Атасы менен баласы аска-зоолуу тоону аралап бара жатышты. Бир кезде бала ташка чалынып жыгылып, катуу кыйкырып жиберди:
- А-аа-аа!!!
Анан ал капчыгайды жаңырткан кайдандыр бир үндү укту, ал үн анын артынан кайталап жаткан:
- А-аа-аа!!!
Коркуп кеткен бала кыйкырды:
- Бул жерде ким бар?
Ошондо ал мындай жооп алды:
- Бул жерде ким бар?
Жини келген бала кайрадан кыйкырды:
- Коркок!
Аны туураган үн жаңырды:
- Коркок!
Бала атасын карады:
- Ата, бул ким?
Атасы жылмайды да, катуу кыйкырып жиберди:
- Уулум, мен сени сүйөм!
Ошондо үн жооп берди:
- Уулум, мен сени сүйөм!
Атасы дагы кыйкырды:
- Сен мыктысың!
Ошондо үн жооп берди:
- Сен мыктысың!
Бала таң калып, эч нерсе түшүнгөн жок. Анан атасы ага түшүндүрүп берди:
- Адамдар муну жаңырык дейт, бирок чындыгында бул жашоо. Ал айтканың менен кылган ишиңдин баарын өзүңө кайтарып берет.
Икаядан алчу сабак:
Биздин жашообуз жөн гана иш-аракеттерибиздин чагылышы. Эгер дүйнөдөн көбүрөк сүйүүнү кааласаң, айланаңдагыларга көбүрөк сүйүү бер. Бакыт кааласаң, айланаңдагыларга бакыт бер. Жүрөктөн жылмаюуну кааласаң, тааныштарыңа чын жүрөктөн жылмай. Бул жашоонун бардык учурларына тиешелүү: ал биз бергендин баарын кайтарып берет. Биздин жашоо кокустук эмес, өзүбүздүн элес.
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ