Эрнис Турсуновдун “Кыдыр аке баяны” китебиндеги накыл кептерден...

  • 28.06.2022
  • 2367

*     *     *

Жарык дүйнөдөн момун да өтөт. Дүнүйөнү басып, чачып, куруп, дүркүрөткөн адам бар туруп жок болуп калганы гана жаман. Бул өмүрдү адам оборун ачпай, араздашпай, кагылышпай, чабышпай, топук кылып, ынтымакта жашоо кажет.

*     *     *

Ырыс оошот, акыл жугушат дейт акылман карылар.

*     *     *

Кыз жакшысы кыргызда. Кыргыздар кыздарын урматтап күтүшкөн. Гүлдөрдү көз жаш менен сугарбагыла, суу менен сугаргыла...

*     *     *

Кектин түбү – өчөшүү.

*     *     *

Канаты бүтүн шумкар, туягы бүтүн тулпар жок. Турасын жерге койгулап тулпар, текөөрүн ташка чапкылап шумкар өлөт.

*     *     *

Иттин ыркырашканы – саламдашканы.

*     *     *

Эрдик деп бейкутту сактаганды айтат.

*     *     *

Эл менен эриш-аркак болгон уюткулуу.

*     *     *

Алтын чирибейт, аса карыбайт.

*     *     *

Заманы бузуктун адамы бузук.

*     *     *

Жаратылыш берген энчи жарыкчылыктагы адамдын баарына тең.

*     *     *

Салтыңар эмес ыркыңар бузулуп, эркек башыңар менен бет карашпай калганы турасыңар. Алакандай элди акылга салып башкара албагандан кийин эмнеңер эркек? Уюткубузду бузбаган, каада-салтыбызды кадырлап кармаган катын, биз өйдө экенбиз силерден. (Бурулчанын сөзү)

*     *     *

Асылдын баркын асыл билет. Баркына жетпеген соң асылды кор кылып эмнеге сүйөт?

*     *     *

Жүрөк тагы кетпейт.

*     *     *

Балтанын уңгусу камчыга сынбайт. Балтага балта керек!

*     *     *

Эл кайгысы жан кайгысынан күчтүү.

*     *     *

Калыстыкты кузгундан үмүт кылба. “Шумкарга жумурткасын чайкатса да” каргадан карга чыгат.

*     *     *

Дүйнөдө баардыгы соолуп, карып, өчүп, жанып турат.

*     *     *

Жарык дүйнөдөгү адамдарга беш кайып кезигет. Дидар кайып, насип кайып, нике кайып, кырсык кайып, ажал кайып.

*     *     *

Алтын жаак, жез таңдай адамдар дүйнөгө келбейт. Келсе, керемет өнөрү өлбөйт. Көзү жумулса орду толбойт, толсо да өзүндөй болбойт.

*     *     *

Эр өлтүргөн эрдик эмес, жер өрттөгөн жеңиш эмес, кекчилдик кеменгерлик эмес.

*     *     *

Акыл жоктун айынан айбан айбанга кас, акылы толо болгон соң адам адамга дос.

*     *     *

Ак эмгек! Ак эмгек гана адамга медер.

*     *     *

Ата журт өмүрдөн кымбат.

*     *     *

Өз мамлекетин уучтай албаган улук улук болобу? Эл бирден каршы туруп, келтек көтөрсө, улук тактан тайыганы.

*     *     *

Атасыз бала туулбайт.

*     *     *

Ашыглык кандай шартта, кай убакта болбосун, эл сырын чечкен акылманды да, ай чапчыган баатырды да алдастатат. Анткени жүрөк туткун.

*     *     *

Жеңиш акылмандыккы. Акылмандар деңиз, ойсуздар көлчүк. Деңиз чайпалса жер-сууну каптайт. Көлчүктөн сасык мурун суу ичсе соолуп калат.

*     *     *

Эр кайгысынан эл кайгысы оор.

*     *     *

Суу адамдын кулу дешчү, көрсө, адам суунун кулу экен. Агер бир күн суу тартылып калса – дүйнөлүк апаат!

*     *     *

Мөмөлүү дарактын данегинен жаңы көчөт чыккандай карт өмүрдөн жаш өмүр кайталанат.

*     *     *

Турмушта жарты кашык шыбага, жарты теше жер, жарты сындырым нан үчүн бирөө бирөөнө жем экенин билбей пенде баары кудайдын каабынан, жазмыш эркинен, тагдырдан деп билет.

*     *     *

Киши өз кудурети жетпей турган кубулуштар бар экенин сезсе да өзүнүн бар экени тууралуу бараандуу далилди сезбейт.

*     *     *

Кыйналган жашоонун кыйыры жок, өмүр чиркин, өлчөөсүз өкүнүчтүү. Кастык бар, кайгы үзөңгүлөш, кырсык бар, өлүм тизгиндеш.

*     *     *

Кишиге жардам берем дегендин аракетинен майнап чыкпай киши өзү курман. Курмандыктан кутулуш үчүн ал ажалга каршы барат. Коркунучтарды жеңип, өзүнө ишенген күчкө жетүүгө бир гана жол – күрөш. Ал ашуусу бийик, кечүүсү тайгак жол. Кээде курч жүрөк жараланып, кызуу кан муздап, багынбас эрк майышып, эргиген өмүр токтойт...

*     *     *

Ичи арамдын заар сөзү, көрө албаган көзү бар.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз