мүмкүн эмес...”

- Марляны алыңыз, - дедим, кара түк баскан төшүнө эңкейип. Кан сиңген таңууну алганга үлгүртпөй, эшиктен кармашып аткандай опур-топур, бирөөнүн:

- Токто, токто, кайда, энеңди... – деген орой кыйкырыгы угулду.

Эшик ачылып саксайган аял кирди. Жүзү кургак, менин баамымда, ал эмес жайдары сыяктуу. Кийин бир топ мезгилден кийин адам өзүн жогото баштаганда жүзү ар кандай өзгөрүп кетерин билдим. Бозоргон кол аялды жоолуктан кармайм деп, кармай албады.

- Тим кой, жигит, бара бер, - полковник буйрук берип, кол жоголуп кетти.

Аял жылаңач полковникке көзүн кадап, ыйламсырабаган ачык үн менен:

- Эмне кылганы үчүн эримди атып салдыңар? – деди.

- Атыш керек эле, аттык, - деди полковник ооруксунуп онтоп. Колдору басып турган таңуу улам кызарып баратты.

Аял жылмайгандай болуп, анын жылмайганынан денем дүркүрөп көзүнөн көзүмдү ала албайм. Мындай көздөрдү көрө элек элем. Анан мага бурулуп:

- Сиз, докторсузбу!..

Сөөмөйү менен билегимдеги кызыл крести сайып баш чайкады.

- Ай, ай, - деп улантты, көздөрү күйүп турат, - ай, ай, Кандай гана акмаксыз... университетте билим алгансыз, анан ушул айбан менен... Алар жактуу болуп аларды дарылап жүрөсүзбү?! Бул айбан адамдарды бетке койгулап... акылынан ажырап калгыча бетке койгулап... А сиз анын жарасын таңып атасызбы?..

Көзүм караңгылап, көңүлүм айныды, мына азыр, менин бейтаалай доктордук турмушумдагы эң коркунучтуу жана шумдуктуу окуялары башталарын сездим.

- Сиз мага айтып жатасызбы? – дедим калчылдап кеткенимди сезип. –Магабы?.. Сиз деги билесизби...

Бирок ал мени уккусу келген жок, полковникке бурулуп, бетине түкүрдү. Тигил тура калып:

- Жигиттер!- деп кыйкырып калды.

Жигиттери жулкунуп кирип, полковник кыжырдануу:

- Буга жыйырма беш сүмбө бергиле.

Аял унчуккан жок, аны колдон-буттан алып сүйрөп кетишти, полковник эшикти жаап, ичинен илип, отургучка отурду да марля таңууну алып ыргытты. Кичинекей жараттан кан сызылып атат. Полковник оң жак мурутуна жабышкан түкүрүктү сүртүп койду.

- Аялдыбы? – деп сурадым өзүмө да тааныш эмес, өзгөрүп кеткен үн менен.

Көздөрүндө шайтан ойной түштү.

- Эге-ге... - деди мени жутуп ийүүчүдөй тиктеп. – Мына, дарыгердин ордуна мага кимди жиберишкени билинбедиби...

Октун бирин, менимче, оозуна тыккан көрүнөм, анткени ал отургучта теңселип, оозунан кан агып атканы эсимде, андан кийин кан көкүрөгүнөн, курсагынан чыга баштады, анан көздөрү өчүп, түсү карадан бозго айланып, полго кулап түштү. Атып жатып, эсептен жаңылып, жетинчи, акыркы окту да атып салбайын деп, коркконум эсимде. “Мына, менин өлүмүм да келип калды...” - деп ойлодум, браунингден чыккан түтүн аралашкан газ дегеле сонун жыттанат. Эшик калдырай баштаганда айнектерин тээп талкалап, терезеден секирдим. Тагдырдын мага боору ооруду окшойт, туюк көчө, жыйылган отундарды бойлой чуркап караңгы көчөгө чыктым. Мени сөзсүз кармашмак, бирок эки жакын, катар дубалдын ортосунда чуркап баратып аңга түшүп кеттим, ошол үңкүргө окшогон оюкта сынган кирпичтердин үстүндө бир нече саат олтурдум. Атчандар жанымдан чаап өтүп, аны угуп жаттым. Көчө Днепрге чыгат экен, алар көпкө чейин жээктен мени издеп жүрүштү. Тешиктен бир эле жылдыз көрүнөт, мен эмнегедир ал жылдыз Марс болуш керек деп койом. Мага ал жарылып кеткендей сезилди. Бул биринчи снаряд жарылып, жылдызды жаап калды. Андан кийин түнү бою Слободка дүңгүрөп снаряд жарылып жатты, мен болсо кирпичтердин коңулунда олтуруп, илимий даража, жанагы байкуш аял сүмбөдөн өлүп калбады бекен деп ойлоп жаттым. Бардыгы тынчып жерге жарык кире баштаганда аңдан чыктым, кыйналып, чыдабай кеттим. Бутумду үшүккө алдырдым. Слободка өлгөн окшойт, жымжырт, жылдыздар өчө баштады. Көпүрөгө келсем, полковник Лещенко да, анын атчандар полку да таптакыр эле болбогондой... Тапталган жолдо аттардын кыгы эле калыптыр...

Киевге чейин эч кимди жолуктурбай жалгыз келдим, шаарга кире бергенде күн чыкты. Кулакчындуу шапке кийген, кызыктай бир патруль токтотту.

Токтотуп, документ сурашты.

Мен:

- Мен доктор Яшвинмин. Петлюровчулардан качып келатам. Алар кайда? – дедим.

Алар:

- Түндө кетишти. Киевде ревком, - дешти.

Байкасам патрулдун бирөөсү көздөрүмдү тиктеп, анан боору ооругандай колун шилтеп:

- Үйүңүзгө барыңыз, доктор, - деди.

Мен кетип калдым.

_______________

Бир азга унчукпай туруп, Яшвинден сурадым:

- Ал өлдүбү? Сиз өлтүрдүңүзбү же жарадар эле болдубу?

Яшвин өзүнүн бир ууртун тыржыйтып жылмайган адатында:

- О, кадырыңыз жам болсун. Мен өлтүрдүм. Менин хирургдук тажрыйбама ишенип коюңуз, - деп койду.

Которгон Марсел ИСАКОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз